№35, 12.03.08-ж.
  Дүйнө Жаңылыктары

Европалыктар исламга кайрадан асылды…
Голландиялык "Эркиндик" партиясынын лидери, оңчул багыттагы саясатчы-режиссер Геерт Вильдерс ислам динин фашисттик, арта калган катары мүнөздөгөн "Fitna" аттуу фильмин жарыялоого камынууда.
Мындан он жети ай мурда жарык көргөн даниялык гезиттердин каррикатуралык сатирасы, ислам дүйнөсүндө өтө чоң нааразычылыктарды жаратып, мусулмандардын ири толкундоосу менен коштолгон ошол окуядан кийин, мындан да жаман чыр чыгабы деп чочулаган Голландия өкмөтү террористтик актыларды айтпаганда да, өлкө үчүн болуп көрбөгөндөй саясий, экономикалык кесепеттерден катуу кооптонууда.
Голландиянын акыйкат жана тышкы иштер министрликтери Геерт Вильдерс менен анын бул оюнан баш тартуусун көздөгөн сүйлөшүүлөрүнөн эч жыйынтык чыккан эмес. Анын карама-каршылыктуу бул фильмин бир дагы голландиялык телеканал көрсөтүүгө макулдугун берген эмес. Фильмдин ачылыш-премьерасы 28-мартта Гаага шаарындагы пресс-конференция учурунда Интернет аркылуу көрсөтүлмөкчү.

"Курал-жарак барону" колго түштү
Таиланддын борбору Бангкок шаарындагы беш жылдыздуу мейманканалардын биринен АКШ жана европалык бир катар өлкөлөр издөө салган, дүйнөдөгү эң ири курал-жарак соодагери, орус жараны Виктор Бут камакка алынды. "Amnesty International" деп аталган укук коргоочу уюмдун маалыматында СССРден курал-жарактын ири запасы мураска калган Болгария, Словакия, Украина, Кыргызстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн бобордук жана батыш Африканын боевиктерине, Афганистандын талибдерине ж.б бир катар дүйнөлүк согуш очокторуна курал-жарак ташып турган.Британ чалгынчыларынын маалыматы боюнча Виктор Бут Садам Хусейндин тушунда Иракка контробандалык жол менен ракеттик технологияларды жеткирген.
Дүйнө жүзү боюнча элүүдөй ири компанияларды түзүүгө жетишкен бул орус бизнесменинин жашоосу өзүнчө эле уламышка айланып, ал жөнүндө тартылган "Курал-жарак барону" фильминде атактуу актер Николас Кейдж анын образын жараткан. Ошондой эле Виктор Бутка арналган "Өлүм соодагери" деп аталган китеп да жарык көргөн.



Диманын "Евровидениеге" болгон экинчи сапары
Москвадагы атактуу "Академиялык" концерттик залда 9-марттан 10-мартка караган түнү Европадагы эстрадалык ырлардын эң популярдуу,кадыр-барктуу конкурсу эсептелген "Евровидение-2008ге" Россиядан ким бараары аныкталды.Бул үчүн атайын уюштурулган эстрадалык ырлардын улуттук конкурсунда калыстардын 54 упайын топтоого жетишкен Дмитрий Билан Европа сахнасын багынтууга укук алды. Эсиңиздерде болсо Дима 2006-жылы Афинада өткөн ушул эле конкурста экинчи орун алып, максатына жетпей калган эле.
1956-жылдан бери европалык мыктылардын мыктысын тандап келген бул конкурс бул жылы былтыркы Стокгольмдо өткөн мелдеште биринчини алган сербиялык Мария Шерифовичтин мекени Сербияда өтмөкчү. Жылдагыдан өзгөчө өтүүчү быйылкы "Евровидение-2008ге" 43 мамлекеттен эстрадалык ырчылар катышып, Балкандагы эң ири концерттик зал "Белград аренасында" өз күчтөрүн сынамакчы.Бул конкурстун жарым финалдык турлары 20-22-майда,ал эми финалы 24-майда өтөт.

