№34, 05.03.08-ж.
  Маанилүү маек

Кыргыз Республикасынын Адилет министри Марат Кайыпов:
"Бизде коррупция жок деп айтуудан алысмын"
- Кыйноолорго каршы Эл аралык конвенцияга кошулдук. Ага ылайык күч структураларында кыйноолор болбош керек. Бул бүгүн Кыргызстанда канчалык реалдуу жана анын ишке ашышы кандай болот?
- Адилет министрлиги сунуштаган мыйзам долбоорунун негизинде кыйноолорго каршы Эл аралык конвенциянын факультативдик протоколун жактырып, кабыл алдык. Ага ылайык атайын комиссия түзүлүп, ал каалаган учурда протоколго мүчө мамлекеттердин каалаганына барып, ал жердин пенитенцианардык системасын текшерүүгө алып, адам укуктарынын абалы менен таанышууга укуктуу болот. Ошондой эле ал тараптын комиссиялары келип биздин система менен таанышып, каалаган абакка барып, адамдар кыйноого алынган жокпу деп текшерүү укугуна ээ. Экинчиден, ал комиссия жөн гана акыл-насаатын айтуу менен чектелбестен материалдык жардам бериши да мүмкүн. Ал үчүн биринчи шарт: биздин түрмөлөр ачык-айкын болушу керек. Мунун негизги максаты -абак адамдарынын укугун коргоо, ал жердин кызматкерлери болобу же башкалар тарабынанбы, аларды уруп-согуп, зордук-зомбулуккажол бербөө болуп эсептелет.
- Өмүрү өткөнчө кесилгендерге өзүнчө абак куруу маселеси кандай чечилип жатат?
- Кыргызстан кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштыруу пакетин кабыл алып, ага ылайык өлүм жазасына тартылгандардын жазасы өмүрүнүн акырына чейин жаза өтөөгө алмашылган. Өмүрүнүн акырына чейин десе эле ал киши өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин түрмөдө чирип өлөт деп ойлобогула. Ар бир соттолгон адамдын, өмүрүнүн акырына чейин кесилгендердин да "боштондукка чыгам" деген бүлбүлдөп жанган үмүтү болуш керек. Мына ушул үмүттүн ролун өмүрүнүн акырына чейин кесилгендер үчүн 30 жылдык мөөнөт аткарат. Эгер ушул 30 жылдын ичинде мыйзамдарды бузбай үлгүлүү болсо, оңолуп түзөлөм десе, биз ал кишини боштондукка чыгарабыз, мындайча айтканда, ар бир адамдын боштондукка чыгуу шансы бар. Ал үчүн биз аларга жаза мөөнөтүн өтөөгө шарт түзүп беришибиз керек. Ал шарттардын бири катары Кыргызстандын тарыхында 1- жолу бюджеттен 60 млн сом бөлүнүп, аларга өзүнчө абак куруу каралып жатат. Буюрса куруп беребиз.
- Коомдук парламент боюнча сиздин позицияңыз ар кандай пикирлерди жаратууда?
- КР Конституциясы боюнча бийликтин жападан жалгыз бутагы - эл. Эл Президентти шайлап, ага бийлик укуктарын ыйгарып берет. Кудум ушундай эле ЖК депутаттарын шайлап, алар да ыйгарым укуктарга ээ болот. Кыргызстандын аймагында, чет жерлерде элдин атынан сүйлөгөнгө, элдин өкүлү болууга ушул эки орган гана укуктуу. Ал эми Коомдук парламенттин көпчүлүк адамдары ЖКга, бийликке барабыз дегендер болгон, утулуп калышты. ЖКга жетпей калышып "Кой, утулуп калдык, эл ишенген жок. Эми биз өзүбүзчө парламент түзүп алалы" - дешип, Коомдук парламент түзүп алышты да, мамлекеттик бийлик, Жогорку Кеңеш карай турган маселелерди, мисалы энергетика маселесин карап, токтом кабыл алып жатышат. Мунун өзү мамлекеттик бийликти, бийлик укугун тартып алуу, талашуу дегенди түшүндүрөт. Экинчиден, элдин ишеничине ээ болбой туруп, анын атынан чыгып атат, демек элдин тандоосун, укугун тебелегендик болуп эсептелет. Натыйжада элдин башын айлантып жатышат "Парламентибиз кайсы, кимисине ишенели, кимдин чечимин угалы" - деп. Ушуга окшогон иш аракеттери менен, эгер булар коомго коркунучтуу иш жасаса, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул боюнча Кылмыш - жаза кодексинин 343-беренеси бар. Ошон үчүн биз аларга "Айланайындар абайлагыла, кылмыш жоопкерчилигине тартылып калбагыла, жок дегенде юридикалык жак катары катталып коюп, иш алып баргыла" - деп эскертип жатабыз. Азырынча биздин максат эскертүү. Калганы укук коргоо органдарынын иши.
