presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№39, 09.02.08-ж.
  Кыргызтаануу

Кара Бото хан- кыргыздын сыймыгы
Нечен-нечен кылымдарды карытып, тирүүчүлүктүн жөрөлгөсүн жасап, урпактарын калтырып, тукум улап келе жаткан кыргыздан баатыр эрлер чыкты. Алар акактай асыл ойлору менен эли журтун кыйынчылыктардан куткарып, айсыз караңгыда жол таап, эскирбес издерди калтырып келет.
Жер каймактап кыргыз баласы көбөйүп, кыргыз улуту пайда болгон күндөн тартып эле улут үчүн жанын берүүгө даяр жүрөгүндө жалы бар, эр жүрөк азаматтар жаралды. Алардын бири кыргыздардын сол канатынан тараган Кытай уруусунан чыккан Кара-Бото хан тууралуу узун сабак аңыз кептердин учугу бөксөрбөстөн күнү бүгүнкүгө чейин эл оозунда айтылып келет.
Санжырада солго кирген уруулар Долон бийдин Куу уулунан тараган деп айтылат. Каработонун кандайча хан болуп калгандыгынын дагы өзүнчө узун сабак тарыхы бар. Кытай уруусунан чыккан Кыйранын Алак, Чоок, Назараалы (Кудайберген), Кочкор деген уулдары болгон. Ушул бир туугандардын ичинен Чооктун аялы Болдуке аялзатынан чыккан өзгөчө акылмандуулугу, кеменгерлиги, кең пейили менен эл оозуна алынып, кадыр барка ээ болгон экен. Кыргыз аялзатынын ичинен чыккан Болдуке апабыз эң ыйык, эң бийик сапаттары менен кыргыз улутундагы аялзатынын кол жеткис символикасын жаратып, түбөлүккө элибиздин эсинде калды. Болдуке сыяктуу өң-турпаты келишкен, акылы данектей кызды уулу Чоокко аялдыкка алып берүү бактысы Кыйра баатырга капысынан эле туш болгон жок. Кыйра баатырдан атасы Байтике эс тартып, эл оозуна алына баштаган мезгилден тартып эле айтылуу Курманбек батыр менен төш кагыштыра, шерт бекитишип дос болгон экен. Эл оозунда тарыхта ысымдары эрдиктери менен эскерилип калган достордун ортосундагы мамилелери чептен бекем, көк асмандай бийик болгондугун айтышат.
Курманбек баатырдын аталаш агасынын кызы Болдуке бойго жаңыдан жетип, атак даңкы таш жарып, төгөрөктүн төрт бурчунан жуучулар жүздөп келе баштаганда, Кыйра баатыр аяш атасы Курманбектин алдына кулдук уруп куда түшүп, уулу Чоокко Болдукени алып берген экен. Болдукенин энеси Кытайдан тараган төңтөгөр уруусунун кызы болгондуктан алардын максаты, тилектери дагы окшош чыгат. Алайдан чыккан айтылуу Курманжан датка апабыз кыргыздын сол канатынан тараган Кытай уруусунун төңтөгөрүнүн кызы экендиги санжырада баяндалат. Ошондуктан Курманжан датка апабыз менен Болдуке айымдын эң жакын тууганчылык жайы бар болгондугу айтылат. Болдуке апабыз дагы өз учурунда Курманжан даткага окшоп, турмушта зор эрктүүлүгү, терең акылы менен эр азаматтардын бардыгы эле жасай албаган иштерди жасаган экен.
Болдуке бир тууган кайниси Назараалыны "тоголок баш" деп тергегендиктен, башкалар дагы аны туурашып жүрүп, Тоголок баш деген атка ээ болот. Азыр ал адамдан тараган урпактар "тоголок баш" деген чоң опту түзүшөт. Болдуке менен Чоок баш кошуп Чекир жана Төлөбай деген эки уулдуу болгондо Чоок дүйнөдөн кайтат. Төгөрөгү төп келишкен Болдукедей жесирге кимдин көзү түшпөсүн, акылдуу аялга Нике кыйдырып алуу үчүн максат коюп, умтулган эркектер абдан көп болот.
