№40, 16.02.08-ж.
  Кыргызстандын билим берүү концепцияларындагы космополитизм же өлкөбүздүн билим системасынын айырмалуу улуттук мүдөө - миссиясы барбы?

Чыныгы патриот Байгазиев
  Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, филология илимдеринин доктору, публицист Советбек Байгазиевдин "Манас глобалдашуунун жана технократиялык цивилизациянын дөңгөлөгүнүн астында калабы же эгемендүү кыргыз мамлекетине кандай тарбия стратегиясы керек?" - деген темада сиздердин "Алиби" газетасынын 11(038) номеринде жарыяланган материалынын баасын өтө бийик деп эсептейбиз. Кыргыз улутун жана келечегин сактап калуу ыкмалары камтылган. Бул кайрылуу да кыргыз пайда болгондон жана Манастан баштап ушул күнгө чейин сакталып келген кыргыздын салт-санаат, кыргыздын биримдиги, эли-жер үчүн патриоттук сезимдер эскерилүүдө.
Урматтуу алибичилер! №11-сандагы ушул кайрылуу Кыргызстандагы кээ бир газеталардын бир жылдык эмгегинен өйдө турат.
Урматтуу Советбек мырза! Ушул кайрылууңуздун аягына чыгууга умтулуңуз.
Чыныгы патриот экенсиз. 

Караш Насер.

