presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

№38, 02.02.08-ж. Манас глобалдашуунун жана технократиялык цивилизациянын дөңгөлөгүнүн астында калабы же эгемендүү кыргыз мамлекетине кандай тарбия стратегиясы керек?
1. Таалим-тарбиянын тизгинин стихиянын колуна карматып койгон мамлекет коомдогу башаламандыкка жол ачат.
Ар кандай коомдун, мамлекеттин өзүнүн ырааттуу түрдө жолго коюлган таалим - тарбия системасы болуш керек. Тарбия институтун унуткарган, аны таназар албаган, тарбия ишинин тизгинин стихиянын колуна карматып койгон мамлекет коомдогу хаоско, адеп-ахлак башаламандыгына жол ачат. Таалим-тарбия маселеси стратегиялык маселе катары ар дайым мамлекеттин көңүлүнүн чордонунда турушу зарыл. Анткени тарбия адамзат, улут, социум топтогон социалдык-тарыхый тажрыйбаны, маданиятты, руханий-адеп-ахлак салттарын муундарга мурастап өткөрүүнүн куралы. Коомдогу өтмө-катыштык жол-жобосун жүзөгө ашырып турган улуу феномен-тарбия механизми аркылуу гана коом - коом катары сакталып турат жана келечекке карай илгерилеп өнүгөт. Демек, тарбия категориясы эч убакта эскирбеген, эч качан өзүнүн актуалдуулугун жоготпогон түбөлүктүү категория.
Атуулдарынын тарбиясын тагдырга тете турмуштук зарыл маселе катары көңүлдүн борборуна коюуну көздөгөн мамлекет, коом биринчи иретте, ошол өзүнүн таалим-тарбия ишмердигинин түпкү, башкы максатын алдын ала так аныктап алышы шарт. Такталбаган, тумандуу белгисиз маршрут менен жүрүүгө, компассыз, маяксыз деңизде сүзүүгө болобу? Мына ушундан улам орустун улуу педагогу К.Д. Ушинский тарбиянын негизги көздөгөн максаты жөнүндөгү маселени коомдун педагогикасынын биринчи философиялык маселеси деп эсептеген.
Ырасында, мамлекетте коомдун коом катары, калктын калк катары сакталышына жана өнүгүшүнө тирек-таяныч, багыт-маяк болуп бере турган социалдык-философиялык, моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн системасы иштелип чыккан болушу керек эмеспи. Ошол улуттук кыртышка, традицияга негизделип, улуттук өнүгүүнүн муктаждыктарынан жана таламдарынан чыгып, конструктивдүү түрдө иштелген көз-караштык нарк-дөөлөттөрдүн, идеалдардын системасы реалдуу түзүлгөн чакта коомдун тарбия иши үчүн багыт-маяк пайда болот. Мамлекет өзүнүн туу катары карманган ошол идеялык-философиялык жана адеп-ахлак нарк-дөөлөттөрүн идеология катары өз букараларына сунат, алардын алдын прожектор сыяктуу жарык кылат. Ошондо жарандардын, тарбиячылардын жетекке ала турган, ориентир тута турган, жогорку идеясы жана идеалы пайда болот. Ошол жогорку норма-өрнөктөргө, идеалдарга умтулуу, аларды реалдуулукка айландыруу, практикада жүзөгө ашыруу таалим-тарбия ишмердигинин башкы мүдөөсү, негизги максаты болуп калат. Ушундай башкы мүдөө, кыймылдын негизги вектору аныкталса гана таалим-тарбия ишин максатка багытталган түрдө уюштурууга жана системалуу алып барууга мүмкүндүк түзүлөт.
2. Эгемендүү кыргыз мамлекетинин таалим-тарбия доктринасы барбы?
Айтылгандардан улам келип чыккан логика мындай соболду таштоого түртөт. Биздин кыргыз мамлекетинин бүгүнкү күндө айкын-ачык алдыга койгон таалим-тарбия максаты, концепциясы же мамлекеттик доктринасы барбы? Маселен, Кыргыз Республикасы кандай атуулду тарбиялоону мүдөө тутат? 2007-жылы октябрь айында болуп өткөн педагогдордун экинчи съездинин секцияларында жүргөн дисскуссиялардын катышуучулары коомубузду каптаган адеп-ахлак кризисинин шартында эгемендүү кыргыз демократиялык коомунун, мамлекетинин тарбиячыларга так ориентир болуп бере тургандай башкы таалим-тарбия стратегиясы, мамлекеттик тарбия программасы иштелип чыкпагандыгын, аныкталбагандыгын бир ооздон белгилешкендигин бул жерде айтып өтүүнү ылайык көрөбүз.
3. Кыргызстандын билим берүү концепциялары негизинен космополитти, жалпы эле "дүйнөнүн граждандарын" окутуп, тарбиялоого эсептелгенби?
Мунун чындыгы бар. Ушул макаланын автору, мен өзүм да Кыргызстандын буга чейинки билим берүү боюнча мамлекеттик доктринасында, концепциясында, "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамында таалим-тарбия маселесине олуттуу көңүл бурулбагандыгын (билим берүү тарбиядан тышкары боло албайт), биздин билим берүү документтерибиз негизинен адисти (специалисти) даярдоого эсептелип, Кыргыз Республикасынын атуулун эмес, жалпы эле дүйнөнүн граждандарын окутуп тарбиялоого багытталып, космополиттик мүнөз алып калгандыгын, биздин доктрина, концепцияларыбызды "Кыргыз Республикасы" деген атты алып таштап, дүйнөнүн көрүнгөн өлкөсүнө алып барып чаптай берсе боло берерлигин анализ, мисалдар менен далилдеген элем. ("Кутбилим" 7.07.07.)
Ырасында жалпы эле улуттук идеологиянын түзүлүп, негизделип ишке киргизилбегендиги таалим-тарбия ишин жана билимди бир чоң максатка багыттап уюштурууга жана ырааттуу жүргүзүүгө өзүнүн залакасын тийгизип, жаш муундардын социалдашуусунун ыраатсыз, башаламан өтүшүнө алып келүүдө. Мамлекеттин таалим-тарбия стратегиясы, программасы иштелип, системалуу түрдө жолго коюлбагандыгынан улам өлкөдө келип чыккан вакуумду, боштукту бүгүн кимдер, кандай нерселер толтурууда? Бул тууралуу сөз кылуудан мурда бир аз четке чыгып, тиги чоң Россия тарапка серп таштап көрөлүчү.