Кыйранын кичүү уулу Кочкор дагы атасын тартып, эр жүрөк, эрки бекем, кайраттуу, мүнөзү токтоо болуп жигиттик куракка келет. Эл үчүн күн-түнү тынным албай, чоң турмуштун бийик күрөштөрүнө умтулуп, жанын сабап иштечү экен. Аяш атасы Курманбек аркылуу Кашкардын ханы Акхан менен алака түзүп, Улуу Жибек жолу аркылуу соода иштерин жүгүзүп турган. Эч качан байлыкка, мансапка умтулбай бей-бечера-карып адамдарга аянбай жардамын берип, аларды ар кандай коогалаңдуу күндөрдөн коргогон.
Кочкордогу өзгөчө бийик сапаттарды Курманбек баатыр дагы баалап, өз уулундай көрүп, көбүнчө жанынан чыгарбай, жүрөктөгү сырларын бөлүшүп, баалуу кеп-кеңештерин айтып турчу дешет.
Күтүүсүздөн кас душман алардын эли-жерине кол салып, коогалаңдуу учурлар пайда болсо Кочкор баатыр аскер курап барып аларга катылган душмандардын таш талканын чыгарып, кубалап жиберүүгө жардам берген. Кочкор баатыр эл үчүн тынным албаган күндөрүнүн биринде чоң сүйүүгө кабылат кашкардын ханы Акхан чоң той берип калып, ал тойго Кыйра менен анын баатыр уулу Кочкорду ардактуу конок катары чакырат. Акхандын бой мүчөсү келишкен Гүлайша аттуу бойго жеткен кызын Кочкор баатыр бир нече жолу сыртынан көрүп, ашыктык оту жүрөгүн өрттөп, махабат азабын тартып жүргөн. Ушул тойдо Кочкор баатыр Гүлайша сулуу менен жаштардын шаң-тамашаларында чогуу болушуп, ошол кечте Кочкор баатыр жүрөктөгү ак сүйүүсүн кызга билдирет. Атак-даңкы алыс кеткен Кочкор баатырдын жүрөгүн элеп калган тагдырына ыраазы болгон Гүлайша, баатыр жигитке өмүрлүк жар болууга макулдугун берет.
Жаштар баш кошуу үчүн алдын-ала макулдашып, күн болжошуп Кочкор баатыр Акханга жуучу жиберүү керектигин атасына айтууга камынган мезгилде агасы Чоок кайтыш болот. Ошондуктан, эки жаштын үйлөнүү туурасындагы максаттары убактылуу ишке ашпай калат.
Чооктун аш суусу берилип, аза күтүү күнү бүткөндөн кийин аттуу-баштуу аксакалдар чогулуп, Кочкор баатырга "Кочкор балам, сен эстүү жансың. Биз айта турган сөзүбүздүн талаага кетпей тургандыгына, анын жөндүү экендигине ишенип сага айтып отурабыз. Өмүрү кыска экен, Чоокту түбөлүк жайга узаттык. Агасы өлсө, жесир инисиники болот. Болдуке келинге баш кошуп, агаңдан калган балдарга өзүң ээ бол!" - деп бүтүм чыгарышат. Уруу аксакалдарынын мындай чечимин уккан Кочкор баатыр кимдир бирөө төбө ылдый муздак суу куюп жибергендей дел боло түшөт. Антташып койгон Гүлайша жан курбусунун элеси көз алдына тартылып, "Аттиң тагдыр, ушинтип дагы шылдыңдайсыңбы?" - деп эрдин кесе тиштейт.
