№40, 16.02.08-ж.
  Суроолор жана суроолор.

Вулкан качан атылат?
Ыңаалап жерге түшкөндөн тартып ар бир адам баласынын, анын ичинде кыргыз баласынын да, бактылуу, эркин жана татыктуу жашоого акысы бар. Бул биздин конституциялык укугубуз.
Биздин конституциялык укугубузду басмырлоого, элдин эркин, тандоосу менен каалоосун тебелеп-тепселөөгө эч кимдин акысы жок. Элдин 10 пайызы да катышпаган "референдумда" "кабыл алынды" болгон Бакиевдик Конституциянын 1-беренесинин 3-пунктунда мындай деп жазылган "Кыргызстандын эли-эгемендиктин ээси жана Кыргызстандагы мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы".
Саресеп салып, ойлоп көрсөк эл бүгүн чынында эле "жалгыз булак" болуп жылжып, ээн талаада калыптыр өзү менен өзү алектенип, өз арбайын өзү согуп.
Ошол булакты айланып өтүп, Кыргызстанда бүгүн нугуна батпай ашып-ташыган "Бакиевшина" деген дарыя пайда болду. Аң-дөңдү аңдабай адыраңдаган Мадумаров, керт башынын мансабы үчүн Баш мыйзамды каалагандай жайдактаган Баекова өңдүү "эл өкүлдөрү" баштаган парламент, мурдунун учунан алысты көрө албаган, элдин эмес жалаң өздөрүнүн кара курсагынын камын ойлогон, бир нерсе болсо эле баарын дүйнөлүк тенденцияга шылтагандан башканы билбеген И.Чудинов башында турган өкмөт, буларды "чүлүктөп" каалаганын жасаттырган президенттин балдары менен бир туугандары "Бакиевшинанын" киргилт суусун ого бетер ылайлатып, булар карапайым калктын шоруна отуруп жатышат.
Илгерки кыргыздар айткан "Кайда караба мамайдын көрү" деген сөздүн түз маанисина биз так бүгүн түшүгуп отурабыз.
Канчалаган жылдардан бери бизди электр энергиясы менен үзбөй-этпей эле камсыз кылып келген Токтогул ГЭСиндеги суунун денгээли эмне үчүн ушул бийликтин учурунда кризистик чектен төмөн түшүп отурат? Бул абалга дуушар болуу коркунучун эч ким алдын-ала көрө билген жок беле? Башкасын билбейм, "Белый пароход" гезитинин башкы редактору Елена Авдеева былтыркы ала жаздан баштап эле коңгуроо эмес, добулбас кагып, Балкыбаев Сапар "байкесине" байма-бай кат жазып, ушул абалдын болоорун алдын-ала такай эскертип келгени жалган беле? Натыйжасы эмне болду? Аны баарыңар көрүп турасыңар. Еленанын "Сапар байкеси" анда "Электростанциялар" акционердик коомунун башкы директору болсо, бүгүн отун-энергетика министри болуп, даражасы көтөрүлдү.
Бул прездент Бакиевдин кадр саясатынын бир бучкагы. Элдин жашоо турмушун оңдогон эмес, кедерине кетирип жаткан адамдарды стратегиялык кызматтарга коюуу менен президент эл камын көрбөстөн, ошолор менен табакташ экендигин ачык эле көргөзүүдө. Бул деген "мен карапайым кыргыз элине түкүрдүм" деген эле сөз. Мен муну башкача кабылдай албайм. Балкыбековго окшогон бийлик өкүлдөрү бизге керекпи?
Же бизге өздөрүн "Ак Жол" атап алган, кыргыз элинин ырыскысын четинен кертип сатууга өткөн кара жолтой парламент керекпи?
А.Мадумаров менен Ч.Баекова башында турган бул парламент кечээ күнү, 2008-жылдын 11-апрелинде кыргыздын шоруна дагы бир жолу отуруп, Ысык-Көлдөгү атактуу Каркыра жайлоосу менен төрт пансионатты казактардын колуна карматты. Жоо кууп келаткандай болуп 12-апрель күнү президент Бакиев өз указы менен Жогорку Кеңештин чечимин бекиткиче шашты. Булар эмнени каңкуулап турат? Жыйынтыгын эл өзү чыгарып алсын.
Парламент? сыягы өзүн элдик деп эсептейт окшойт. Бирок, алар Бакиев башында турган бийлик ээлери менен бийлик кошоматчыларынан туруп, "Ак Жол" аталган, "дүжүрлөр" түзгөн "күнөстүү жердин күкүктөрү" экендигин биз жакшы билебиз да. Анан эмне үчүн булар кыргыз элинин, кыргыз жеринин тагдырын чечиш керек? Антүүгө булардын моралдык укугу барбы?
Жүргүзүп жаткан ички жана тышкы саясаты эл, өлкө тагдырын уруп ойнобогон, колундагы мыйзамсыз бийликке таянып каалаганын жасап дөгүрсүнүүнүн сасык илеби менен кыргызстандыктарды думуктуруп жатканын булар өздөрү түшүнө алабы?
12-апрелде болуп өткөн бүткүл элдик курултайда белгилүү коомдук ишмер Бегиш Ааматов өлкөнү жарга такаган бийлик өкүлдөрүнө, парламент мүчөлөрүнө чечкиндүү чара көрүп, кылмыш жообуна тартуу зарылчылыгына чакырык таштады. Коомдук парламенттин төрагасы А.Эркебаев болсо мындай радикалдык кадамдарга барууга азырынча эртереек деген оюн билдирип отурат. Экөөнүн пикиринде тең рационалдуу өзөк жаткандыгын ким тана алат?
Өздөрүн кудайдын өкүлдөрүндөй сезген, эл-журтту көзүнө илбей эсирип-эдиреңдеген бийлик өкүлдөрүн кылмыш жообуна тартмайын Кыргызстанда тартип орношу жомокко айланып бараткандыгы бүгүн эмчектеги балага деле белгилүү болуп калды. Аны бүгүнкү президент дегеле ишке ашырбастыгы андан бешбетер маалым. Андай болсо кыргызстандыктар А-дан Б-га өткөн, өлкөнү бир үй-бүлөнүн желесине айландырган бийлигине, каражолтой "Ак Жол" (тилиңе тибиртке) парламентине, колунан кокон тыйын келбеген өлүмтүк өкмөтүнүн окүмзорлугуна качанга чейин башты төмөн салып, салбырап отура берет?
Коомдук өнүгүп-өсүүнүн, тазалануунун мыйзамы бирөө гана - иштей албайсыңбы, иштин көзүн тапкандарга ишти өткөрүп бер. Колуң менен жасадыңбы, мойнуң менен жообун тарт. Айтылуу Б.Ааматов агабыз да ушуну айтып отурат. Демек, аны менен макул болбой коюу - мыйзамга текеберлик менен мамиле жасоо дегенди түшүндүрөт.
Андай болсо, Кыргызстан вулкан болуп атылчу күнгө жакындап келаткан жокпу?
Бабырбек Жээнбеков
"Алиби"