4. Глобалдашуунун чабуулунан Россия державасынын пайдубалы солкулдап жатса, алакандай Кыргызстандын абалы кантти?
Жакында эле Европада өткөн бир чоң форумда орус православиялык чиркөөсүнүн чоң башчысы эл аралык кызыкдар күчтөр тарабынан россиялык үй-бүлөлүк моралдын салттык негиздерине массалык түрдө тынымсыз чабуул жасалып жаткандыгы жөнүндө тынчсыздануу менен билдирип отурат. Ошондой эле, Россиянын окумуштуулары жана коомчулугу электрондук массалык маалымат каражаттарынын улутту ич жактан ириткен деструктивдик ишмердиги мындан ары да ушундай активдүү улана бере турган болсо, акыры россиялык элдик менталитет бузулуп, талкаланышы мүмкүн экендиги тууралуу олуттуу түрдө кабатырланып жазып жатышат. Ойлоп көрөлүчү, дүйнөлүк чоң держава Россия глобалдашуунун чабуулу алдында ушинтип көйгөйлөнүп, убайым чегип жатса, анда алакандай Кыргызстандын абалы кантти?
5. Эл аралык геосаясий күчтөрдүн, массалык маданияттын тымызын бүлүндүрүүчү иш-аракеттери жана кыргыз коомунун таалим-тарбиясындагы "башы жок бака, көзү жок көгөн"
Кыргызстандын элине эмес, биринчи кезекте географиясына, кен байлыктарына кызыккан, койнунда котур ташы бар эл аралык геосаясий күчтөр, глобалдашуунун жергиликтүү спецификаны оп тартып жутуп коючу кубаттуулуктары, электрондук маалымат каналдары, батыштык массалык маданияттын арзан стандарттары, демократияга жамынган ар кандай диндик миссионерлер СССР доорунда маңкуртчулук илдетине, "сверхинтернационализм" оорусуна чалдыккан "Общий домго" эч тоскоолдуксуз кирип, карызга баткан жакыр өлкөнүн алсыздыгынан пайдаланып, тоскоолдукка, каршылыкка учурабай, көзөмөлсүз ээн-эркин өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүүдө. Капиталисттик-рыноктук шарттарда биздин жаш муундарыбызды катаалдыкты, жат адеп-ахлакты үгүттөгөн чет өлкөлүк боевик фильмдер, видеотасмалар, парнография, түнкү казинолор, сауналар, компьютердик клубдар, шаарларда жайнап чыккан жашыруун микро "публичный домдор", ар кандай диндик секталар, акчаны, байлыкты, бийликти, жеке баштын кара жемсөө кызыкчылыктарын культ кылган өзүмчүл нравалар, "байтал базарларга", "кул базарларга", коррупцияга кеңири жол ачкан кунарсыз социалдык чөйрө, көчө демократиясы көбүрөөк тарбиялап жатат. Натыйжада азыр кандай түшүмгө ээ болуудабыз? Өлкөбүз дүйнөдө "алдыңкы орунда" турган криминалдуу өлкөгө айланды, наркозаттардын эл аралык коридору болуп калды. Кылмыштуулук, баңгичилик, аракечтик, агрессивдүү жүрүм-турум мектептердин ичин аралап кирди (статистикалык маалыматтарды, фактыларды бул жерде санап, сөздү узартпай эле коёлу, алар ансыз да белгилүү). Карылар үйүндө кыргыз абышка-кемпирлер көбөйүп жатат. Кыргыз сахнасын кыргыз музыка кайрыктарын бузуп, чет өлкөлүктөрдүн кайрыгына салып ырдаган, улуттук калориттен куржалак, эпигон "жылдыз-мутанттар", "кумирлер" ээлей баштады. Өз улутунун тилине, дилине, салтына кайдыгер жаштар, чиновниктер осол айтканда, "иттин кара капталынан". Бүгүн кыргыздын бири Хизбут-тахир болсо, экинчиси христиан, дагы бири буддист. Алакандай кыргыздын биримдигине ич жагынан жарака кетүүдө. Кыргыз баласы бүгүн өзүнүн тагдырын, өмүр-жашоосунун маңызын Атажурт деген улуу түшүнүк менен көп байланыштырбай баратат. Миңдеген кыргыздар чет өлкөлөрдүн граждандыгын алып, бөтөн жактарды мекендеп отурушат. Чет жактарга дагы койдой чубуруп кетип жатышат. Өз ата конушубузда кыргыздар улуттук азчылыкты түзүп калуу коркунучу пайда болууда. Үй-бүлөлөрдө ата-энелерди уруп-сабоо, өлтүрүү фактылары улам арбууда. Кыскасы, "демократия аралында" бүгүн моралдык башаламандык, "бири үйдү караса, экинчиси чүйдү караган" башы жок бака, көзү жок көгөн дегендей жагдай өз бийлигин жүргүзүүдө.
6. Мамлекеттин атка минерлери, депутаттары, Алатоонун ар бир атуулу эмне жөнүндө ойлонушу керек?
Ушундай шартта эмне кылуу керек?
