presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№39, 09.02.08-ж.
  Ким оңойт элдин турмушун?

Редакциядан!
Өзү айткандай, "сары чийкил, көгүш көз" Сагынбек Момбековду билбеген кыргыз аз болсо керек. Элдин үнүнө, элдин тилегине айланып, адилетсиздик баш көтөргөн жерде аны төбөдөн урчу барскандай, качан болсо Сагынбектин шаңшып жүргөнү жүргөн. Үй-бүлөсүнүн ачка чөнтөгүндө сокур сому жок калгандыгына кайыл болуп, карапайым калктын көзүн да, көкүрөгүн да ачып оргуштаган Сагынбекти сыйлабай коюу мүмкүнбү?
"Шашып жаздым. 12-мартта болуучу элдик курултайга карата чыгарып койсоңор" - деген өтүнүчүн аткарып, чийкирээк болсо да "калганын эл-журт өзү бышырып алаар" -деген илгери үмүт менен чыныгы элдик акын С.Момбековдун патриоттук ырларын алдыңарга тартабыз.

Ким оңойт?
Чыныгы бийлик жоголду,
Четинен Мекен тонолду.
Чүйүмдүн жерин бастырып,
Чыдамы элдин королду.
Чайыттай жарык жактырбай,
Чайнекке көөнү бастырбай,
Ченемсиз бааны көтөргөн,
Чүдүнүп бизди оңойбу?

Ар жерден карта таптырган,
Арамза ишин каттырган.
Ар качан чет эл тарапта,
Айлакерлик жол менен,
Каркыраны тарттырган.
Маймакты берип Таластан,
Ала-Тоону саттырган.
Ажыдаар кытай балдары,
Аламанүп тонойбу,
Иманалиеп оңойбу?

Көпүрөлүк көп кылды,
Беш завод ишсиз көп турду.
Ким билет канча сатканын,
Бийликте турган учурда,
Кумтөрдү коргоп бек турду.
Жагынып алып Ажого,
Жакшы эле нанын жеп турду.
"Баран" деп элин башкарган,
Атамбаев оңойбу?

Дүнүйө десе алкынган,
Дүбүртү күндө артылган.
Дайынсыз кылып жоготуп,
Далайды ишсиз калтырган.
"Думаю баарын" - деп коюп,
Дүңүнөн көлдү саттырган.
Данчигиң элди оңойбу?

Бекинип, элди жашытып,
Берлинден кабар ташытып.
Белинен бекем отурган,
Бушайман журтун азытып.
Бошотуп Баткен тарапты,
Тажиктерге басынтып,
Бакиев бизди оңойбу?

Акырын Акай тарапта,
Сөздөрдү сүйлөйт жадатма.
Үзөнгү-Куушка кол коюп,
Бир эле жолу адашса,
Калганын кудай сактасын,
Сапаттуу сүйлөп манапча,
Сариев бизди оңойбу?

Жадаган элди кадаган,
Казыгын кагат талаадан.
Казактын күйөө баласы,
"Кайфобой" турмуш каалаган.
Сөөмөйүн кезеп, сөз бербейт,
Угуза албай жадагам.
"Идиоттолог" испикер,
"Ак Жолдук" болду Адахан.
Ушу бир бизди оңойбу?

Басса эле дайым бок баскан,
Чоңдорго айтып, чок баскан.
Чогулуп эли калганда,
Манты жеп жүргөн немени,
Чоңойтуп ийип көп шашкан,
Чоң эле киши Азимбек,
Болбойт ко эми адашсаң.
Күнөөлүүлөр каматып
Койбосо, бизди оңойбу?

Беттеген сөзгө бек турган,
Сталин сындуу чеп курган.
"93-тү койбосоң,
Тоголоносуң" - деп турган.
Ойлогон оюн бербеген,
Эзели,
Жаңылганды билбеген.
Жөнү жок басып келбеген,
Акылын айтат дембе-дем,
Бегишиң бизди оңойбу?

Эл менен жүрсө таптаза,
Ойлору бийик аскача.
Калпакты такыр түшүрбөйт,
Кыргызды айтып какшаса.
Бирок, бийликке келсе
башкача…
Эгерим эч ким биле элек,
Алтыны анын көп дешет,
Дакемди кудай сактаса.
Эртеси бийлик тийгенде,
Болгону элди сатпаса.
Дастакең бизди оңойбу?

Дос элек "добрый" күндөрдө,
Борсулдап үрдүң "пилдерге".
Далай күн опур-топурда,
Тажабай бирге жүргөндө.
Боюңду түзөп калыпсың,
Секиче бийлик тийгенде.
Сагынымыш болосуң,
Сагынбекти көргөндө.
Айтор,
Ажону мактай бербечи,
Аның,
Ашепке көп билгенге.
Каргысын алып ыргытып,
Турсунбек келсе оңойбу?

Марттыгың Маскөө тараптан,
Өктөмүң элди караткан.
Далайды баштап тим болдуң,
Шер элең чыккан Таластан.
Болот деп жүрүп, болжолу,
Күткөндөн элиң тажашкан.
Таза жүр иним, аман бол,
Адашсаң деле, адашсаң!
Шернияз келсе оңойбу?

