presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


ЗНАКОМСТВА

№40, 16.02.08-ж.
  Кыргызтаануу

Кыргыз качан жана кайдан чыккан?
Редакциядан:
Кыргыздар өз тарыхыбызды билебизби? Күнү кечээ экс-мамкатчы О.Ибраимов кытай архивдеринен көтөрүп чыгып, кыргыз улутунун жаралыш тарыхын 2500 жыл экен деп, бир дуулдап барып басылдык эле.
Бүгүн дагы бир экс-мамкатчыбыз Д.Сарыгулов "Кемтилген китеп, кемиген кыргыз" аттуу китебин жазып, жарыкка чыгарды. Тарыхий-публицистикалык ыкма менен жазылган бул китептен автордун бүгүнкү бийликке, бүгүнкү заманга болгон инсандык ачык позициясынан тышкары кыргыз улутунун, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүн 4миң жылдан (бүгүнкү тарыхыбызга 2008-жыл болгондугун эске алып койгула) ашуун мезгилге жеткирип, жеткиргенде да илимий булактардан алынган далилдер менен бекемдеп берүүсүнүн өзү эле китептин ат көтөргүс жүктү көтөрүп тургандыгынын ачык-айкын далили деп эсептесек болот.
Кыргыздын түпкү теги сактардан, арийлерден башталабы? Түрк атабыз Кыргыздын бир бутагы болуп калабы? Манас атабыз эпостук каарман эмей эле, чыныгы турмушта жашап өткөн адамбы? Биздин заманга чейинки миң жылдыкта азыркы Өзбекстандын аймагында Манас каналы болгонбу? Мына ушул жана башка көптөгөн суроолорго жоопторду "Алиби" гезитинин сандан-санга жарыялануучу Д.Сарыгуловдун китебинен тапсаңыздар болот.

Демек, Манас - улуу эпоско айланган тарых. Кыргыздын тарыхын жок кылып, тамырын кыйып, улуттук эс-тутумун талкалап, өчүрүш үчүн аны "жомок" деп жетимиш жыл бою үч муун кыргызды ишендирип олтуруп, Манастан ажыратып, рухий азыгын тартып алып, эскинин баарын унутуш керек деп, кулдук сезимге киргизип, өзүн тааныбаган, билбеген, Мекендин, улуттун тагдырына, келечегине кайдыгер караган манкуртка айландыруу максат турмушка ашырылып келгендин кесепетинен кыргыз бүгүнкү түбү жок туңгуюкка түшүп турат.
Дүйнө жүзүндө кыргыздан башка дагы кайсы эл - Манастай дастан жарата алды?
Андай эл жок! Түбү төрт миң жыл тарых тереңдигинде жаткан кыргыз гана Манаска ээ болуп, кыргыз гана Манасты айтып келген! Боордош казак да Манасты айта алган эмес. Демек, Манас - кыргыздын жанына, канына миң жылдар бою орду толгус, кайтып келбес жоготуулар менен бирге сиңген.
Улуу тарыхын, рухун, дөөлөтүн жоготкон эл келечекке жол табабы? ХХI кылымдын сыноолорунан өтүп ийгиликке жете алабы? Албетте, жок. Тентиген, кемиген кыргыздын бүгүнкү абалы муну толук далилдеп турат.
Өз Мекенине, Мамлекетине, өлкө бийлигине, өзүнө, келечегине ишенбеген эл эгерим намыстуу болуп, өзүн сыйлап, өнүгүп, өсүп, бүгүнкү туңгуюктан чыгып кете албайт.
Союз урагандан кийинки он беш жыл турмушубуз муну үч эсе ырастап, моюнубузга коюп бербедиби!
Бирок, ал кыргызга бүгүн да сабак болбоду...

