№37, 26.03.08-ж.
  Чек ара же "ара" чечилген чечимдер.

Берешен кыргыз бере бер.
Кыргыздардын берешендиги бар. Жакынкы өтүп кеткен кылымдарда эле Шабдан атабыз шашылыш чечим чыгарып, кырк байталга кыргыз жерлерин казак баурдастарга
"подарить" этип салган. Эми ал жерлерди өкүрсөк да кайрый албайбыз.Манап бийдин тукумдарынан кембизби деп, Токонун асыранды баласынан тараган, колунда "токочу" бар кезинде А.Акаев Үзөңгү-Куушту берешендикке салып Кытайга бере коем деп, акыры ал өз түбүнө өзү жетти.
Апрель айында Кыргыз республикасынын президенти Курманбек Бакиев Астанага официалдуу визит менен барат. Нуракеңе Курманбек мырза кур бармак беле? Кур дегенде берешендик кылып казактар көз артып турган жерлерден бере койбосо болбойт эмеспи. "Чөнтөк" парламенти сөзүнөн чыкмак беле? Депутаттарга эмне, мандатын колуна алышты, мантайып парламентке отуруп калышты. Эми аларга үй маселесин чечип берип койсо кыргыздын бир укум жери эмес, Кыргызстандын теңи болсо деле "хоп майли" дегенден кайра тартпачудай сезилген, бирок…
"Ак -Ордодо" Нурсултан Назарбаев менен боло турган бул жолугушуу кадимки "дүжүр" иш чаралардан эмес. Бул жолугушууда эки мамлекеттин тагдырын чече турган таалуулуу маселе каралып, Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку Мамлекет аралык Кеңешинин отуруму болот. Ушул саммитте эки өлкөнүн экономикасын интеграцияга алып барчу жолду тактоо гана маселеси каралбастан, бирдиктүү Союздук мамлекетти түзүү боюнча өткөн жылдын апрель айында жетишилген багыттарды аныктайт. Казакстандагы Кыргыз мамлекетинин элчиси Жаныш Рустенбековдун айтуусунда чек арадагы кызматташтык боюнча маселелер да талкууланат.
Курманбек Бакиев коллегасы Нурсултан Назарбаевди кубантып, чек ара маселесин чече барайын деди эле,бирок кыргыздар укум жерди бекер бермек беле? Кайрадан ызы-чуулар башталды. Жер маселесине келгенде "балык" болуп жаткан парламент уйкусунан ойгонуп,өз мөөнөтүн күтүп бугуп жаткан оппозиция бул маселени өзүнүн бийлик менен эсептешүүсүндө "көзүр" карта кылып, бийликке каршы туу кылып көтөрүп чыгышты.