Бүгүн башына кыргыз калпак кийген катардагы ар бир атуул да, депутатмын, чиновникмин деген ар бир жаран да, өкмөт да, эл башчылары да бери жактагы фасадыбызды кооздоп сүйлөгөнүбүз менен улутубуздун руху, дили, тили, маданияты, салты, элдик моралы катуу коркунучта тургандыгын, ички турмушубуз бүлүнүп жаткандыгын, эгерде бизге окшогон кичине улут, жаңы эркиндик алган, жаш мамлекет алды-артын ойлоп, тизгинин жыя кармабаса, азыркыдай стихиялуулуктун жетегинде кете берсе, бара-бара элдүүлүгүнөн, мамлекеттүүлүгүнөн, территориясынан кол жууп калышы ажеп эмес экендигин терең аңдап туюнуулары зарыл. Глобализмдин, күчтүү цивилизациялардын, масс-медиянын бүлүндүрүүчү жана маданияттарды бир көгөнгө тизип унификациялоочу саясатынын баскынында калып, ассимиляцияланып, улуттугубузду жоготуп коюу опурталдуулугу алдыбызда реалдуу тургандыгын жон терибиз менен айкын-ачык сезип түшүнүү бүгүн бизге аба менен суудай керек болуп отурат. Ушул жагынан караганда, ата-бабаларыбыздын бизге калтырган акыл-насаттары эске түшүрүү бүгүн өтө актуалдуу. Тарыхчы бабабыз Осмонаалы Сыдык уулу өз ата конушуңда чет жактан келген келгиндердин кулу болуп калбастын айласын кылуу керек деп бизге катуу эскерткенин эстейли ("Тарых кыргыз Шадмания"). Жоокерчилик жана колониалдык татаал заманда атактуу акын атабыз Нурмолдо "Калмактын чегин кайтаргын, кытайдын чегин кулптагын", "Жериңди сатканың - элиңди сатканың - келечегиң атканың" деп насааттаган. Талып Молдо илгеркилердин "ата-бабаңдын тилин бурба, кийимиңдин түсүн бузба, элиңди, жериңди сакта" деген накылын кагазга жазып калтырып кеткен. Ал эми "Манастагы" Эр Кошойдун жаш Манаска айтып турган төмөнкү:
"Кенен ойло башынан, кебелбес болсун казынаң, калың бороон, катуу күн, кулунум канчалык өтөөр башыңан, кыр-кырда кыргыз элиңе, кызыккан жандар дагы бар, кылчайбай канды агызар, кызыталактын баары бар, элиңди түгөл башкарып, өз алдыңча болгондо, сени таштап койбос жепжеке, суроодон угар дайныңды, күтүнбөстөн сен жатсаң, бир күнү чабар айлыңды, ошого моюн бербеске, ок өтпөгөн тон камда, куусаң жетпей калбаска, ок жетпеген ат камда" - деген насааты кудум бүгүнкү бизге түздөн-түз багышталып тургандай. Бизге бабаларыбыздын ушул акылман насаатынын духунда терең ойлонуу кажет. Чынында эле, башыбыздан бүгүн "калың бороон, катуу күн" өтүп, жанагинтип "кыр-кырдагы кыргызга кызыккан кысталактар көбөйүп", жергебизди "куралсыз экспансия" басып турбайбы.
Эми бул айтылгандардан кандай жыйынтык чыгат? Бир гана жыйынтык чыгат. Ойгонуп көздү чоң ачып, Ата журтту ата-бабалар сактап келгендей бекем сактоого, улуттун туусун ата-бабалардай бекем кармоого, тыштан келген ириткич жат таасирлерге каршы ич жактан таштай түйүлүп, чечкиндүү туруу кажет. Өз үйүңдө өзүң кожоюн болуп, улуттун ички жана тышкы коопсуздугунун камын көрүп, мамлекеттин рух негиздерин чыңдап, "Манаста" айтылгандай "үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап, жоголгон жокту таап, журт айласын кылып, кенен ойлоп", илим-билим менен "кебелбес казына, ок өтпөгөн тон, ок жетпеген ат камдап", өзүбүздүн илгертен татыктуу, ар намыстуу кыргыз эл экенибизди дүйнө калктарынын алдында далилдешибиз керек. Мына ушундай даражага жетиш үчүн улуттун ички социо-маданий рухий ресурстарын кечиктирбей активдүү түрдө кыймылга келтирип, илгертен келаткан атуулдук-патриоттук менталитетибиздин духунда кайра жаралышыбыз зарыл. Мына ушул жерден биз алды жакта козголгон жанагы таалим-тарбия жөнүндөгү маселеге кайра кайтып келебиз. Анткени, азыркы айтылган үлкөн тарыхый милдетти, менталитет жаратуу озуйпасын, таалим-тарбия аттуу күчтүү куралсыз, механизмсиз жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес.
7. Кыргыз республикасынын таалим-тарбия системасынын башкы мүдөөсү, идеологиясы кандай болуш керек?
Эмесе, бүгүнкү эгемендүү Кыргыз Республикасынын мындан ары колго алынуучу таалим-тарбия ишмердигинин башкы максатын бардыгына ачык, түшүнүктүү болгудай кылып даана аныктап алуу милдет. Ушул жерден дагы бир жолу айтып өтөлү, бүгүн бизди, биздин балдарды эмне жана кимдер гана тарбиялап жаткан жок. Карама-каршы кызыкчылыктардагы түркүн күчтөр, тарбия "арабабызды" Крыловдун тамсилиндегидей бири туурага тартса, бири өйдөгө тартып, бири төмөнгө тартып, үйүбүздө ыраатсыздык, башаламандык. Бир сөз менен айтканда, өз ата конушубузда ээрге кайрадан оңдонуп отуруп, тарбия ишин бир улуттук стратегиялык багытка салып, ишке киришүүгө кезек келди.
Ата конуш деп атабыз, эгемендүү мамлекетибиз деп атабыз, сурайлычы, ошол эгемендүү ата-журтубузга ким, кандай атуул жөлөк-таяк, тирек боло алат? Кандай атуулдук менталитет улуттун келечегине гарантия болуп берет? Биздин терең ишенимибизде Кыргыз Республикасына, мамлекетине өз Алатоо мекенин, өз элинин эгемендүүлүгүн, көз карандысыз өз алдынчалыгын, эркиндигин эң жогорку кол тийгис ыйык дөөлөт деп эсептеген, муну менен сыймыктанган, кыргыз тилине келгенде Расул Гамзатов айткандай, эгер эне тилим жоголсо, мен өлүүгө даярмын дегендей патриоттук сезимге каныккан, бир боор калкынын рух нарктарына, моралдык кенчтерине, түптүү адат-салттарына аң сезими жана жан дүйнөсү терең сугарылган, улутунун маданиятын өздөштүрүп, сактап гана эмес, андан ары өнүктүрүүгө күч үрөгөн, бир боор калкынын тарыхын мыкты билип, ата-бабаларынын азаттык үчүн, журтту, улутту сактоо үчүн болгон каарман күрөшүн ичинен өрнөк туткан, ошону менен бирге жалпы адамзаттык маданияттын гуманисттик асылнарктарын өздөштүргөн, демократиялык коомдун баалуулуктарын жана идеалдарын урматтаган, өз республикасынын алдындагы милдеттерди терең туюнган жана алардын аткарылышына өзүнүн атуулдук салымын кошууга активдүү умтулган, технологиялык жактан сабаттуу, дүйнөгө сын көз менен караган, чет жактардын ар кандай "маданий баскындыгына" карата "макул болбоо маданияты" ("Культура несогласия" - Д. Лихачев) өнүккөн, өз тагдырын ата-журтунун тагдырынан бөлүп карабаган, улуттук ар намысы бийик, мекенчил атуул инсан гана бекем тирек, таяна турган тоо болуп бере алат. Ушундай атуулдук менталитет гана мекенибизди сактайт жана өнүктүрөт деген ынанымдабыз. Дал ушундай типтеги граждандык менталдуулукту, атуул патриотту, гуманистти жаратып, калыптандырып, өстүрүп чыгаруу кыргыз жумуриятынын таалим-тарбия стратегиясынын башкы мүдөө-максаты болууга тийиш деп ойлойбуз. Ушундай концепцияны кабыл ала турган болсок, анда ориентир болуп бере турган өзүбүздүн тарбия идеологиябыз болмок да, таалим-тарбия ишибизди максатка багытталган түрдө жүргүзүүгө жакшы ыңгай түзүлмөк.
