№39, 09.02.08-ж. Имиш, имиш кеп угам,
"Ити чөп жейт"-деп угам
Ажобуз Астанага аттанаар алдында Акүйдүн акырынан жем жешкен бир топ чиновниктерди алмаштырат деген имиштер тарады. Мисалы, И.Айдаралиев Чүйдүн губернаторлугуна, М.Садыркулов Бишкектин мэрлигине, Д.Үсөнов биринчи вицеликке, Т.Мамытов УККга, М.Эшимканов мамлекеттик катчылыкка, Ө.Суваналиев коопсуздук кызматына, А.Келдибеков Нарындын губернаторлугуна, С.Жапаров Көлдүн губернаторлугуна, К.Карабеков КТРга, А.Диканбаев президенттин аппарат башчылыгына, Ж.Каниметов билим берүү министрлигине бекишкени жатыптыр. Кыскасы, кадр саясатында күтпөгөн жүрүштөр эмес, бүтпөгөн жүрүштөр жасалат имиш.

Шыбыш, шыбыш кеп угам
"Шыпырылат"-деп угам
Айрым билермандардын "имиштерине" ишенсек, жакынкы аралыкта Акүйдүн ичинен айрым аткаминерлер көчөгө шыпырылат экен. И.Исаков коргоо министрлигинен, А.Ногоев айыл чарба министрлигинен, А.Жапаров соода министрлигинен "учушат" имиш. Ошондой эле, К.Сыйданов Чүйдүн, К.Исаев Көлдүн губернаторлук орундары менен коштошуу алдында дешет. Аталган аткаминерлер ажосуна жакканы менен администрациянын аппарат башчысына жакпай калды көрүнөт. Аттиң ай, ажонун көмүрүн жаксаңар да аппарат башчысынын көңүлүн тапсаңар болмок го…?

Конгантиевге конгуроо
Министрлик жаңы ээрге минген менен, жан далбастап темингени менен, Ташболоттун баласынын аргымагы ташыркагансып баспай турат. "ИИМдеги коорупцияны жоем" дегенине ишенбесек да, мамлекеттик тилибизди алдыңкы орунга коем дегенине ишендик эле, анысы да ташыркап калды. Өзү кыргызча кыйналбай сүйлөгөнү менен алдындагы пресс кызматы кыйналып турат. "Пресс служба МВД сообщает" деген күнүмдүк маалыматты Молдомусанын пресс кызматы редакциябыздын электрондук почтасына күнүгө жөнөтүп турат. Анысына рахмат. Бирок, орус тилинде бергени түшүнүксүз. Кыргыз кылмыш кылса, кыргыз милициясы кармаса, кыргыз тергөөчү тергесе анан орустарга окутканыбыз кандай?
Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды коргогондун ордуна, өздөрү кордоп жатышса, кайдагы калыстыкты айтабыз. Коррупцияны жойгонго чамаңыз жетпесе да, котормочуну койгонго чамаңыз жетээр, Молдомуса мырза?! Көкбөрүгө көбүрөөк көңүл бургуча, көкөйдү кескен эне тилибизге көңүл бурсаңыз …?



Сатыбалдиевге салам айтышты
5-апрель, ишемби күнү Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери областтык прокуратуранын тергөөчүсүнүн иш бөлмөсүнө пара алуу фактысы менен тергөөдө отурган коллегасын алып чыгып кетүү үчүн жулунуп киришкен.
Жалалабад шаардыкИИБтин баңгизат менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери пара алгандыгы үчүн кармалган. Ал тааныш баңгизат сатуучу адамды бөлөк квартирага кийирип алып, андан ири өлчөмдө акча талап кылган. Баңгизат сатуучу акча алып келүүгө убада кылып, областтык прокуратурага кайрылган, алар атайын кызматтын өкүлдөрү менен биргелешип операция жүргүзүп, пара алуучуну колго түшүргөн.
Шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери натыйжасыз "достук" сүйлөшүүлөрдөн соң прокуратурага жашыруун жолдор менен киришкен. Кармалган милиционерди суракка алып жаткан тергөөчүнүн иш бөлмөсүнө жулунуп келишкен. Сурактагы милиционер менен бирге кол салгандар далил буюмдарды жана тергөөнүн документтерин алып кетишкен.
Ички иштер министрлиги менен Башкы Прокуратура болгон иш боюнча комментарий бере элек.