Орунсуз иштен омуртка сынбайбы?
Ысык-Көлдүн Тамга айылында аскердик санаторий орун алган. Ал өткөн кылымдын 30-жылдарында салынган. Бул мекемеге илгери СССРдин коргоо министрлиги кожоюндук кылып келген болсо, эгемендиктен бери Кыргызстандын коргоо министрлиги өзүнүн карамагына өткөрүп алган. Аскердик санаторийдин карамагында алты көп кабаттуу үйлөр бар. Ал үйлөрдө узак жылдардан бери ошол мекемеде эмгектенишкен жергиликтүү калктар жашап келишкен. Өткөн жумада ошол үйлөрдүн экөөсү бошотулсун деген коргоо министрлигинин буйругу чыгыптыр. Ошондой эле, аталган мекемеге башчылык кылуу үчүн жакында эле түштүктүн кулуну дайындалыптыр. Ал адам келээри менен мекеменин финансы жана медицина башчылыгына өзүнүн жакын адамдарын отургузуптур. Алар дагы түштүк аймагынын өкүлдөрү экен. Жаңы дайындалган аскер адамдары жергиликтүү тургундардын айлык маяналарын көтөргөндүн ордуна "көнсөңөр иштегиле, көнбөсөңөр көчүп кеткиле", "биз Оштогу жер титирөөдөн жабыр тарткандарды көчүрүп келебиз", "үйлөрдү бошоткула" деген талаптарды коюшкан. Буга нааразы болгон Тамга, Тосор, Барскоон айылдарынын тургундары нааразычылык акцияларына чыгышкан. Натыйжада чоң чатак чыгып, жергиликтүү калк менен аскер адамдарынын ортосунда кагылышуу болуп кеткен. Такталбаган маалыматтарга караганда, кагылышуудан эки жергиликтүү бала жаракат алган. Дүйшөмбү күнү түнкү саат 11де Тамга айылына коргоо министрлигинин алдындагы "Скорпион" атайын бөлүкчөсү түшүрүлдү. Террористтер менен кармаша турган атайын бөлүкчөнүн ал жерге эмне максат менен барганын билүү үчүн, коргоо министрлигинин басма сөз кызматына телефон чалдык. Кызматтын начальниги полкоыник Ашырбеков Мурат төмөндөгүлөрдү билдирди: ""Скорпиондун" Тамга айылына баруусу мурунтан эле пландаштырылган. Анткени, ушул жылдын июнь айында КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрликтеринин биргелешкен иш аракети болмок, ошого даярдык көрүү үчүн жөнөтүлгөн. Жергиликтүү эл менен болгон чатактарга алардын тиешеси жок" - дейт, Мурат мырза. Ал эми аскердик санаторийдеги кадрлык маселе боюнча суроого "мен ал суроого жооп бере албайм. Министрдин өзүнүн иши, кимди дайындайт, кимди алат. Өзүнө чалгыла" - деп кутулуп кетти. Эмне үчүн "Скорпион" бөлүкчөсү чатак болгон түнү түшүрүлдү? КМШ мамлекетинин ортосундагы аскердик иш аракеттерди уюштурууга "Скорпиондон" башка бөлүкчө жокпу? Террористтерди тере турган бөлүкчө Тамга айылында чатырларда жашап жатканы эмнеден кабар берет? Кечээ гезитибиз басмага даярдалып жатканда, окуя болгон жерде жүргөн "Кыргызстан патриоттор" партиясынын Ысыккөл облусу боюнча координатору Жекен Шамыралиев менен байланышканыбызда, ал буларга токтолду: "Бул жерде жергиликтүү элдин эч күнөөсү жок.Түндүк-түштүк маселесин ырбаткан өзүлөрү. Эмне үчүн жергиликтүү элди басынтып, "көчүп кеткиле", "Оштон алып келебиз" дешет? Мына, бүгүн Тамга, Тосор, Барскоон айылдарынан жүздөн ашуун балдар чогулуп, чогулуш өткөрүштү. Коргоо министри И.Исаковго үч талап койду. "Скорпион" бөлүкчөсү тез аранын ичинде Тамгадан чыгарылсын, турак жай маселеси боюнча териштирүүлөр токтотулсун жана түндүк-түштүк маселесин ырбаткандар жоопко тартылсын" - деген.
Дагы бир айта кетүүчү жагдай, аскердик санаториянын карамагындагы алты көп кабаттуу үйдүн ар биринде 80ден кем эмес үй-бүлө жашашат экен.
Каркырадан айрылып, кандары кайнап турган көлдүктөргө "Скорпионду" алып барганы, абалды тынчытпайт, кайра курчутат. Тамгадагы тамды талашкыча, казактарга кайрылбай кетип жаткан Каркыраны талашса гана? Орун алган окуядан Ысмайылдын басмайылы бошобос бекен?



