Мен бул текстти атайын жаздым биерге, Мен бул текстти атайын жаздым биерге, Мен бул текстти атайын жаздым биерге, себеби жогорку шапкеси улам эле солкапталга єтџп кетип жатпайбы..

Урматтуу Мекендештер!
Кыргыз Республикасынын толук кандуу атуулу катары, өзүңүз жана болочок муун алдында жарандык жоопкерчилигиңизди эске алып:
* Мамлекетибиздин стратегиялык чечимдерди кабыл алуу процесстерине;
* Толук кандуу маалымат алууга;
* Укугуңузду коргоого
активдүү жана жоопкерчиликтүү катышууңузду суранабыз.

Сизди ушул жылдын 12-апрель күнү Бишкек шаарында өтө турган
"Кыргызстан кечээ, бүгүн жана эртең"
деген темада Элдик Курултайга чакырабыз.

Курултай 12-апрелде, саат 10.00до Бишкек шаарында, М.Горький атындагы скверде өтөт. (Кожомкул атындагы Спорт Сарайынын арты, Коенкозов - Рыскулов көчөсү).

Укук коргоо органдары тарабынан боло турган тоскоолдуктарга карабай Курултайга келүүңүздү суранабыз. Себеби, Кыргыз Республикасынын жараны катары, Сиз төмөнкү конституциялык укуктарга ээсиз: маалымат алууга, жергиликтүү жана республикалык деңгээлдеги чечимдерди талкулоого (КРнын Конституциясынын 23-беренеси, 1-пункту), Элдик Курултайды өткөрүүгө жана катышууга (КРнын Конституциясынын 23-беренеси, 2-пункту), сөз эркиндигине (КРнын Конституциясынын 14-беренеси, 6-пункту), элдик чогулуштарды, тынч митингдерди уюштурууга жана катышууга (КРнын Конституциясынын 25-беренеси).
Биздин мамлекетте болуп жаткан көрүнүштөргө кайдыгер болбоңуз. Себеби, бул - биздин азыркы күнүбүз, жашоо шартыбыз жана келечегибиз!
Сизди урматтоо менен,
"Акыйкат үчүн" Коомдук Кыймылынын Уюштуруу комитети.








Меймансап









??.??