Криминал

Ыссык-Атада адам сөөгү табылды
Ыссык-Ата районунун Новопокровка айылындагы "Кант Вино" акционердик коомунун имаратында 16-апрель күнү адам сөөгү табылды. Учурда тергөө иштери жүрүп, сөөктүн кимге тиешелүү экендиги аныкталууда.

Зордуктап өлтүрүштү
Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда №17 мектептин 14 жаштагы 5 окуучусу 42 жаштагы аялды көчөдөн кармап, сабап туруп зордуктап салышкан. Жабыр тарткан аял алган жараттарынан улам, ооруканага жетээри менен эле каза табат. Учурда, качып кеткен эргулдарды кармоо үчүн кызыл шапкечендер аракеттерди көрүүдө.

Тергөөчү пара алган жеринен кармалды
Жалалабат облусттук ички иштер башкармалыгынын өздүк коопсуздук кызматы 10 миң сом пара алып жаткан 26 жаштагы тергөөчү Фатима Асранкулованы кылтакка илишкен. Көрсө, Базар-Коргон РИИБсине ишке орношконуна көп убакыт өтө элек тергөөчү айым кылмыш-ишин оң жагына чечип берсем деп, айыл тургунунан миң доллар акча талап кылган экен. Бирок, анын ойлогон оюн өзүнүн эле кесиптештери бузуп койду.

ГУИНдин кызматкерин ИИМдин кызматкери атып салды
Аз күн мурда №3 колониянын начальнигинин оперативдик иштер боюнча орун басары Чолпон Керимкуловду Аламүдүн РИИБсинин кызматкери мойнуна атып салганы дайын болду.
Бүгүнкү күнү ГУИНдин жетекчилиги аталган факт боюнча кылмыш ишин козгоо тууралуу катты Башкы прокуратурага жолдогон.
Анын жыйынтыгы кандай болоорун дагы кабарлайбыз.




  Кырчылдаган кылчайнаш

Депутат Сурабалдиевди Акаевдин жансакчысы өлтүрдүбү?
Кримавторитет Рыспек Акматбаевге караштуу топтун эң активдүү мүчөлөрүнүн бири Эркин Мамбеталиев бир канча адамдын өлүмүнө шектүү деп өткөн жылы "Манас" аэропортунда кармалып, тергөө изоляторуна камалган.