"Жаңы" Азимбек парламенттен чыгабы?
Артка кылчайсак, Аксы окуясынын башталышы да жер маселесине барып такалат. Үзөңгү-Куушту үзүп бере баштаганда үргүлөп бараткан парламенттен Азимбек Бекназаров өз позициясына бекем тургандыгы үчүн, анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, Аксы элин дүрбөлөңгө салган. Кызык нерсе, элдин жүрөгүнүн үшүн алып коелу деп Аксы элин атуу үчүн ошол бийлик даярдыкта келгендигинде. Бул тууралуу Аксыда болгон элдик сотто фактылар менен айтылды. Бекназаровдун тайманбаган өжөрлүгүнөн улам Аксы окуясы "ачып-кычып" отуруп, Акаевди алып түштү. Арийне, анын үзүрүн башкалар көрүп,кайрадан жер маселеси көтөрүлүп жатат.Эми Кытайга эмес, баурдас туугандарга. "Кыргыздар берешен экен, бере берет" - деп өзбек туугандар да өз дооматтарын арта баштаптыр. Угушубузча, Кокон хандыгынын колу жеткен Куртка,Пишпек чептерин кээ бир дөөрүгөн ашыналарыбыз өз жерлери катары сезишет экен. Андай болсо өзбек менен казак төрөлө электе төгөрөктүн төрт бурчунда кылыч ойноткон кыргыз эли жеткен жеринин баарын кыргыздыкы деп отурсак, беш миң жылдык тарыхы эмес беш кылымдык тарыхы жок ашыналарыбыздан ашып кетерибиз чын.
Бүгүнкү күнү мамлекет башчысынын болгон үмүтү парламентте. Ысыккөлдүн жээгиндеги советтик мезгилде курулган төрт пансионатты узак мөөнөткө түндүктөгү кошуналарыбызга берүү тууралуу мыйзам долбоорун өкмөт даярдап, талкууга койду. Ошондой эле, 2001 жылдын 15 январындагы чек ара тууралуу кыргыз-казак келишимин ратификациялоо маселеси турат. Казак парламенти бул документти 2003 жылы колдогон. Биздин Жогорку Кеңеш бул келишимди өткөн чакырылышта да талкуулап, кийинки убакка калтырып койгон. Ошол убак келгендей сезилген. Себеби, 2007 жылы болуп өткөн парламенттик шайлоодо, президент өзүн колдогон "Ак жол" партиясына жашыл жарык берип, мандаттуу кылган. Жогорку Кеңештин көпчүлүк бөлүгүн президенттик партиянын өкүлдөрү түзгөндүктөн бул маселелер шыр чечиле тургандай жагдай түзүлгөн. Бирок, бул маселени парламентке алып чыгар менен "Ак жол" фракциясынын өкүлдөрү да: "Укум жерди да эч кимге бербейбиз" деп чыгышты. Өкмөт айласы жок акыркы артиллериясын октой баштады. Маммүлк боюнча комитеттин төрагасы Т.Турдумамбетов депутаттарды алдап-соолай баштады. Кошуналарыбызга жерлерди өткөрүп бергенибиз улуттук кызыкчылыгыбызга шек келтирбейт имиш. "Эгерде казактар келишимдин шартын бузса, биз бир тараптан келишимди бузууга укугубуз бар. Казактар кетет, жер бизде калат" деп ишендиргиси келди, жаш баланы алдагандай.
Ал эми президенттин парламенттеги өкүлү К.Конгантиев: "Эгерде биз бул документтерди ратификация кылбасак, көп жылдардан бери түзүлгөн кошуналык мамилелерибиз салкындап калат" деп эскерте кетти, анткени " Казакстандан биз буудай, мунайзат алабыз жана унааларыбызга коридор ушул өлкө аркылуу өтөт. Экономикалык санкция жасашы да күтүлөт" имиш.
КСДП фракциясынын өкүлү Б.Бешимов: "Биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбызды көздөп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө убакыт жетти.Мекенибиз тууралуу ойлонушубуз керек. Кошуна болгондуктан казактар менен мамилебиз үзүлбөйт" деп агынан жарылды. "Ак жол" фракциясынын өкүлү Б.Абдыразаков коркпой-үркпөй эле: "Казакстанга пансионаттарды бергенибиз Кыргызстанда жаңы революцияны жаратышы мүмкүн" деп оюн ачык айтты. Демек жаңы парламентте да "жаңы" Азимбектер чыгышы мүмкүн экен.