Скотланд -Ярддын офицерлери "Аль-Каида" менен кызматташты деп күнөөлөнүшүүдө.
Британ королдугунун укук коргоочу кызматы Скотланд-Ярддын офицерлерине эл аралык террористтик уюм менен кызматташты деген айып тагылууда.
Британ чалгынчыларынын шегине кабылган азиа улутундагы бул төрт офицер Лондондун ар кайсы полицияк участкаларында эмгектенишип, Лондондук укук коргоочулар жүргүзө турган антитеррордук операциялар жөнүндө ислам террористтерине, тагыраак айтканда "Аль-Каиданын" боевиктерине түздөн-түз жеткирип турушкан.

Кытайлыктар дагы 10 жыл бирден гана балалуу болушат.
1970-жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан "бир үй-бүлөдө бирден бала" саясаты дагы он жыл бою өзгөрүүсүз калат-дейт Кытайдын үй-бүлөөнү пландоо министри Чжан Вейцин.
Эскерте кетсек, 2008-жылдын февраль айынан бери кытай коомчулугунда үй-бүлоөлүк мындай катуу саясатка каршы кызуу талкуулар жүрүп келген эле. 1.3 миллиард деп эсептелген Кытай калкынын бир жылдык өсүү темпи 0.6 процентти түзүп, эгер үй-бүлөөлүк мындай чектөөнү колдонбосо, өлкөдө социалдык өтө курч маселелер келип чыгаарын министр мырза элге түшүндүрүү менен, 10-мартта бул маселеге чекит койду.



Латын Америкасында согуш оту өчүрүлдү.
7-мартта Доминикан республикасында болуп өткөн Латын Америкалык өлкөлөрдүн саммитинде мамлекеттер аралык ири конфликтке кириптер болгон Колумбия, Эквадор, Венесуэла мамлекеттеринин ортосунда тынчтык макулдашуусу болуп өттү.
Эсиңиздерге салып өтсөк, ушул айдын алгачкы күнү, 1-мартта Колумбиянын аскер күчтөрү түштүктөгү коңшусу Эквадор менен чектеш аймактагы "Колумбиянын революциялык согушчан күчтөрү" (FARC) деп аталган уюмдун боевиктерин жок кылуу максатында уюштурулган согуштук операция учурунда Эквадордун территориясына кирип барган эле. Мындай аракеттерди эквадор элинин намысына жана өлкөнүн суверендүүлүгүнө шек келтирди" деп эсептеген Эквадор бийлиги Колумбия менен бардык дипломатиялык байланыштарды үзүү менен колумбиялык элчини өлкөдөн чыгарып таштаган. Эквадор элине тилектеш экендигин билдирген Венесуэла президенти Уго Чавес да ушундай эле кадамдарды жасоо менен Колумбияга каршы саясий, согуштук жардам берүүгө даяр экендигин айтып өткөн.
Ошентип, үч өлкөнүн согуштук ири техникалары чек араларга топтолуп, дагы бир дүйнөлүк ири согуш очогу пайда болоор алдында Колумбия президенти Рафаэль Корреа, Эквадор башчысы Альваро Урибе жана Венесуэлалык Уго Чавес бири-бирин кечирип, туура чечим кабыл алып отурушат.