8. Экономикалык стратегия менен таалим-тарбия стратегиясынын кош тизгинин бирдей кармоонун зарылдыгы
Ушул жерден дагы бир кыстырма кошумча сөзгө жол берели. Улуттук өнүгүүнүн стратегиялык багыттарында ойлонгон идеологдорубуз, көч башыларыбыз, мамлекеттик кораблдин штурвалында отурган атка минерлерибиз дүйнөдө мурдагы "кансыз согуш" акырындык менен "маалымат согушу" менен алмашкандыгын, дүйнөлүк супер державалардын кубатына таянган эл аралык күчтөр жаңы электрондук маалымат куралдарынын жардамы менен жер үстүндө монополярдуу дүйнөнү түзүүгө умтулуп жаткандыгын, Кыргызстан да мындай геосаясий, глобалисттик умтулуштардын объектисине айлангандыгын көңүл борборуна тутууга тийиш. Ошондой глобалисттик, супердержавалык кызыкчыларды жүзөгө ашырып жаткан бир эл аралык корпорациянын жашыруун идеологиялык документинен бир эле үзүндүнү эске сала кетели.
"С помощью информационного оружия нового поколения создание атмосферы бездуховности и безнравственности, негативного отношения к культурному наследию, провоцирование социальных, политических и религиозных столкновений, подрыв международного авторитета государства" ("Педагогика" - журналы - Москва, 2006, №2, 16-бет).
Мына ушундан улам биздин жетекчилер жана идеологдор кыргыздын эгемендүү өлкөсүн кандай опурталдуу мезгилде жана кыйын-кезең шарттарда башкарып жатышкандыгына эсеп берүүлөрү керек деп айткыбыз келет. Мындай жагдайда калк лидерлери коомубуздун өнүгүү стратегиясын жалаң гана экономикалык-техникалык критерийлерге негизденип түзүүгө болбостугун, экономикалык стратегия маданият, тарбия стратегиясы менен жуурулушу керектигин (маселен, Япониянын экономикалык кереметинин артында япондук самурайлык дух, улут бакыбатын көздөгөн атуулдук, коллективдик жоопкерчилик этикасы, традиция жаткандыгын), социомаданий факторлор менен бекемделбеген экономикалык реформа күткөн түшүмдү бербестигин концептуалдык деңгээлде туюнуп коюшса. Мына ошондуктан өйдөтө формулировкаланган таалим-тарбиянын стратегиялык башкы максаты бекер жерден чыгып жатпагандыгын дагы бир ирет басым коюп белгилегибиз келет.
9. Тарбиянын башкы мүдөө-стратегиясын жүзөгө ашыруу үчүн мазмундук базаны кайдан алабыз, кайдан табабыз же улуттук коломтого кайрылуунун керекчилиги
Эми суроо туулат. Жогоркудай өлкөнүн тиреги, таянар тоосу, сыймыгы жана келечеги болуп бере турган атуулду калыптандыруу мүдөөсү, тарбиянын башкы стратегиясы кандай педагогикалык материалды, кандай мазмундук ресурстарды пайдалануу аркылуу жүзөгө ашышы мүмкүн? Таалим-тарбия процесси кандай мазмундук фундаментке таянып жүргүзүлөт жана андай базаны ал кайдан алат, кайдан табат? Ушул өзөктүү маселе башынан туура чечилбесе, туура аныкталбаса, анда таалим-тарбиянын башкы мүдөө-максаты абстракция катары абада асылып калышы мүмкүн. Эмесе тарбиянын мазмуну жөнүндөгү сөзгө өтөлү.
Түз эле айтыш керек, өйдөкүдөй атуул-гражданиндин моделин реалдуулукка айландыруучу тарбия ишмердигине мазмундук база болуп бере турган рух казынасын башка жактардан эмес, биринчи иретте, өзүбүздүн улуттук коломтобуздан издешибиз шарт. Мына бул поэтикалык-философиялык саптарга көңүл буруу маанилүү деп эсептейбиз.
"Бирөөлөрдүн оюн оңой кабылдаш, бирок аның өз дөөлөтүң боло албас. Өз пикириң өзөгүңө тамырлаш, өзүңкүңдөй кымбат нерсе табылбас. Ич жагыңдан мотор сындуу айланып, өтө керек өз ой менен жалындаш. Бөтөн ойду балдак кылып таянбай, өз күчүнө ишенгендер жаңылбас".
Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири кыргыз калкы сан кылымдарды карыткан тарыхый жолунда өз тулкусуна өзөк болуп тамырлаган, ич жактан мотор сындуу айланып, жүрөк болуп кагып, жамаатка күч-кубат, өмүр-жашоо берип келген өзүнүн улуттук идеясын, көөнөрбөс акыл-ой, рух дөөлөттөрүн, менталдуулугун иштеп чыккан.
