№39, 09.02.08-ж.
 "Жакшыларга" дубай салам

Мадумаров мырза, убадага турса
Эзелтен эл башчылар элинин жашоо шартын жакындан билгиси келсе, кадимки кайырчы кейпин кийип, же дубана болуп ак уруп, айтор билинбестен калың калктын ичин аралап, алардын турмушун көрүп чыгышчу экен. Ошондой өңүттө мындан 5 ай мурда кадимки Адахан мырза ошондогу КТРдин жетекчиси Кыяс Молдокасымов, "Багыт" программасынын алып баруучусу Эрнис Кыязовдун коштоосунда Ак үйдөн алыс эмес жерде жай турмушун өткөрүп, майда-чүйдө соода менен күн өткөргөн, эки буту жок кесел адамга жардам кылабыз кыязында "Президент Курманбек Салиевич өзү жиберди. Сизге жер участогун алып берип, үй курганга материалдык жардам берели деп убада берип, экрандан элге жакшы эле соопкерчилик кылган болуп жатышкан. Кечээ капилеттен ошол инвалидге жолугуп калсам болобу. Ал азыр Айчүрөк дүкөнүнөн бери, чоң сааттын жанындагы өткөөлдүн күн батышында тамеки, короз момпосуй, сагыз сатып олурат. Сурасам, "ошо күндөн ушу күнгө чейин алардан дайын жок, бирин да көрө элекмин" - дейт.
Адахан мырза ушу да кеппи. Сизге окшогон түкүргөн түкүрүгү жерге түшпөй, демиңизге нан бышып турган маалда бир бечара инвалидке эл алдында берген убадаңыз аткарылбай калабы? Эсиңизде болсо "ал тапшырманы Президент берди. Биз жардам беребиз" - деп айтпадыңыз беле. Конституция, мыйзамды сыйлайлы деп эле көп айтасыз. Анан ушул эки буту жок мунжу адамга кылган адамкерчилигиңиз ушубу? Депутаттарыңыз билип калса эмне дейсиз? Жок дегенде, жардамчыларыңызды жумшап, бир билип койсоңуз болмок.
Сиз унутуп калсаңыз, мен эсиңизге салып коеюун. Ал: Ошол эле өзүңүз туулуп өскөн түштүк жергесинен, калп айтпасам, Каракөлдөн болсо керек. Аты Эсенгелди. Таенесинин колунда өскөн. Эрбейип эки жашка толгондо тепкичтерине кызыгып шатыга чыга коюп, бөөдө кырсык белин алып, анан нервине доо кетип, эки бутунан ажырап, бала күнүнөн майып болуп калган. Андан бери 40 жылдан ашуун убакыт өтсө да даба табылбай, айласыздан коляска минип, көр тирлигин өткөзүп жаткан чагы. Үй-бүлө күтүп, өмүрлүк жары, балдары бар. Өзү 8 бир тууган. Атасы өмүр бою Токтогул ГЭСин курган киши. Азыр пенсионер. Сиздин "президент өзү жиберди, мен жардам берем" дегениңизден уйку бетин көрбөй күтүп жаткан кези. Берген убадаңызга таарынбайт деле экен. Бирок азыр бала- чакасы менен батирде турушат. Турмуш оор. "Айтылган сөз-атылган ок" дегендей, сиздин деңгээлиңиздеги инсан айтканын аткарып койсо анын эмес, сиздин зоболоңуз көтөрүлмөк.




Т.Субанов сумсайтканда
Жолдош генерал, сиздин берген буйругуңузду кызыл шапкечендериңиз "кың" дебей аткарат экен. Буйрук болдубу, болду-териштирип да койбойт экен. Ага өзүм күбө болдум.