Ошентип, Болдуке айым менен Кочкор баатырдын никеси кыйылып, алар баш кошушат. Эл камын ойлоп, аларга кызмат кылган Кочкор баатырга Болдукенин жаны ачып, жүрөк түпкүрүндөгү арман сырын ар дайым сезип турду. Анткени Кочкор баатыр менен Кашкардын ханы Акхандын кызы Гүлайшанын ортосундагы алоолонгон сүйүү, баш кошу туурасындагы бекитилип калган убада туурасындагы бардыгы кабардар болуп калышкан болчу.
Ошондуктан, баш кошуп, бир түндүктөн түтүн булата баштаган күндөн тартып эле Болдуке айым Кочкор баатырга жакын бир тууганындай, эжесиндей кам көрдү. Мартабасын арттырып, оор түйшүгүн кошо тартышты. "Эл үчүн жаралган баатырдын өмүрү арманда өтпөсүн. Арзыган теңине баш кошуп, укум-тукумун уласын" - деген ойго келип, аттуу-баштуу билермандар менен кеңешет.
Агасы Курманбек баатырдын досу, Кашкардын ханы Акхандын бойго жеткен кызына жуучу түшөлү деген Болдукенин сунушуна алар дагы макул болушат. Болдуке өзү башында туруп жуучулукка бару камылгасын көрөт. Мүчө башы келишкен кырк жигитти курап, аларга кырк боз атты тандап мингизип, уруу аксакалдарын ээрчитип, жуучуларды баштап аяш агасы Акханга өзү барган экен.
Кашкардын ханы Акхан эзелтен эле алакалаш, достордон болгон Кытай уруусунун өкүлдөрүн кубаныч менен тосуп алат. Болдуке апабыз Акханга карап, "Агатай сиз тарап менен биз тарап тээ илгертен эле кыз алышып, кыз беришип жакшынакай салтты улап келгенбиз. Агам Курманбек баатыр көзү тирүү кезинде бир туугандай болуп жүрдүк. Эми баатыр агамдын көзү өткөндөн кийин, сөөк жаңыртып, куда бололу деген максатта кызыңызга куда түшүп келдик. Кочкор баатыр менен сиздин кызыңыз Гүлайшанын эбактан бери эле баш кошу туурасындагы жакшы максаттары бар эле. Сиз макул болсоңуз эки жашты үйлөнтүп коелу деп куда түшүп келдик" - деп сөз баштаган экен.
Муну уккан Акхан бир топко тунжурап ойлоно түшөт. Кызы менен Кочкор баатырдын шерттешип жүргөндүгүн билип, ал дагы кубанычта эле. Бирок баатырдын агасы Чоок кайтыш болгондон кийин эле ойлогон максаттар ишке ашпай калгандыгына тымызын кейиште жүргөн. Сүйгөнүн жоктоп өңдөн азып, кыйналып жүргөн Гүлайша кызын аяп, Курманбек баатырды эстейт. "Эки элдин биримдиги, ынтымагы үчүн Курманбек досумдун элинен эч нерсе аябайм. Кызымды силерге берем. Кочкор баатыр мага күйөө бала болуп калганы үчүн тагдырыма ыраазымын." - дейт дагы, кыз узатуу шанисин жасап бир нече төөгө сеп жүктөп берип, кызын узаткан экен.
Акхан жарым кылымга тете убакыт 16-17 кылымдарда Кашкарды башкарып турган. Ал бийлик жүргүзгөн убакыттарды кыргыздар саясий күч катары таанылып, ал мамлекеттердин ички саясий окуяларына дагы жигердүү катыша баштаган. Бул мезгилдерде Жуңгар хандыгы күчтөнүп, кыргыздарга, казактарга жана коңшулаш мамлекеттерге кол салып, кан төгүлүү коркунучун туудуруп турган. Ошондуктан, Акхан ар кандай кырдаалдарга жараша кыргыздар менен ынтымакта болу үчүн саясатын жүргүзүп келген.
