КА-АП...

Армандуу күнүң бар тура,
Айтылуу жайлоо Каркыра
Акыл калчап алыска ой жүгүрткөн, эли-журтунун келечеги үчүн өмүрүн сайган улуу инсандар кыргыздын наркын арттырып, чыныгы жүзүн айгинелеп келген.

Алардын арасында Көл кылаасындагы 7 акенин (Кыдыр аке, Мойту аке, Садыр аке ж.б.) өткөндүгүн кимдер билбейт. Ошол бабалардын изги ишин туу тутуп, айткан-дегендерин колдонмо катары пайдаланып, келечек муундарга өткөрүп берсек деген максатта уюшулган "Акыл ордо" коому кечээ жакында өзүнүн шашылыш отурумуна жыйналды. Анткени Ысык-Көлдү көздүн карегиндей сактоо осуяты ошол жети аке калтырган милдеттердин бири эмес беле.
Аталган жыйынга Ысык-Көл облусунун бардык аймактарынан келишкен делегаттар Караколдогу музыкалык мектептин залына чогулушту. "Унчукпай башты салып жүрө берип ушуга келдик, ата - бабадан калган жер ,- айтылуу Каркыра алеки саатта өзүбүздүн эмес, өзгөнүн жери болуп калабы, Кумтөрүбүздүн алтынын канадалыктарга биротоло карматып жиберебизби, Чолпонатадагы 4 пансионат орду-түбү менен казака өтөбү, Тамгадагы аскердик санаторийдин айланасындагы чуулганга көз жумду мамиле кылабызбы? Ушундай кыжаалат ойлор чогулткан бул жыйында сөөктөн өтүп, чучукка жеткен ачуу чындык айтылбай коймокпу. "Акыл ордонун" лидерлери Өкмөтбек Алмакүчүков, Эмилбек Каптагаев, Таалайбек Абдылдаев жыйындын ишин алып барып жатышып, элдин бугуп жаткан ич күптүсүн сыртка чыгарууга мезгил келгендигин билдиришти. "Бул жерде эч кандай радикалдуу ой жок. Же бир сын-пикир айталы деген максат жок, болгону түзүлгөн кырдаалды жалпы талкуулап, жогору жактагыларга билдирип, коелу" деген милдетти койдук"-дейт, Өкмөтбек Алмакүчүков. "Минтип жүрүп отурсак, Каркыра жайлоосу Сох сыяктуу анклавка айланып калат" деген депутат Каниметовдун пикирине шилтеме менен чыгып сүйлөгөн Эмилбек Каптагаев мырза, бүдөмүк иштен ишенбөөчүлүк келип чыгарын ортого салды. Анын пикирине таянсак, кыргыз парламенти ратификациялаган Каркыра боюнча чечим элдин көзүн будамайлоо жолу менен өттү, ал эми Чолпонатадагы төрт пансионат азыркыга чейин катуу талашты жаратып жатат. Анткени жер үстүндөгү менчик кимдики болсо, анын астындагы жер ошонуку болуп калбайбы. Анан 49 жылга ижарага берилди деген кеп жөн эле суу кечпей турган маселе болуп жатпайбы? Тамгадагы Коргоо министрлигинин кадрдык саясаты андагы иштөөчүлөрдүн колдоосуна ээ болгон жок. Тескерисинче, санаторийдин гана жамаатынын эмес, айыл тургундарынын да толкундоосун жаратты. Мына ушулардын бардыгы чогулуп, учурда Көл аймагынын калкынын кыжырдануусун пайда кылып жатат, - деп билдирди Каптагаев мырза.
Жети акебиз өз доорунда эл башчылары менен манаптардын карапайым калкка жасаган мамилесин, жердин жана элдин бүтүндүгүн көздөгөн иш-аракеттерин ортого салып, эки тараптын байланышын камсыз кылышкан. Бийлик башындагылар менен караламан калктын ортосунда пайда болгон жараканын, башталган чырдын алдын ал, антпесең кийин кеч болуп калат. Жети акебизге таандык ушул осуят менен өз пикирин баштаган "Акыл ордонун" дагы бир мүчөсү Таалайбек Абдылдаев, "- Биз бийликтин бардык өкүлдөрүн ушул жыйынга чакырган элек. Бирок эч кимиси басып келген жок" деп билдирди. Облус губернатору Кыдык Исаев жыйын өткөрүүгө бут тоспостон, макулдук бергендиги адилет иш болду. Ал тургай өзүнүн орун басары Болот Купешовдун жыйындын ишине катышып олтурушу жергиликтүү бийликтин калк мүдөөсүнө кайдыгер эместигин ырастайт. Арийне, президенттин администрациясынан, өкмөттөн, парламенттен эч кимдин келбегендиги, айрыкча Каркыра жайлоосу жана Чолпонатадагы пансионаттарга тикелей тиешеси бар чиновниктер Саламат Аламанов менен Турсун Турдумамбетовдун "келебиз" -деп келбей коюшу жыйындын катышуучуларынын жогорудагы эки маселе боюнча бүдөмүк ойлорун ого бетер тумандатты. Андан аркы жыйынтык сөзүндө Таалайбек Абдылдаев түпкү максат бийликтин жүзүнө көө сүртүү эмес, тек бул маселелер боюнча элдин ой-пикирин аныктоо экендигине токтолду.