Сиз "кармап алгыла" - деген отунду "Камаз" автомашинасы менен Свердлов райондук милициянын кызматкерлери оперативдик топ менен 8 милиция болуп барышып ыкчам кармап,кооперативдин мүчөлөрүнүн, анын төрайымы Ольга Алексеевнанын өтүнүчүнө карабай, эч жакка чыгарбай РОВДнын ичинде кармап турушту. Ал үчүн жооп берчүлөр-Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кенже лейтенант Бекенов, тергөөчү, капитан Бакыт Исмаилов, начальниктин орун басары подполковник Нурлан Туркменович. Азыр приказ берген сиздин үстүңүздөн кооперативдин мүчөлөрү сотко кайрылып жатышат. Жооп бергенге даяр туруңуз. Анткени, силер эки күн бою кагазын тууралап, "анан тартып алгыла, ишке жарактуу жыгач экен деген отунуңуз "Зеленстройдун" короосуна төккөндө чириген, отунга да жарабай турганын өз көзү менен көргөн Свердлов райондук көрктөндүрүү мекемесинин кызматкери Байгазы деген жигит шоопурдан уялганынан кайрылбай басып кетиптир.
Эки жылдан бери үй бүлөсү кышкы отун даярдап жетим-жесирлерге, багар көрөрү жок карыларга, майыптарга кайрымдуулук жардамын берип жүргөн айтылуу журналистке эмне деп жооп бересиз? "Аш баскан, тандыр нан жапкан, шишкебек куйкалаган ала чапан досторума отундан жардам кылайын дедим эле"- деп айтасызбы? Же Свердлов районундагы айрым кызматкерлердин мончосуна керек болду беле? Айтор, жолдош генерал, ошол "Сухостой" чириген бактан башка көңүл бураар ишиңиз жок беле? Болгондо да эки наряд " оперативниктер" менен кармагандай, алар куураган талдын бутактарынын ичине киши көөмп жатыптырбы? Тегиң жакшы эле жигитсиң, өң келбетиң, генералдык формаң өзүңө укмуш жарашат. Бирок, ошонун баарын көтөрүп, аны акылга ченеп алып жүрүү үчүн "каллени" да берген го? Ал эмне үчүн кыймылга келбейт. Ошончо эл өзүбүз сурап "сан очистка", "сан рубка" катары бакты тазалап жатабыз. "Зеленстройдун" тиешеси жок, алар керек болсо жайдын аптабында сууну да өз учурунда бөлүп беришпейт. Бул бакты өзүбүз тигип, өзүбүз өстүргөнбүз. Бул боюнча Свердлов райондук акимиаттын атайын токтому да бар. Анда "кооператив мүчөлөрү, өзүңөргө тиешелүү аймактагы бак-дарактарды өзүңөр өстүрүп алгыла. Кыясыңарбы, тигесиңерби өзүңөр гана жооп бересиңер. "Зеленстройдун" буга эч тиешеси жок" деп турат. Буга карабай силер өзүңөрдүн кызыкчылыгыңарды коомдун кызыкчылыктарынан жогору коюп, өз көмөчүңөргө күл тарткандай кыязда ушул кыянаттык ишке барып жатасыңар. Же, мыйзам силер үчүн иштебейби? Анда чириген отунуңар, бактын бутактары Свердлов "Зеленстройунда" жатат. Бөлүшүп ала бергиле. Аш басасыңарбы, шишкебек кактайсыңарбы же мончо жагасыңарбы, үй бүлөңөрдү кубантып кечинде очок жагып бересиңерби, өзүңөр билгиле. Айтар саламым ушул.
Урматтуу, Молдомуса Конгантиевич! Сиз дагы бул иштен оолак болбой, бейкүнөө күйгөн №54 ЖКХнын жетекчиси, андагы жашоочулардын арыз муңун териштиргенге кол кабыш кылып койсоңуз. Сиздин алдыңыздагы "ак иштеп жатам" деген кызыл шапкечендердин куураган бутактан, чириген бак-дарактардан башка иши калбай калганбы деген тейде макаламды аяктай турайын, калганы калса кези келгенде айтылаар.
Сиздерди терең урматтап,

Нурслан
Акматов.




Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылынын лидери:
"Курултайга утурлап куран окулат"
- Коомчулуктун көңүлүн бурган Курултай кайсыл жерде өтмөй болду?
- 12-апрелде М.Горькийдин эстелигинин алдында саат 10дон баштап концерт коштолгон иш - чара уюштурулууда. Ал жерде ар кандай топтун өкүлдөрү өз ара пикир алышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Анткени, Курултайда убакыт чектелүү болгондуктан, каалоочулардын бардыгына сөз берилип, пикирлерин угууга мүмкүн эмес.