Кочкор Акхандын кызына үйлөнгөндөн кийин Байтөбөт жана Кара-Бото аттуу эки уулдуу болот. Тарыхый маалыматтар боюнча Кара-Бото 17 кылымдардын башында жарык дүйнөгө келген экен. Кара-Бото төрөлгөн күндөн тартып эле аны колдоруна алган байбичелер, ымыркайда өзгөчө касиет-ырыскы бар экендигин байкашып, "Эл ырысы, эл бактысы үчүн жаралган перзент тура" деп шыпшынышкан дешет. Кара-Ботонун көзү төрөлгөндөн кийин 40 күндөн кийин ачылып, өтө чыйрактык менен жетиле баштайт. Айтканынан кайтпаган өжөр, акылдуу, өтө оюнкараак Кара-Бото өзү теңдүү өспүрүмдөрдөн айырмаланып чоң турмуштун босогосун эрте аттайт.
Ал эми Кара-Ботонун өзүнөн улуу агасы Байтөбөт инисине караганда өтө боорукер, кайрымдуу, жүрөгү жумшак, ашыкча гумандуу адам болгондугу тарыхта баяндалат. Байтөбөт талаада сейилдеп жүрүп кандайдыр бир себептерден улам эне атасынан, эли журтунан адашып калган бир баланы таап алат. Эли журтуна алып келип ал баладан ажырап калгысы келбей, наристеге бору ачып "Бул менин уулум, эч кимге бербейм" - деп карганып, "жан" бергендиги туурасында айтылып жүрөт. Кара-Бото 13-15 жаштарга келип калганда таятасы Акхан аны хан тактысынын мураскору катары ханзаадалардын катарына киргизген. Ата-бабадан келе жаткан шарт боюнча ханзаадалыкка улуулук жолу менен агасы Байтөбөт сунушталганда, "менин артымдан "сөз" ээрчип калды, ханзаадалыкка Кара-Ботону киргизели" деп өзү макулдугун берген экен. Ошол себептен Кара-Бото хандын мураскору катары эл ичинде хан аталып, жалпы Кытай уруусун башкарып калган. Ошол күндөн тартып Кара-Бото хан бир гана Кытай уруусунда эмес жалпы кыргыз, казак урууларына атагы чыгып, жасаган аракеттери жакшы натыйжаларын берип, эл оозуна алына баштаган. Кара-Бото хандын Чарык, Чотон, Асан, Үсөн, Жолон аттуу уулдары болгон.
17-18-кылымдарда Жуңгар хандыгынын басып алуучулук жортуулдары күч алып, түндүк кыргыздары менен түштүк казактары калмактын чапкынына Кара-Бото хан менен Сөлпү баатырдын аракети менен туруштук берип келишти. Кыргыз улуту үчүн кылымдардан кылымдарга эскирбей турган эрдик жасаган Кара-Бото хандын тушунда эле, элибиздин бейпил турмушун, эртеңки күнкү элдүүлүгүн сактап калуу үчүн жанын аябай кызмат кылган инсандардын бири Сөлпү баатыр болгон. Ал адам дагы Кытай уруусунун жогор тамгасынан тараган төңтөгөр уруусунун даңктуу уулдарынын бири болгон. Кара-бото хан кыйра уруусунан болсо, төңтөгөр уруусунан Сөлпү баатыр чыгып, алар бир атанын ар намыстуу, акыл парасаты жагынан төгөрөгү төп келишкен ага-инилерден болгондугун тарых өзү ырастап келди. Сөлпү баатыр Кара-Бото хандын жанында жүрүп жеңилин жерден, орун колдон талашып, жоо менен салгылашууда биздин эр азаматтарыбызга баш көз болду. Душмандардын жүрөк үшүн алып, артка чегинүүлөрү үчүн болуп көрбөгөндөй аскердик аракеттерди жүргүзүп, алар менен салгылашуу учурунда уруш башында өзү туруп, жүрөк жалынын жеңишке арнап алдыңкы саптарда жүргөн. Сөлпү баатыр башында турган ар бир салгылашууну жемиштүү жеңиштер коштоп, биздин аскерлер улам алгалоонун үстүндө болушкан.