Жанга баткан жалындуу сөздү карыя ардагер, профессор Акеш Иминовдон уктук. "Менден чыдам биротоло кетти", - дейт ал. Айрым учурда жинди болгонго чейинки акыбалга келет экенсиң. Жакында бир катар пенсионерлер губернаторго кирдик. Сөөгүбүз агарып чыктык. Элдик салтты уланткан адам экен. Бирок анын колунан келбей турган иштер да көп экен. Курсактын ачканы жерге кирсин, рухтун жардыланганы жаман тура. Ушундан кудай сактасын. "Акыл ордонун" уюшулганы абдан туура болду. Жети атадан келген сөз "бизди ынтымак сактап келген". Алла таала берген касиет ушул ынтымак. Арийне ынтымактын ыдырашы кылымдарды карытып келаткан ушул жер талаштан башталат эмеспи. Кыргыздын жери канча деген кан төгүүлөр менен сакталып келаткан жер, бүгүн кыргыздын бир теше жери баасы ченемсиз байлык. Аны сатып жиберүү же белекке берүү вазыйпасын бизге эч ким берген эмес. Анткени ал ата-бабанын уруктан тукумга калтырган ата мурасы. Кечээ Акаевдин доорунда чымчык учса өлө турган жер экен деген шылтоо менен Үзөңгү Кууш Кытайга сатылса, бүгүн ошол таз кейипти кайран жайлоо Каркыра кийип калды. Депутат деген атты шылдың кылган эл өкүлдөрү кантип басып жүрүшөт?, - дейт карыя окумуштуу Акеш аба. Өгүнү телевизордон Нарынбек Молдобаев деген депутат тоонун этегиндеги этектей эле жер экен деп сүйлөп жатат. Бүгүн ошол этектей жерди берсек, эртең андан көбүнөн айрылабыз. Ата-баба жердеген жерден анын муундары айрылат деген эмне шумдук? Ысык-Көлдүн жээгиндеги жерди, пансионаттарды жеке менчикке алып, андан соң заңгыраган коттедж, мейманканаларды куруп, чөнтөгү жука кыргызга эмес, калың капчыктуу казакка сатылып жатышы арман күн болуп тарыхта калар. Анткени эртең биз өзүбүздүн көлүбүзгө эс алуу жайларыбызга баш бага албай калабыз.
"Ак жол" фракциясынын 62 депутатынын добушу менен Каркыра жайлоосунун бейиштей төрүн казакка калтыруу ратификацияланды. "Ак жол" фракциясы эл тагдырын чечеби? Болбойт. Бир чарчы метр жерибизди бербейбиз" - деген тыянак сөзүн ушундайча аяктады профессор Акеш Иминов.
Жыйындын катышуучулары улам биринин сөзүн экинчиси улай, ой ордосун ортого төгүп жатышты. Өзүм эзели бул бейиштин төрүндөй жайлоодо болбосом дагы безеленип, күйүп-жанып айтып жаткан сөздөрүнөн улам, ажайып бул кооз жерди көз алдыга тартып, анан эзелтен мал жандуу кыргыз баласы жердеп келген бул жайлоонун армандуу күнгө туш болгонун көрүп туруп, атаганат бул арман кыргыздын канында калып, узак жылдар уйку бербейт го деген опоосуз ойго жетелендим.
" -Биз Совет доорунда тарбияланып, интернационалист болуп калганбыз. Ал эми бизге интернационалист болуш үчүн, алды менен кыргыз болуш керек. Кыргыздын жери өтө кымбат деген сөздөр менен өз оюн уланткан экс-депутат Мукар Чолпонбаев, дүйнөдөгү бардык согуштар жер, анан аял үчүн башталган- деп белгилеп өттү. Каркыра Санташ элине гана эмес бүтүндөй кыргыз элине таандык жер. Андыктан ратификацияланган Каркыра жайлоосу денонсация болуш керек. Бүгүнкү күндө Хан Теңири үчкө - кытайга, казакка, кыргызга бөлүндү. Ал илгертеден кыргыздын жери эмес беле. Чолпонатадагы 4 пансионат кимге таандык болуп калды? Закондо жазылып турат, имарат кимге таандык болсо жер ошонуку деп. Мен юрист катары айтып жатам, Ошто жер титиреди. Бөөдө кырсыкты башка салбасын. Элди башка жакка көчүрөлү деп жатат бүгүнкү бийлик. Былтыр Кочкордо жер титирөө болгондо мындай сөз чыккан жок эле да. Угушума караганда Тамгадагы санаторийдин 10дон ашык адамы кызматтан кетирилген. 40 спецназ түшүрүлүптүр Тамгага. Бул эмне деген шумдук. Бүгүнкү бийлик элин саткан, жерин саткан бийлик болду.
