№36, 19.03.08-ж.
  Кур замандын күркүлдөрү

Ким деген ким?
Казак баурдастардын жана да бүткүл Борбордук Азия ичинде эң бай адам деп Володя Ким эсептелинет экен. Борбордук Азияга эмес ,бүткүл ааламга нур чачууга мүмкүнчүлүгү бар Нуракебизден да ашып кеткени таң калтырат. Балким Президент катары өзүнүн байлыгын жаап жашырып жаткандыр. Неси болсо да жалпы байлыгы 5,5 миллиард доллар Бокең КМШ мамлекеттеринин ичинде башка миллиардерлердин арасында билим деңгээли жагынан айырмаланып турат. Кошмо Штаттарда административдик башкаруу боюнча докторлук даражаны алган,курулуш институтун бүтүрүп, техникалык илимдердин кандидаты, бир топ тилдерде эркин сүйлөйт.
Германияда,Швейцарияда,Түштүк Кореяда стажировкадан өткөн. Компаниянын райкомдорунда иштеп, менеджменттин "азын" үйрөнүп, андан соң "Казакстан-Самсунг" компаниясынын жетекчилик постунда менеджментти чемичкедей чага баштаган. Үч жыл компанияны жетектеп турганы бекер кеткен жок: Ким Япон жана Корея фирмаларынын тажрыйбасын өздөштүрүп, өмүр боюу практика жүзүндө колдонуп, ошондуктан өзүнүн корпорациясында социалдык программаларды ишке ашырып келатат.
Ал 1997 жылдан бери башкарып келаткан "Казакмыс" корпорациясы үч шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылып келет. Ким кызматкерлерин таарынтпайт,анткени алардын кызмат айлыгы 600 доллардан кем эмес. "Самсунг" өзүнүн мурдагы директоруна Казакстан боюнча жезди өндүрүп алыш үчүн жаңы технологиядагы жабдыктар менен жардам берип турган.
Бүгүнкү күндө "Казакмыс" КМШ өлкөлөрүнүн ичинде жез өндүрүү боюнча дүйнөдө тогузунчу орунда турса, күмүш өндүрүү боюнча бешинчи орунда келатат.Акыркы жылдары бул эки баалуу металлдын дүйнөлүк басы абдан көтөрүлүп, 2006-2007 жылга салыштырганда Владимир Кимдин жеке байлыгы эки эсе өстү.Өткөн 2007 жылдын август айында парламенттин төмөнкү палатасына 88 пайыз жетишкен, бийликтин "Отан" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү болсо да, Ким депутаттык орунга жулунган эмес. Үйбүлөлүү, үч Баланы тарбиялап жатат.

Күйөө бала болсоң күйбөйсүңбү?
Казакстанда байлык боюнча Володя Кимге чукулдап , атаандаш болууга мүмкүнчүлүгү бар жубайлар - Тимур жана Динара Кулиевдер.
Алардын байлыгы 4,2 миллиард болгону менен, негизги байлыгы акча түрүндө эмес, тууганчылык байланыштан улам пайда түшө тургандыгы белгилүү.
Себеби, Динара Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин эрке кызы, көкүрөк күчүгү.Чындыгында, баурдастарды карап отурсак тууганчылык менен ченемсиз байлык топтогону менен байманалуу, түбөлүктүү мыкты турмушка кепил болуп бере албайт.Анткени Президенттин тун күйөө баласы тилинен жаңылганбы же башка туура эмес иш кылганбы кайынатасынын каарына калган. Кыргызда көбүнчө кайынэненин каарына калат эмеспизби, ал эми казактарда кандай экенин ким билет, каарданган кайыната Венада Казакстандын элчиси болуп жүргөн күйөө баласы Рахат Алиевди куугунтуктап, кол алдындагы укук коргоо органдарын айдактап, сары изине чөп салып жүргөн кербези.
Арийне, кул жебес тамактарды жеп Кулибаевдер азырынча кутуруп турган кези, жездекесинин таз кейпин кийип калбайлы деп кайынатасынын көзүнүн тегереги менен айланып, алар Казакстандын элдик банкы кирген "Халык" финансылык тобун көзөмөлдүккө алышкан. Марченко башында турган Казакстан элдик банкы мамлекеттеги маанилүү банк болуп эсептелет. Андан тышкары Тимур Кулибаев узак убакытка чейин "КазМунайГазды" башкарып келген, кийинчерээк гана мунайзат ресурстарынын бир бөлүгүн "Лукойлга" сатып жиберген.
Нуракеңдин кыз- күйөөсү көптөгөн массалык маалымат каражаттарына, менчик мектептерге, менчик университетке ээлик кылышат. Жубайлардын бир уул , бир кызы бар. Айта кетмекчи нерсе, Кулибаевдердин уулу Алтайды таятасы Нурсултан Назарбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путин менен жакындан тааныштырган.

