presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

№39, 09.02.08-ж.
  Питерлик бандит Ленка Пантелеев

"Мен Пантелеевмин" деген эки ооз сөздөн миллиондогон адамдардын жүрөгү оозуна кептелип, өзгөчө капчыктуулардын тынч уйкусу качырган, XX-кылымдын криминалдык тарыхына өз атын кашайта калтырып кеткен Ленка Пантелеевдин өлүмүнө Петроград шаарынын тургундары дагы деле ишене албай, бул шаар коркунучтун кучагынан чыга алган жок. Ошондо бийлик Обухов бейтапканасынын өлүкканасында атактуу каракчынын денесин шаардыктардын жалпы көргөзмөсүнө коюп, кийинчирээк кесилген башын Нева проспектисиндеги дүкөндөрдүн биринин күрткөсүнө эл көрсүн деп, бир нече ай илип коюшкан. Кийинчирээк түнкү Петроград (азыркы Петербург) кожоюнунун денесин Митрофановск бейитине коюшуп, башын криминалистика музейинин фондуна өткөрүп беришкен.
Ленка Пантелеев (Чыныгы аты-жөнү Леонид Пантелкин, угулушуна карата өзгөртүп алган) 1902-жылы Ленинград областынын Тихвин шаарында жарык дүйнөгө келген. Ошол мезгилдеги эң эле кадыр-барктуу, азыркы тил менен айтканда "престиждүү" делинген терүүчү-басмачы кесибине ээ болуп, "Копейка" гезитинин басмаканасында иштеген. 1919-жылы Кызыл Армиянын курамына алынып, ошол мезгилде жүрүп жаткан жарандык согушта Нарва фронтунда Совет бийлиги үчүн согушууга жөнөтүлгөн.
1921-жылдын жаз айы жарандык согуштун аякташы менен беш миллиондук Кызыл Армия демобизацияланып, миллиондогон кызыл армиячылар кызматтан бошонушуп өлкөнүн туш тарабына өз бактыларын издеп жөнөшкөн. Пантелеевдин согуштан кийинки тагдыры Совет мезгили учурунда белгисиз болуп келген, бирок, кийинчирээк 90-жылдары ФСБнын архивдик материалдарын изилдөөдө, анын граждандык согуштан кийин мамлекеттик коопсуздукту камсыздоочу, б.а кийинчирээк КГБ болуп өзгөргөн, ошол учурда ВЧК деп аталуучу жашыруун органда 1921-жылдын 11-июлунан 1922-жылдын январь айына чейин эмгектенип келгендиги, кийинчирээк белгисиз себептер менен жумуштан бошотулганы жөнүндө маалыматтар табылган. Адилетсиз кызматтан айдалган Пантелеев өзүнүн ВЧКда чогуу эмгектенген мурунку кызматташтары Варшулевич, Гавриков жана Александр Рейнтоп (каймана аты Сашка-пан), Михаил Лисенков (Мишка-Корявый) сыяктуу профессионалдуу кылмышкерлерден чогулган уюшкан кылмыш тобун түзүү менен Петроград шаарында каракчылык иштерин колго алышкан. Бул уюшкан шайканын алгачкы курмандыктары баалуу терилер менен шугулданган, жеке ишкер Богачев, доктор Грильхес, соодагер Аникеев, артелчи Манулевич сыяктуу сүткорлор аз убакыттын ичинде эле таланып,тонолуп, Совет бийлиги алардын кылдаттык менен ойлонуп уюштурулган, бул каракчылык иштеринин алдында бир топ эле алсыздыгын көрсөтүшкөн. Көрүнүп тургандай Ленка Пантелеевдин курмандыктары негизинен совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы жаңы экономикалык саясаттын өкүлдөрү- НЭПчилер (НЭПчилер-Улуу Октябрь революциясынан кийин большевиктер тарабынан куугунтукталып, кийинчирээк В.И Лениндин "Новая экономическая политика" деп аталган атайын декретинин негизинде Совет өлкөсүн экономикалык жактан бутуна тургузуу үчүн кайрадан өлкөгө чакырылган буржуазия өкүлдөрү) б.а коомдун капчыктуу өкүлдөрү болгондуктан, карапайым калк арасында алар өзгөчө кадыр-баркка ээ болушуп, популярдуулуктары күндөн-күнгө өсүп отурган. Боз уландар арасында укмуштуудай уламышка айланып бараткан Ленка Пантелеевди кадимки Робин Гудка салыштырышып, кумир туткандардын көбөйүшү советтик күч органдарынын чындап эле тынчын алган. Бул банданы кылтакка илүү үчүн советтик мыкты опер топтор тартылып, уурулук, каракчылык менен кармалгандарды суроо-жоопсуз жеринен атып салуу буйругу берилип, Ленка Пантелеевге чыныгы согуш жарыяланат. Натыйжада, ошол эле жылдын 22-сентябрында жакын өнөгү Дмитрий Гавриков экөө кармалып, Исправдомго же атактуу "Кресты" деп аталган тергөө изоляторуна өзгөчө күчөтүлгөн күзөт менен жөнөтүлгөн. Көп өтпөй Мишка Корявый жана Сашка-пан аттуу шериктери да колго түшкөн.