Нур уулу Досбол дос эле,
Баткенде жүрдүк кошо эле.
Ичкилик менен оорудуң,
Анда мен жүргөм бош эле.
Билим берүү жаатынан,
Жебеген кандай ооз эле?
Артыңда алган сомдоруң,
Миллиондон ашты ошо эле.
Крокодил ооздонгон,
Нур уулу бизди оңойбу?

Революцияны баштадың,
"Салиевич" - деп какшадың.
Жакшы эле салым кошту элек,
Саргайтып бизди таштадың.
Аттиңай, бийлик таттуубу?,
Жебеген жакка баспадың.
Канчалар берди ким билет,
Артында,
Акаичтерди таптадың.
Сыдыкүп бизди оңойбу?

Сайраса тили тегирмен,
Микрофон көрсө элирген.
Туруктуу иштээр иши жок,
Сары сууга семирген.
Бийликти көрсө ашаткан,
Сом сурап элди тажаткан.
Жатпаса да баш коюп,
Кутула албайын азаптан,
Сары чийкил, көгүш көз
Сагынбек бизди оңойбу?

Жез таңдай атка конду го,
Министр бизде оңду го.
Кекиртегин тыя албай,
Маскөөдөн мас болду го.
Көбүртүп айтып ийгенде,
Көпчүлүк баары тойду го.
Жыттатып ийип ХИПИКти,
Чырмап бир алып сорду го.
Атаңдын көрү дүнүйө,
Күн тийген жердин күкүгү,
Жапарүп элди сойду го.
Ушул бир бизди оңойбу?

Теминип деле бүтпөгөн,
Парашютту күтпөгөн.
Каршымын деген түс менен,
Кайра, системаны күчтөгөн.
Катышпай койсо болмок го,
Шайлоолор өттү күч менен.
Саясий торгдон түшпөгөн,
Берешен болгон жүз менен,
Конституцияны түздөгөн,
Баековадан үмүт үзбөгөн.
Текебаев оңойбу?

Бир карасаң казакта,
Жетти го жетинчи кабатка.
Жээктен көлдү тонотту,
Журтумду салып азапка.
Тим койсоң акыр бир күнү,
Нес басса элди басат да.
Чиркиндин көзү кыбыңдайт,
Ата-Бейит сыяктуу,
Дагы бир көрдү казат да.
Цементтетип турпагын,
Торколуу кылып жазат да.
Саал эмес, абдан шекшинем,
Садыркулов оңойбу?

Суу мышыктай томпоюп,
Сулуу бир сүйлөйт койкоюп.
Өз тилинде айтканда,
Өзөгү чыгат оркоюп,
Каерде болсун жактырбайт,
Ит күлүгүн чоркоюп.
Зарыл ишти алаарда,
Муштумун коет колтоюп.
Кандай бийлик келсе да,
Жамбашын тосот болтоюп.
"Ак Жолдун" ат кошчусу,
Зайнидин бизди оңойбу?

Элдик кеңеш

Оо, калайык кайрылам,
Арылбас болуп кайгыдан.
Ар тарабың кооптуу,
Жеримди кантип жай кылам?
Коңшулар жиреп киришти,
Тоолордон эртең айрылам.
Менчиктеп ГЭСтин бардыгын,
Ар улут бизде каңгыган.
Акчасын колго карматпайт,
Көрүнгөнгө жалдырайм.
Бийликтин баары сатуучу,
Ошого абдан ардыгам.
Булардан чыкпайт эч майнап,
Кеңешин кескен оорубайт,
Эми,
Кеңешке кел, эл курайм!
Ортого таштап тапканды,
Эл кеңешин баштайлы.
Көрүнгөнгө саттырбай,
Кыргыз жерин сактайлы.
Өзүбүз шайлап алалы,
Өзөктүү, туура айтканды.
Айланайын калың эл,
Антпесек тентип кетебиз,
Ээлеген жериң таштанды.
Асырап колго алалык,
Адептүү, туура басканды.
Эл чечет баарын десек биз,
Эсепке келет жаш-кары.
Кылбасак эгер көзөмөл,
Эмгегин элдин сатпайбы.
Өз жерлерин кеңейтип,
Миллиарддаган калың эл,
Кытайлар кирип жатпайбы.
Өзүбек кирип баспайбы?
Тажигиң кирип чачпайбы?
Бир боорбуз деп туруп,
Казактар билип атпайбы!
Бөлүнө берсек тууган эл,
Көрүнгөн эл куралып,
Ордобузду чаппайбы?!
Өкүмөт деген келгенде,
Өлүп кет деген көп болот.
Каалагандай сатышат,
Калыстык деги жок болот.
Иличтин шамы ичиңде,
Уурдалып саяр ток болот.
Элиңден жулуп менчиктеп,
Кутурган бийлик шок болот.
Эл кеңешин кылбасаң,
Келечек келбей токтолот.

Сагынбек Момбеков











??.??