Көксарай бүтсө коркушпайт
Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чегара маселелерине чекит коюлганы менен суу-энергетика маселелеринин ортосундагы талаштар ырбоодо. Өткөн жумада казак президенти Н.Назарбаев бул маселени өз өкмөтүндө карап, катуу талап койду. Казак адистеринин айтымына караганда, Кыргызстандагы Токтогул суу сактагычындагы сууну кыш мезгилинде кое берүүдөн улам, казак тарап жылына миллиондогон чыгашаларга учурап жатыптыр. Быйылкы жылы Токтогул суу сактагычындагы сууну агызуудан Чимкент облусунда 2 миң үйдү суу каптап, жараксыз болсо, 13 миң адам атайылап көчүрүлгөн. "Жылына миллиондогон акчаларды жаратылыш кырсыктарына сарптагыча, жаңы суу сактагычты куруп баштайлы" - деген казак өкмөт башчысы К.Масимовдун сөзү ажосу Н.Назарбаевге жакты көрүнөт, "бул ишти тезинен колго алгыла" - деген жооп алды. "Биз дагы эле коркуп отурабыз, Токтогул суу сактагычындагы сууну кыргыздар качан кое берет? Чимкент менен Кызылордо суунун астында калабы? - деп. Биз мындан ары минтип жашабашыбыз керек". Бул Н.Назарбаевдин өкмөт жыйынындагы сөзү.
Айта кетүүчү жагдай, Нарын дарыясы Токтогул суу сактагычынан кийин Өзбекстандын Шардарин суу сактагычына топтолот, андан кийин казактардын Чимкент, Кызылордо облустарын аралап өтөт. Өзбектердин Шардарин Токтогулдан кышында түшкөн сууну токтото турган мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, сууну казактарга качырып жиберишет.
Казактардын Кө-ксарай суу тосмосу бүткөрүлүп калса, биз казактарга сууну сата албай калабыз. Анткени,алар биз электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн кышында кое берген сууну тосуп алышып, жай айларында сугат иштери үчүн пайдаланышат. Демек, жакын арада казак кошуналар кыргыз сууларына болгон көз карандылыктан кутулат. Астана бийлиги аз гана убакта чегара, пансионат жана суу маселелерин чечкенге жетишти. Эми энергетикабызга кызыгып турушат. Эртең эмнебизди алаар экен?

Жарыя!
"Алиби" гезити окурмандардан эл-журттун кызыгуусун туудурган маалыматтарды сатып алууга даяр. Баасы келишимдик негизде.
Биздин талап: ал маалымат чындыкка негизделип, далилдер менен коштолууга тийиш.
Маалымат берген адамдын аты-жөнү көмүскөдө сакталат.
Редакция.



Жарыя!
"Алиби" гезитинин укук багытындагы өнөктөшү ЖЧК "Адвокат профи" фирмасынын адвокаттары менен юристтери силерге ар тараптуу юридикалык (кылмыш иштери, жарандык иштер, жер жана үй талаштары, үй-бүлө маселелери ж.д.у.с.) жардам көрсөтүүгө даяр.
Акы төлөө келишимдик негизде.
Биз сизге жеңип чыгууга жардам беребиз.
Биз "Алиби" менен бир даректебиз.
Тел: (0 312) 62-44-35.