№39, 09.02.08-ж.
  Алла Пугачева:

"Мен өтө оор күнөө жасагам"
Бүгүн, арадан көп жылдар өткөндөн кийин, Алла Борисовна күнөөсүн мойнуна алып, сенсациялык билдирүү жасап отурат. Көрсө, ал экинчи балалуу болмок экен.
Убагында атактуу ырчы опурталдуу чечимге келип, балалуу болуудан баш тарткан. Боюнан алдырып, оор күнөөгө баргандыгы үчүн примадонна өзүн-өзү бүгүнкү күнгө чейин жектеп келүүдө.
Бала төрөлгөндө бүгүн ал ырчынын небереси Никита Пресняков менен жашташ болмок .
… Алла Борисовнанын жаштыгы өтө эле шаңдуу болуп, романдары укмуштуу окуяларга бай келди. Төрөлбөй калган баланын атасы Евгений Болдин эле. Ал Алла экөө эрди-катын болуп жашаган күндөрүнүн ар бир ирмемин эсинен чыгара элек.
- 1974-жылдын бир күнүндө биз экөөбүз Алланын үйүнөн жолукмак болуп макулдаштык - деп эскертет Болдин. - Мен келгенден кийин ал бир бөтөлкө "Пшеничная" арагын столго коюп, биз андан ичип коюп сүйлөшүп отурдук. Көрсө, Алла адамдарды ушинтип сынайт экен. Эртеси күнү мен анын жамаатына директор болуп дайындалдым, бир нече жылдан кийин анын мыйзамдуу күйөөсү болдум.
Чын-чынына келгенде, Болдин менен никеге турууга Алла Борисовнаны мажбур кылышкан. Партиялык чоңдордун ою боюнча бүткүл өлкө суктанган ырчынын граждандык никеде жашоосу ойго келбеген окуя болгон. Ошол себептен бир ирет Алла Борисовна менен Болдинге чет өлкөгө чыгууга уруксат бербей коюшкан. Аргасы түгөнгөн экөө жашаган жеринен ЗАГСка катталышкан. Ал жерге алар тончон эле шашып киришип, паспортторуна белги койдурушкан. Андан кийинки иштер өз ыргагы менен кете берди.
- Алланын ал кезде өз турмушу бар болчу десем жаңылышпайм - дейт бүгүн Болдин. - Мен ага эч убакта кийлигишчү эмесмин. Андыктан, эл кайсыл бир убактарда ага Кузьминди, анан Челобановду… үйлөндүрүп койгондугун мен трагедия катары деле кабылдабайм. Мен он алты жыл бою анын иштери, жумушу менен жашап жүрдүм. Биз эч убакта кер-мур айтышкан жокпуз жана бүгүнкү күнгө чейин бири-бирибизди эң сонун түшүнөбүз. Ал убакта ага жалгыз мен керек болчумун. Анан Филипп экөөнүн суктандырарлык биримдиги жаралды, бүгүн болсо анын жанында Максим Галкин жүрөт, демек ага так ушул адам керек. Алла экөөбүздүн жолубуз айрылганда да бири-бирибизге катуу сөз айтышпадык, ортодо таарынычтар, дооматтар болгон жок.
Аборт
Алла Борисовна экинчи ирет эне болуу бактысына кадам таштаган ошол 80-жылдардын этегинде анын турмушу ырасынан эле боркулдап кайнап турган. Пугачева өзүнүн ыр театрын ачып, ырчылардын арасында жаш Филипп Киркоров болгон, алар өздүк концерттер менен бүткүл өлкө боюнча гана эмес, чет өлкөлөргө да гастролдорго чыгып жүрүштү. Мына ушундай учурда, күтүүсүздөн, себеби өзүнө белгисиз кызыктуу абалга дуушар болот. Медиктерден уккан сөз Алла Борисовна менен анын күйөөсүн таптакыр эле дабдаарытып койду.
Алла кош бойлуу! Келечектеги бала деп, ал эмне, бүт бардыгынан баш тартууга тийишпи?