10. Улуттук рух казынасындагы эки ыйык дөөлөт таалим-тарбиянын башкы урааны катары
Биринчиден. Ошондой улуттук ыйык дөөлөттөрдүн бири, бул - Ата Мекен идеясы. Кыргыздын ыйык дөөлөтү - Ата Мекен, Алатоо. Ата журт улуттук идеясынын символу бул - улуу "Манас". Атажурттун азаттыгы, өз алдынчалыгы, бөлүнбөс бүтүндүгү, бакыбаты үчүн карууну казык, башты токмок кылып кызмат кылуу, кара башты курман чалуу идеясы, каарман күрөш өрнөгү, мекенге карата толуп-ташкан сүйүү сезими "Манаста" берилген. Манас атанын ушул улуу идеясы менен кыргыздын уул-кыздары Барсбектен тартып Курманжан даткага чейин аба менен дем алгандай дем алып, тарыхта жашап, күрөшүп келишкен. Ата журт менен камыр-жумур болуп жуурулушкан биримдиктен кыргыз баласы өз өмүрүнүн маңызын көргөн. "Алатоомсуз, мен киммин? - Ата-энесиз жетиммин!" - деген кыргыз. Ата журт улуттук идеясы кыргыздын канында, социалдык-маданий генетикасында жашайт. Азар да элдик менталитеттин тереңинде "жүрөк кагып" турат.
Дал ушул мекенчил менталитет, тагдырды ата журт кызыкчылыгына байлаган патриоттук принцип, эл-журттун эгемендүүлүгүн ыйык санаган улут идеясы бүгүнкү таалим-тарбиянын негизинде жатууга тийиш.
Экинчиден. Таалим-тарбиянын пайдубалында жата турган дагы бир улуу дөөлөт бар. Бул - биримдик, ынтымак философиясы. Өзүнүн тарыхый тагдырында кыргыз калкы ички бытырандылыктан, бөлүндүлүктөн, өз ара уруу чабыштарынан далай азап чеккен, бүгүн да трайбализм, жер-жерлерге бөлүнүүчүлүк илдетинен жабыр тартып отурат. Бирок ошондой болсо да, "Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет", "Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу" ("Манас") деген патриоттук даанышмандык кыргыз социумунун ички өзөгүн тепчип өткөн дайымкы улут идеясы болуп келген. Дал ушундай философиядан улам кыйын-кезең кырдаалдарда кыргыз калайык-калкы бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бир туунун алдында биригишип, тарыхтын бороон-чапкындарынан аман-эсен чыккан учурлары көп болгон. IX кылымда Азияда өкүм сүргөн айтылуу кыргыз империясынын ийгилиги биримдик улуттук идеясына негизденгендигинде болгон. Кыргыздын алдыңкы акылман акыл-эси өз ара коюн-колтук алышкан, күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышкан биримдиктин, ынтымактын ("Бирдик болбой - тирдик болбойт" - эл макалы. Өз ара ыркыбыз кетсе, "Пил да болсок жыгылдык, миң да болсок кырылдык" - Бакай. "Ырыс алды ынтымак, ынтымагың жок болсо, алдыңдан таяр алтын так" - Калыгул. "Бакыт - чыгаандардыкы: бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаргандардыкы" - Нурмолдо) идеясы улут тагдыры үчүн фундаменталдык мааниге ээ экендигин терең туюнган. Биримдик идеясын бүгүн улуттун ички монолиттүүлүгүн чыңдоонун фактору катары таалим-тарбия ишмердигинин идеологиялык ориентири жана мазмундук философиялык базасы катары активдүү жашатышыбыз зарыл.
11. Эне тили - улуттун жүрөгү, эгер бул жүрөк токтосо, улут өзүнүн жашоосун токтотот же Мамлекеттик тил таалим-тарбиянын туусу
Улуттун улут экенин, кыргыздын кыргыз экенин билгизген башкы көрсөткүч - эне тил. Кыргыз тилибиз - улутубуздун жүрөгү. Кан тамырында жүгүрүп, көөдөнүндө согуп турган эне тили - жүрөгү токтосо, улут улут катары жашоосун токтотот. Эне тилин жоготкон, унуткан адам - тирүү өлүк, маңкурт, экономикалык макулук. "Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт" (Байдылда) деген накыл бекеринен эмес. Жогоруда айтылгандай, "Тилиңди бурба" - деген насаат ата-бабалардын муундарга айткан биринчи насааты болгон. Демек, түп маанини туюнсак, эне тилибиз ар бир алатоолук атуулдун ар намысы, сыймыгы, жашоосунун маңызы, дүйнөгө көрсөтө турган "улуттук паспорту" (Э. Ибраев). "Күчтүүбүз ата журттун кучагында, калкымдын уюткулуу дили менен, биз элбиз, биз инсанбыз, биз улутпус, алатоолук кыргыздын тили менен!" Дал ушундай философияны, улуттук идеяны бекем тутунуп жашаган, мамлекеттик тилдин кызматы үчүн тикесинен тик турган намыскөй атуулдарды өстүрүп чыгаруу мүдөөсү тарбия ишинин өзөгүн аныктап, ар дайым активдүү аракетте турса, анда мындай менталдуулук - республикабыздын дүйнөлүк цивилизация көчүнө өз жүзүн сактап кошулушунун өбөлгөсү болмок.
12. Тарбиянын уюткусу - улутубуздун улуу тарыхы же улуттук ар намыс сезимин калыптандыра турган көрөңгө кайсы?
