presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№39, 09.02.08-ж.
  Саат сайт.WWW. KG.

8-саат. Коррупциянын бактысы ким?
Тилчи болгондуктан - биздин терминдер башка өлкөлөрдө кандай которуларына кызыгам бар. Өткөндө да бир аз чабыттап көрдүк эле, көпчүлүктүн кызыгуусун туудурду. Чөнтөктө акча аз болгону менен, ой терең эмеспи, дагы бир сыйра саякатка чыгып алалы.

Коррупциянын бактысы
Тажикстанда - Кумомали Брахмон.
Россияда -Кумитрий Бетбетов.
АКШда -Кулари Блинтон.
Англияда -Кюри Бакс.
БЬельгияда- Курт де Бакальдоо.
Испанияда -дон Куан Бахалес.
Францияда -Кукалас Баркозу.
Арменияда -ара Баркисян.
Кыргызстанда?-

"Жүгүр чүдүңдөп"
Казакстанда- Игур Чумасинов.
Россияда- Беги Чубков.
Украинада- Иля Чумошенко.
Пакистанда- Игур Чхутто.
Индияда -Индира Чинди.
Өзбекстанда- Жүгүрүң Чүдүңаке.
Германияда Ингела Черкель
Кыргызстанда?

"Айдаган Мам думаны"
Россияда Артис Мрызлов
Японияда Адасова Макино
Италияда Адалес Мацилло
Сауд аравиясы шейх-аль-хан Махрейн
Украинада Андрей Матрешка
Түркияда Атак-хан Мадубакан.
Кыргызстанда?

"Мээлеп садыр"
Казакстанда Меникине саттыр
Россия Метет Садурка
Грузияда Бижо Саталин
Беларусь Мой дед. Сатана
Германияда Медольф Ситлер
Кыргызстанда?




Ботокул ажынын фотоколлажы
Орто жүз: Менин тукумум бийликте турганда жер биздики. Ура!
Улуу жүз: Менин тукумум кыргыздардын бийлигин чоюп турганда…
Кичүү жүз: Кыргыздардын бийлигинде менин деле күйөө балам болсо керек, йе кыргыз?
Кыргыз: Атаң көрү тукумдарым, көргө да жөн жаткызбай калдыңар.

Сөзмантек
Турганбек олуя:
Көңүлү жок бийликти көпкөндө көр.
"Биз - чоңдор көбүрөөк жешибиз керек.
"Уркуя" фильминен:
Себеби, элден көп иштейбиз"
Шамдагай:
Кашыгы да, чөмүчү да май адамдарды кайсы Ак үйдөн издейбиз?
Владимир Путин:
"Башка бирөөлөрдүн артына бир жолу жашына калуу - өз өлкөсүн жок деп саноого барабар"
Алыкүл:
Эх, чиркин биздин күндөр кандай таттуу,
Бүгүнкүдөн эртеңкиси улам катуу!




Оо, кудай сактай көр!
Россияда кыргызды,
Атылгандан сактай көр!
Жерибизди казакка,
Сатылгандан сактай көр!

Келиндердин, оо кудай
Тажаалынан сактай көр!
Германияда ажону,
Ажалынан сактай көр!

Кыйынчылык, оор турмуш-
Азаптардан сактай көр!
Кыргыздарды Акүйдө
Казактардан сактай көр!

Оппозицияны топтолгон
Жакшысы менен сактай
көр!
Топчуке Азимбектерди,
Аксысы менен сактай көр!

Министрди ЖоКеде
Анты менен сактай көр!
Миллион жолу айтышсын
Калпы менен сактай көр!

Мотуевди Жумгалдык
Саягы менен сактай көр?!
Москвада байкемди
Аялы менен сактай көр!

Германияны биз сүйгөн
Немиси менен сактай көр!
Кыргыз телеберүүсүн
Мелиси менен сактай көп!

Адахамга партия
Тандап берип сактай көр!
Чыкпай жүрсөң "Ак жолдон"
Мандат берип сактай көр!

Парламентте "Ак жолду"
Күүлөнгөндөн сактай көр!
Үнү бүтүп калбасын,
Сүйлөгөндөн сактай көр!

"Токол-покол", оо кудай
Жалган кептен сактай көр!
КСДП, КПны
Парламентте сактай көр!

Кыргыздарды кылымга
ГЭСи менен сактай көр!
Бийлик жакты, оо кудай
Эси менен сактай көр!

Келе жатат курултай
Келиңиздер, утурлай!




Кокос.
(Эски жомок).
Илгери-илгери адамзат али жарала электе, акылдуу маймылдар топ-топ болуп жашачу экен.Жалаң банандар өскөн жерде өзүнчө маймылдардын бир тобу жашайт. Албетте, алар топ болгон соң бир маймылды топ башы шайлап алат.Топ башысы курусун, бийликке келген соң банандардын бардыгына ээ болуп, жакындары менен гана "хап" этип сугунуп тургандыктан, аты Хап болуп калыптыр. Хап канчалык бананга ээ болсо да көзү тойбой жүргөндө кошуна кокостордун ээсинен бир таклип түшөт. Кокостун ээлери айтат "бизге бир түп банан бергиле, биз силерге бир даана эң чоң кокосубузду берели" -деп. Хап макул болот, бирок ага баш ийген ачка маймылдар каршы чыгат.Ток киши ач кишини укмак беле, бир түп бананын берип, ордуна бир даана кокос алып келет. Жакындары менен ошол жалгыз кокосту бөлүшө албай, чыр чыгып кетет. Карып калган Хапты жакын болгонуна карабай жаш маймылдар коколоп койсо, Хап артын карабай алыска качып кетет.
Хап маймылдар мекенине келдиби, келбедиби, белгисиз. Келген күндө деле башка маймылдар кубалап чыкмак.
Негизи жомок жакшылык менен бүтөт.
Келдибеков Азизбек.









??.??