№38, 02.02.08-ж.
  Канат Култаев менен Мирбек Атабековдун коштошуу концерти

Канат:
- Канат байке, М.Атабековдун коштошуу концерти кандай деңгээлде өттү?
- Эми концерт кандай өткөнүн эл өзү таразалайт болушу керек. Албетте, мен каалагандай өткөн жок жана концертте мен ойлогон идеялардын 60 пайызы гана аткарылды. Себеби көп идеялар, ойлор бар болчу. Финансы жактан, убакыттын тардыгынан, анча-мынча жетишпей, ошол ойлор толугу менен ишке ашпай калды. Бирок, эң негизги максатыбыз, Мирбектин аткаруусундагы ырларды сахналаш ырчы досторуна ырдатуу болчу жана бул максатыбыз толук ишке ашты десем жаңылбайм.
- Сиз кандай ойлойсуз, Мирбектин кыргыз шоу-бизнесиндеги мындай аракети Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныта алабы?
- Мен Мирбекке ишенем. Мирбектен көптү күтсө болот, себеби ал өтө аракетчил, ичинде эч кири жок, оюу, жан дүйнөсү таза адам десем аша чаппасмын. Эми Мирбек чет өлкөдө өз талантын сынап көрсө деле болот, бирок мен буга каршымын. Анткени, Мирбектей ырчыларыбыз кетип калса кыргыз шоу-бизнеси абдан эле аксап калат.
- Сиз 2 жыл мурун Мирбек менен иштешээрде аны мындай "Мега-жылдыз" болот деп ойлодуңуз беле?
- Ооба, Мирбекти көргөндө эле андан чоң ырчы чыгаарына көзүм жеткен. Экөөбүз иштешип баштагандан 5 ай өтпөй, зор аншлаг менен өткөн Мирбектин жеке концертин өткөрүүгө жетиштик. Албетте, бул талыкпаган эмгектин натыйжасы. Мирбек менен иштешкен 2 жыл, мен үчүн чоң сыймык жана Мирбекке чыгармачылык ийгилик, ден-соолук, үй-бүлөөлүк бакыт каалайм.




Мирбек:
- Мирбек, айтсаңыз концерт сиз каалагандай өттүбү?
- Албетте кандай өткөндүгүн мен айта албайм аны эл баалайт, бирок ушунча күйөрмандарымдын колдоп келип берүүсү мен үчүн өтө чоң сыймык. Негизинен концерт ойдогудай өттү.
- Сиз ырдаган ырларды башка ырчыларга ырдатуу идеясы кимдики эле жана алардын аткаруусу сизге жактыбы?
- Мындай идеяны Канат байке экөөбүз чогуу иштеп чыкканбыз. Ал эми сахналаш досторумдун, ар кимиси өз ырдоо стилине жараша аткарышты. Жалпысынан купулума толду.
- Концертиңиз "коштошуу" деп аталыптыр, кыргыз шоу-бизнесин таштап чет өлкөгө кетейин деген оюңуз барбы?
- "Коштошуу" деп аталганынын себеби, продюсерим Канат байке экөөбүздүн ортобуздагы келишимдин аяктаганына байланыштуу гана коштошуу. Менин чет өлкөгө кетүү оюм жок. Учурдан пайдаланып Канат байкеге ыраазычылыгымды билдирем. Мындан кийин деле экөөбүз катышып турабыз. Анткени ортобузда ага-инилик сый мамилебиз бар.




Концертке катышкан Мирбектин сахналаш достору:
1. Мирбектин концерти кандай деңгээлде өттү деп ойлойсуз?
2. Мирбектин репертуарындагы кайсы ырды ырдадыңыз?
3. Мирбекке болгон чыгармачылык каалоо тилегиңиз?
Султан Садыралиев:
1. Менимче эң жакшы деңгээлде өттү. Албетте, бул чоң жетишкендик. Кыргызстанда мындай ырчылар көбөйсө, биздин шоу-бизнес өнүгөөрүнө көзүм жетет.
2. Мирбек өзү аткарган ырлардан ырдаган жокмун. Мирбек жазып берген "Не болду" - деген ырды аткардым.
3. Келечеги кең болсун, чыгармачылык ийгилик жана Кыргызстан менен эле чектелбей Россияда да, Казакстанда да атактуу ырчы болушун каалайм.

Сапар Эркебаев:
1. Концерт абдан жогорку деңгээлде өттү. Анткени бул концертте бир гана Мирбектин ырлары аткарылып жаткандыгы менен өзгөчөлөндү. Мени таң калтырганы Мирбек бул концертинде жалаң өз үнү менен ырдаганы болду.
2. Мен жалаң кыргыз тилинде ырдагандыктан Мирбектин "Не моя" аттуу ыры менен орусча ырдап көрсөмбү дегем, бирок Канат байкенин сунушу менен "Сен" деген ырын ырдап чыктым.
3. Мен Мирбекке албан-албан ийгиликтерди каалоо менен бирге, ушул калыбынан жазбай, чыгармачылыгын андан ары өркүндөтө берсин демекчимин.

