№36, 19.03.08-ж.
  МЫЙЗАМ ТУУ

ИИМ күчтөрү Ысыккөлдө топтолууда
Акыркы күндөрү "ИИМдин спецназы көтөрүлүштү басуу үчүн Ысыккөлгө жөнөтүлүптүр. Көлдүктөр көтөрүлүшкө даярдык көрүп жатыптыр, бийлик ага карата чара көрөйүн десе керек"- деген бейрасмий каңшаар кеп узун кулактар арасында кызуу талкууланып, ар кандай божомолдор айтылып жаткан. Эл оозунда элек жок эмеспи, эмне болуп кетти экен деп териштире келсек ИИМдин атайын күчтөрү чындыгында эле Ысыккөлгө жөнөтүлүптүр. Муну ИИМ жарым-жартылай моюнга алуу менен билдирди. Жарым-жартылай дегеним, атайын күчтөрдүн көл өрөөнүнө жөнөтүлгөндүгү чын, бирок максаты башка болуп чыкты.
Алыкул айтмакчы, кээде тынч, кээде толкун Ысыккөлгө ИИМ башына анча эмне күч келип, аскерлерин кандай максат менен жиберди болду экен? Эсти оодарган экология маселеси. Мыйзамсыз бак-дарактарды кыйып, жан-жаныбарларды атып жана балык кармап жатышкан жарандарыбыз менен кармашуу үчүн ИИМ спецназынын жардамы менен Ысыккөл областтык ИИБ, УКМК жана кызматтык кылмыштар боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери экологиялык рейд жүргүзүп жатышат. Бул тууралу билдирген ИИМ маалымат кызматыны бул ишке канча кызматкер жана атайын күчтөрдөн канча адам тартылгандыгын айтпастан, тек гана, андай оперативдик топтор ар бир райондо иш алып барып жатат деп кошумчалады.

- Бул иш-чара экологияны коргоо боюнча жыл сайын болуп келген, планда каралган иш. Андыктан элдин тынчын алуунун кажети жок- деген ИИМ маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов мыйзам бузуп жүргөн бир топ браканьерлердин колго түшкөндүгүн, алардын айрымдары оперативдик топтун кызматкерлеринин куралдангандыгына карабай каршылык көрсөтүп жаткандыгын да белгилеп өттү.
Парламетте каралып жаткан Казакстанга берилле турган төрт пансионаттын тагдырын, ага удаа эле Өзбекстан да көл боюнан өз энчисин талап кыла баштаганын эске ала турган болсок, элдин кыжырын келтире турган маселелер жок эмес. Бу "акжолчу" депутаттарыбыздын укканына макул болуп унчукпай отура бербейт, улуттук кызызыкчылыктарды коргойт деп ким кепилдик бере алат? Үзөңгүкуушту сатаарда Атамекен алдында аксылыктардын баатырдыгына баа жок! Бу ирээт көлүн-жээгин кошуп 900 га жакын жерин соодалап жатканда көлдүктөр да көтөрүлбөй койбойт деп ким ойлобойт?
Саясат таанучу Марс Сариев абалдын курчуп кетишин ажеп эмес, ИИМ күчтөрү көл өрөөнүндө так ушул маселе боюнча гана топтолушу мүмкүн дейт. Ысыккөлдөгү менчикти кайра бөлүштүрүүдө жергиликтүү элитанын кызыкчылыктары эске алынбай калган, бул да өтө кооптуу деген экспертке эмне дейбиз, андай эмес деп айтыш да кыйын болуп турат.

Урмат ИМАНАЛИЕВ




  Көнгөн адат калчубу?