Айласы кеткен калмактар Фергана тараптан дагы кол салууга аракет жасашкан. Ошондо Кара-Бото хан башында турган Кытай уруусу катылган душмандардын катыгын берип, кыргыз жергесинен сүрүп чыгарып турган. Кетмен Төбө, Аксы тараптан каптап кирип келген душмандарды улам айдап чыгуу үчүн Кара-Бото хандын эли журту ал тарапта дагы көп жашап калышат.
17-кылымдын экинчи жарымынан баштап, кыргыздар калмактар менен болгон чыр маселелердин аягына чекит коюу үчүн чоң күрөшкө бет алышат. Кыргыз улутунун намысы үчүн болгон айыгышкан салгылашуунун башында Мааматкул бий менен Кара-Бото хан турган. Калмактардын катыгын колуна берүү Талас аймагындагы Кызыл Адырда болгон уруштан башталат. Кызыл кыргын салгылашууну Кара-Бото хандын оң колу Сөлпү баатыр көзөмөлгө алып, кыргыз жигиттерин намыстуулукка чакырып, эли жерин коргоого үндөйт. Ошол тушта эң маанилүү маселелерди чечүү үчүн Кара-Бото Ханга кайрылышса дагы, ал "Сөлпү баатырга баргыла, бул маселени ал чечет" деп досуна, аскеринин кол башчысына жиберчү экен. Тарыхта Төңтөгөрдүн уулу Сөлпү баатыр менен Кара-Бото хандын тээ бала чактарынан эле чогуу өсүп, эгиз козудай ээрчишкен достордон болгондугу айтылат. Алар аскерлердин башында туруп душмандардын калың тобуна кол салып, тарыхта из калтырар жеңиштерди жаратат. Ушул уруштардын биринде Кара-Бото хан калмактардын туусун колго түшүрүп алат.
Калмактардын туусу менен кошо калмактардын эки кызы колго түшүрүлүп, күң катарында кызмат кылып калышат. Ал эки кыздын бирөөсү өзгөчө кыйын сапаттары менен айырмаланып тургандыктан, ал Кара-Бото Ханга жагып калып, ал кызды хан уулу Чотонго аялдыкка алып берет. Бул аялдан Өлжөй деген уул төрөлүп андан тарагандар азыр кыйра уруусунун ичинде "Өлжөй" деген урууну түзүшөт.
Чүй, Ысыккөл өрөөндөрүндөгү калмактар менен болгон согуш бир топко чейин созулган. Бул мезгилдерде жалпы кыргыз элинде бий атагын алып жүргөн Кара-Бото хан кытай уруусун, Майтык бий кушчу уруусун, Акбай бий саруу уруусун башкарып турган. Жалпы сол канаттын чоо жайын, ал абалын Кочкор уулу Кара-Бото хан билип, бир бүтүнгө бириктирип, аларды ар кандай коогалаңдуу күндөн сактап, алардын келечегине кам көргөн.
Кара-Бото хан менен Сөлпү баатыр кыргыз элин биримдикке чакырып, алардын ич ара ынтымагын ширетүүдө тынным албастан эмгек өтөштү. Өзгөчө кеменгерлик менен көп адамдарга боорукерлик жөрөлгөлөрдү жасашып, карып адамдардын көз жаштарын аарчышып, өлбөстүктүн үрөнүн сээп, жашоолорун нурга бөлөшкөн. Жетим-жесирлерге, кары-картаңдарга ар убакта каралашып, ак баталарын алып турушкан. Кыргыздардын руханий дүйнөлөрүн тазартып, жаркын жашоого, эли-жерин сүйүүгө, мекенин коргоого үндөп келишкен.
