presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№38, 02.02.08-ж.
  Мыйзам туу

Соттогу бурулуш
Асылбек Салиев доо арызынан баш тартабы?
28-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда судья М.А.Давлетбаеванын жетекчилиги астында башталган соттук териштирүү улантылды. Билбегендер үчүн эске сала кетчү нерсе: президентибиздин бир тууган иниси, кадимки Жаныш Бакиевдин карачечекей уулу Асылбек Салиев "Алиби" жана "Де-факто" эркин гезиттерин сотко берип, "менин абийириме, ар-намысыма доо кетирген маалыматтарды таратышкан" деген доомат менен гезит редакцияларынын ар биринен бир миллион сомдон, макаланы даярдаган журналисттерден 500 000 (беш жүз миң) сомдон моралдык зыяндын ордун толтурууну суранган.
Сотко иш каралар алдында доогерден "ишти менсиз эле, менин өкүлдөрүмдүн катышуусунда карап берсеңиз. Мен Казань университетинде окуп жаткандыгыма байланыштуу сотко катышууга мүмкүнчүлүгүм болбой жатат" - деген өтүнүч түшкөн. Доогердин бул өтүнүчүн жоопкерлер биз деле жүйөөлүү көргөнбүз.
Адегенде доо арызда көрсөтүлгөн талаптарын толук колдогон доогердин өкүлдөрү соттук териштирүү учурунда кызыктуу жагдайга дуушар болушту.
Сотко берилген доо арызда доогер биздин гезитке жарыяланган "Президенттин инисинин ишин ким тергейт" деген макаладагы эки фактыны бетке кармап, чындыкка туура келбейт деп чыккан эле. Бирок, доогердин өкүлдөрү доо арызды орусча даярдагандыктан доо арызга макаланын орусча котормосу негиз болуп бергендигин, котормонун эки варианты эки котормо агенттигинде даярдалгандыгын моюнга алууга аргасыз болушту.
- Андай болсо силер кыргыз тилинде жарыяланган макаладагы гезиттердин билдирүүсүнө макул эместигиңерди билдирип жатасыңарбы же алардын орус тилиндеги котормосундагы билдирүүлөргө макул эместигиңерди билдирип, доо коюп жатасыңарбы? - деген медиа өкүлчүлүк институтунун өкүлү Шамарал Майчиевдин суроосу аларды таптакыр эле түшүнүксүз абалга кептеди. Бул суроого жооптун акыры эмнеге алып келерин жакшы түшүнүп турган доогердин өкүлдөрү С.Н.Котишевский менен С.Т.Хабибулин макалалардагы айрым фактыларды эмес, макалаларды бүтүн бойдон чындыкка туура келбейт деп таап берүү өтүнүчүнө өтөөрүн билдиришти.
Биздин гезитке доогер Салиев Асылбек тараьбынан коюлуп жаткан дооматтардын дегеле орунсуз экендигин мен өзүмдүн "Алибинин" 05.03.08-жылдагы санына жарыяланган "Салиевге салам" деген макаламда айткан элем. Салиевдин өкүлдөрү, ал өзү Кыргызстанда жок болгондон кийин, бул иш баюнча басма сөз маалымат каражаттарына жарыяланган ар бир билдирүү өтө маанилүү экендигин эске алып, карап койсо дурус болмок экен. Андай болгон күндө соттук териштирүү башталганда доо арызыбызды толук колдойбуз деп эдиреңдебей, шартка жараша аракет кылгандары түзүк болбойт беле.
Сотко болбогон нерсени болгон, жазылбаган нерсени жазылган деп бет тырмарлык менен арызды береерин берип алып, анан дагы анысын толук колдойбуз деп тургандарынын өзү эле эмнеден кабар берет?
Доогер менен анын өкүлдөрү бул аракеттерин кандай баалашат, алардын өз иши деңизчи, бирок сегиз ай бою боздоп, чуркурап, бир прокуратурасына, бир ГУВДсына чуркап, жыйынтык чыгара албай жүргөндөрдүн убалы, бүгүнкү күндө бир канкордун машинасынан ажал тапкан 24 жашар акбардын арбагы жөнүндө ким ойлоого тийиш эле? Болуптур, Салиев Асылбектин кырчындай жигитти уруп кеткен автомашинага тиешеси жок деп эле коелу. Бирок ошол эле машинанын ичинен анын атына жазылган "Кател" компаниясынын квитанциясы табылып отурбайбы. Бул жөнүндө Бишкек шаардык прокурорунун орун басары Э.Досматов Акбардын бир тууган эжеси Молдакунова Бегайга 27.04.07-жылы жөнөткөн №5/194-07 сандуу катында деле жазып жатпайбы "устанавливается личность Салиева А.Ж. на имя которого в салоне автомашины "Хюндай-Соната" с гос. номером 54 91 ВА обнаружены квитанции об оплате услуг телефонной связи" деп. Аты-жөнү жазылып турган адамды такташ үчүн бир ай убакыт керек болсо жыргаган экенбиз тергөө органдарына. Андан көрө ачык эле "биз Бакиев Жаныштын уулун суракка алганга даай албай жатабыз" - десе чындыкка кошуп калбайт беле.
Сотто доогердин өкүлдөрү "Алиби" гезитине койгон дооматтарынын негизсиз экендиктерин моюнга алууга аргасыз болуп отурушат. Гезит алар доо арызында көрсөткөндөй "салондон табылып, алынган телефон аппараты" жөнүндө эмес, "Кател" компаниясына Салиев Асылбектин атынан төлөнгөн акчанын квитанциясы жөнүндө сөз кылган. Бул маалыматты биз шаар прокурорунун орун басарынын жооп катынан, дагы башка маалыматтарды каза болгон Акбардын апасы менен эжесинин биздин редакцияга жазган катынан алып отурабыз. Бул маалымат булактарын биз сотто да санап бердик.
Кыргыз Республикасынын "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамынын 26-беренесинин а пунктуна ылайык гезитте жарыяланган маалымат официалдуу билдирүүлөрдө баяндалса маалымат каражаты жоопкерчиликтен бошотулат.
Кийинки соттук териштирүү 7-апрелге, саат 14.30га дайындалды. Өз катачылыктарын мойнуна алышкан доогердин өкүлдөрү биздин газетаны биротоло жоопкерчиликтен бошотууга даай алышкан жок. Дооматтарыбызды тактап келели деп тарашты.
Жогоруданбы же капталданбы, дагы кандай көрсөтмө болору аз күндө белгилүү болот. негизгиси, гезиттин жазгандары чындык экендигине гезит жамааты гана эмес гезит окурмандарынын да терең ишенүүсүн каалайбыз.