Тактама
Гезитибиздин 26.03.2008-жылдагы №10-санына "Ааламдан" "Арыкбаев неге кетти?" - деген чакан кабар жарыяланып, анда "Нарындын Акаев учурундагы бир айлык губернатору", "Ш.Медетбеков Арыкбаев арызын жаза электе башка редактор алып келип отургузуп салат. Мындай моралдык туура эмес мамилеге макул эместигин көрсөтүп, гезиттин башкы редакторунун биринчи орун басары У.Мамбетов, баяндамачысы Сабыр Муканбетов да эшикти тарс жаап чыгып кетишти" - деген сөздөр орун алган эле.
"Аалам" гезитинин башкы директору Шааркүл Медетбекова редакцияга телефон чалып бул маалыматтын чындыкка төп келбестигин, башкы редактор К.Арыкбаев ооруп жаткан убактагы айлык акысы, андан тышкары жардам иретинде жетишерлик өлчөмдөгү акча каражаты берилгендигин, У.Мамбетов менен С.Муканбетовдун иштен кетиши К.Арыкбаевге тиешеси жок экендигин, жаңы баш редактор К.Арыкбаев арыз бергенден кийин гана келгендиги тууралуу билдирип, "Алиби" гезитинин окурмандарына ал жөнүндө тактама берип коюуну суранган.
Коллегабыздын өтүнүчүн канааттандырабыз.

"Алибичилер"



"Ак жолго" акча салабызбы?
"Ак жол" партиясынын демилгеси менен даярдалган "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук парламентти эле эмес, коомчулукту дүрбөтө турган болду. Кокусунана бул мыйзам ишке ашып кетсе, карапайым калкыбыз "Ак жол" партиясын каржылай баштайт. "Ак жолчулар" даярдаган бул мыйзам боюнча, 50 пайыздан ашык добуш алган партия мамлекет тарабынана каржыланышы керек экен. "Акыйкат үчүн" уюму мындай демилгени айыптап чыкты. Алардын айтымында, "Ак жолчулардын" мындай аракети башка оппозициялык маанайдагы партияларды басынтуу болуп калат . Мандатка жетишти, машина тебишти, эми кайсы арына карапайым калкынын казанына жабышты? Эмне үчүн "Атамекендин", "Арнамыстын", "Асабанын", "Турандын" шайлоолочулары акжолчуларды багыш керек ? Андан көрө салык кодексине өзгөртүү киргизип, "Ак жол" үчүн атайын салыктын өлчөмүн бекитип берсек болчудай? "Жол көч менен бирөө" деп, Бокем бекеринен айтпаган экен.