V. Кыргыздын байыркы дүйнө таанымы, улуу дөөлөтү, коом түзүү жана өзүн өзү башкаруу тажрыйбасы
Табигый жана тарыхый шартка байланыштуу дүйнө элдери дили, тили, дини, салты, тамак-ашы ж.б. менен бир топ эле айырмаланганы эч кимди таңгалтырбайт.
Атүгүл түбү бир боордош казак-кыргыздын да кулк-мүнөзү, салты толук бирдей эмес.
Бир топ эл тартылган сүрөттү үйүнө илип, ага чокунса, кыргызга ал сүрөттү бекер берсең да анча деле кызыгып койбойт… Кеп - ал сүрөттө эмес (акарат кылуудан алыспыз), кеп адамдардын аң-сезиминин, дилинин, ой-жүгүртүүсүнүн айырмасында.
Дүйнөлөшүү күч алып, жер жүзүндөгү элдер бир чоң кыштакта жашагандай тыкыс байланышып, соода-чарба-акча жүгүртүү, интернет аркылуу чырмалып, атаандашуу, таймашуу, күрөшүү тымызын, жашырылган шартта жүрүп калган азыркы доордо кыргыз өзүн билип, таанып, салыштырмалуу артыкчылык - кемчилигин да баамдашы зарыл.
Ички жана тышкы саясатты ошого жараша жүргүзүү - мезгилдин талабына айланды.
Биринчи маселе - кыргыз өзүн таануу болсо, экинчи маселе - азыркы заманды таануу болду. Даанышман акелерибиздин бири, Тилекмат аке айткан экен: "Заманыңарды тааныбасаңар - жолуңардан адашасыңар" деп.
"Жердин шартын, элдин салтын эске алсаңар - ынтымак менен ийгилик коштоп жүрөт" деп Сарт аке акылын айткан экен.
Эмки сөз - кыргыз өзүн таанууга багытталат.
* * *
Кылымдарды карытып кыргыз тапкан турмуш тажрыйба макал-лакап, учкул сөздөргө коргошундай уюп, кыска, бир сүйлөм сөз менен муундан муунга мурасталып өтүп келген.
"Пейилиң оңолмоюнча ишиң оңолбойт", "дүнүйө оопа болбойт", "эркектин билеги күчтүү, аялдын тилеги күчтүү", "эркектен бир күлүк, аялдан миң күлүк", "эркек - сел, аял - көл", "кыздын кырк чачы улуу", "элде болсо тең болсун, тең болбосо калктын сугу өтүп кетет", "урук болуп, тукум болбой калыптыр", "эл байлыгы - адилет, таянычы - калыстык, келечеги - акыйкат", "адилет болбой эл жарыбайт", "арам жукпайт", "ат жүгүрбөй тап жүгүрөт, тап жүгүрбөй бак жүгүрөт", "атасыз - урук болбойт, энесиз - урук өнбөйт, уруксуз - бөксө толбойт", "адамдын назарын жаман үй-бүлө сындырат", "адамдын жетекчиси - пейил, жолдошу - ыйман, жолоочусу - ой, арылбаганы - арман, сынчысы - эл, душманы - ачуусу, кароолчусу - сабыр, коргонучусу - мүнөз", "өмүрүң - Теңирден, ырыскың - өзүңдөн", "эриң жок болсо урмат жок, энеден кийин төркүн жок", "жаман уул-кыз буттан чалат", "адам мүнөзү көзгө көрүнбөйт", "адамга өмүр бою ыйман, ынтымак, уят керек", "адамдык сапатты ашык дөөлөт кетирет", "кыз кайгысы - ичинде, уул кайгысы - жүзүндө", "өмүрдүн картайганы - жашка жараша, көңүлдүн картайганы - бакка жараша", "азаптын көбү - ач көздүктөн", "бакыттын жолу - эмгек", "турмуштун көркү адал эмгекте", "адамга ачуу душман, акыл - жолдош", "аялдын жаманы - түндүктөн чыккан чуу", "адам ажалдан жана жаман уул-кыздан кутула албайт", "көп сүйлөгөн сөздөн жаңылат", "жаралган жан өлөт, жакшы иш өлбөйт", "керсейгендин аягы шор, өзү кор болот", "жаштык - күнүмдүк гүл, карылык - түбөлүк түн", "адам өмүрү кыл учунда", "ийгилик - адилетке жараша", "акылга көнбөгөн, акыры азапка көнөт", "жаштыкта бир арман, карылыкта түгөнбөс кайгы", "кесир сүйлөбө", "байлыктын көгөнүнө байланган адам оң жолго кайра түшө албайт", "сүйүүнүн түбү жок", "Жер эне - өлгөнгө - конуш, тирүүгө өрүш", "бакыт - ийинге конгон куш, учуп кетет", "байлык - колуңдагы муз - ээрип кетет", "бакыт - үлп эткен булут", "иши түшкөн итке да баш ийет", "келин ысык берсе да муздак", "адам өз кемчилигине кул", "кууса - карматбаган жаштык, качса - кутулбаган карылык", "бейиштин миң күнүнөн бул дүйнөнүн бир күнү артык", "эси жок аял эки күндө үч урушат", "үйдөгү ойду базардагы нарк бузат", "картайганда катын жоо", "бийлик