№40, 16.02.08-ж.
  Жылдыздар жыгылбаса, ырчылар тыгылбаса

Борончу Кудайбергенов
Акыркы жаңылыктарыман: жаңы ыр альбом жана жаңы DVD диск чыгардым. 20 жылдык чыгармачылыгымды камтыган DVD жыйнакта жаңы ыр клиптерим, чыгармачылыгымдагы тандалып алынган сатиралар, ошондой эле убагында кыргыз элинин боорун эзген курч сатиралардын устаты ыраматылык Манас Бердибеков агабыз жана азыркы куудул досторум болуп, чогуу аткарган интермедияларыбыз да бар. Андан сырткары ырчылык багытта, жаңы жаңылыгым, өзүм эле ырдай бербей, татынакай кыздар менен чогуу жалаң дуэттерди жаздырып жатам.Орус кызы Рита Скачила менен кыргызча дуэт, Насыйкат деген кыз менен кыргызча дуэт жана Баян аттуу кыз менен казак-кыргыз дуэттерин даярдап койдук. Буюрса, кыргыз эли бул дуэттериме күбө болуп, өз бааларын берет деген ойдомун. "Сагынып, сага карай жол издейм" деп аталган ыр альбомум жарыкка чыкты.
Негизинен чыгармачылыгымдагы жаңылыктар ушулар. Андан сырткары, өзүмдүн "Куйручук" маданий жана "Борончу" оюн-зоок тамада борборлорумдун иштери менен алектенип жатам. Бул борборлордун максаты кыргыз элинин жакшылык-тойлоруна жарчы болуп, кыргыздын каада-салтын аралыштырып, Умай эненин, Бакай атанын батасы менен тойлордун шаңына шаң кошуп, өзүбүздүн концерттик топ менен, ар түрдүү видеосьемка ж.б. техникалык каражаттар менен камсыз кылып, корпоративдик кечелерди, тойлорду жогорку деңгээлде уюштуруп беребиз. Ошондой эле жакында эле, Гагарин жана Адышева көчөлөрүнүн кесилишинен жакшынакай мончо салып, иштетип жатам. Атактуу инсаныбыз Исхак Раззаков айтмакчы "эгер сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болсо" анда мончого ким түшөт? Ошондуктан, азыркы биздин ыплас жашообузда ички дүйнөсү да, сырткы дүйнөсү да таза адамдар көп болсун деген максатта ушул мончону ачтым.




Максат Бегалиев
Азыр мен "Аюу" фирмасынын беш жылдык мааракесине карата Кыргызстандын бардык аймактарыда өтүүчү, азыркы кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү ырчылары катышкан концерттик турнеге катышып жатам. Бул турнеде мен үчүн жагымсыз бир катар окуялар болуп өттү. Токмок шаарындагы концертибизде авто машинамдын номерин белгисиз адамдар уурдап кетишти. Чолпонатадагы кезектеги концертибиз аяктаган соң, чоң кокустук болуп, өйдө жакта турган үн жаңыртуучу колонка башыма кулап түшүп, катуу жаракат алдым. Чолпонатадагы бейтапканага кайрылганымда, "сотрясение головного мозга" деген диагноз коюшту. Ошентип, ушундай абалыма карабай Нарындагы кезектеги концертке жөнөдүм. "Багы жокко дагы жок болуп" бул жерде да мени чоң "сюрприз" күтүп туруптур. Концерттик бардык афишалардан жалгыз менин сүрөттөрүмдү айрып кетишиптир. Мындай кыянатчылык иштер кимдин колунан келди, эмне максатта жасады, андан кандай ырахат алды азыркыга чейин түшүнө албай турам. Эми түштүк аймактарда жана Таласта өтүүчү турнелерде жогорудагыдай кокустуктардан алыс болуп, аман-эсен барып келейин деп кудайдан тилеп атам.




Неля:
Негизинен акыркы жылдары сүйүү темасындагы ырларды аткарып келсем, кийинки репертуарымдагы ырларды кичине өзгөртүп, сүйүү темасынан тышкары, башка тематикадагы ырларга көңүл буруп, кыргыз элине башка стилде ырдап чыгууну пландап жатам. Башкача айтканда, мурун чыгыш стилинде ырдап келсем, эми кыргыздын нукура ырларына басым жасап, ошону менен бирге эле азыркы жаштардын талабындагы европа стилин да чогуу алып кетсем дейм. Ушул сыяктуу жаңы пландарымды ишке ашыруу үчүн жакында Мирбек Атабековдун "Балалык" деген ырын жаздырдым. Бул ырды ырдап жатканда балалыгымдын таттуу күндөрүн эстеп, ошол мезгилге барып калгандай болуп, сонун кыялдарга батам жана ар бир угуучу да укканда ошол сезимдерге кабылат деп ойлойм. Мындан сырткары, азыркы учурда жаңы ырлардын үстүндө иштеп жүрөм, мисалы экинчи ырым, обону: Съездбек Искеналиев, сөзүн Фаризат Асанкалый кызы жазып берген "Булбул" деген ыр. Бул ырдын өзгөчөлүгү да. Себеби бул кыргыздын нукура аспаптары менен жазылган ырлардан болот. Негизи эки ыр тең мен үчүн жаңы стиль, ыкма. Андыктан, бардык угуучуларыма жагат деп ойлойм. Өзгөчө ыраазычылыгымды Мирбек Атабеков, Урмат Усенов, Алмаз Адамалиев, Эрнест Уметалиев, Азамат Такырбашевге билдирем. Азыркы убакта "Эко рекордс" студиясында иштеп, бардык ырларымды Эрнест Уметалиевге жаздырып жатам. Жакында Э.Уметалиев жазып берген "Асыл эркем" деген ырын Алмаз Адамалиев экөөбүз дуэт ырдап чыгабыз. Кудай буюрса, менин талантымды, ырларымды баалаган күйөрмандарыма жакынкы арада жаңы стилде жаңы ырларды жана жаңы клиптерди тартуулайм.

Н. Эсеналиева
"Алиби"
Кулактандыруу
"Алиби" гезитинин ар бир санында жарнамалар сап түрүндө жана модулдук түрдө кабыл алынып, жарыяланат.
т. 21-66-28, 62-44-35 номерлерине кайрылыңыздар!