I. Чыгармачыл сочинениеге эмес, диктант жазганга көнгөн интеллигенция
Эмесе, сөзүм оболу мындан башталсын. Ачык айтыш керек, Социализм доорунда биздин кыргыз интеллигенциясынын социалдык мүнөзүндө бир көнүмүш адат бекем калыптанган эле. Бул - тыштан келген идеаларга, жогортон түшүрүлгөн көрсөтмөлөргө, империалык борбордо даярдалган белен стандарттарга ориентация жасоо. Коммунист кыргыз интеллигент өзүнүн улуттук кыртышынын спецификасынан философия чыгарып, идея таап, ошого жараша позиция күтүп, өзүнүн улуттук менчик ишеними менен жашап, турмуш образын, коомдук-мамлекеттик тиричилигин ошол менчик ишеним - философиясына ылайык куруп, түзүп, жашоого көнгөн эмес. Кыргыз интеллигенти өз алдынча чыгармачыл сочинение жазганга эмес, Кремль тараптан чыккан диктовка менен "диктант" жазганга көбүрөөк көнүкКөн болучу. Билим берүү сферасын алсак, СССР доорунда кыргыз агартуу майданынын интеллигенциясы билим берүүнүн концепциясын, программаларын, окуу китептерин, методикалык көрсөтмөлөрдү акимчил-буйрукчул империалык борбор тараптан дапдаяр түрүндө алчу. Билим берүүнүн, агартуунун концептуалдык, философиялык, стратегиялык маселелери менен биз баш оорутчу эмеспис. Кыргыз билим берүү тармагынын профессору да, мугалими да негизинен, жашырып не керек, аткаруучу - функционердин, орундоочунун, борбордон түшүрүлгөн стандарттардын үгүттөөчүсүнүн, популяризаторунун ролунда күн көрүүчү.
II. Көчүргөнгө көнгөн адат же улуттук өзүнчөлүгү көрүнбөгөн билим концепциялары.
Чукулунан коомдук абал-жагдайыбыз өзгөрүп, тоталитардык система кыйрап, өз алдынча мамлекеттик суверенитетке ээ болдук. Тилекке каршы, ушундай эгемендүүлүк шартында мурдатан тышка ориентация жасап көнгөн ээрчиме интеллигенттик аң сезим эгемендүү өлкөнүн билим берүүсүнүн өзүнчөлүү стратегиялык артыкчылык багыттарын жергиликтүү кыртыштын спицификасынан жана улуттук турмушубуздун муктаждыктарынан, улуттук мүдөөнүн таламдарынан чыгып, өз алдынча аныктоодо, аны кыргыздын өзүнүн сөзү менен жазып чыгууда чабалдыгын, бечелдигин көрсөттү. Эгемендүүлүктүн кырдаалында Кыргызстандын билим берүүсүнүн концепцияларын түзүүчүлөр мурдагы тыш жакка түздөнүп көнгөн адат боюнча башка өлкөлөрдөгү, көбүнчө демократия жолуна түшкөн Россиянын билим берүү документтериндеги даяр тексттерди, орусча окуу - нормативдик материалдардагы белен педагогикалык, демократиялык жоболорду перефразалап көчүрүүнүн, орусча туурап жазуунун жолуна түшүштү. Мындай компиляция азыр да уланууда. Натыйжада, чет өлкөлүк ар түркүн концепциялардан, мыйзамдык документтерден алынып кураштырылган, монтаждалган, синтезделген, орусча жазылган Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн көчүрмө, тышынан "кооз", өз алдынча жазылгандай көүнгөн "сулуу" концепциялары, стандарттары, доктриналары пайда болду. Туура, билим берүүдөгү эл аралык тажрыйбаны эске алыш керек, жалпы универсалдык мүнөздөгү жоболорду пайдалануу зарыл, билим берүү мейкиндигиндеги орток дөөлөттөргө, нормативдерге негиздениш кажет. Бул жагынан перефразаланган, көчүрүлгөн жоболорго, билим берүү инварианттарына айып коюу, түзүүчүлөрдү бул боюнча күнөөлөш кыйын. Бирок, менин айтайын дегеним мобул болуп жатат. Кеп бул жерде Кыргызстандын ар түркүн деңгээлдеги, багыттагы билим берүү концепцияларын түзүүчүлөр дүйнөлүк билим берүү мейкининдеги жалпы эреже - жоболорду, принциптерди, жалпы максаттарды, жалпы педагогикалык технологияларды кайталап, көчүрмөлөп жазуу жагынан устачылыкты көрсөтүп, ал эми суверендүү мамлекетибиздин спецификалуу улуттук мүдөөлөрүнө жана жергиликтүү кыртыштын, кыргыз социумунун социалдык-маданий өнүгүшүнүн муктаждыктарына байланышкан билим стратегиясын, миссиясын, башкы идеясын аныктоо жагына келгенде адаттагы маңкуртчулук илдетти айгинелеп жатышкандыгында. Кеп билим берүү концепциялары авторлордун суверендүү жаш мамлекеттин алдында турган спецификалуу мелдеттерди терең туюнуусунун, улуттук өзүн -өзү аңдап түшүнүүлөрүнүн (национальное самосознание), улуттук патриоттук аң сезим наркынын жемиши катары эмес, алардын баягы "пролетардык интепрнационалисттик", космополиттик духта ойлонуусунун, өлкөнүн ички зарылчылыгынан чыкпай, тышкы белен үлгүлөргө механикалык түрдө түздөнүп, Алатоодогу конкреттүү социалдык чөйрөнүн идеологиялык керектөөлөрүнөн тышкары туруп абстрактуу ой жүгүрткөндүктөрүнүн натыйжасы болуп отурат. Кеп кыргыз интеллигентинин канга сиңген белимчилик автоматизминде, улуттук индивидуалдуу өз алдынчалыгынын, көнүмүш нуктан чыгып, автономдуу ой жүгүртө билүү маданиятынын өнүкпөгөндүгүндө болуп жатат. Мына ушундан улам, эгерде ушу күнгө чейин Кыргызстанда түзүлүп, жетекчиликке келе жаткан билим берүү концепцияларынан "Кыргыз Республикасы" деген сөздөрдү алып таштаса, анда бул концепциялардын кайсы өлкөнүкү экендигин аныктоо кыйынга турар эле. "Кыргыз" деген атты алып туруп, биздин билим концепциялары жер шарынын каалаган өлкөсүнө алып барып чаптай берсе боло бермек. Анткени биздин билим концепцияларынын улуттук жүзү, улуттук "паспорту", өзүнө тиешелүү "визиттик карточкасы", спецификалуу улуттук башкы мүдөө-максаты, стратегиясы, улуттук өзгөчө милдети, улуттук идеологиясы байкалбайт. Аргасыздан арданууга туура келет.