Өлүм менен коштолгон кумар
Үстүбүздөгү жылдын 12 февралында Аламүдүн районунун Ленин айылынын Чайная көчөсүнүн №2 үйүндө төбө чачты тик тургузган кылмыш болгон. Окуя болгон жерге барган Аламүдүн районунун ИИБ тергөөчүсү С.Кожомбердиев №58-08-75 кылмыш ишин козгоп, өндүрүшкө алган. Аламүдүн РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн опер-кызматкерлеринин жана Адилет министрлигинин Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында колго түшкөн кылмышка шектүү Абдрахманов Алмазбек Самидинович бүгүнкү күндө Бишкек шаардык тергөө изоляторунда сурак берүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой кылмыштын төркүнү төмөндөгүчө:
1981 жылы туулган Алмазбек мурда да соттолуп, бул кылмыш учурунда Молдовановка айылында жайгашкан Жаза аткаруу башкармалыгынын №27 мекемесинде жазасын өтөп жүргөн. Жатак-абактын шартына ылайык жалданып иштөө укугунан пайдаланып полковниктин үйүндө чарбалык жумуштарга жардамдашып иштеп жүргөн. Окуя болгон күнү каза болгон жабык мекеменин кызматкери, медайым жалгыз эле, кожоюн айылга кеткендигине байланыштуу үйдө жок болчу, полковник учурда пенсионер. Абалдан пайдаланган Алмазбек үйдөгү оокаттардан, тагыраагы "Волга" машинасына тиешелүү тетиктерди уурдап чыгып 400 сомго сатып жиберген да, акчасына арак ичип алган. Мас болуп алып өзү жашап жүргөн атайын жер төлөгө (времянкага) эмес, кожоюндун үйүнө кирип барган. Мас абалдагы Алмаздын үстүнө кирип келишин жана анын мындай жосунсуз жоругун жактырбаган кожойкенин каршылыгына жини келгенби же кожоюнга айтып коет деп коркконбу айтор, айымга бычак шилтеген. Башталган ишти аягына чыгуу үчүн балта алып келип, жарадар болгон айымды башка, моюнга чапкылап өлтүргөн. Эми качуу керек… Үйдөгү мобилдик телефонду жана эки DVD аппараттарын олжолоп жолго түшкөн. DVDлерди Ош базарына барып 800 сатып, вокзалдан туулган жери Кызылкыяга таксиге отурган. Акчаны айылдан берейин деген Алмаз үйгө жеткенде жол кире акысына баягы сотканы кармата салган.
Кылмышкер дайыма артында изин калтырат дейт, бул кылмышка ким шектүү экендиги тез арада аныкталып, уурдалган телефон аркылуу анын кайда экендиги да такталган. Өзү жаза өтөп жүргөндүгүнө карабай, дагы оор кылмышка барып отурат. Кылмыш кылган адамды ойлонсун, оңолсун деп жазалайт. А эмне үчүн Алмаз оңолмок тургай ойлонгон жок?! Же ойлонуп тиешелүү жыйынтык чыгарганга анын 9-классты бүтүргөн билим деңгээли жол берген жок болду бекен? Эмне болгон күндө да Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын Молдовановка айылындагы №27 мекемесинин кызматкери, медайым анын колунан ажал тапты. Мындай мыкаачылыкка соо адамдын барышы күмөн туудурат. Ушул себептүү Алмаз акыл-эси ордундабы деп текшерүүдөн да өтүп жатат. А балким, бул кылмышка атайын эле баргандыр, айтайын дегеним, балталанып каза болгон айымдын өлүм алдында жыныстык катнашта болгондугу экспертизанын жыйынтыгында белгилүү болуп отурат.

Прокурордун сөзү
Акылбек Бакачиев, Аламүдүн районунун прокурору:
- Айта кетчү жагдай, айыпкер мурда да соттолуп жаза мөөнөтүн өтөп жүргөндүгүнө карабай жаңы оор кылмышка барып отурат. Ал мурункусунан сабак алышы керек эле, бирок тилекке каршы андай болгон жок. Эми анын жазасын албетте сот аныктайт. Бирок анын күнөөсү тергөөдө толугу менен далилденип, ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2 бөлүмүнүн 6, 7 пункттары боюнча айып тагылууда.

Гүлстан Ниязов




КР Кылмыш-жаза кодекси, 97-берене "киши өлтүрүү":
(1) Киши өлтүргөндө, атайылап башка кишинин өмүрүн кыйганда, -
сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Киши өлтүрүү:
6) өзгөчө мыкаачылык менен;
7) зордуктоо же жыныстык кумарын башка түрдө күч колдонуп канааттандыруу менен коштолгондо;
мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат же мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан өлүм жазасына тартылат.