Б.Жээнбеков
Гезиттин башкы
редактору.




  Өткөн жылдагы журналисттик жоготуулар

"Тил менин тууганым, тил менин душманым"-деп орус туугандар айтмакчы, тилинен бал да тамган, уу да тамган, расмий болбосо да, бийликтин төртүнчү бутагы деп таанылган, чыркыраган чындык үчүн чымындай жанын тобокелге салып келген, массалык маалымат каражат кызматкерлери үчүн, өтүп кеткен 2007-жыл 1994-жылдан берки эң кайгылуу, ошол эле мезгилде эң кандуу жыл болуп калды.
"Репортеры без границ" деп аталган эл аралык уюмдун жыйынтыктоочу бир жылдык маалыматында, 2007-жылы эле 21 өлкөнүн 86 журналисти, ошондой эле массалык маалымат каражат кызматына тийиштүү ар кандай жумуштарда эмгектенген дагы 20 адам бейажал өмүрү менен коштошуп, бул көрсөткүч акыркы 13 жыл ичиндеги эң жогорку чегине жеткен.
2007-жылы шейит кеткен журналисттердин дээрлик жарымы т.а 47 адам кан күйгөн Ирак мамлекетинде каза болушкан. 2003-жылдан бери б.а Сем байке бул өлкөнү басып алгандан баштап, 207 массалык маалымат каражат кызматкерлерин оо дүйнөгө узаткан Ирактагыдай журналисттик медиа кыргын дүйнөнүн бир да өлкөсүнда, бир да жолу мынчалык деңгээлде болбосо керек.
"Бул өлкөдөгү журналисттерге болгон мындай кыргындардын саны, Руандадагы геноцидден, Алжирдеги массалык кыргындардан, Югославиядагы аскердик аракеттерден жана Вьетнамдагы согуштан каза болгон журналисттердин санынан да ашып түштү. Мындай аянычтуу көрүнүшкө түздөн-түз тиешеси бар Ирак өкмөтү жана АКШ бийлиги тез арада чечкиндүү чараларды көрүшү зарыл"-дейт жогоруда айтылган эл аралык уюмдун баяндамачылары.
Былтыркы өлтүрүлгөн журналисттердин сегизи ошол эле Африканын чыгышында жайгашкан Сомалидеги өкмөттүк бийликке, ошондой эле анын союздашы Эфиопия мамлекетине каршы согуштук аракеттерди жүргүзүп келген экстремисттик топтордун курмандыгы болушса, Пакистанда алты журналист өкмөттүк армияга каршы террористтик согуш жүргүзүп жаткан, исламга жамынган экстремисттик топтордун иш аракеттеринен набыт болушкан. Ал эми үч журналист Индиянынын түштүгүндө жайгашкан арал мамлекет Шри-Ланканын сепаратисттик маанайдагы б.а өз алдынчалыкка умтулган "Тамиль жолборстору" деп аталган аскерлешкен уюмунун согушчан аскерлеринин колунан каза болушкан. Ошол эле жылы дүйнөнүн 15 өлкөсүнүн 67 журналисти уурдалып, анын ичинде 25и Иракта барымталанган.
Багы жокко дагы жок демекчи, бул кесиптин ээлери өмүр менен өлүмдүн ортосунда жүргөндөрү аз келгенсип, бийлик тарабынан ур-токмокко алынып, куугунтукталып, кара тордун артында каржалып жаткандары канча? 2007-жылы бийликтин билермандарына жакпай калган б.а камакка алынган журналисттердин саны 887ге жеткен. Алардын 195и Пакистандын, 55и Кубанын, 54ү Ирандын, жүзгө жакыны Кытайдын абактарында "баш кесмек бар, тил кесмек жок" деген принципти карманышып, жаза мөөнөттөрүн өтөп келишет. Ал эми "сөз эркиндиги" деген түшүнүктүн жыты да жок, тотолитардык түзүлүштөгү Түндүк Корея мамлекетинде канчасы камалып, канчасы өлтүрүлүп жатканын бир Ким Чен Ир менен кудай билбесе, эч кимге белгисиз, табышмак бойдон кала берүүдө.