Тарбия ишинин негизине алынып, мазмунун аныктай турган кенч, бул - улуттук тарых. Ушул жерден эске түшүп турат. Россиянын батыштын таасирине баш оту менен кирип кеткендигине байланыштуу 1867-жылы атактуу Герцендин ачууланып мындайча жазганы бар: "Өзүбүздүн көйнөгүбүздөн жана сакалыбыздан тартып, баарынан ажырагандыгыбызды көрүп отурабыз. Бизди өзүбүздүн энебизди жек көрүүгө жана ата конушубуздун коломтосун шылдыңдап күлүүгө үйрөтүштү. Бизге чоочун тараптардын бөтөн салттарын таңуулашты". Герцендин бул сөздөрү түздөн-түз кыргыздарга айтылгандай дегибиз келет. "Эски дүйнөнү кайтарабыз!", - деген большевиктик, нигилисттик ураанга жамынган тоталитардык система бизди да өткөн тарыхыбызга түркөй сабатсыздардын жана ташбоор эзүүчүлөрдүн кайгы-муңга толгон караңгы тарыхы катары кароого, улуттук салттарыбызды чириген феодализмдин "калдыгы" катары түшүнүүгө үйрөтүп, көбүбүздү өз бешигин балталап бүлүндүргөн, өз "Бугу энесине" каршы ок аткан Орозкулдар менен Момундарга (Ч.Айтматов) жана маңкурттарга айландырууга үлгүргөндүгү чындык. Бирок улутубуздун чыныгы тарыхы башкача, баскан жолу бөлөкчө экен го, көрсө. Кыргыз тарыхы - сыймыктана турган тарых. Кыргыздар Азияда биринчилерден болуп өзүнүн жазмасына ээ болгон эл. Кыргыздардын биздин эранын V кылымында эле рун жазуусун колдонгондугун Чыгыш менен Батыштын окумуштуулары эбак эле далилдеп көрсөтүшкөн. Борбордук Азия калктарынын ичинен байыркы тарыхта аты биринчи учураган кыргыздар илгерки доорлордо алгачкылардан болуп алтын, темир кендерин иштеткен, өзүнүн хандыгына, мамлекеттүүлүгүнө эгедер болгон (кытай жазмаларынын далилдери), а түгүл Азияда өзүнүн империясын түзгөн (IX кылым), темирден аскердик куралдарды жасоо жагынан алдына киши чыгарбаган, кытай жазмаларынын жана орто кылымдагы саякатчылардын берген маалыматы боюнча чептерди, шаарларды (маселен, "Алакчын", "Кыргыз хан" шаарлары) курган, башка тайпалар, калктар менен дипломатиялык мамилелери өнүккөн, эпостордо айтылгандай "Эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, беттеп адам барбаган, ар душман жеңип албаган" жоокер, эмгекчил, баатыр эл болгон. Манас атабыз, Барсбек, Алп Сол, Тагай бий, Кубат бий, Жаңыл Мырза, Курманбек, Атаке, Бердике, Жайыл, Ормон хан, Тайлак, Курманжан датка, Искак хан, Балбай, кийинкилерден Абдыкерим Сыдыков, көкүрөгүн окко тоскон Чолпонбай сыяктуу улут ар намысы жана боштондугу үчүн кара жанын садага чапкан жүздөгөн, миңдеген баатырларыбыз улуттук тарыхыбыздын мактанычы жана сыймыгы. Кыскасы, биздин бүгүнкү тукумдарыбыздын духун көтөрө турган, көкүрөгүн сыймыкка бөлөп, улуттук ар намыс сезимин (чувство национального достоинства) бийиктете турган даңктуу тарыхыбыз бар экендигин эч ким тана албайт. Кыргыз тарыхынын бай жана баатырдык мазмуну - тарбиянын соолбос булагы. Патриотизм үчүн, улуттук өзүн-өзү аңдап түшүнүүнү (национальное самосознание) өстүрүү үчүн керектүү орошон мазмун ушул жерде жатат.
13. Тарбияга омок болуучу орошон байлык - этникалык маданияттын казынасы
Тарбия ишине чоң азык-көрөңгө, омок болуп берчү дагы бир байлык, бул - этникалык маданияттын казынасы. Кыргыздын боз үйү, түркүн буюмдарга чөгөрүлгөн, түшүрүлгөн не бир керемет оюулар менен кыял-көчөттөр дүйнөдө сейрек кездешкен эстетикалык сулуулук экендиги бардыгына маалым. Кыргыз зергерлеринин, уздарынын, жез оймокторунун, усталарынын колунан бүткөн буюмдар, жасалгалар өзүнүн ажайып кооздугу жана чеберчилиги менен илгертен туран аймактарында даңкталып келген. Көз жоосун алган алтын-күмүш билерик, шакектерди, керемет кемер курларды, жаркыраган жүгөн-куюшкандарды, койкойгон ээрлерди, колодон жасалган кумураларды, "шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен" кылычтарды кимдер таңданып карабаган. Археологиялык казуулардан табылып, дүйнөгө белгилүү болгон алтындан уютулуп жасалган бугу, куш, жейрен алган илбирс сыяктуу көркөм эстеликтер жалаң эле байыркы сактарга эмес, кыргыздарга да тиешелүү болгон. Кыскасы, кыргыздын байыртан өнүгүп келген керемет кол өнөрчүлүгү, материалдык маданияты Борбордук Азия аймагындагы уникалдуу феномен. Мындай өнөргө эгедер ата-бабаларыбыз менен кийинки тукумдар сыймыктанууга акылуу жана ошондой эле, бул өнөрдү унуткарбай татыктуу улантууга, өстүрүп-өнүктүрүүгө милдеттүү.
14. Океандай "Манас", улуттук музыка жана элдик оюндар - тарбиянын соолбос булагы
Кыргыздар Азияда эң бай фольклордук адабиятты жараткан таланттуу калк. Эпосторго бай экендиги жагынан түрк-моңгол калктарынын ичинен бир да калк кыргыздарга тең келе албас. Океандай "Манастын" дүйнөдө теңдеши жок. Кайсын Кулиев айткандай Кыргызстан - ырдын, поэзиянын мекени. Арстанбек, Жеңижок, Токтогулдай ак таңдай акын-булбулдар Европанын түшүнө да кирбейт. Кыргыздардын адабияты жана искусствосу биздин заманга чейинки эзелки коло доорунда эле башталган. Тогузторо аймагындагы он гектардай жерди ээлеген миңдеген таштардагы сансыз оймо-чийме сүрөттөр, байыркы тиричиликти баяндаган тематикалык, сюжеттүү түркүн картиналар "Саймалуу таш" деген жалпы ат менен белгилүү. "Саймалуу таш" - байыркы бабалардын ташка жазылган адабияты, тарыхы. Атактуу "Саймалуу таш" менен "Манас" дүйнөлүк маданиятка кошулган улуу салым.
