№38, 02.02.08-ж.
  Президенттер эмне дейт?

Михаил Саакашвили, Грузия президенти:
"КМШны Россия өлтүрүп отурат"
- Сиздин тилегиңиз орундалып, Грузия НАТОго мүчө болууга иш-аракеттердин планына ээ болду дейли. Андан ары эмне? КМШдан чыгасыңарбы?
- НАТОго мүчө болуу менин тилегим эмес. Менин тилегеним - гүлдөгөн жана бирдиктүү Грузия. Калгандарынын бардыгы ушул тилекке жетүүнүн гана жолдору. НАТО болсо аны ишке ашыруунун бир баскычы. Калгандарынын бардыгына келсек, биз аларды бири-бири менен чиелештиргибиз келбейт. КМШдан чыгуу - бардыгыбыздын жалпы тануубуз. Санкциялык режимден чыгуу менен (Абхазияга карата) Россия иш жүзүндө КМШны өлтүрүп отурат.
Бул деген жөн эле бир багыттагы кадам эмес. Россия ошонусу менен КМШ мындан ары түккө турбастыгын жана бул уюмга мүчө болуу бизге эч кандай артыкчылык бербестигин билдирип отурат. Муну бир гана Тбилисиде эмес, Ташкентте да, Астанада да, Киевде да, Минскиде да, жана башка жерлерде да угушту. КМШ өлкөлөрүнүн баары эле аны сезип турушкан, себеби алар Россиядан келүүчү газ жана башка буюмдарды эбактан эле ЕС менен НАТО өлкөлөрүнүн айрымдарынан да жогорку баада алып келишкен. Акыркы төрт жылда КМШ өлкөлөрүнө Россиянын таасири солгундап баратканын мен байкап жүрөм жана ал орундуу себептерге байланыштуу. Мүмкүн биз Россиянын жаңы президенти ишке киришкенден кийин так тартипке келтирилген стратегияны көрөөрбүз. Аны көрсөк биз өзүбүздү бактылуу сезээр элек, а эгерде Россиянын талашсыз түрдө биздин күнөөбүз болбой туруп, учурда бир топ алыстап кеткен жакынкы өлкөлөргө тийгизген оң таасиринин бир өңүрү боло алсак андан дагы бактылуу болмокпуз.
- КМШ өлдү деп жатасыз, анда эмне үчүн аны биротоло көмүп, топурагын тегиздеп койбойбуз?
- Менин оюмча, КМШ жолугушуулардын клубу катары бир топ пайдалуу жана ыңгайлуу болуп турат. Эгер ал болбосо мен шериктеш мамлекеттердин лидерлери менен, анын ичинен ошол эле орус президенти менен, тез-тез жолуга алмак эмесмин. Ошол эле убакта, акыркы мезгилдерде менин Путин менен болгон жолугушууларымдын саны Буш менен болгон жолугушууларымдын санына дээрлик теңелип баратат. Эмне үчүн мындай болуп баратканы жөнүндө Россиялык жетекчилер биринчи кезекте ойлонушу керек. Мындан бир топ жыл илгери мындай болот деген кимдин оюна келди эле? Бул деген Грузия - Американын филалы деп көптөр айткандыктан эмес, мен дагы ЦРУнун генералы эмесмин. Мен деген биринчи кезекте Россия менен эң жакын ымалада болгусу келген өз өлкөмдүн патриотумун. Анан барып гана Америка, Европа, Австралия жана башкалар турат. Бирок, бизди бир жайык талаага түртүп чыгарып коюшту, биз шартка жараша аракеттенүүгө мажбурбуз. Бизди өлтүргөн нерсенин баары, биздин күч-кубатыбызды чыңдайт.
Грузиянын кийинки президенти орусча сүйлөшү мүмкүн, андан кийинкиси жок
- НАТО сизди эмнеси менен кызыктырууда? Россиянын жинин келтирбеген ОДКБ, ШОС деген уюмдар деле турбайбы.
