presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№39, 09.02.08-ж.
  Күн турмуш

Бишкекте зоопарк ачылабы?
Сапаш Касиев, КРнын Улуттук илимдер Академиясынын Биология - топурак таануу институтунун зоологиялык музейинин директору
Илимдер Академиясына караштуу айбанаттардын музейи илгери жаратылыш музейи менен чогуу ачылып, 1946-жылы өзүнчө бөлүнүп чыгып, музейдин биринчи директору Благодарова деген аял болуптур. Алгач бөлүнгөндө жер тамдын эки бөлмөсүн жаныбарларга ылайыкташтырып жасалгалап, анан айбанаттар жайгаштырылып, ошол күндөн тартып зоомузейи болуп келатат. Ал ортодо имараты жок кала сактап, музейдин кызматкерлеринин аракети менен "жоктон көрө жогору" дегендей, минтип учурда Илимдер Академиясынын имаратынын оң капталында, эски экспонаттары менен күнүн көрүүдө. Борборубузда зоопарк жок болсо да, бул кичинекей зоомузейибиз балдар үчүн кызыктуу. Эң кызыгы - бардыгы тегиз кымбаттап аткан маалда ушул музейдин билеттери гана көрүүчүлөрү үчүн кымбаттабаптыр.

- Көпчүлүк адамдар сиздердин зоомузейди рыноктун шарты менен жок болуп кетти деп ойлошот экен. Музейдин бүгүнкү абалы кандай?
- Мурда азыркы Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын имаратында болчубуз. Ал жактан көп кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Суу каптап, өрттөнүп да кеткен учурлар болгон. Экспонаттар экинчи кабатында болгондуктан жакшыларын сактап калганбыз. Ошентип, чуулдап жатканда 1994-жылы А.Акаевдин буйругу менен ал имарат да Кыргызстан элдеринин ассамблеясына берилип кетти. Ортодон имаратыбыз жок калдык. Башка жакка көчүрүүгө имарат да, каражат да издеп абдан катуу кириштим. Азыркы музейдин биринчи кабаты мурда окуу зал болчу. Аны эки - үч ай талашып-тартышып жүрүп, акыр аягы А.Акаевге чейин киргенимдин натыйжасында окуу залын башка жакка көчүртүп, музейди Илимдер Академиясынын имаратына алып келдик. Зоомузейдин экинчи жолку өмүрүн уладык десем да болот. Жамандарын ыргытып, жакшыларын терип олтуруп, үч бөлмө жасадык. Биринчиси- омурткасыз жаныбарлардыкы, экинчиси- сүт эмүүчүлөр, үчүнчүсү- сойлоп жүрүүчүлөр. Музейге негизинен мектеп окуучулары көп келет. Балдар тирүү жандыктарга кызыгышат эмеспи. Ошондуктан тирүү жандыктар үчүн жаңы бөлмө жасалгалап атабыз. Кыргызстанда кескелдириктин эң чоң түрү бар, узундугу 1 метрге жакын. Токтогул районунда кездешет. Андан 5-6 экземпляр алып келебиз. Питонго да заказ бердик, андан тышкары жыландардын түрлөрүн багалы деп турабыз.
Бул жакка жаңы көчүп келгенде Бизди таппай калгандар көп болду. Акырындык менен жарыя берип, мектептерге айттырып, ошентип биринчи жылы абдан аз акча алдык. Эми келгендердин саны арбып калды. Айына көрүүчүлөрдөн алты миңге жакын акча табабыз. Анын эсебинен электр, суу дегендерден эптеп кутулуп атабыз.
- Музейдин кызматкерлеринин айлык акылары кандай?
- Академияда эски иштеп жүргөн илимпоздор, профессор, доктурлар, бизге окшогон абышкалар калды. Жаштар акчасы аз болгондуктан келбейт. Аспирантурага да тапшыргандар азайып бараткандай, стипендиясы 300-400 сом базардын босогосун аттаганга жетпейт. Жакында Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан биринчи жолу Илимдер Академиясынын президенти болуп аял- киши Шарипа Жоробекова шайланды. Бул кишини иштин көзүн таба билет деп чоң үмүт менен шайлап алдык. Эми акырындык менен бардыгын оңдойт деген оюбуз бар. Ал киши да илимпоздордун акчасын көбөйтүүгө катуу киришип атат.
- Жаңы экспонаттар барбы?
- Совет өкмөтү убагында экспедицияга өкмөттүн акчасы менен барчубуз. Азыр кичинекей айлыктан башка эч нерсе жок. Атайын экспедицияга чыкканга акча бөлүнбөйт. Ошентип, командировкага бара албай калдык. Өзүмдүн каражатым менен кээде өзүмдүн машинамды айдап алып чыгып келем. Илимдер Академиясынын акыбалы учурда ушундай оор болуп кыйналып атабыз. Ишибиз оңолуп калса, ордубузду жаштарга бошотуп берет элек.
- Борборго жакында зоопарк ачылабы?
- Ой, андай болсо жыргалда да, укмуш болот эле го. Андай ойлор көп. Алматыда кандай сонун парк бар, ошондой болууга тийиш. Панфилов паркында жыландарды баккан окуучум бар. "Зоопарк ачат элем" деп жер сурап жүргөн. Муну бизге окшогон өз ишинин күйөрмандары эле ойлобосо, бизден башкалары ойлобойт. Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан бардык жашоо - турмушубуз тоого байланышкан. Кыргызстандын тоолорунун бийиктиги 700 миңге чейин жетет. Бизде киши баспаган жерлер бар. Ошол жерлерде жапайы айбандар көп, жада калса киши көрө элек жаныбарлар бар. Учурунда Өкмөткө зоопарк ачалы деп көп сунуштар менен кайрылганбыз. Азырынча кайрылбай эле туралы, баары бир мамлекет колдоп бере албайт го муну. Анткени, андан башка турмуш тиричиликке өтө зарыл көйгөйлөр чечилбей жатса кайдагы парк.
- Элдер музейге дем алыш күндөрү барат эмеспи а сиздердики бул күнү бек турат.?
- Ишемби күнү кадимкидей иштейбиз, жекшемби күнү болсо Илимдер Академиясынын дарбазаларынын бардыгы бекилет. Ошого байланыштуу айла жок биз дагы эс алууга туура келип калат.
- Баалар күн сайын көтөрүлүп турганда, бөтөнчө жаш жеткинчектердин көңүлүн кушубак кылып турган сиздердин музейде билеттин баасы канча?
- Мектеп окуучулары үчүн 5 сом, студенттерге 7 сом, ал эми чоңдор үчүн 10 сом. Азырынча ушундай арзан. Кийин тирүү жаныбарларды койгондон соң биз да элден калбай баасын көтөрөлү деген оюбуз бар. (Күлүп)

Г. Кеңешбекова
"Алиби"









??.??