presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

№39, 09.02.08-ж.
  Омар жана Юрмала - 2008

Омар:
Жыл сайын Юрмалада өтүүчү "Новая волна" конкурсунун тандап алуу турларынан ийгиликтүү өтүп, финалга жолдомо алыпсыз. Кыргыз шоу-бизнесиндеги мындай эң алгачкы чоң жетишкендигиңиз менен куттуктайм. Бул конкурскка кандайча катышып калдыңыз?
Юрмалада өтүүчү "Новая волна" конкурсуна катышып калышымдын себеби, ноябрь, декабрь айларында Астана шаарында стажировкада жүргөн кезимде продюсерим Нурсулан Сыдыгалиев бул конкурсттун тандап алуу туру Бишкек шаарында өткөнү жатат. Келип катыш" - деп айтып калды. Ошентип, катышып калдым. Буга чейин, бул конкурстун тандап алуу турлары Москва шаарында өтүп келген, бирок, быйылтан баштап Казакстан, Орто Азия мамлекеттеринин жаш ырчыларын бул конкурска катыштыруу максатында Алматыда өткөрүүгө расмий түрдө уруксат алышыптыр.

Конкурскка кайсы ырларды ырдап чыктыңыз?
Конкурстун шарты боюнча Кыргызстандагы, дүйнөдөгү ырдалып жүргөн хит ырлардан бирден жана оргиналдуу бир ыр аткарыш керек болчу. Мен Казакстанда өткөн турда Актан Исабаевдин "Сүйөм сени", А.Чумаков жана А.Понайотовдордун аткаруусундагы "Балалайка", Blue тобунун "Love, love" деген ырларын аткардым. Ал эми Москвада өткөн жарым финалда Дельмар тобунун "Бишкекская ночь", Stevie Wonder аткарган "I just call" жана ошол эле Blue тобунун "Love, love" деген композицияларын аткарып бердим.
Казакстандын жана Россиянын сахнасында өзүңүздү кандай сездиңиз?
Казактардын сахнасында эмнегедир өзүмдү эркин сезип, эч кандай толкундоо, сүрдөө сезимдери болгон жок. Ал эми Москвада ырдап чыкканымда калтырап, аябай толкундангандыктан эмнени ырдап жатканымды билбей, бийдеги кыймыл аракеттерим көрүүчүлөргө, жюрилерге жагып жатабы деп сарсанаа болдум.
Канча катышуучу болду?
Алгач Кыргызстандан Алматыдагы тандап алуу туруна Жанетта Бобкова, Мирбек Атабеков жана мен-үчөөбүз барганбыз. Ал эми жалпы Орто Азия аймагы боюнча баш-аягы 40тан ашуун катышуучу болду. Анын ичинен Мирбек экөөбүз жана алты конкурсант Москвага кийинки жарым финалга жолдомо алдык.
Кимдер демөөрчүлүк көрсөттү?
Алматыга барып келип эле жүргөн жер эмеспи, өзүбүздүн каражат менен эле барып келгенбиз. Ал эми Москвага баратканда Маданият министри Султан Раев 3 кишиге барып келген авиабилеттибизди алып берди. Ошондой эле продюсер Назгүл Насиева акчалай жардам берди.
Нурсулан Сыдыгалиев Продюсер
Омар менен кандайча таанышып калдыңыз?
Белгилүү продюсер Канат Култаев аркылуу 2007-жылдын май айында таанышканбыз. Ошол эле жылдын август айынан баштап расмий түрдө 2 жылдык келишим түзгөнбүз. Ошондон бери чогуу иштешип келе жатабыз.
Омарга чейин кайсы ырчыларды тарбиялап чыгардыңыз?
Тарбиялап чыгаргам деп айта албайм, бирок көп эле жаш ырчыларга чыгармачылык көмөк көрсөтүп келгем. Ал эми расмий түрдө келишим түзүп иштешип жатканым алгачкы тарбиялануучум Омар. Ошондой эле Омардан тышкары Эрлан Андашев деген жаңыдан таанылып келе жаткан жаш ырчы менен расмий келишимим бар.
Омардын чогуу иштешүү сунушуна дароо эле макул болдуңуз беле?
Албетте дароо эле макул болгон жокмун, себеби 2 жылдык келишим деген оңой эмес. Продюсер болуунун өз түйшүгү бар да. Мен дагы ойлонуп Омардын талантын, адамдык сапаттарын талдап отуруп, анын бул сунушуна макул болгом.
"Новая волна" конкурсунун финалына Омарды өткөрүүдө жюрилер анын кандай сапаттарына басым жасады деп ойлойсуз?
Анысын так айта албайм. Орустардын сахнасында өзүн-өзү эркин алып жүрүүсү көбүрөөк бааланат экен. Омардын вокалдык таланты көбүрөөк роль ойноду деп айта албайм, себеби, аныкынан кем калбаган Мирбек Атабеков деле өтө албай калды. Негизинен Омардын жүзүндөгү жылдызы жардам берди окшойт.

Эсеналиева Назгүл



Кулактандыруу
"Алиби" гезитинин ар бир санында жарнамалар сап түрүндө жана модулдук түрдө кабыл алынып, жарыяланат.
т. 21-66-28, 62-44-35 номерине кайрылыңыздар!









??.??