presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№39, 09.02.08-ж.
  Замандын анатомиясы

Тор заман
Тордун артында да өзүнчө заман бар. Тозогу да бар, бейиши да бар. "Тоголок акча" тор артына да тоголонуп кирип турат. Тор артында "топ таш" ойногон "обшактары" бар. Түрмөдөгүлөрдүн түбүнө да жеткен, түпкүрдө түндүн караңгысында жарык кылган түшүнүктөрү бар. Түз жүргөн адамдардын түбүнө жетпейт, тескери жүргөндөрдүн "терисин" тескери сыйрыйт.
Тор ичинде башкаларды айтпай - ак коелу, баңги бизнесинен эле байымдуу байлыктар айланып, жарыбаган акчалар эмес, "жашыл" акчаларга бааланган ири операциялардан "оп" этип "обшактын" казанында кайнап турарын бул иштерден кабары барлар айтып калып жүрүшөт.
Ал эми тордун сыртынан кайтарып тургандардын кожоюндарынын айтуусу боюнча буга чейин абакта жаткан ар бир адамдын тамак-ашына бюджеттен 16сом сарпталса, эми 29 сом болуптур. Обшактардын эле ооздорун карай бербейли деп пенитенциардык системаларды реформалоо үчүн өкмөттүн токтому менен "Үмүт" программасы кабыл алынган. Ушул программанын негизинде кытайлык жеке инвесторлор менен сүйлөшүп, 16 колонияда кыш чыгаруучу завод ачылыптыр. Союз убагында тор артында да завод-фабрикалар иштеп турчу экен. Ошондуктан ушу менен эле токтоп калбастан 3 колонияга кыш, черепица, 8 колонияга кирпич чыгаруучу завод ачууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүптүр.
Тордун артын деле өз үйү кылып алгандар болот экен. Айрым кылмыш кылып тордун артына түшкөндөр бара турган жерибиз жок деп тор артына кайра барган учурлар кездешет. Эркин болгонуң менен эмес, кардың кампайбаса, үйүнө чыгып барып бир маал ысык тамак ичпесе, айрымдардыкы таптакыр эле ичээр тамагы, жатаар жери жок. Ал эми тордун артында үч маал ысык тамак, жатаар жери болуп, медициналык кароодон өтүп турушат. Гумандуулук деп анча-мынча оор эмес кылмыш кылгандарды тор артынан чыгарып койсо, бара турган жери жок, иштей турган иши жок, тор артынан чыгып алып жандары кыйналгандан тор ичине кайра келиш үчүн, атайын кылмыш жасап "тор заманга" кайтып келгендер жок эмес.
Тордун артына деле оору деген кучак жайып кургак учук менен эле жылына 300-500 адам өмүр менен кош айтышып турса, чет өлкөлүк уюмдардын жардамы менен дары-дармектерди алып, өмүрдү бир аз узартууга болотокшойт. Азыр кээ бир колонияларда айыл чарба совхоздун түзүп, мал алып багып жатышыптыр.
"Тор заманга" өмүр бою түшкөндөр да бар. Кыргызстан өлүм жазасына мораторий жасаган соң, нечен кырчын өмүрдү кырккан кылмышкерлер деле өмүр бою 3 маал тамак ичип, кийим кийип, медициналык кароодон өтүп жатат. Ошол эле мезгилде анын кесепетинен жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн өмүр бою жабыркап өткөндөрү да жок эмес. Киши өлтүргөн адам, балким айласын таап чыгып алып эркиндикте жыргап жүргөндүр. Анткени бизде баарын сатып алууга болот. Өлүм жазасын алып салсак, айрым кылмышкерлер бекер тамак ичип жата беребиз деп, адамдын өмүрүн ит бекер кыйып кете бериши мүмкүн. Батышты туурайбыз деп, кылмышкерлерди көбөйтүп албайбызбы? Канчалаган өлүм жазага тартылгандар канча үй-бүлөнү кан-какшатып, кабак - кашым дебей элдин эсебинен курсагын кампайтып коюп отурушат. Канга кан болуш керек!

Келдибек уулу Азизбек
"Алиби".




Кор заман
"Татьянин день"телесериалын көргөн соң көпкө ойлонтту. Балким Татьянанын баласын саткан медайымдын прототиби Мээрим эжедир. Төрөтканада 15 жылдан бери иштеп, өзү да ушул төрөтканадан бала багып алган экен. Ал жаңы төрөлгөн ымыркайды сатып жиберүүнү көздөп, аны чарчап калды деп энесине билдирген да, 600 долларга баалап сатып жиберип, "шампан" ичип майлай баштаганда колго түшкөн.
Кармалган акушер - гинеколог мурда да жаңы төрөлгөн кызды сатууга катыштыгы болгон деп шек саналып жүргөн. "Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала" дегендей, зарлап бала күткөндөр да бар. Ал эми эптеп тапкан балканактай баласын айла - амалдар менен алмаштырып, башка бирөөлөргө майлап-сүттөп сатып ийген ак халатчан акушеркага эмне демекчибиз? Ал эми чет мамлекетке, чет элдик валютага сатып кеткендер канча дейсиз? Гиппократтын антын бардык эле дарыгерлер аткара албайт тура. Ошондуктан, ойлоп кетем да эми баланы сатып кимдир бирөөлөрдү кор кыла баштадыкпы деп. Бул биздин Мээрим медайымдан жуктубу, ким билсин? Мейли эми, Мээрим эжебиз өз жазасын алгандыр, мындан ары мындай окуялар кайталбаса экен демекчимин.
Б. Алдакулова

