№38, 02.02.08-ж.
  Сырдуу дүйнө

Акырзамандын алды келдиби?
Жөргөмүш сымал төрөлгөн кыз.
Лакшими Татма-индиялык эки жашар кыз, Бихара штатында айылдык кедей үйбүлөсүндө төрөлүп, индустардын түшүм кудайынын урматына ысмы коюлган. Төрт аягы бар Лакшиминин эки денеси бар . Анын врачы Шаран Патил экинчи өнүкпөй калган дене бөлүгүн алып салуу үчүн операция жасоого камданып жатып айткан экен: "Тилекке жараша, бул кыздын мыкты органдары менен бир бүтүн денеси бар… ошондуктан операция дүйнөдөгү эң оор операциялардан болбойт ".
Анын экинчи денеси негизги денесине күзгү сымал чагылдырып,жамбаш сөөк жагында орун алган. Көпчүлүктүн айтуусунда, Лакшими-кудай атайын жиберген керемет, бирок кудай атайын жөнөткөн деп айтууга болбойт,себеби эки жашка толсо да Лакшими эмгиче ордунан козголо албайт.
Индиялык жөргөмүш сымал төрөлгөн бул кызга кырк саатка созула турган операция жасалмакчы,эгерде операция ийгиликтүү болсо, анын нормалдуу жашашына шарт түзүлөт.
Анын апасы Пунам Деви кызы Лакшиминин адамды таң калтырган мындай кейпине карабай: "эң биринчи ал менин кызым, ошондуктан ал деле кадимки адам сыяктуу жашашы керек" дейт.



Эки жүздүү,төрт көздүү ымыркай.
Кудайдын жөнөткөн белгилери кайрадан Индиядан көрүнүүдө баштады. Индиялыктардын жергиликтүү диний ишенимдери боюнча кудайдын мээрими төгүлгөндүктөнбү, ал өз белгисин жерге жөнөтө баштады. Эки жүзү бар,төрт көздүү бул наристе Делиден 50 чакырым түндүк-чыгышта орун алган Готам- Будда- Нагар округундагы Сани поселогунда төрөлгөн. Бул "кереметти" пил баштуу. ийгиликтин жана акылдын кудайы Ганешке байланыштырууда, себеби оң жүзүнүн сол көзү тарабында жана сол жүзүнүн оң көзү тарабында пилдин хоботуна окшогон эткели бар. Анын ата-энеси кедей дыйкандар Сингх Винод менен жубайы Сушманын денсоолуктары, алардын кызындай эле жергиликтүү оорукананын врачтарынын айтуусунда жайында.
Жергиликтүү калк "жерге пантеондун келишин" майрамдап, эми кудайдан келе турган "шыбагасын" күтүп жаткан учуру.
Жаңы төрөлгөн ымыркайдын мээсинде жана сөөктөрүндөгү өзгөчөлүктөрү тууралуу врачтар толук маалымат бере элек жана да ата-энеси менен алдыда боло турган операция тууралуу талкуулаша элек.




  Ванганын төлгөлөрү төп келүүдө.

Ванганын төлгөлөрү төп келүүдө.
Ванга (Вангелия Пандева) 1911жылы 31 январда жарык дүйнөгө келип, 1996 жылдын 11августунда жарык дүйнө менен кош айтышкан. Болгариянын Петрич шаарында жашап,сөөгү Рупитедеги "Ыйык Болгар Петка" чиркөөсүнө коюлган.
Он эки жашар кыз Ванганын көзү көрбөй калат. Катуу куюн анын көзүн алып кетет.кызды кум,таш басып калган жерден таап алышат,көзүнө толтура кум куюлган кыз көзүнөн ажырайт.
Алдын-ала айтканды Ванга 16 жашынан баштайт,атасы кайтарган койлордун арасынан жоголгон койду таап берүүгө жардам берет.Ал түшүндө кайсы жерде экендигин көргөнүн айтып берет.Бирок, көзү ачыктык жөндөмдүүлүгү 30 жашынан ачылган.
Вангага дүйнөдөгү эң залкар адамдар келип кайрылышып турган. Ал эмес учурунда Адольф Гитлер да кайрылып,бирок өтө капа болуп кеткен.
1980 жылы көзү азиз Ванга эң шок кыла турган билдирүү жасайт. Ал минтип айткан: "Кылымдын аяк жагында, 1999 жылдын же 2000 жылдын август айында, Курск суунун алдында калып, бүт дүйнө жүзү кайгыга батат".
Анын айткандары, чындыкка такыр окшошпосо да,20 жыл өтпөй адамды таң калтырган окуя болуп өтөт. Курск шаарынын наамын алып жүргөн "Курск" атомдук суу алдындагы кеме чөгүп кетет. Чындыгында Курск шаары суу алдында калышы мүмкүн эмес эле. Ал эми Ванга Курск суу алдында каларын айткан.