Баягы эле Израил-Палестина чыр-чатагы
Жардыруу, атышуу, кан төгүү сыяктуу көрүнүштөр күнүмдүк, адаттагы окуяга айланып бара жаткан Жакынкы Чыгышта еврей-араб чыр-чатагынын аягы бүтпөчүдөй.
Ошондой каргашалуу окуялардын бири өткөн жуманын 6-мартында,кечке жуук Жөөт мамлекетинде өтө сыйлуу, кадыр-барктуу эсептелген "Мирказ-Харав" деп аталган иерусалим-диний мектебинин окуучуларына (иешивалар) карата кол салуу болуп өттү. Төрт жылда бир келүүчү еврей календарындагы Адер Экинчи деп аталган айдын башталышын майрамдоо үчүн мектептин китепканасына чогулган сексендей окуучуга он мүнөт тынбай ок жаадырып, сегиз адамды өлтүрүп, бир нечесине оор жаракат келтирген израилдик араб улутундагы кылмышкер полиция тарабынан атып өлтүрүлдү.Бөөдө өлүмгө дуушар болгон балдарына ичи күйгөн израилдиктер "арабдарга өлүм" деген ураан менен ошол эле жерде чоң митинг уюштурушту.
АКШ президенти Жорж Буш, БУУнун генералдык катчысы Пан Ги Мун баштаган дүйнөлүк коомчулук болуп өткөн окуяны "жырткычтык, жапайы кылмыш" деп баалады. Ал эмес Палестина автономдуу областынын жетекчиси Махмуд Аббас да эки элдин жөнөкөй жарандарынын канын төгүүгө каршы пикирин айтты. Ал эми секторунда Газа жана бир катар араб өлкөлөрү Иерусалимдеги окуяга канааттангандыгын ачык билдиришип, көчөлөрдө элдик майрамдарды да уюштуруп жиберишти.



Россия Абхазиядан соода, экономикалык санкцияны алып таштады.
Өткөн жуманын 6-мартында Орусия тышкы иштер министрлиги "таанылбаган" Абхаз мамлекетине карата 1996-жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан соода, экономикалык санкцияларды алып таштагандыгын жар салды. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларын да ушундай кадамга чакырып өттү.
Грузиянын "Косовосу" эсептелген Абхазия көп жылдардан бери өз алдынча мамлекет курууга умтулуп, Грузия бийлигинин баш оорусуна айлангандыгы эсиңиздерде болсо керек.
Улуу коңшусунун мындай аракетине нааразы болгон Грузия президенти Михаил Саакашвили "Кавказдагы абалды дестабилдештирүүгө болгон ири провакация" деп баалап, Россиянын мындай кадамы мыйзамсыз деп айтып чыкты. Ал эми бул чечимди Россиянын Кавказ аймагына аскердик жайгашууга болгон даярдыгы деп эсептеген Грузия тышкы иштер министрлиги Россиянын Грузиядагы элчиси Вячеслав Коваленкого каршылык нотасын карматты.



Капчыктуулар тизмеси.
Капчыктуулардан кабар алып турган белгилүү журнал "Forbes" дүйнөнүн эң бай адамдарынын кезектеги тизмесин жарыялады.
Он үч жыл катары менен биринчиликти бербей келген атактуу Microsoft компаниясынын жетекчиси Билл Гейтс капчыктуулар тизмесинде, бир жылдык кирешесин 17 процентке жогорулатуу менен бар байлыгы 62 миллиард доллар деп бааланган жердеши финансист Уоррен Баффетке өз ордун бошотуп берди. Ал эми экинчи орунда бир жылдык кирешеси 11 миллиард долларды түзгөн мексикалык медиамагнат Карлос Слим 60 миллиард доллары менен орун алса, жогоруда айтылган Билл Гейтс 58 миллиард доллары менен үчүнчү орунду ээледи.
Forbesтин бул тизмесине быйыл бардыгы болуп 1125 миллиардер илинип, былтыркы жарыяланган тизмеге караганда 189 адамга көбөйгөн. Алардын бардык байлыгы 3.5 триллиондон 4.4 триллион долларга көбөйгөн. Капчыктуулардын саны боюнча биринчи орунда 469 миллиардери менен АКШ ээлесе, экинчи орунга Германияны артка калтырып, 87 миллиардерлүү Роосия орун алган.

Бетти даярдаган: Эрнис Балбаков