Оң заман
Ааламдагы адамдын көңүлүн бурган акыркы олуттуу окуя Украина менен Грузиянын убактылуу болсо да НАТОго кабыл алынбай калышы. Путин президенттик акыркы күндөрүн өтөп жатса дагы чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, Грузия менен Украинаны НАТОго кабыл алабыз деп турган таасирдүү күчтөргө оор сокку урду. Путинге болгон урматтоо сезимим ого бетер күч алды.
Эмнеге НАТО чыгышты көздөй жулунуп турат? Россияны, албетте кошкусу келбейт, себеби, Россия НАТОго кирсе башкы күчтөрдөн болуп калышы мүмкүн. А бирок, мурунку Варшава келишиминдеги социалисттик мамлекеттерди ажыдаар сыяктуу сугунуп, ал эмес Балтика боюндагы мамлекеттерди өзүнө сиңирип алды. Эми Украина менен Грузияга көз артып келатат.
Бул жерде Путиндин чечкиндүү кадамдары болбосо, НАТО Россияны жылан сымал ороп туруп, анан тумчуктуруп, бөлүп жарып кетеби деген ой да. Улуу мамлекеттин кимге кереги бар? Ага караганда бизге окшогон майда мамлекеттер болсо Батыштын оозун тезирээк карайт эмеспи.
Неси болсо да Россиянын бактысына Путин туулуптур. Путин кетип баратып "дембелге кетип баратам" деп "молодой" Медведевке жол бергени да ыраазычылыкты туудурат. Биздин президенттер "дембелге" кетер бекен?

Г. Молдокулова




  КР ИИМ- дүйнө.

Биздин замандын Бабаханы.
"Волчья яма" фильминдеги айтылуу Бабахандан айырмаланып, биздин замандагы Алабука районунун Аккоргон айылынын тургуну Бабаханов.Р. он сегизге жаңы толо элек жатып өз энеси 1970 жылы туулган К.Бабахановага бычак урган. Мыкаачы тез эле колго түштү.
"Өзүм билем" деп өрттү пайда кылып…
Жалалабат шаарында күйүүчү майларды жүктөп келе жаткан тепловоз Промышленная көчөсүнөн өтүп бара жатып. "өзүм билемдик" менен жасалган темир жол линиясындагы электропроводко чалдыгып, анын натыйжасында өрт пайда болду, Өз убагында өрт кызматкерлери тарабынан өчүрүлүп калды.
Бул өрт Жалалабат шаардык РЭСинин өз кызматтарын так аткарбагандыгынын кесепетинен болгон. Бул өрт боюнча кылмыш иши козголду.
Пара алгандар дароо колго түшөт.
Бишкек шаарындагы №4 поликлиниканын врач-педиатры К.Р.ны кудай урган экен. Балдар бакчасына медициналык справка алыш үчүн келген Н.Ш.дан 1000 сом пара ала коем деп дароо колго түштү.
Карактасаң "баракка" барасың.
Милиция кызматкерлери тарабынан "Народный" дүкөнүн карактоого аракет кылган Каипов А. колго түштү. Отузду оозанган жигит "баракты" көздөй баратат.

Крымскийдин "крим" иштери.
3-апрель күнү саат 10до Бишкек шаарындагы Кумарык көчөсүндө бычак жеп каза тапкан 30-35 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Иликтөөлөрдөн улам мурда соттолгон, 1946- жылы туулган, Бишкек шаарындагы Жамгырчинов көчөсүндө жашаган Крымский.В. колго түштү. Өлтүрүлгөн аялдын ким экендиги такталып жатат.
Тергөө иштери башталды.
Бакиев көчөсүндө өлтүрүлгөн ишкер
6-апрель күнү саат 12де Ош облусунун Карасуу шаарынын Бакиев көчөсүндө №1 үйдө көкүрөк, моюн, курсагына бычак жеп өлтүрүлгөн "Туратали" базарында иштеген, жеке ишкер, Кытай республикасынын жараны Ли Шуданын сөөгү табылган. Ал ошол үйдө жашагандыктан, кылмыш болгон жерди текшерген учурда акча каражаттарын сактаган темир сейфи уурдалганы аныкталган. Карасуу РИИБ кызматкерлери тарабынан 1989-жылы туулган, Курманжан датка көчөсүндө жашаган Шарипов М. менен 1989-жылы туулган, Мукулим көчөсүндө жашаган Игамбердиев М. тузакка түшүп, алардан 12 600 АКШ доллары, 298 000 өзбек суму менен бирге ачылган темир сейф чыккан.
Таластык Таласбаев Карабууранын каракуурайы менен кармалды.
5 апрель күнү 14саат 30 минутта Жайыл РИИБ кызматкерлери тарабынан Сосновка айылынан Талас облусунун Көк-Ой айылынын жашоочусу Таласбаев.Н.Т текшерүү учурунда 1кг 350грамм баңгизат менен колго түшкөн.
Ымыркайды ырайымсыздык менен ким өлтүрдү?
5-апрелде саат 9да Бишкек шаарындагы Бурдинская көчөсүндө ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн ымыркайдын ак чүпүрөккө оролгон денеси табылды.

Даярдаган
Келдибеков
Азизбек









??.??