III. Кыргызстандын билим берүү системасы улутсуз космолиттерди, жалпы эле "дүйнөнүн граждандарын" окутуп тарбиялайбы же Түркия менен Япониянын эмнесинен таалим алса болот?
Маселен, Түркия жака көз чаптыралычы. Түркиянын 1973-жылы 14-июнда кабыл алынып, бүгүнкү күндө да туруктуу иштеп жаткан "улуттук билим берүү боюнча негизги мыйзамында" түрк билим берүүсүнүн эң башкы стратегиялык максаты төмөндөгүчө аныкталган:
"Түрк улуттук билим берүүсүнүн максаты - түрк коомчулугунун бардык мүчөлөрүн Ататүрктүн принциптерине, революциясына жана Башмыйзамда көрсөтүлгөн Ататүрк патриоттуулугуна (мекенчилдигине) ылайык түрк улутунун улуттук, нравалык, инсандык, руханий жана маданий баалуулуктарын кабыл алган, сактаган жана өнүктүргөн үй-бүлөсүн, мекенин, улутун сүйгөн жана дайыма өркүндөтүүгө аракет кылган, инсан укуктарына жана Башмыйзамдын алгачкы беттериндеги негизги принциптерге таянган демократиялык граждандык жана социалдык укуктук мамлекет болгон Түркия жумуриятынын алдындагы милдет жана жоопкерчиликтерин билген, ошондой эле аларды аракетке келтирген мекендештер катары калыптандыруу".
Ал эми Түркиянын көрүнүктүү педагог-идеологу Сервет Өздемир Түрк Улуттук билим берү мыйзамынын ушул негизги баш мүдөөсүн дагы да тактап чечмелеп, мындайча тереңдетип түшүндүрөт: "Ушундай жол менен, бир тараптан түрк жарандарынын жана түрк коомунун бейпилдик жана бактылуулугун арттыруу; экинчи жактан болсо, улуттук биримдик жана бүтүндүк ичинде экономикалык, социалдык жана маданий өркүндөөнү колдоо жана тездетүү, ошондой эле акыры келип түрк улутунун заманбап цивилизациясынын жаратма чыгармачыл тандамал чөйрөсүн жаратуу саналат. Билим берүү ишмердүүлүгүндө Ататүрктүн революция принциптери, ошондой эле Башмыйзамда белгиленген Ататүрк патриоттуулугу негиз катары алынат. Улуттук ахлак жана улуттук маданият бузулуп, деградацияланышынан сакталып, өзүбүзгө таандык форма менен бүткүл дүйнө маданияты ичинде өз ордун таап, өнүктүрүлүшүнө жана окуп үйрөнүлүүсүнө маани берилет. Улуттук бирдик жана бүтүндүктүн негизги элементтеринин бири болгон түрк тилинин билим берүүнүн ар бир баскычында билимдин сапаты бузулбастан жана аша чаппастан үйрөтүлүшүнө маани берилет. Балдарды түрк тилинде туура жана жакшы сүйлөй алууга үйрөтүү - милдет" (Сервет Өздемир. Мугалимдик кесипке киришүү. - Бишкек, 2002, 47-бет).
Өзгөчө комментарийдин деле кереги жоктур. Демек, Түркиянын билим берүү мыйзамынын өйдөтөгү башкы улуттук миссиясы бизди терең ойлондурбай койбойт. Билим берүүнү экономикалык гүлдөөнүн гана эмес, улуттун коопсуздугунун гаранты деп жүрөбүз. А чындыгында билим берүү системасы өз өлкөсүнүн рухий-маданий дөөлөттөрүнө суугарылган мекенчил патриотторду жетилтип, тарбиялап чыгарганда гана жумурияттын улуттук коопсуздугу жөнүндө ишенимдүү сөз кылууга болот. Билимдүү маңкурт жана космополит эч убакта өз мекенинин тилеги боло албайт.
Эми карап көрөлү биздин Кыргызстандын билим концепцияларында жана билим берүү мыйзамында эгемендүү кыргыз мамлекетинин стратегиялык улуттук мүдөө-таламдарына ылайык жогорудагы Түркияныкы сыяктуу миссия - милдеттер коюлганбы? Кыргызстан өсүп келаткан муундарды, жаштарды окутууну жана тарбиялоонун кайсы башкы улуттук максат - мүдөөгө, кайсы идеологияга негизденип жүргүзүшү керек? Же суверендүү жаш кыргыз өлкөсүнө жана анын билим берүү системасына улуттук философиянын кереги жокпу?
Кыргызстандын негизги билим берүү документтерине көз жүгүртүп көрөлүчү. "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн Мамлекеттик доктринасында" - эгемендүү мамлекетибиздин бул чоң документинде Доктринанын башкы максаты мындайча жазылат: "Главная цель Доктрины - развитие системы образования в интересах гармонично развитой, социально активной, профессионально подготовленной личности и в качестве основного фактора социально-экономического прогресса Кыргызской Республики как демократического государства".
Жогоруда айтпадыкпы, биздин концепциялардагы ойлорду кайсы өлкөгө болбосун алып барып чаптай берсе болот деп. Бул жерде да ушундай болуп жатат. Мындай караганда келтирилген сүйлөмдөрдүн тууралыгында эч айып жок, бардыгы кооз, өз ордунда. Бирок мындай жалпы максаттарды бардык жерде, Финляндияда да, Эстонияда да, Конгодо да, Казакстанда да, Европа, Америкада да айта берсе болот да. Деги биздин улуттук философиябыз кайсы, билим берүүбүздүн алдын сызып көрсөтө турган, улуттун улут катары өнүгүшүнө, улуттун сакталышына негиз болуп бере турган артыкчылыктуу, айырмалуу башкы идея-мүдөсү барбы? Мындай касиетти, улуттук идея - мүдөөнү "Доктринадан" көрө албайбыз. 2000-жылы 27-августа Президенттик Указ менен кабыл алынган биздин республиканын мамлекеттик билим берүү доктринасы Европанын кайсы бир өлкөсүнүн доктринасындай сезилет. Космополиттик, глобалисттик жалпы планетардык духта жазылган доктрина.
2003-жылдын 25-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын "билим берүү жөнүндө" мыйзамынын кириш сөзүнөн да, биринчи беттердеги негизги жалпы жоболордон да, кыргыз мамлекетинин жаштарын окутуп тарбиялоонун башкы улуттук философиясын ачык-айкын даана көрө албайбыз. Аталган мыйзамдар мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн негизги максаты мындайча жазылат:

Уландысы бар

Советбек Байгазиев
Кыргыз билим берүү
академиясынын
вице-президенти,
филология илимдеринин доктору,
публицист