Калмактар менен болгон уруш-жаңжалдар аяктагандан кийин Кара-Бото хан Олуя Атадан Түркстан шаарына чейинки аймактарга ээлик кылган. Орто Азиядагы соода карым катнашынын негизги өзөгүн түзгөн Улуу Жибек жолун көзөмөлгө алган. Кас душман калмактар кыргыз жеринен кеткенден кийин кыргыз казак ынтымагы ыдырап, Кара-Бото хандын элине казактын улуу жүзүнүн султаны Абдулфеиз кол салган. Анын негизги максаты Кара-Ботонун көзөмөлүндө турган Ташкентке каттаган Улуу Жибек соода жолун ээлеп калуу эле. Бир топ эле карып калса дагы кайратынан, дем күчүнөн жазбаган Кара-Бото хан менен Сөлпү баатыр кас душманга айланган казактардын катыгын колуна берип, абийирлерин айрандай төгүп, заматта жергебизден кубалап чыккан экен.
Кара-Бото хан бир кылымдан ашуун өмүр сүргөндөн кийин эли журтунун кашында тууган уругун, бала бакырасын чогултуп керээзин айткан экен. "Мен эми оо дүйнөгө сапар тартарыма аз калды. Менин көзүм өткөндөн кийин сөөгүмдү кара буурага артып кое бергиле. Бура кайсыл жерге чөксө менин сөөгүмдү ошол жерге койгула" - дептир. Кара-Бото хан жүз он жашка чыгып каза болгондон кийин, анын керээзи боюнча сөөгүн кара буурага артып кое беришет. Кара буура жүрүп отуруп Аксы аймагындагы Сафит Булан мазарына жакын барып чөккөн экен. Кара-Бото хандын сөөгүн ошол жерге коюшат. Шол жерден суу чыгып, ал азыр деле мөлтүр булак болуп агып турган ыйык мазарга айлангандыгын айтышат. Кыргыз урууларынын арасында Чыңгызхан заманынан кийинки мезгилдерде хан тактысына мураскорлук кылуу бактысы Кытай уруусунан чыккан Кара-Бото ханда гана болгон экен.
Учурда Кара-Бото хандын урпактары Кыргыз мамлекетинин Чүй, Кочкор, Нарын, Көл, Талас, Ош, Жалалабат, Баткен, Аксы аймактарында жашашат. Анын эң жакын урпактарынын бири Касым Чаргынов жакында эле Талас облустук мамлекеттик администрациясынын губернаторунун биринчи орун басары болуп бекитилди. Бабабыз Каработохандан бери келе жаткан сыймыктуу көчтү намыстуулук, абийирдүүлүк менен улоого кадам таштаган Касым агабыз Ата Журт камын көрүп, эл кызматында. Эчен кылымдардан бери кыргыз улуту эркиндик туусун желбиретип, биримдигинен жазбай ынтымак ырашкерликте жашап келет. Кыргыздар эч качан түндүк, түштүк болуп бөлүнүшүп, мамлекетти сактай алышпайт. Негизинен кыргыздар оң, сол, ичкилик болуп үч канатка гана бөлүнүп, ушунун негизинде мамлекеттүүлүк түзүлүп, сакталышы керек.
Кыргыздын Кытай уруусунан чыккан ыйык, залкар инсандар туурасында кең-кесири эскертип, алардын көөнөрбөс эрдиктери туурасындагы маалыматтарды коомчулуктун эсине салуу демилгесин "Манас Ордо" коомдук фондунун президенти Анарбек Усупбаев жана "Кыргыз эл" кайра жаралуу тилектештиги көтөрүүдө. Жакынкы убакыттардын ичинде кытай уруусунан чыккан залкар инсандар Курманжан датка, Кожожаш мерген (баатыр), Чолпонбай Түлөбердиев ж.б. туурасында сөз кылмакчыбыз. "Кыргыз эл" кайра жаралуу ьилектештигинин чоо жайы, максаттары туурасында өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Эгерде бул маселеге кызыккан атуулдар болсо "Манас Ордо" коомдук фондусуна 53 38 68 телефонуна жана 996 (312) 625650, 938269 телефондоруна кайрылып, сурап билсе болот.

Р.Момбеков
















??.??