"Сөз чынынан бузулбайт" эмеспи. Эл болгондон кийин бири биринин ич күптүсүн угуп, айтар сөздү учурунда айтып калбасаң сөз атасы өлөт дейт го. "78 жаштагы карыя өз сөзүн кыскача жыйынтыктады. Ал эми Каркырага, Санташ элине депутаттык топ менен кошо барган Райымбек Мамажанов өтө өкүнүчтө калгандыгын билдирди. "Бизди бийлик мал катары көрдү", - деди ал. Студент куракта чөп чапканга барып, бул жерди аралап басып көргөнбүз. Алардын картасы жасалма карта экен. Казакка кайсы контур менен, кыргызга кайсы контур менен бөлүнгөн деген талапты аткарышкан жок. Кайда болбосун "Ата Мекен" партиясындагылар ушинтип жүрүшөт деп бизди жемеледи. Бул жерде жер кодекси бузулуп жатпайбы. Биз ушуга күйүп-жандык. Дагы бир оратор, Нурдин Кожогулов: "Бул жер кимге таандык экендиги Чокан Валихановдун китебинде жазылып турбайбы. Анан эмнеге өз жерибизден өзүбүз баш тартышыбыз керек. Ансыз да миллионго чукул кыргыз жер кезип, чет өлкөлөргө тарап кетти. Эми калганыбыз да жерибизди таштап кете берелиби? Бизде ар-намыс деген кайда? Эртең эле ушул документке кол койгондордун жүзү көрүнөт. Алар элдин бетин кантип караар экен?"
Кеп кезеги Түп райондук мамлекеттик каттоо мекемесинин жетекчиси Алмамбет Асакеевге келгенде, ал 8-апрелде ошол талаш участокто болуп кайткандыгын, физикалык картага ылайык канча жер Казакстанга, канчасы кыргызга, чарбалык карта боюнча кимге кайсы аймак таандык экендигине түшүндүрмө берди. Ушундан кийин залда олтурган аялзатынын өкүлдөрүнүн да чыдамы кеттиби, айтор узун сөз алган Айгүл Иманкожоева да, жаранын картын сыйрыгандай, жабылуу аяктын капкагын ачты. Жерибизди, көлүбүздү, алтыныбызды берип коюп, карап отура беребизби таризде катуу кабатырланган айым, кыргыздын ар бир чарчы метр жери үчүн ата-бабалар канын төккөндүгүн эске салды. Бизде намыс деген кайда деп чоң суроо таштап, отургандарды ойго батырды.
Ошентип Ысыккөл, ыйык көлдүн төрт тарабынан - Балыкчы, Чолпоната, Темировка, Түп, Тосор, Тамгадан жана башка аймактардан келген жыйындын делегаттары көл кылаасында өзөктү өрттөгөн окуяларды токтотууга мезгил жетти деп белгилешти. Тамгадагы аскердик санаторийде башталган башаламандыктын чеги болобу, кадрдык жүрүштөр ушул кичинекей санаторийге чейин чулгады. Санаторийдин 3 жетекчиси тең алмашылып, үчөө тең түштүктүн балдары болуп чыгышы эмнени каңкуулап турат маанисинде сөз сүйлөгөн Жекен Шамыралиев абалдын Тамга айылында да курчуп тургандыгын эскертти. 40ка чукул атайын максаттагы "Скорпион" отрядынын Тамгага түшүрүлүшү тынч жаткан элдин бейпилдигин кетирди. Ал эми "иштесеңер иштегиле, иштебесеңер кеткиле",- деп опурулуп жаткан санаторийдин жаңы жетекчилиги Тамгадагы эс алуучу жайды аскер полигонуна айлантууну көздөгөндөй ой калтырат. (Бул тууралуу кеңири сөздү өзүнчө баян кылабыз).
"Талаштан тактык жаралат" деп келебиз. Албетте, маселелер өз учурунда так, таамай чечилип турганы кажет. Губернатордун орун басары да ушул ойду толуктады. Тилекке каршы, аталган жыйында түндүк-түштүк маселелеринин күн тартибине чыгып кетиши, албетте, кооптондурат. Демек, бул маселелерге үстүртөн баа берилип, кол шилтенбестен мамлекеттик деңгээлде, каралышы зарыл. Жыйындын соңунда резолюция кабыл алынып, эгерде көтөрүлгөн маселелер боюнча талаптар ишке ашырылбаса, көлдүктөр жөө жүрүшкө чыгарын эске салышты.
Эмнеси болсо да бүгүн көл толкуп туру. "Көкөтайдын ашы - чоң казаттын башы" деп айтылып калгандай, Каркыра чатагы дагы бир олуттуу оодарыштын себепкери болуп калбагай эле.
Асангазы БЕРДИКЕЕВ,
"Алиби"
Бишкек - Каракол - Бишкек