Омар:
1. Мирбектин бул концерти мурунку концерттери сыяктуу эле эң жакшы өттү. Азыр экөөбүз чыгармачылыкта чогуу иштешип, Москвага да чогуу барып "Новая волна" конкурсунун 2-туруна катышып келдик.
2. Мага Мирбектин аткаруусундагы "Этот мир" деген ыры абдан жагып жүрчү, ошондуктан бул ырды тандап алдым.
3. Менин оюмча Мирбек бул концерти менен эле токтолбойт. Ал өз алдынча иштеп кетет деп ойлойм. Жана ага чыгармачылык зор ийгиликтерди кааламакчымын.

Аида Кулуева:
1. Менин оюмча Мирбектин бул концерти эң жакшы жана эң жогорку деңгээлде өттү.
2. Биз Ильяз Андаш экөөбүз Мирбектин репертуарындагы "Танцуй со мной" деген ырын аткардык. Бул ырды мен өзүм тандабасам да, мага абдан жагат.
3. Мирбек менен Канат байкеге мындан ары да ийгилик каалап, алга умтула берсин деп айтмакчымын.

Ильяз Андаш:
1. Кыргыз шоу-бизнесинин дөө-шааларынын бири Мирбек Атабековдун бул жеке концерти адаттагыдай эле жогорку уюшкандыкта, эң мыкты өттү.
2. Аида айтмакчы бул концертте Канат байкенин сунушу менен Мирбектин популярдуу ырларынын бири "Танцуй со мной" деген ырын Аида Кулуева экөөбүз ырдап чыктык.
3. Ушунча атак-даңкка жетише алган Мирбек Атабеков өз алдынча чыгармачылык жашоосунда мындан дагы чоң ийгиликтерге жетишип, күйөрмандарына дагы да болсо уккулуктуу ырларды тартууларына мен толук ишенем жана ага ийгилик каалайм.

Замир Арыкбаев:
1. Албетте, Мирбек Атабеков кыргыз эстрадасындагы өз ордун тапкан мыкты ырчы боло алды жана буга чейинки аншлаг менен өтүп келген концерти бүгүн да өз деңгээлинен түшкөн жок.
2. Мирбектин ушундай популярдуулукка алып келген анын эң алгачкы хити "Сени гана" деген ырын ырдап чыктым. Бул ыр мага башынан эле жагып жүрчү, ошондуктан бул ырды тандап калышым кокустук эмес.
3. Чыгармачылыгында өз алдынчалыкка кадам таштаган Мирбекке мындан кийинки иштерине, ушундай калыбынан жазбай, талыкпай эмгектинип жүрө беришин каалайм.

Азат:
1. Бул концертти уюштурууда абдан көп эмгектенгендери байкалып турду жана бүгүнкү Мирбек менен Канат Култаевдин коштошуу кечеси өзүнүн оргиналдуулугу менен айырмаланып, жогорку деңгээлде өттү.
2. Бегимай Есенгулова экөөбүз "Сагындым" деген сонун ырды ырдап бердик.
3. Таланттуу эки чыгармачыл инсандар Канат Култаев жана Мирбек Атабеков биздин шоу-бизнестеги жогорку деңгээлдеги тандем деп эсептейм Алар бири-бирин кошумчалап, чыгармачылыкта ушунчалык деңгээлге жетише алышты. Мирбекке мындан аркы иштерине чоң-чоң ийгиликтерге жетип, кийинки бийиктиктерди багындыра беришин чын жүрөктөн каалайм.

Алмаз Адамалиев:
1. Концерти эң мыкты өттү. Мирбектин күйөрмандарынын зал толо келип, колдоп бериши буга далил.
2. Бул жеке концертинде Чолпонай экөөбүз Мирбек алгачкы жолу ырдап чыккан "Жүзүң" деген ыры менен чыктык.
3. Мирбекке жашоодогу баардык жакшылыктарды, чын-денсоолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

Улан Джолукчиев, Тумар радиосунун ди-джейи, концерттин алып баруучусу:
1. Култаев-Атабеков проектисинин акыркы концерти деп эсептелген бул кече жөнөкөй концерттерден эмес. Бул концерт башынан аягына чейин ойлонулуп, баардык жагынан өзгөчөлөнүп жасалган концерт.
2. Албетте биринчи б.а оргинал деген оргинал да. Эми ар кайсы ырчы өз деңгээлдерине жараша, өз стили менен аткарышты. Негизинен баардыгы тең жакшы ырдашты.
3. Мирбекке жашоодогу баардык жакшылыктарды, чыгармачылык ийгиликтерди жана чын-денсоолук каалайм.

Кулактандыруу
"Алиби" гезитинин ар бир санында жарнамалар сап түрүндө жана модулдук түрдө кабыл алынып, жарыяланат.
т. 21-66-28, 62-44-35 номерине кайрылыңыздар!