Карамолдодо, Ниязаалы сыяктуу шаалар комузга кол ойнотуп черткен, "кулактан кирип бойду алган" сандаган залкар күүлөр, Боогачы, Мусалар созгон керемет обондор улуттун гана эмес, жалпы адамзат музыка казынасынын асыл кенчи десек эч жаңылышпас элек. Бир сөз менен айтканда, элибиздин кылымдап жараткан адабий-музыкалык маданияты, кыргыздын духун, философиясын, идея-идеалдарын, каада-салтын боюнда көтөрүп алып жүргөн көркөм өнөрү тарбиячылар үчүн пайдалана турган баа жеткис гүлазык, орошон маани-маңыз, табылгыс педагогикалык курал экени ырас эмеспи. Мынакей, тарбия үчүн суудай сузуп ала турган мазмун кайда жатат?
Тарыхый маалымат боюнча байыркы кыргыздардын өзүнүн цирки, эки жүздөн ашык элдик оюндары болгон. Ал оюндардын бир тобу (ордо, көкбөрү, кыз куумай ж.б.) азыр да эл арасында ойнолуп, өзүнүн кайталангыстыгы менен кимдин да болсун көңүлүн бурат. Ал эми кымыз, бешбармак баш болгон, жүздөгөн түркүн тамак-аштын атын камтыган кыргыздын кулинардык искусствосу бүгүн үйрөнүүнүн объектиси, пайдалануунун предмети болууга тийиш. Бул фактылар кыргыздардын бай маданияты бар, канат-бутагы жайылган түптүү журт экенин айгинелейт. Түптүү журттун көөнөрбөс көптөгөн элдик оюндары менен, тамшанткан ашкана даамдарын ойной, жасай билүү өнөрүн өздөштүрүү өсүп жаткан муундардын социалдашуусуна өзүнчө этномаданий колоритти киргизип, улуттук аң сезимдин дагы да бекемделишине сүрөө болмок.
15. Ата-бабаларыбыз түзгөн улуу моралдык кодекс - тарбия-таалимдин гүлазыгы же "Курандын" жана "Библиянын" негизине алына турган адептик-ыймандык дөөлөттөрдү кыргыздар эбак жаратып койгонбу?
Тарбия ишинин мазмундук пайдубалына уютку болуп жата турган дагы бир кубаттуу ресурс бул - биздин оюбузча, күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө эсептелген кыргыз акылмандыгынын жана калктын тарыхый тажрыйбасынан жаралып, доорлор сыноосунан өткөн көөнөрбөс элдик этикалык нарктар, адеп-ыймандык мурастар.
Биздин кыргыз менталитетинде индивидуалисттик батыш небак жоготуп койгон жакшы бир касиет бар. Бул - коллективизм. Айдоого тукум сээп жатканда Баба дыйкан бизде мындай дейт: "Жылуу жерден конуш тап. Мунусу - жетим-жесирге, мунусу - алсыз карыпка, мунусу - курт-кумурскага, мунусу - сурамчы-тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага". Мынакей, жалпынын кызыкчылыгын көздөгөн кыргыздын улуу коллективисттик этикасы. Тоолук менталитетибизде меймандостук, кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, өз ара кол кармашкан, жардамдашкан боордоштук салты өнүккөн. Мындай асылзаада сапат-касиеттер чын-чынында рынокту, жеке менчикти, жеке кызыкчылыкты, акчаны, пайданы, культ кылган буржуазиялык, капиталисттик коомдун мектебинен өткөн европалык социумга көп жагынан чоочун экени ырас. Ал жактарда инсандар аралык алака-катыштын мүнөзүнө негизинен прагматикалык, коммерциялык, бухгалтердик дух таандык экендигин социологиялык изилдөөлөр ырастаган. Биз не бир аруу адеп-ахлак касиеттерди акырындап астыртан жемирип, бүлүнтүп жок кылып коюучу рыноктун жапайы стихиясына өзүбүздүн улуттук эркибизди каршы коюп, өйдөкүдөй коллективисттик айкөл нарк-насилибизди, кенен жан дүйнөбүздү коргоп, сактап, асырап багып, аны аң сезимдүү түрдө үгүттөп, жайылтууга тийишпис. Биз адамдык жүзү бар рынок коом курушубуз керек.
Дагы бир жолу айталы. Кыргыз элинде руханий байлык, материалдык байлыктан ар качан жогору коюулуп келген. Ошон үчүн акын: "Карайлычы, кечөөкү өткөн бабама, жашай билген жетип өмүр баркына, атаң көрү, бу опосуз дүйнө деп, кызыкпаган акча менен алтынга, кызыккан ал адеп-ахлак наркыңа, бекем турган адамчылык шартына" деп туура ырдап аныктап жатат. Рухка биринчи маани берген кыргыз калкы өзүнүн тарыхый жашоосунда кош аяктуу пендеге адам болуунун жолун, шартын көрсөткөн моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов бизге жеткен улуттук тарыхый-көркөм маданий мурастарды, адеп-ахлак нускаларды, осуяттарды жана калкыбыздын моралдык практикасын терең талдай отуруп, ошол дөөлөттөр системасын төмөндөгүчө жалпылап, жыйынтыктап, алдыбызга тартат. Таанышыңыз: "Жер - Сууну ыйык тут, боордоштой ылым сана, шайкеш жаша. Жер-энени көзүң менен көрүп, жүрөгүң менен таанып, аны ыйык сакта. Тең бөлгөндү Теңирим сүйөт, ата-бабанын арбагына, улуу касиеттерине сыйын! Алар сенин колдоочу жана жол көрсөтөрүң. Бабаларга жана келечек муунга төлөмөрсүң. Берегилерди жадыңа түй: дайыма кишичилик милдеттериңди (адамкерчилик) бил. Адал жаша. Оюңду тазарт. Адептүү бол. Ичиң тар болбосун. Бар-жокко каниет, топук кыл. Ыймандуу, боорукер, жоомарт, ак көңүл бол. Арам ойдон, арамдыктан кач, карасанатай болбо. Намыскөй бол. Намысты өлгөнчө колдон түшүрбө. Жерди корго, тууңду сакта. Дос, душманды айыр. Бал сөзгө, жалтырак дүнүйөгө алданба. Антты бузба. Салт, наркты сакта. Атаны, улууну урматта. Улууга сый, кичүүгө урмат көрсөт. Акылмандык - калканың. Акылга баш ий, жакшыга жанаш. Сөз кунун баркта. Кан сөзүн, эл сөзүн, атанын жана улуунун сөзүн жерге таштаба. Башканын никесин бузба. Энени, аялзатын сыйла. Калыс бол. Чынчыл бол. Өзгө, жатка болсун акыйкаттан тайба, ушак, калп айтпа. Ач көз болбо. Башканын дүйнөсүнө көз артпа. Сабырдуу бол. Кыялыңды оңдо. Ачууңду бек карма. Ниет пейлиңди таза алып жүр. Жаман ойдон, жаман жолдон кайт. Адамга, кыбыр эткен тирүү жанга жакшылык жаса. Тирүүлүктү ая. Жабык көзүңдү ач, устатыңа ишен. Акыл көкүрөгүңдү өзүң жар. Дүйнөнү өзүң тааны. Өзүңдүн оюң менен ишиңди тең, таза алып жүр. Аалам жашоосу чексиз. Адам өмүрү кыска, узак да. Сен өз жолуңду тап.