Ванганын глобалдуу прогноздору
Ванганын төлгөлөрү:
1. "Алаамат, алаамат!" Темир канаттуулардын чокуганынан америкалык туугандар жапа чегишет. Бадалга жашырынган карышкыр улуп, бейкүнөө адамдардын каны төгүлөт. (1989)
2. "Дүйнө көптөгөн катаклизмди, катуу титирөөлөрдү башынан кечирет. Адамдардын аң-сезими өзгөрүлөт. Оор мезгилдер келет. Диний ишенимдерге карата адамдар бөлүнө баштайт".
3. "Тагдырды чече турган окуяларга күбө болобуз. Дүйнөдөгү эң зор эки державанын жетекчилери бири-биринин колун кысышты. (Ванга Горбачев менен Рейган тууралуу айтып жатат). Бирок бир топ убакыт өтүп, бир топ суу аккан соң, Сегизинчи келип - ал планетадагы акыркы тынчтык келишимине кол коет". (1988-ж. январь)
4. "Россия кайрадан улуу империяга, руханий империяга айланат".
5. "Бардыгы муз сымал эрип, бир гана эч ким тийгиз болуп Владимирдин даңкы, Россиянын даңкы калат… Ал жолунда турган бардык тоскоолдуктарды шыпырып өтүп гана тим болбостон, өз бийлигин сактап, дүйнөгө үстөмдүк кылат". (1979-ж.)
6. "2018-жылы поезддер күндөн алган энергия менен уча баштайт. Мунайзатты алуу токтоп, Жер эс ала баштайт". (1960-ж.)
7. "Космосто жашоо-тиричилик бар экени аныкталып, Жер шарында тиричилик кантип пайда болгону белгилүү болот".

Төлгөнүн төп келгендери
1. Төлгөсү төп келди. 2001-жылдын 11-сентябрында террористтер АКШга абадан чабуул жасап, Бүткүл дүйнөлүк соода борборунун асман тиреген имараттары талкаланды.
2. Айтканы ишке ашты. Оор мезгилдерге туш келдик. Адамдардын аң-сезиминде да өзгөрүүлөр болуп жатат.
3. Ишке аша баштады. Жок дегенде "Сегизинчиге" карата. Ошол мезгилде Россиянын Президенти Борис Ельцин болгондуктан Ванга ким экенин атын атабаса да, мындай деп айткан: "Бул күтүлбөгөн жерден келе турган фигура. Бирок Зюганов да эмес, Лебедь да эмес".
4. Азырынча ишке аша элек. Россиянын улуу империяга айланышына дагы убакыт бар. Руханий жактан да алсыз. Бирок улуттук идеяны ишке ашырууга камынып жатышат.
5. Азырынча ишке аша элек. Бирок да… Россия сакталып калды. Бул айткандары СССР убагында айтылганын эске алсак, ал мезгилде "Россия" деген сөздү көп колдонуучу эмес.
6. Ишке ашып баратат. 2018-жылга карата окумуштуулар Айдан Гелий-3тү алуу пландары бар экенин белгилешти.
7. Азырынча ишке аша элек. Турмуш-тиричилик жерде кантип пайда болгон деген табышмактын жандырмагы чечиле элек. Космосто жашоо-тиричилик бар экендиги аныктала элек. Бирок изилдөөлөр улантылып жатат.

Төлгөгө тыянактар
1. "Эгиздер" же "бир туугандар" деп аталган асман тиреген имараттар кулады. Аны жардыргандар "темир канаттуулар" - террористтердин учактары. Бирок эмне себептен "бадал"? Көрсө "бадал" англисче Буш дегенди түшүндүрөт экен. Бул кырсык Буш президенттик кылган учурда болду.
2. Катаклизмдерден качып кутула алганыбыз жок, бир гана цунами жүз миңдеген адамдын өмүрүн алып кетти. Ал эми улам улам кайталанып жаткан теракт акыркы жылдары кандай көйгөй туудуруп жатат? Диний негизде болгон кармашуулар да болуп жатат.
3. "Сегизинчи" ишке ашты: Россия "Чоң жетиликти" толуктап ал "Чоң сегиздик" атала баштады. Эми дүйнөгө тынчтык орнотуу маселеси турат.
4. Бул Ванганын акыркы айткандарынын бири. Муну айтып жатып Ванга колу менен чоң айлананы чийип көрсөткөн.
5. Кайсы Владимир жөнүндө сөз болгону белгисиз. Бирок Владимир Жериновский жөнүндө сөз болбогону анык. Тагдырды чече турган Владимирге талапкер болгондор азыркы күндө үчөө гана: князь Владимир, Владимир Ленин жана Россиянын учурдагы президенти Владимир Путин - ал "Сегизинчини" да билдирет.
6. Гелий-3- күндүн продуктысы, термоядролук реактордун отуну, ал өзү кичинекей күндү элестетет. Реактор электр энергиясын берсе, поезддер уча баштайт.
7. Ванга инопланетяндарга бекем ишенчү. 1979-жылы анын алдын-ала айткандарына караганда 200 жылдан кийин космостогу башка аң-сезимдүү туугандар менен жолугушуу болот.

Ванганын осуяты
Келесоолор менен күрөшө бербе - алар анча деле коркунучтуу эмес, аларды өзгөртөм, акыл-эсине келтирем деп аракет кылбай эле кой. Эң коркунучтуусу - келесоо чалыштар. Алар келесоо чалымыш болуп алып бүт калктын кыжырына тийип, элдин көтөрүлүп чыгышына салым кошот.

Скептиктин пикири
Ванганын 55 жылдык ишмердүүлүгүнү учурунда миллиондон ашык адамдар анын кабыл алуусунда болгон, - деп математик Михаил Холмогоров эсептеп чыккан, - Анын көзү ачыктык кылганы албетте андан аз болгону менен. Кээ бир учурда төлгөсү төп келбей калган учурлар болгон. 1973-жылы Ванга Советтер Союзу бир айдын ичинде Чилиге аскерин кийирет деген. Бирок айтканы ишке ашпай калган. Ошентсе да Ванганын айткандарынын көпчүлүгү ишке ашып, келечекте да ишке аша тургандары бар.

Келдибек уулу Азизбек.