Үч жумага созулган тергөөнүн аякташы менен 10-ноябрь 1922-жылы Петроград шаарынын Трибунал залында бул уюшкан кылмыштуу топтун үстүнөн сот иши башталып, майда ууру өспүрүмдөрдөн баштап, ири дүкөндөрдүн, завод-фабрикалардын кожоюндарына чейин чогулуп, легендага айланган атактуу Пантелеевди көрүү үчүн зал ичи жык толот. Сот залында өзүн ээн-эркин сезген Пантелеев Есениндин ырларын шатырата жатка айтып, прокурордун берген суроолоруна көчөнүн "блатной" сөздөрү менен ишенимдүү жооп берип, акырында:
"Жолдош судьялар, ушул баш оорутмалардын эмне кереги бар? Мен жакында баары бир качып кетем" деген эле. Айткандай эле 10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү, болгондо да, милиция кызматкерлеринин күнүндө питерлик белгилүү "Кресттер" түрмөсүнөн атактуу Пантелеев жана анын үч досу баштаган кылмышкерлердин качуусу менен коштолгон чоң окуя болуп өтөт.
1893-жылы курулган кайгы-муңдун сүрдүү сарайын элестеткен Петербургдагы "Кресты" түрмөсүнүн бүгүнкү күнгө чейинки кылым карыткан тарыхында бул абактан качып кетүү фактысы болгону беш гана жолу катталып, ошолордун эң алгачкысын дал ушул Ленка Пантелеев уюштурган. Адам эмес чычкан сойлоп чыга албаган "Кресты" түрмөсүнөн качып чыккан соң Пантелеевдин мыкаачылыгы мурдагыдан да ашынып, эми өз курмандыктарын ал тоноп гана тим болбостон, жырткычтык менен өлтүрө баштайт. Бул шайка эркиндикке чыккан үч айдын ичинде эле он адамды оо дүйнөгө узатышып, элүүгө жакын каракчылык иштерин жасоого үлгүрүшкөн.
Бул чуулгандуу иштин тамыры тереңдеп бара жатканына кыжырданган бийлик НКВДнын алдындагы ГПУ же мамлекеттик саясый башкармалыктын дасыккан, профессионал чекисттерин ишке тартып, Пантелеевдик банданы жок кылууга бардык күчүн жумшайт.
Ошентип, 1923-жылдын февраль айында ГПУнун чалгын иштеринин натыйжасында аныкталган дарек боюнча Можайский көчөсүнүн №38 үйүнүн 21 - батиринде питерлик бул банда менен күч органдарынын ортосунда атышуу болуп, ГПУнун күжүрмөн тобунун 18 жаштагы жаш кызматкери Иван Буськонун аткан огу нечендеген адамдардын жүрөгүнүн үшүн алган кадимки Ленка Пантелеевдин оң көзүн тешип өтөт. Атактуу бандиттин өлүмүнөн кийин көп өтпөй "питерлик Робин Гуддун" уюшкан кылмыштык тобунун бардык 17 мүчөсү, анын ичинде беш аял камакка алынып, 1923-жылдын 6-мартында эч кандай тергөө иштери жүргүзүлбөстөн аскердик трибуналдын чечими менен бардыгы атууга кетет.
Санкт-Петербург-Петроград-Ленинград-Санкт-Петербург шаарынын криминалдык тарыхында Ленка Пантелеевдей атак чогултууга жетишкен бир да адам болбосо керек. Нечендеген ажалдардан буйтап качкандыгы, кандай гана иш баштабасын бардыгын ийгиликтүү бүтүрө алгандыгы менен криминал чөйрөсүндө "фартовый" б.а акжолтой деген каймана атка ээ болгон питерлик түнкү каракчы Ленка Пантелеевдин өлүмүнө Петроград шаарынын тургундары дагы деле ишене албай, бул шаар коркунучтун кучагынан чыга алган жок. Ошондо совет бийлиги тарыхта болбогон, өзгөчө бир көргөзмө уюштурушуп, Обухов бейтапканасынын өлүкканасында атактуу каракчынын денесин шаардыктардын жалпы көргөзмөсүнө коюп, кийинчирээк кесилген башын Нева проспектисиндеги дүкөндөрдүн биринин күрткөсүнө эл көрсүн деп, бир нече ай илип коюшкан. Кийинчирээк "фартовый" Ленка Пантелеевдин денесин Митрофаньевск бейитине коюушуп, башын болсо, криминалистика музейинин фондусуна өткөрүп беришкен. Ал эми 20-жылдардын акырында спирттелип, катырылган бул башты белгилүү орус психиатры В.М Бехтерев өздүк лабараториясына изилдөөгө алып кеткен, бирок, анын мээсинен эч кандай "аномалия", өзгөчөлүк таба албагандыктан, криминалистика музейине кайрадан кайрып берген.
Бүгүнкү күндө бул баалуу экспонат Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин юридика факультетинин музеинде сакталууда.
Э.Балбаков
"Алиби"









??.??