Теңир колдосун!" (Кеңеш Жусупов. Кыргыздардын байыркы маданияты. - Бишкек, 2006, 63-64-б.) Мына, кыргыз элинин моралдык улуу кодекси. Өзүнүн универсалдуулугу менен айырмаланган бул кодекс, керек болсо дүйнөлүк ыйык китептер "Куран" менен "Библиянын" негизинде жата турган асылнарктар го. Бул моралдык осуят-кодекс кыргыз элинин улуу эл экенин айгинелейт. Ушул кодекс кечөөкү патриот, гуманист ата-бабаларыбыздын жүрүм-турумунун регулятору болуп келген жана тарыхтын "аяздуу бороон-чапкындарында" улутубузду аман-эсен сактаган башкы тиректерден болгон. Бүгүн да ушул кодекс таалим-тарбиянын мазмунун аныктоого тийиш жана эгер ушул моралдык баалуулуктар менен тарбиялануучуларыбыздын жан дүйнөсүн асылдандырууга жетише алсак, анда бул суверендүү ата журтубуздун нраваларынын жакшыртышынын жана анын жаркын болочогунун кепилдиги болмок.
Сөздү жыйынтыктайлы. Кыскасын айтканда, кеп башында аныкталып айтылган эгемендүү мамлекетибиздин таалим-тарбия стратегиясынын башкы максатын - жат таасирлерге алдырбас мекенчил, патриот, гуманист атуулду, анын жарандык болумушунун улуттук иденттүүлүгүн калыптандырууга жөндөмдүү улуттук көрөңгө-мазмун, рух гүлазыгы, уютку-казына биздин өзүбүздүн бир боор кыртышыбызда бар экен. Биз мунун негизгилерин өйдөтө атайылап санап көрүп өттүк. Эми жыйынтык ушул. Мына ушул улуттук коломтобуздагы өзүнүн таалим-тарбия ишинде толук кандуу реализацияланышын күтүп жаткан мазмундук потенциалды үй-бүлө, бала бакча, мектеп, лицей, колледж, институт, университет жана башка коомдук, мамлекеттик, мекеме-уюмдар, структуралар аркылуу максатка багытталган түрдө, эффективдүү пайдалануунун, окутуунун, үйрөтүүнүн, көз караштык позицияга айлантуунун, жан дүйнөгө сиңирүүнүн ырааттуу системасын, механизмин түзүүнүн камын көрүү биринчи даражадагы милдет.
16. Инновациялык менталитетке эгедер болуу - тарбия ишинин дагы бир багыты катары
Сөз соңунда мына мобул орчундуу маселеге да көңүл буралы. Бүгүнкү социалдык динамикага карк жаңы заман кыргыз баласынан салттык менталдуулуктан башка да, жаңы менталитетке эгедер болууну талап кылып отурат. Мезгилдин ритминен артта калбаш үчүн биздин муундардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, билимдүүлүк, профессионалдык компетенттүүлүк, ишкердүүлүк, социалдык мобилдүүлүк, толеранттуулук, укук сыйлоо, мыйзам сыйлоо көнүмүшү, демократиялык принциптерге берилгендик сыяктуу ж.б. жаңы инновациялык сапаттарды күтүшү зарыл болуп турат. Ошондой эле, басым коюп айта турган нерсе, бүгүнкү адамзаттын алдыңкы гуманисттик акыл-эси цивилизациялардын, маданияттардын бири бирине үстөмдүк кылышы, конфронтация идеясына эмес, маданияттардын өз ара диалогуна, кызматташтыгына артыкчылык берип отурат. Маданияттардын диалогу - биздин Кыргызстан да жетекчиликке ала турган методология. Ушул өңүттөн караганда дүйнөлүк прогрессивдүү маданияттын өрнөктөрүн, эл аралык этиканы өздөштүрүү, башка улуттардын дөөлөттөрүнө түшүнүү менен мамиле жасай билүү касиетине ээ болуу - улуттук өнүгүүбүздүн шарттарынын бир экендигин туюнуу зарыл нерсе. Кыскасы, жалпы адамзаттык баалуулуктарга жана жаңы инновациялык сапаттарга ээ болуу багыты таалим-тарбиянын мазмунуна органикалык түрдө кириши керек.
Бир сөз менен корутундулаганда буга чейин негизинен саясат жана чарба иштери менен алек болуп келген эгемендүү Кыргыз Республикасынын мындан ары өз мазмундук тутумунда өйдөкүдөй улуттук традицияны жана инновацияны камтыган, көздөгөн башкы стратегиялык максаты бар таалим-тарбия доктринасын, концепциясын иштеп чыгып, анын негизинде мамлекеттик тарбия программасын кечиктирбей кабыл алышы күн тартибинде турат. Ушундай болгондо гана алды жакта айтылгандай, тарбия иштерин уюшкандык менен максат көздөп ырааттуу жүргүзгөнгө шарт түзүлүп, улутубуз азыркы тарбия башаламандыгынан, багытсыздыгынан чыгып, өзүнүн улуттук кызыкчылыгын аңдап-туюнган социум катары алдыга өнүгө алмак.

Советбек Байгазиев.
Кыргыз Билим берүү
академиясынын Вице-президенти,
филология илимдеринин
доктору, публицист.








??.??