Газ, каз, жаз
Гезитибиздин өткөн санында "Газпром-талон=миллион" деген макала чыккан. Анда "Газпром нефть Азия" ишканасындагы абадан акча жасоо фактылары . Ошол күнкү чыккан гезитибиздин саны түшкө чейин эле шаардагы гезит-журнал сатуучу күркөлөрдө калбай калган. Окурмандарыбыздын көпчүлүг "Алибинин" акыркы санын окубай калгандан улам, "эмне чыкпай калдыңар?", "Жаныш Бакиевдин уулу менен соттошуп жаттыңар эле, жаптырып салыштыбы?" деген суроолор менен редакциябызга кайрылып жатышты. Ал макалада "Газпром нефть Азиянын" анабашчыларынын бирисинин буйругу менен 5,300 000 сомдук жасалма талондор жасалганы айтылган. Демек, гезитибиздин күркөлөрдөн дүңүнөн сатылып кетишине кызыкдар тарап болгону көрүнүп турат. Чуулуу макала чыккандан бери "Газпромдон" телефон чалышпаса да, УККдан, Финансылык полициядан, Акүйдөн редакциябызга телефон чалуулар болууда. "Иликтей турган материалыңардын көчүрмөсүн берсеңиздер" дешип, сурагандарын кантесиң? Чынында ал макалада орун алган олчойгон фактылар, бул ишкана үчүн болбогон гана нерсе экен. Чымын чаккандай да көрүшкөн жок. Миллиарддаган акчалардын кайда кеткенин, кандай жолдор менен жасалганын биз жакында тактап беребиз. Эки күндүн ичинде же 2007-жылдын 22-ноябрында Карыпбек, Рахат, Жакут, Эсен, Кенжебек, Рыспек, Бейшен аттуу Газпромдун айдоочулары кайсы нефтебазадан,кайсы май куюучу станцияга, канча литр күйүүчү май ташыганын жана алардан түшкөн миллиондогон сом акча кимдин чөнтөгүнө түшкөнүн дагы билебиз. Мынча суммадагы акчаларды жалгыз Газпромдун жетекчилери жеген эмес, аларга жардам берген салыкчылар дагы бар. "Айта берсек арман көп" дегендей эле, Газпромду каза берсең коррупция көп экен. Азырынча, "Алибини" дүңүнөн сатып алып жаткан Газпромчуларга рахмат айтып туралы.


ТАЛАСТА ДРАМТЕАТР ЖОГОЛДУ, КӨРДҮҢӨРБҮ?
Таласта бир эмес, эки драмтеатр жоголду. Анын бирөөсүнүн башы менчиктештирүү жүгөнүнөн бошоп, пайдубалынан баштап кайра курулуп башталды. Ушул учурда ага ашарга областтык жана шаар мекемелеринин бюджеттик кызматкерлери тартылып, дубалдарынг талкалоо жүрүп жатат.
Экинчи драмтеатрдын башы ачыла элек, ит тартыш абалда. Аркандын бир учун Талас шаардык мэриясы өзүнө тартып жатат. Кумар Ташматова аттуу "профессор чалыш" эже аркандын экинчи учун тартып туру. Ит тартыштын кай тарабынан көбүрөөк пайда көрөм деп ортодо сот алакан укалоодо.
Бул драмтеатрды менчиктештирүү спектаклинин биринчи актысы акаевдик заманда ойнолгон, акырыкы актысы бакиевдик заманда ойнолуп бүтөлек. Аткарган артисттери-Талас шаардык Кеңешинин депутаттары, Талас шаарынын ошондогу акими Молдобек Ашыралиев акаевдик заманда роль ойношту эле. Бакиевдик замандагы окуялардын артисттери-кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча Талас шаардык бөлүмү менен райондор аралык экономикалык сот.
Таласта жоголгон 2 драмтеатрды кийинки сандарыбызда биргеликте издеп көрөлү.

Бишкек ТЭЦи күрөөгө коюлабы?
Каржы министрлиги Бишкек ТЭЦин күрөөгө коюу үчүн Жогорку Кеңешке жолдомо жөнөттү. Анткени, Бишкек Тэцтин кожоюну болгон "Электрстанциялар" акционердик коому каржы министрлигинен өзбек газына болгон төлөмү үчүн 8 млн доллар алыптыр. Жогорку Кеңеш макулдук берсе, Бишкек ТЭЦи Калимбетова айымдын карамыгына өтөт. Ал эми "Электрстанциялар" акционардык коому 8 млн долларды ушул жылдын аягына чейин төлөп берүүгө тийиш . Бул эмнени билдирет? Менчиктештириле турган стратегиялык багыттагы ишканаларды алгач карызга батырып, андан кийин сатыкка же менчикке берүү аракети башталат. Эсиңиздерге сала кетчү жагдай, аталган ишкана өкмөттүн планы боюнча ушул жылдын июнь айында жеке менчикке өтмөк. Энергетика тармагындагы менчиктештирүү саясаты башталса керек. Бишкек ТЭЦи кетсе, кезекте Оштун ТЭЦи бар. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген ушул тура.

Бетти даярдаган Р. Момбеков