Ашыналардын ашкан байлары.
Ашыналарыбыз Өзбекстандын катта ашынган байлары досчулукту бекем тутушкан, бизнестин шорпосун чогуу татышкан, шериктештер: Эркин күрөш боюнча Өзбекстандын беш жолку чемпиону Салим-бай Абдувалиев менен "Пахтакор" футбол клубунун президенти Батыр Рахимов эсептелинет. Батыр менен Салим-байга биздин Салимбеков спорт жагынан барып байлык топтогону үндөшүп турат.
57 жашар жесил болгону менен 6 баланын атасы Абдувалиев, баарынан биринчи өз досторунун алдында кеңири белгилүү. Алардын арасында, белгилүү эстрада ырчысы Иосиф Кобзон, грек-рим күрөшү боюнча олимпиаданын чемпиону Александр Карелин, ал эмес дүйнөгө белгилүү виртуоз Владимир Спиваков.Көз карандылыктын алгачкы көз тумандап турган жылдары колхоз раисинин уулу Абдувалиев республикадагы башкы "разводящий" болгон. Бирок ал биринчилерден болуп бийлик менен тил табышып,алардын койгон талаптарына көнүп, рэкетчиликтен кол үзгөн. Бийлик менен болгон жакшы мамилеси болгондуктан демөөрчүлүк кылып турат.Көп жылдардан бери Өзбекстан президенттинин теннис боюнча Кубогу- Каримовдун сүйүктүү оюну Абдувалиевдин чөнтөгүнөн каржыланып келатат. Андан тышкары жаш өспүрүмдөрдүн күрөш боюнча секцияларынын өнүгүшүнө демөөрчүлүк кылып келатат, Өзбекстандын ардагерлерине кошумча акчалай көмөк көрсөтүп келатат.
Ал эми милиционердин жана мектеп мугалиминин сегиз баласынын бири Батыр Рахимов өзүнүн бизнесин 1989 жылы Өзбекстанга автомобилдердин ири партиясын ташып келип баштаган. Бүгүнкү күнү ал өлкөдөгү эң ири банктын бири "Капитал - Банктын" президенти, Ташкенттеги абдан зор "Өзбекстан" мейманканасынын, азык -түлүк продуктуларын өндүргөн заводдун жана республикадагы башкы стадиондун ээси. Төрт баланы тарбиялап өстүрүп жатат, мергенчиликке кызыгат, Өзбектердин Вахт көлүн тазалоого акча каражатын жумшайт.

Манас атанын кайын журтунда.
Каныкей апабыздын төркүндөрүндө эң эле жөнөкөй. Салыштырып караганда бизге куюп койгондой окшошуп кетет. Бул мамлекетте эң бай адам- бул Тажикстан президентинин үй бүлөсү. Тажик ажосу Эм-момали Рахмонов 2004 жылдан баштап
аты-жөнүн тажиктештирип, орусча "ов" деген суффиксти алып салып Рахмон деп атала баштаган. Чындыгында, Эм- момали акенин тогуз баласы өзүнүн бизнесин өнүктүрүү үчүн аздык кылып жаткандай сезилет. Андан да балдары көбүрөөк болгондо бизнеси мындан да өнүкмөк беле, ким билет?! Ошентсе да анын тун кыздарынын бири Тахмина Тажикстандагы соода тармактарынын жана өлкөдөгү өнүктүрүү Банкынын "принцессасы" болуп саналат.Рахмондун үйбүлөсүнүн ичинде байлыгы, молдугу, жагынан жана таасирдүүлүгү жагынан балдарынын таякеси Хасан Саду-лоев алдына киши салбайт. Күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр деп, сыйлап жүрүп, эбегейсиз байлыкка жеткен кайынага республикадагы эң ири "Ориенбанктын" башкармачылыгында төрага, ондогон завод, фабрикалардын, курулуш компаниялардын жана көптөгөн массалык маалымат каражаттардын ээси. Садул-лоев менен санаалаш адамдар мамлекеттеги маанилүү тармак болуп эсептелген пахтаны экспорттоо иштерин көзөмөлдүккө алышып, Тажикстандагы алюминий заводунун экспортун тейлешет.