ЫЙЫК ОРДОДО ДА ЫПЛАС ИШ БОЛГОН
Кыргыз элинин сыймыгы эсептелген улуттук "Манастын Ордосу" комплексинде Аскар Акаевдин убагында далай былык иштер болгону эми билине баштады.Элдик акчанын эсебин тыйын-сомуна чейин териштирген эсептөө палатасынын текшерүүчүлөрү жаап-жашырылган нерселерди буюм түрүндө да, тыйын түрүндө да таап жатышат.
Миң жылдыкта тигилген боз үйлөрдүн эң коозу да, эң мартабалуусу да эсептелген Манас бабабыздын 12 канат хан өргөөсүн Аскар Акаевге ал 60 жашка толгондо "падерке" кылып берип жиберишкенин комплекске элдик ыңкылаптан кийин директор болуп келген Ормош Чоюнбаев биринчи болуп билет.Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын, эч ким биле электе таап келиңиз деп мурдагы директор Жеңиш Чынаевге мөөнөт берет. Ал Маскөөдөнбү же Бишкектенби айтор кайра таап келген.
.Эми болсо комплексти суу менен камсыз кылат деп 1 миллион сомдон ашуун каражат чыгымдалып курулду деген суу сордуруп туруучу системанын курулушунан буюмдар эмес, тыйындар кайтарыла турган болууда.Миллион сом эмес, бир нече миң сом эле чыгымдалган суу берүүчү бул мунара азыр да иштебей турат.Калган акчаны ким кайтараары азырынча белгисиз. Текшерүүчүлөрдөн кийин ишти тергөөчүлөр улантып,ички иштер министрлиги иликтөөнү аяктап жатат..
Олжочук ТАГАЕВ.




"Туура сүйлөсөң, тууганыңа жакпайсың"
Ар бир акыл -эсинен ажырабаган адам, жараткан теңирден биринчи ден-соолукту, тынчтыкты, токчулук-молчулукту тилеп, бул жалган дүйнөдө
таза болуп, абийрин бек сактап өтүүнү тилейт эмеспи.
Ал эми учурда андай болбой баары тетири болуп жатканын кантип жашырмакчыбыз. Элибизде "Молдонун айтканын ук да, кылганын кылба" - деген сөз бекеринен жаралган эмес. Эл деген калыс, көсөм, тараза, баарын көрүп билип турат, бирок үнү жетпейт, жетсе да бийлик анны уккусу көргүсү да келбейт. Ошондуктан элдин үнүн Кичине болсо да жогорку жактагы атка минерлерге газета аркылуу жеткирүүнү эп көрдүм.
"Балык башынан сасыйт" - кандай таамай так айтылган сөз. Бизде ушул тапта сасымак тургай ирип-чирип, күндөн-күнгө күчөгөндөн күчөөдө. Касанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса болуудабыз. Мисалга жөнөкөй эле шаарды алып үйлөй берсек, чегинен ашкан соң ал шаар жарылат да эч нерсеге жараксыз болуп калат. Ошондуктан элди да жарып ала элегибизде токтотолу, куру убадалардан оолак бололу демекчимин. Оозубуздун жели менен кыйратабыз, ойротобуз деген сөздөрдү апыртып, элди аябай жинине тийүүнү токтотолу. Мейли чиновник же карапайым адам болсун мыйзам баарына бирдей болуусу зарыл, укуктары тебеленбеши керек. Тилекке каршы бизде андай болбой жатканы баарына эле маалым да. Биз кийинки муундарга өзүбүздүн ким экендигибизди ачык эле көрсөтө алдык. Себеби өткөндөгү референдумду жана болуп өткөн партиялык - парламенттик шайлоолорду алып карасак жетиштүү болот. Биз ал шайлоонун жыйынтыгын алганда өзүбүздүн эки жүздүүлүгүбүздү, алсыз-арсыз аферист экендигибизди дааналап көрсөтө алдык. Келечек муундарга кайсы бетибиз менен шайлоону таза өткөрдүк деп айта алабыз. Ошодуктан жаштарга өзүбүздүн жаман адаттарыбызды көрсөтпөй, жакшы жактарыбызды үлгү катары калтырсак, эл алдында жүзүбүз жарык болуп, айткан сөзүбүз да орундуу болот эле го деп ойлойм.
Борбордук шайлоо комиссиясы эмне ак иштедиби? - Эл алдында Берген убадалары "Анты" гана? Биз жада калса "Ант" бергенди да оюн көрүп, куру убадага айлантып алдык. Эгемен мамлекет болгонубузда Герб, Гимн жана туубузду кабыл алганбыз, жада калса ошону да ушул күнгө чейин туура колдоно албай келебиз. Себеби туубузга түшүрүлгөн түндүк көбүнчө чалкалап илинип калат. Ар нерсенин орду жана оңу болушу керек да, бул өтө манилүү маселе деп ойлойм. Ошондо гана өзүбүздү өзүбүз сыйлап ким экендигибизди көрсөтө алмакпыс. Андыктан коррупцияга бөгөт коюп Ата-Мекенибизди сүйүп, коргоп, тилибизди динибизди буйдалатпай мыйзамды ыйык тутуп, туубузду бийик көтөрүп эл алдында жүзүбүз жарык болуусун каалар элем.

Дүйшалиев Жээнбек
Талас шаары.