- Биздин көз карандысыздыктын тажрыйбасы өзүбүздүн жерлерибизге көзөмөлдү жоготуу тажрыйбасы менен байланышкан. Эки жыл бою Сухумини, Гаграны, Пицунданы россиялык самолеттер бомбалап турду. Жакында эле мына Гори менен Жогорку Абхазияны бомбалашты. Булар тууралуу президент Шеварднадзенин даттануусуна орус генералы Грачев эмне деди дебейсизби? Көрсө, биз дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн колубузда жок самолетторду өңүн өзгөртө сырдап алып өзүбүздүн шаарларыбызды өзүбүз бомбалаган имишпиз. Ушул эле сөздөрдү өткөн жылы Жогорку Абхазияны бомбалагандан кийин Москва дагы кайталап отурбайбы. Биздин мамлекет кандай азаптар менен төрөлгөнүн биз жакшы билебиз. Кимдердин күнөөсү менен биз колу-буту жок мунжу төрөлгөнүбүздү унута элекпиз. Биздин жетишпеген колу-буттарыбыз азыр кимдин колунда экенин да жакшы билебиз. Ошондуктан, биз башка врачтарга, башка клиникаларга кайрылууга мажбурбуз.
Биздин бирден-бир өзгөрүлбөс максатыбыз - Грузиянын аймактык бирдиги. Калгандары биздин кызыкчылыктарыбызга жараша болот. Маданияттуу айтсак, биз мурдагы советтик аймактын бир бөлүгүбүз. Бирок, аныбыз тез өзгөрүлүп жатат. Менден кийинки грузин президенти орусча сүйлөшү мүмкүн, бирок андан кийинкиси эч убакта орусча сүйлөбөйт. Эгер Россияга темир жол жабык болсо, анда аны Турция аркылуу Европага салуу керек. Анан калса, Сочи аркылуу деле жол бар, ал бир топ жакындык да кылат. Москвадан авиакаттамдар токтоп калды эле, ошол эле убакта Европага үч эсе көп уча баштадык. Ыйык жер бош калбайт эмеспи.
Россиялык тынчтык орнотуучулар сиздер үчүн проблема эмеспи?
- Тынчтык орнотуу боюнча иш-аракеттер жок. Өздөрүнүн ал жерде эмне кылуу керек экендигин билбеген россиялык аскерлер бар. Жана дагы, Россиянын КМШдан, демек тынчтык орнотуу операцияларынын алкагынан чыгуу жөнүндө чечими бар.
- Тынчтык орнотуу операцияларынын форматын кантип өзгөртө аласыздар?
- Грузия андан каалаган убакта баш тартууга акылуу.
- Анда эмне үчүн баш тартпайсыздар?
- Алгач биздин болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп бүткөндүгүбүзгө көзүбүз жетүүсү керек. Россия азыр эле андан баш тартып отурбайбы. Россиялык тынчтык орнотуучулардын ал жерде жайгашуусунун юридикалык негиздери ушунчалык борпоң болгондуктан мен алардын ордунда болсом ал жерде калууга болор болбосун ойлонуп көрмөкмүн.
Бийлик телеканалдарды көзөмөлдөөдөн ары өтө албайт
- Сиздин КМШдагы башкы демократ катары кадыр баркыңыз оппозициянын өткөн күздөгү чыгууларын аеосуз баскандыгыңыздан улам солгундай түштү. Эмне үчүн ал кадамдарга бардыңыз?
- Себеби, белгилүү болгондой, ал жөн гана оппозициянын митинги эмес, алдын-ала дыкат даярдалган кутум болчу.
- Кимдер тарабынан?
- Биздин маркум бизнесмен (Бадри Патаркацишвили- автор) тарабынан. Өлгөндөр тууралуу жаман айтуу грузиндердин салтында жок, бирок биз аны далилдеп бердик. Ал деген демократиялык процесстерди калп эле тууроо болчу. Бийликти мыйзамсыз жолдор менен кулатуу максатында уюштурулган каршылык эле. Кандай гана демократия болбосун мындай учурларда коргонууга тийиш. Ошондон кийин биздеги бүт оппозиция каалаган телеканалдан чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Мен оставкага кеткендей бир дагы президент кетпесе керек. Бул деген Грузия чыныгы демократиялык жолдо экендигин айгинелеп турбайбы. Бизде мындан ары эч ким жана эч качан 80 же 90 пайыз добуш ала албайт. Ошондуктан менин бүгүнкү 54 пайызым мурдагы 96 пайызга караганда алда канча маанилүү.