Азыркы мезгилдеги байланыштын классикалык үлгүсү эсептелген интернет байланышы да бийлик цензурасынан четте калган эмес.
Өзгөчө Кытайдын, Мьянманын, Сириянын интернет сүйүүчүлөрү байланыштын акыркы бул түрү менен толук кандуу колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан. 2007-жылдын октябрь айында болуп өткөн Кытайдын Коммунисттик партиясынын XXVII съездинин чечими менен эки жарым миң ар түрдүү сайттар, форумдар, блоктор бекитилсе, Сирияда өткөн жылы эле жүзгө жакын сайт жок кылынган. Баардыгы болуп өткөн жылы 2766 интернет ресурстары, көбү баарлашуу форумдары жабылган.
Ал эми орус журналистикасындагы абалга сереп салып келген "Журналисттерди коргоо комитети", "Айкындуулукту коргоо фонду" жана "Экстремалдуу журналистика фонду" деп аталган уюмдардын берген маалыматы боюнча орусиялык журналисттердин башын жуткан чыныгы "кара тешик" катары 90-жылдардын башынан баштап, азыркы мезгилге чейин Түндүк Кавказ аймагы эсептелет. Өкүнүчтүүсү бирөөсүнүн да бети ачылбай, унутта калды. Экинчи Чечен согушунда кызмат учурунда каза болгон журналисттер аскердик жоготуу катары бааланып, алардын өлүмү боюнча эч кандай кошумча тергөөлөр жүргүзүлгөн эмес.
Владислав Листьев, Игорь Домников, Анна Политковская сыяктуу чыгаан журналисттердин жана ушул эле жылдын 21-мартында үйүнүн жанынан өлтүрүлгөн ОРТ телеканалынын Түндүк Кавказ аймагы боюнча өз кабарчысы Ильз Шурпаевдин өлүмдөрү боюнча шектүүлөр кармалганы менен анын өлүмүн буйруган чыныгы адам өлтүрүүчүлөр адаттагыдай эле табылбай калбаса болду.
Ал эми өлкөбүз Кыргызстанда деле бул маселенин чечилиши көңүл жубатаарлык эмес. "Жамандын үйүн коногу бийлейт" деп элибиз айтмакчы, 2007-жылдын октябрь айында чаламандын чак түшүндө өзбек тилиндеги "Саясат" гезитинин негиздөөчүсү Алишер Сабировду өзбек чекисттери өлтүрүп кеткени эч кимге деле табышмак эмес. Өлкөбүздүн гана эмес дүйнөлүк журналистика коомчулугунда чоң резонансты жараткан бул буйуртма өлүмдү өлкө бийлиги "саясатчыларды деле, коомдук чыгаан инсандарды деле өлтүрүп кетип жатышпайбы, мындай чууну журналисттер өздөрү чыгарып, коомчулукка өздөрүн жарыя кылып жатышат"-деп, жөн гана кургак комментарийлери менен чектелиши, алардын өлкөбүздөгү жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон мамилесин көрсөтүп жатышпайбы?

Эрнис Балбаков










??.??