"Түбөлүктүү" Түркмөнбашы.
Түркмөнстанга түбөлүктүү Түркмөнбашы болгусу келген Сапармурат Ниязов 2007 жылга чейин өлкөдөгү эбегейсиз байлыктын ээси катары саналчу.Ыраматылык тууганыбыз, ылжып алып айтканбы же ылжыбай туруп ылайыксыз мактанганбы, байманасы ашып-ташып турганда байкабай айтып алган билдирүүсү боюнча анын байлыгы 3 миллиард доллар деген экен. Көзү өтүп кетпесе көздөй болбосо да, бир Түрк атадан тараган тууганы элек, боору ооруп кандашпыз деп карызыбыздан куткарып кетмек беле. Жаткан жери жайлуу болсун Сапармурат акебиз акыркы сапарга узаарын өзү да билбей калды көрүнөт, анын көзү өтөөр менен жеке байлыгы элдин энчисине өтө баштаптыр. Британиялык массалык маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө анын муратка жеткен уулу Мурат, мурун прокуратурада тергөөчү болуп, атасы гүлдөп турганда, бизнестин "казанын кайнатып", бир эле түндө казинодо 12 миллион доллар уттурса да кабагым- кашым дебей басып кетчү экен.
Ал эми "түбөлүк" Түркмөнбашыны этектеп экинчи орунда келаткан Түркмөнстандын башкы байларынын бири Пайзыгелди Мередовдун байлыгы 100 миллион доллардан ашып, ал эмес кожоюну Сапармурат Ниязов да сарсанаа болуп чоочулап калган экен.Жаңы бийлик жалпайта чаап, 2007 жылдын июль айында пахтаны экспорттоодогу махинациялары үчүн, кара көзүн кашайтып камакка тыгып салышкан. Бириккен Араб Эмиратында бизнестин "битин сыгып" бир топ даражага жетип, баатырсынып жүргөн анын уулу Батирди да, бизнесин батыратып өзүн атасынын артынан жөнөткөн. Айыпкер Мередов Пайзыгелдинин советтик мезгилде эле ирбити келиптир.Ал тресттин начальниги, майкомбинатынын директору болуп жүрүп шар эле Шаардык аткаруу комитетинин төрагалыгынын ордун аркалап кетет. Сапармурат акеси кайсы жерден көз салганын ким билет, көз карандылыкка республика жетишкен соң Мамлекеттик Агроөнөр жай комитетинин башчысынын орун басары кызматына жетишет.Кошоматты койдой сойгонбу же Түркмөнбашынын түшүнө киргенби өлкөдөгү өнүккөн министрлик айыл чарбасын тейлеп, биздин Мотуев сыяктуу "король" деген атакка жетишет. Бирок "көмүр королу" эмес, "пахта королу" аталган Пайзыкең пахтанын гана пайызына эмес, байыганынын себеби айыл чарба техникаларын биздин мыкчыгерлер сыяктуу мыкчып, менчиктештирип алгандыктан жана кийин токой чарбасына келип тоногондугу үчүн экендиги белгилүү. Ашгабатта байлыгы ашып-ташыган түрк бизнесмендеринин "Берк" пиво чыгаруучу заводунун акцияларынын пайызынын көпчүлүгү Пайзыкеңдин колунда экен.
Түркмөнстандагы жаңы бийлик билегин түрүнө талап тоногондорду коколоп, калыстыкка барышкан экен.Элдин энчисин өздөрүнө алып бергени эрдик.

Эрдик кылып кой сойду, иттик кылып төш тартты.
Үч жыл илгери март окуяларынан соң биздин Кыргызстанда Акаевдин үй-бүлөсүнүн байлыгы жөнүндө легендалар жаралган. Легендабы же чындыкпы карапайым эл-журт арасында Акаевдин Үй-бүлөсүнүн байлыгы жөнүндө имиш-имиш кептердин аягы суюлуп, башка Үйбүлөнүн байлыгы тууралуу жаңы легендалар пайда болду. Балким, Түркмөнстандай элдер энчисин алганы сезилсе, мындай кептер чыкмак эместир. Кыргызда "Эрдик кылып кой сойду, иттик кылып төш тартты" деп коюшат эмеспи. Акаевдин армансыз байыганына, акыры чыдабай эл-журт "Эрдик кылып кой сойгону " чын. Арийне, эл-журтуна кимдер "Иттик кылып төш тартып" жатат?Ким билет азыр Кыргызстанда эски бийликтин байлыгы көппү же жаңы бийликтин байлыгы көппү? Балким жең ичинен тынышып, өзара бөлүшүп алганбы? Көпчүлүк болсо жакырлангандан жакырланып баратат, бул айдан ачык нерсе. Аттиң, "Ай караган текедей болуп" акыйкаттыкты Ак үйдөн күтүп жүрүп айлабыз кетип баратат. Деги "Биздин көчөдө качан майрам болот" туугандар?

Келдибек уулу Азизбек.