башы сүттөй: көп турса - ирийт", "акылдуу - таап сүйлөйт, акылсыз - каап сүйлөйт", "акчанын артынан кууган, өз ырысын бууган", "багы ачылып турганда, карганы салса да каз алат", "бир чыбык менен миң кой айдалат", "бөксө казан катуу кайнайт", "суу башынан тунат", "жаман өлсө - жалгыз өлөт, жакшы өлсө - жалпы өлөт", "жети атасын билбеген - кул", "көпчүлүк адамча жашай албаса - заманы тозок", "суу - баарына эне, өмүр берип турат", "элине пайдасы жок - тирүүнүн өлүгү", "жакшы адам тилекти жалпыга тилейт", "аял - улуу: азабы да, түйшүгү да арбын", "нуска сөз - өмүр азыгы", "жок оокат табылат, намыс табылбайт", "намыс өлүмдөн катуу", "кан бийлигинен нарк күчтүү", "тилек менен үмүт картайбайт", "дүнүйө байлык эмес, намыс, ынтымак, ден-соолук - байлык", "эл башчысы - эл тагдыры", "башчысы начар эл - көрүнгөнгө жем", "топук кылган адам - бай адам", "максатсыз жашаган адамдын малдан айырмасы жок", "Теңирге жагам десең - жолунан чыкпа", "үч нерсени сатып алалбайсың: намысты, тагдырды, абийирди", "адамдын убалына калуу - эң оор күнөө", "элден чыккан адам - түбөлүк жетим" "арамдын жолу миң, бирок өмүрү кыска", "эл маанайы жарык болбосо, жашооң бүркөлгөн күнгө айланат", "адам болом десең эч качан элден бөлүнбө", "бабалар салты - жаш муундарга жашоо багыты", "адамдын сөзү ала болсо, иши чала болот", "жаман ичип-жегенин айтат" "базарга баарын саткан, намысын да, ыйманын да сатат", "чөгөлөп жашаганча, тик туруп өлгөн артык", "эне тилин унуткан, өз энесин унуткан", "акча сүйлөгөн жерде адилет ыйлап турат", "акыйкат күндөн жарык", "жазалоо оңой - тарбиялоо кыйын", "кишимин деп мактанба, Адам болдум деп мактан", "иттин ээси болсо, бөрүнүн Теңири бар", "кыз жаманы - кыроо, уул жаманы - уйгак, келин жаманы кетпес кесел", "өмүрдү көңүл узартат", "элин сыйлабаган тилин жээрийт", "эрте тургандын күнү узун", "жараксыз падыша - жугуштуу оорудай", "адал менен арамды, жакшы менен жаманды айта алсаң - адамсың", "билектин күчүн тилектин күчү жеңет"., "эл ооз бир болсо, кан ооз тим болот", "жердин куту - элинде, элдин куту бийинде", "чырактын жарыгы түбүнө түшпөйт", "наркты билбеген, салтты билбеген эл башкара албайт", "өлүм арзан - жашоо кымбат", "падышаң кандай болсо, элиң да ошондой", "элине арналган өмүр - өчпөс өмүр", "адамдын пейилине жараша - тилеги, тилегине жараша - иши", "карыздын эң оору - убада", "өткөнүн билбеген келечектен адаша берет", "жаман ой жаныңды жейт", "кумурсканы аттап өт - сообуна каласың", "жер карызынан денеңди берип гана кутуласың", "башчы адашса - элдин шору", "энелер тууп жатканы менен баатырлар күндө туула бербейт", "салт бузулса - калк бузулат", "өтө сулуунун эри болбойт", "акка кара тез жугат, өтө ысык бат муздайт", "балбандык - билекте, баатырдык - жүрөктө", "мыйзам көбөйгөн сайын журт ыдырай берет", "жашоонун баары өмүр болбойт", "жаз - аракет, жай - береке, күз - киреше, кыш - чыгаша" ж.б.
Төрт миң жылда кыргыз тапкан акыл, албетте, эки барак макал менен чектелип калбайт. Улуу, кенже дастандар, залкар акындардын ырлары - баары акылга бай, түгөнгүс кен.
Буга далил - кумдан ылгап алынган алтындай түзүлгөн макал, лакап жыйнагы1.
Белгилеп койгон макал, сүйлөмдөрдү окурман бөлөк тилдерге (орус, немис ж.б.) которуп көрсө өзгөчөлүктөрү даана байкалат. Бир тобу которулбайт, себеби алар кыргыздын дүйнөтаанымына гана мүнөздүү: убал, кесир, сооп, адал, арам, пейил, көңүл, насип, ырыс, кусур, сугу өтөт, үрөйү учат, шаабайы сууйт, кут, ындысы өчөт, жаш карыйт, жан карыбайт, арман, назары сынат ж.б.
1 Тажиева Г.,Курманбекова А., Кыргыз макал, лакап жана учкул сөз түрмөктөрү, Бишкек, "Бийиктик", 2004-ж. 696 бет.

( Уландысы эмки санда )









а ­е¦Є.НҐй«