"Макул" же "жокту" тең таразалап, күмөнсүнүү, өзүңдү-өзүң ишендирүү алдында жанды кыйнаган өтө оор суроо турду. Алар эмне кыларын билбей калышты. Азап чегишти. Тынымсыз акылдашып жатышты. Евгенийдин балалуу болгусу келчү, бирок … Акыр аягында жубайлар абортко токтолушту…
- Биздин эң чоң жаңылыштыгыбыз ушул болду - деп араң шыбырайт бүгүн Болдин ар бир сөздү кыйналуу менен кайталап, - Эч нерсеге карабастан туруп төрөсө болмоктугун мен бүгүн түшүнүп отурам! Бирок, ал убакта шарт башка эле да… Бизге балалуу болуу мүмкүн эместей сезилчү. Көптөгөн чет өлкөлүк гастролдор, аябай тыкыр графикти жокко чыгаруу мүмкүн эмес эле. Көрсө биз карьераны үй-бүлөдөн жогору коюптурбуз. Мен Алланы мажбурлаган жокмун, бирок анын бала төрөөгө даяр эмес экендигин көрүп билип турбадымбы. Ошондуктан, анын чечимине каршы боло алганым жок…
Кызы
Боюнан алдыргандан кийин Пугачева алты ай бою өзүнөн-өзү чүнчүп жүрдү. Сагыныч жан-дүйнөсүн мыжып, ага "башкы бакытым жана үмүтүм" деген сүйүктүү кызы Кристина да аралжы боло албады.
Пугачева Кристинага жакшы эне болууга ар дайым аракет кылган. Анын атасы, өзүнүн биринчи күйөөсү Миколас Орбакас менен Алла Борисовна 1967-жылы цирк училищесинде таанышкан. Анын ал жерде гастролдорго байланыштуу бирөөлөр менен жолугушуусу болмок экен. Ошол күнү үйдөн чыгып жатып ал "училищенин дарбазасынан ичке биринчи кирген адамга турмушка чыгам" - деп өзүн ишендирип алыптыр. Биринчи болуп Орбакас кириптир. 1969-жылы эки жаш жупуну, бирок эң эле шаңдуу "студенттик" үйлөнүү үлпөтүн өткөрүшөт. Ач-ток болуп бир бөлмө квартирада жашап жүрүшүп, 1970-жылдын май айында Кристина аттуу кыздуу болушат.
Чынын айтканда, Алла Борисовна кызына жеткиликтүү көңүл бура алган эмес. Негизинен, алгачкы төрт жылда Кристина чоң энесинин тарбиясында болду. Кийин, Орбакас менен ажырашкандан соң кызы энеси менен жашап калды. Аларды ар дайым достук, бири-бирине өтө ишенүүчүлүк мамилелер бириктирип турган.
Тез от алып кетчү мүнөзүнөн улам энеси дуушар болгон окуяларды көргөн Кристина "сен жөн жүрө албайсың" - деп калар эле ага.
Бүгүн болсо Алла Борисовна Кристинанын биринчи кеңешчиси, балдарынын камкор чоң энеси.
- Менин эмне тилегим бар дейсиңерби? - деп чыкты ал жакында эле "Алла" радиостанциясынан. - Жакындарымда баары жакшы болсо экен дейм. Айрыкча, Кристинада, Никитада… Алардын келечеги жөнөкөй эмес, алар чоң нерселерге жетише алышат деп ойлойм.
Боюнан алдыргандан кийин Алла теңирдин каарына калгандай ооруга чалдыгып, өмүр менен өлүмдүн ортосунда турду. Баары Швейцариядан жасаткан, бир караганда зыяны деле жоктой көрүнгөн пластикалык операциядан башталды. Россияга кайтып келээри менен Алланын абалы кыйындап, өзүн начар сезе баштады. Ооруу күчөгөндөн күчөй берди. Интоксикациянын өтүгүшкөн абалынан "жылдыз пациентканы чыгаруу" россиялык врачтарга жеңилдикке турган жок, алардын айлалары кетип турду, алар элдик сүймөнчүктүн өмүрү кылдын учунда тургандыгын жакшы билишчү жана ошондон коркуп турушкан.