Биринчи май райондук сотунда 17-апрель күнү анын үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча сот процесси болуп өттү.
Сотто 2005-жылдын 10-июнунда атылып өлтүрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин тирүү калган 40 жаштагы жансакчысы Бегалы Айтматов жабыр тартуучу катары көрсөтмө берип, кол салуунун кандай өңүттө болгонун ортого салды.
Айтматовдун айтымында, Сурабалдиев саат 11лер чамасында Ишкерлер союзунун офисинен чыгып, өзүнүн джип "Лендкрузер" автомашинасынын артындагы орундукка оң жагынан келип олтурган.
"Мен машинени бир аз артка айдайын десем, ал жактан "Мерседес" үлгүсүндөгү ак машине келип тосуп калды. Аңгыча эле андан бирөө чыгып, Сурабалдиев олтурган тараптагы эшикти ачып, мага карай ок жандырды. Ок менин өпкөмө тийери менен эле жерге кулап түшүп, аларга каршы тапанчам менен аткылай баштадым. Ошондо, кол салгандардын саны үчөө экендигин байкадым. Алардын экөө бизди аткылап жатканда, бирөөнүн машинеде олтурганын көзүм чалган. Менин аткан огуман, алардын айдоочусу көз жумду болушу керек деп ойлойм.
Кийинчерээк ИИМдин картотекасынан бизге кол салгандарды көрөөрү менен эле тааныдым. Бизге карай ок чыгаргандардын бири Айбек Нарматов болсо, экинчиси Эркин Мамбеталиев экендигинен шегим жок"- дейт Сурабалдиевдин аман калган жансакчысы Бегалы Айтматов.
Оперативдик маалыматтарга караганда, Айбек Нарматов Рыспек Акматбаевдин "личный" киллери болгон. Алардын тобуна тоскоол кылган адамдарды дал ушул көзгө атар мерген Айбек Нарматов эч кимге билдирбестен жайлачу экен. Бирок, өткөн жылы кышында милиция кызматкерлери аны кармоо учурунда эки тарап аткылашып, жыйынтыгында Нарматовго тийген ок анын өмүрүн алып кеткен.
ИИМдин өзгөчө иштер боюнча тергөөчүсү Кайрат Жукеевдин айтымында, Эркин Мамбеталиев өз учурунда Улуттук коопсуздук кызматында иштеп, экс-президент Аскар Акаевдин жана ошол кездеги бизнесмен Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп жүргөн. Ал ар кандай машыгууларды чет өлкөлөрдөн өткөрүп келгендиги менен белгилүү.
"Акматбаевдин тобунда жүргөн Мамбеталиевдин милдети "косяк" кетирген же алар сурашкан акчаны бергиси келбеген адамдардын артынан тымызын аңдып, аларга карата кол салуу процесстерин даярдаган. Бирок, тергөө ишинде маалым болгондой Мамбеталиев өзү эч кимди өлтүрчү эмес экен"-дейт ИИМдин тергөөчүсү Жукеев.
Сотто "Бител" уюлдук байланышынын өкүлү Азамат Асанов да суралды. Тергөө ишинде Сурабалдиевдин өлүмүнө Э.Мамбеталиевдин тиешеси бар экендигинин дагы бир далили катары анын колдонгон чөнтөк телефонундагы сүйлөшүүлөр себеп болгон.
Уюлдук компаниянын өкүлүнүн айткандарына кулак салсак, сүйлөшүүлөрдүн тизмесине карата абонент кайсы саатта кайсы райондо жүргөндүгүн оңой эле аныктап алса болот.
Тергөөчү Жукеевдин билдиргенине караганда, телефондук сүйлөшүүлөргө ылайык, кылмыштар кайсы райондо жасалса, ошол райондо Мамбеталиев да болуп, кезектеги курмандык өлтүрүлгөн соң анын чөнтөк телефону дароо өчүрүлчү.
"Сурабалдиевдин өлүмүнөн 2 күн мурда Акматбаев тобунун активдүү мүчөсү Коноевди жогорудагы ак түстөгү шектүү "Мерседестин" ичинен опер кызматкери көргөн экен. Эки күн өткөн соң, дал ошол "Мерседес" менен Мамбеталиев жана Нарматов Сурабалдиевди жайлап кетип жатпайбы. Ошондой эле, Ички иштер министрлиги Сурабалдиевдин өлүмүнө "акматбаевчилердин" тиешеси бар экенин билген. Бирок, аталган кылмыш ишин Улуттук коопсуздук кызматы өзүнө алып, эмнегедир башка версиялардын үстүнөн иштешкени түшүнүксүз болуп калды"- деп ИИМдин тергөөчүсү өзүнүн таң калганын жашырбады.
"Акматбаев тобунун мүчөлөрүнүн дээрлик бардыгы өздөрүнүн иш-аракеттери үчүн "черный мирдин" жазасын алышты. Себеби, бүгүнкү күнгө чейин алардын көбү ар ким тарабынан атылып өлтүрүлдү. Биздин маалыматка караганда, азыркы күндө. Эркин Мамбеталиевдин өмүрүнө коркунуч туулууда. Ошондуктан, милиция кызматкерлери анын коопсуздугун сактоо максатында соттун айланасын курчоого алышкан"- дейт Жукеев.
Ошентип, соттун кийинки отуруму 24-апрелге жылдырылды. Анда, кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан Эркин Мамбеталиев да көрсөтмө берет. Кайсы ажыдаардын башын чыгарып, кандай сенсацияларды ачаар экен, күтө туралы окурман…
Тамчы ТАШТЕШЕРОВ,
" Алиби "