Баурдастар бооруна тартабы?
Эмне үчүн кыргыздардын ушул келишимди бекитүүгө кызыкчылыктары жок? Ал эми казак баурдастар кызыкдар болуп турат?Деги эле, жерди бере койгондой президенттерибиздин атасынан калган жер эмес да. Ар бир укум жер үчүн ата-бабабыз канчалаган кандарын төккөн. Ансыз деле Баткенде, Ошто,Жалалабатта,Таласта,Чүйдө биздин жерлерибиз кошуналарга ооп кеткендиги тууралуу кептер бар.Эми кошуналарыбыздын көңүлүн карайбыз деп дагы деле жерлерди берүүгө аракет кылып атабыз.
Казак кыргыз мамилеси Акаев Назарбаев менен куда болгондон баштап түзүлө калган жок да. Илгертеден эле душмандар кол салганда казак -кыргыз бир муштумга түйүлүп, жапырт биргелешип сокку урчу, калмактарга каршы, андан соң кумурскадай каптап келаткан чүрчүттөргө каршы ынтымак менен бирге чыгышкан. Ошол эле мезгилде Чыңгыз хандын тукумунан чыккан Абылай хан ак сөөктүгүнө эрдемсинип, бир боор кыргыз жерине көз артып, унутулгус Жайыл кыргынын салганына тарых күбө.Чоң атасынын жолун жолдоп Кененсары да каптап кирип, Ормон хан опузасынан улам токтотулган. Кошуна болгон соң өйдө да болот, ылдый да болот. Кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы мыйзамдарды, же казакча заңдарды таңуулай берсе болбойт да.
"Эл оозунда элек жок" дейт, 1993 жылы суктанарлык Конституция кабыл алганбыз.Кыргыздарга жакканы менен Нураке кудабызга жакпай, президенттин ыйгарым укугу аз деп кыйытып кетсе керек. Андан бери Конституциябызды кооздойбуз деп жамаачылап алдык.Арийне, өткөн жылы Казакстандын президенти Бишкекке визит менен келгенде, бизде ал-ахыбал өтө оор болчу. Назарбаевден саясий жана моралдык жактан колдоо алган Бакиев ошол мезгилдеги премьер-министри Атамбаевди алдыга салып оор "камырдан кыл сууругандай" чыгып кетти. Бүгүнкү күндө кайрадан жагдай оорлошуп баратат. Балким, Астананын жардамы керек болуп жүрбөсүн? Ал үчүн баурдастарыбызды боорго теппей. таңуулаган мыйзам, заңдарын колдоп беришибиз керекпи?
Кыргыз-казак чекара маселеси боюнча өкмөт аппаратынан,ТИМден, Мамкаттоодон өкүлдөрдү киргизип, депутаттар комиссия түздү.Талаш-тартыш туудурган Ысыккөл,Талас облустарындагы жер тилкелерин ушул комиссия жеринен териштирмей болду.Баары бир, парламентте "Ак жол" көпчүлүк добушту түзсө, ал фракциянын эки чылбыр,бир тизгини кимдин колунда экени белгилүү.

Кыргызды кыргыз,сартты сарт дешибиз керек.
Түндүк, түштүк маселеси курчуган сайын, түштүктөрдүн бардыгына эле "сарт" деген этнонимди жабыштыра коюп атабыз. А бирок, түштүктүн көпчүлүгү бир атадан тараган эле өзүбүздүн кыргыздар экендиги чындык. Сарт деген деле калк болгон, Октябрь революциясына чейин, баланча сандагы сарттар жашайт деген маалыматтар болуп турчу экен. Өзбек республикасы түзүлгөн соң сарттар кумга сиңген суудай жок болуп кетишти.
Рыскелди мырза экөөбүз Аксыдагы элдик сотко барып келдик. Айта турган нерсе - миң жамандасак да мурунку президент Ош-Бишкек жолун мизилдетип салып коюптур. Аксыдагы Өзбек аймагын аралап кетчү жолдор жабылып, жаңы жолдор курулуптур. Элдин түрү сүрдүү: илгери ушул жерден Коконду көздөй аттанышып, хандарды калдактатып, бийликти шапкедей алмаштырып кетчү. Март революциясынын башы да ушул Аксыга барып такалат. Аксыдагы элдик сот бийликтин көзүн карабай өз чечимдерин чыгарды. Парламентте кайрадан жер маселеси көтөрүлө баштады.Азимбектер чыкса чыксын, эзели Аксы окуясы кайталанбаса экен.
Аксыдабы,Алайдабы,Баткендеби,Оштобу карапайым кыргыздар жашайт. Кыргыз элин сарт кыргыз деп бөлгөнгө кызыкдар болгондор бардыр. Биз "сен онояктансың, мен тоо жактанмын" - деп бири-бирибизди бөлбөстөн, укум жерлерибизди сактап калуунун камын көрүшүбүз керек.Эртеңки күнкү муундарыбыз биз Шабдан баатырдын кылыгына бармагыбызды тиштегендей, бармактарын тиштеп калбасын.

Келдибек уулу Азизбек.
"Алиби"