- Клиникалык өлүмдөн кийин мага сокур ичеги, операциядан кийин тигиштеримдин ириңдеп кетиши, көкүрөгүмдөгү шишик кошул-ташыл болуп араң эле жаным калбадыбы - деп эскерет ырчы кийинчерээк.
Алдыда Алла Борисовнаны дагы жаңы сыноолор күтүп турган. Алар, кайрадан дагы бир жолу эне болсом деген зор үмүт менен өзүңдүн сүйүктүү эркегиңден балалуу болуунун мүмкүн эместиги эле.
Киркоров
Дагы бала көрүү максаты примадоннада бир топ жылдардан кийин кайрадан пайда болду. Болдин экөө ажырашып кетишкен. Бул учурда ырчы жаш Филипп Киркоровдун жубайы эле.
Балалуу болсок деген ой-максаттарын жаш жубайлар өздөрү да жашырышкан эмес. Ал гана эмес "сактоого" жатуу үчүн Алла Борисовна сахнаны калтырууга да макул болгон. Жатууга врачтар кеңеш беришкен, себеби ырчы "тобокелчилер" группасында каттоодо турган.
"Кыймылдабай, буттарымды көтөрүп төрт жарым ай жатканымдан эмне чыкты? Бала болсо токтобой койду. Үч-төрт ай, анан эле бойдон түшүп калат" - деп ошол жылдардагы маектердин биринде Пугачева мойнуна алган. - Төрөсөм деген аракетимден майнап, чыкпаганы кандай гана өкүнүчтүү. Баланы бойдо кармай албай койдум. Анын себеби эле - менин ден-соолугум, анан менин 18де эмес экендигим болуп жатпайбы…
Төрөйм деген акыркы аркетти Алла 1996-жылы жасады. Боюнан түшкөн балага бир топ ай болуп калыптыр. Алла менен Филипп ортолорунда бала болбостугун түшүнүштү. Кайгыга чөккөн Филипп берген маектеринде аргасыздан аларга баланын деле кереги жок болчу дегенге чейин барып жатты. Ошол эле убакта анын кандай кыйналганын көрсөңөр болмок.
Филипптин Алла Борисовна кош бойлуу убагында студиядан жаздырып, бала төрөлчү бактылуу учурга сактап жүргөн. "Кичинекей сыр" деген ыры ошол бойдон сценадан ырдалбай калды.
- Он алты жылдай мурда бала төрөбөй койгондугум менин эң чоң жаңылыштыгым болгон - деп мойнуна алган мындан бир аз мурда Алла Борисовна. - Мен эми өзүмдү-өзүм кечире албайм. Азыр чиркөөгө барган сайын күнөөмдү кечирсе экен деп шам күйгүзөм. Бирок… Бул ушундай күнөө экен, көрөсүңөр го, кимде-ким боюнан алдыртса, кийин сөзсүз анын иштери тескерисинче кетет.
Сибирде курсактагы балдарын алдырып салган энелердин күнөөлөрүн жууш максатында курдуруп жатышкан чиркөөсүнө келген ырчынын күйөрмандары анын атынан зекет беришкен. Дубалы көтөрүлүп жаткан чиркөөнүн бир кирпичи Алланын атында. Примадонна өзү болсо Иерусалимге сыйынууга барганда жан-дүйнөсүн тазартууну Кудайдан суранып турду…
Алла Борисовнанын жакындарынын айтымына караганда Пугачева балалуу болсо ысмын Никита коем деп тилек кылган экен. Ал тилеги ордунан чыкпай калды. Бирок, кызы Кристина балалуу болуп, ага так ушул атты берген. Алла Борисовна небересин көп убакта "уулум" деп чакырат.
Примадонна ушунчалык балалуу болгусу келген…

Анжелика Пахомова
"Жизнь" гезитинен
которулду.