Айрым бийлик төбөлдөрү айтып жүрүшпөйбү "жалаң оппозициячылар чогулуп алып Курултай өткөргөнү жатат", - деп. Курултай өтө электе эле мындай шашылыш баа берүү туура эмес. Аты эле айтып тургандай Курултайдын эң негизги максаты- Бүгүнкү саясий кырдаалды талдоо, алдыдагы аткарыла турган иш - аракеттерди аныктоо. Кыргызстан кандай жол менен өнүгүүсү керек? Кыргыз элинин келечеги кандай болот? деген суроолорго токтолобуз. Курултайга кыргыз элинин келечегине кайдыгер карабаган ар кандай позициядагы атуулдар катышат деп айта алам. Ортодо калыс турган адамдар да жакшы ойлорун сунуштап жатышат.
- Бийлик оппозицияда программа жок деп сын айтып келүүдө…
- Саясий да, экономикалык да жакшы программаларыбыз бар. Мунун бардыгы курултайда айтылат.
Курултайды мурдагыдай формалдуу түрдө эмес, саат 12де манасчылардын "Манас" айтуусу менен баштайбыз. Кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын унутпай, өзүбүздүн тарыхыбызды билип туруп алдыга умтулуу зарыл.
Андан кийин негизги темага өтөбүз. Негизинен төрт абал боюнча доклад жасалат.
Саясий абал боюнча- Ө.Текебаев, экономикалык абал боюнча- Т.Сариев, парламенттеги абал боюнча- А.Эркебаевди сөздөрүнөн соң "Кыргызстандын улут катары келечеги кандай болот?" деген темада Курултайдын катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөйм. Мындан тышкары келген делегаттардын ой-сунуштары айтылат.
- Бийликке кандай талаптар коюлат?
- Эң негизги талап-кыргыз элинин, Кыргызстанда жашап аткан башка элдердин жашоо - турмушун жакшыртуу. Күндөн - күнгө баалар өсүп, жакырчылыктын күчөп баратышын жөнгө салуу. Паракорлукка, криминалдык топтордун активдешүүсүнө бөгөт коюу ж.б.
- Бийлик тарабынан көңүл кош мамиле улана берсе, Курултайды утурлап пикет, митингдер башталышы мүмкүнбү?
- Коомдук парламенттин, "Акыйкат үчүн" кыймылынын мүчөлөрү бүгүнкү күндүн көйгөйлөрүн ачык - айкын элге жеткирүү, элдин аң - сезимин ойготууну максат кылган. Биз антебиз, минтебиз деп айталбайбыз. Бардыгын эл чечет.
- А.Мадумаров менен И.Чудиновдун 100 күндүк иш күнүнө кандай баа бересиз?
- Баа бере албайм. Анткени, өкмөт да, парламент да чиновниктердин кызыкчылыгын гана көздөп келүүдө. Элдин тагдыры, келечеги жөнүндө иш эмес, ой жүгүртүүсү да жок сыяктуу. Алгылыктуу, оозго аларлык иш көрө алган жокмун. Азык - түлүктүн баалары 100 пайыз көтөрүлүп жатса, 100 күндүк иш күнүндө эмнени айтаар экен? Кээде түшүнбөй да калам. Элдин камын көрбөй эле өз арыгын чаап жүргөн популисттердей таасир калтырат.
- Курултайдын алдында оппозиция өкүлдөрү Ата бейитке барып шерттешет экен деген имиш угуп калдык?
- Эми ар ким ар кандай түшүнүшү мүмкүн. Ата Бейитте кыргыз элине чын дилинен эмгек кылган ата - бабаларыбыздын сөөктөрү жатат. Биз шерттешпей эле, кыргыздын чыныгы патриотторунун арбагына таазим кылып, кыргызча кара кой союп, куран окуп, бата кылалы деген нээтибиз бар.
- Дубандардан канча делегат келет?
- Бир жарым миң делегат каралган. Бирок, үч миңден ашуун эл чогулчудай болуп турат.
Г. Молдокулова