- Сиздин маркум Бадри Патаркацишвили менен келишпөөчүлүгүңүздү анын саясий көпкүлөңдүктөн улам "Имеди" телеканалынан ажырагысы келбегендиги менен байланыштырып жүрүшөт.
- Грузин мыйзамдары боюнча аракеттеги саясатчы телеканалга ээлик кылууга тыюу салынган. Ошондуктан ал саясатка келсе, телеканалды өткөрүп берүүгө тийиш. Бийлик болсо телеканалдарды көзөмөлдөөдөн ары өтө албайт.
- Грузиядагы кризис Ираклий Окруашвили сизге каршы чыккандан башталды. Ал эми ал ачыкка чыгар замат кылмыш иштери пайда болду.
- Ал иштер ал мага ачык каршы чыккандан бир жыл мурда эле пайда болгон. Жазадан качуу мүмкүн болбой калганда гана ал ошондой жол менен өзүн сактап калгысы келген.
- Бирок, ал сиздин команданын адамы эмес беле?
- Биздин башкалардан айырмабыз, биз өз адамдарыбызды калкалабайбыз. Ушул жылдардын аралыгында менин партиямдан парламент мүчөсү болуп жүргөн беш адам камакка алынды. Алардын айрымдары менин жакын досторум, аларга парламенттик иммунитет да жардам бере албады. Жетиби же сегиз бекен, жергиликтүү бийлик жетекчилери, 36 судьяны колдорунан кармап, коррупцияга аралашкандыгы үчүн камакка алдык. Ал эми коргоо министринин коррупцияга байланыштуу деп бети ачылганда, мага чындап эле жакын адам болгондугуна карабастан, укук коргоо органдары кийлигишүүгө туура келди.
- Андай болсо алгач аны кое берип, анан Франциядан кайтарууну (экстрадиция) талап кылуунун кандай зарылчылыгы бар эле?
- Биздин сот системабыз европаныкына окшош. Европадагыдай эле адамды күрөөгө чыгарып алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Эгер менден сурашкан болсо мүмкүн мен башкача айтмакмын, бирок, кудайга шүгүр, менден бул жөнүндө эч ким сураган жок. Негизи ошондой болууга тийиш - бийлик эгерде күчтүү болгусу келсе майда-чүйдөгө кийлигишпесин. Арзыбаган иштерге аралаша берген бийлик алсыз болуп калат.
- Сиздин бир убакта Грузияга европалык конституция керек деп айтканыңыз бар эле. Аны менен сиз парламенттик республика жөнүндө айткан жок белеңиз?
- Жаңы парламент шайлангандан кийин биз ага президенттин көптөгөн ыйгарым укуктарын өткөрүп беребиз. Мен өзүм жакшы президент деп колунда ыйгарым укуктары көп адамды эмес, болгон укуктарын орундуу пайдалана билген адамды эсептейм. Азыр жер-жерлерге ыйгарым укуктарды көбүрөөк берели деп жатабыз. Грузия президенттик институтту сактоо жолу менен парламенттик моделге көбүрөөк ык салууга тийиш. Президенттик бийликти жоюп жиберүү да опурталдуу. Президент көбүн эсе арбитрдын милдетин аткарып, аткаруу бийлигине текшерүүчүлүк кылууну азайтуу керек.
- Демек, премьердин ролу жогорулайт экен да?
- Ал азыр деле күчтүү. Мен өкмөттүн ишине сейрек кийлигишем жана бул системаны туура деп ойлойм. Өкмөт кандайдыр бир деңгээлде өзүнчөлүккө ээ, бирок мен ага институционалдык өзүнчөлүктү берээр элем.
- Оппоненттериңиздин Саакашвили бул мөөнөтү бүткөндөн кийин да бийликте калгысы келип, өзүнө аянтча даярдап жатат деген айыптоолорунан коркпойсузбу?
- Бул футурологиялык кыял. Мен ушул мөөнөтүмдү жакшылап өткөрүп алайынчы. Мен экиленип жаткан жокмун, ушул беш жылды чечүүчү жылдар деп эсептейм. Эгерде ушул аралыкта ийгиликтерди жарата алсак, анда ардактуу эс алууга чыгып, кийинки он жылдыктарда башкаларды аң-таң калтырган ишимдин натыйжасын ырахаттануу менен көрүп тургум келет.
"Коммерсант"