- Кыргызстанда ар кандай деструктивдүү диний секталар да иш алып барып жатышат. Аларды каттоо боюнча мыйзамыбыздын абалы кандай?
- Диний уюмдар жөнүндө сөз кыла турган болсок, ачыгын айтайын, Кыргызстан кулачын кенен жайган, аябай эле ачык мамлекет болуп алды. Кылымдардан бери калыптанып, каада-салтка, адамдардын канына сиңип калган касиеттүү диндер бар. Мына ошолордон сырткары каада-салтка каршы келген, адамдык касиетке доо кетирген диндер пайда болууда. Алардын көпчүлүгү каттоодон өткөн эмес, юридикалык жак болуп катталса гана бизден каттоодон өтөт, эгер юридикалык жак болбосо, анда дин иштери боюнча агенттиктин каттоосунан өтөт. Бул боюнча мамлекет өзүнүн саясатын дагы жакшылап иштеп чыгып, позициясын өзгөртүш керек деп ойлойм. Адамдык касиеттерди бийик койгон дүйнөлүк баалуулуктар бар. Биз аларды сактап калышыбыз керек жана аларга каршы келип, доо кетирген көрүнүштөргө чек коюшубуз зарыл. Анткени Кыргызстан жалгыз, кыргыздардын башка мамлекети жок.
- Сиз министрликке келгенде иш кагаздарын мамлекеттик тилде, кыргызча алып барыш керек деп жакшы жөрөлгө баштадыңыз эле, азыр абал кандай?
- Мен келе калып эле кыргыз тилине өтөсүңөр деп зордогон жокмун. 2005-жылы сентябрда министр болуп келгенде чогулуш өткөрүп "Силер укукчусуңар, юристтер мыйзамды биринчилерден болуп аткарыш керек. Конституцияда мамлекеттик тил -кыргыз тили деп көрсөтүлгөн, муну кантип аткарып жатасыңар?" - десем унчугушпайт. "Мыйзамды сактайлы, кыргыз тилине өтөлүбү?"-десем "өтөлү" - дешип, кээлери бир айдан кийин десе, кээлери азыр эле баштайлы дешти. Айрымдары алты айдан кийин дешти. Ушунун негизинде кыргыз тилин ким кандай билээри аныкталып, атайын класстарды уюштуруп, мамлекеттин эсебинен кыргыз тилин окуттук. Дагы окуйм дегендер бар. Анан мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын мүчөлөрүнө экзамен тапшырып, жалаң беш алгандардын айлыгына миң сомдон кем эмес акча коштуруп бердик. Анан башка мамлекеттик органдардан документтерди, мыйзамдарды кыргызча бергиле деп талап кыла баштадык. Анткени, тил мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн бирден бир белгиси. Ал эми биздин мыйзамдар кыргыздарга арналат, анан эмне үчүн орусча жазылышы керек? Которо келгенде бурмаланып калып жатат. Түп нускасын кыргызча бергиле, биз салыштырып көрүп корутунду берели десек, азыр көнүп калышты. Башында мени "улутчул", "фашист" дешип гезиттерге да жазып жүрүштү, Президентке чейин арызданып барышты. Мыйзамдардын түп нускасы кыргызча болуш керек. Антпесе биз кыргыз экендигибизге шек келтирип алабыз деп маселени түшүндүрүп бердим.
- Катардагы атуулдарга курал берүүнү оңойлотуш керек дегенди айрымдар, эркектер экиден аял алса болот деген сөздүн разрядына киргизип жатышат?
- Эки аял, көп аял алууга уруксат берүү жөнүндө мен сөз кылган эмесмин. Эки аял алган жана андан төрөлгөн балдарын баккан кудуреттүү эркектерди дүйнө жүзү боюнча жалгыз Кыргызстан кылмышкер деп Кылмыш - жаза кодексинин беренесине таянып камап коет. Бул бизге СССР учурунда таңууланып калган берене. Алар бизди "кокуй булар, мусулмандар үчтөн-төрттөн катын ала берип, бат эле көбөйүп кетишет экен, кой муну тыялы" - дешкен. Ал убакта мындай кылмыш беренеси Кыргызстанда, Казакстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда, Азербайджанда, Кавказ элдеринде киргизилген. Ошол эле учурда Белорусия, Украина жана Прибалтика республикаларында мындай кылмыш жаза жок болчу. Бир мамлекет болгондон кийин мыйзам бирдей болушу керек эле. Эми ушуну биздин депутаттар түшүнө албай жатышпайбы, коңшу мамлекеттер эгемендүүлүк алганда эле мындай кылмыш жазасын алып коюшкан, Россия да мындан баш тарткан. Биздин Легендарлуу парламенттен тартып кечеки таркап кеткен депутаттарга чейин маңыроолук кылып, кудуреттүү, эки же андан көп үйбүлөнү баккан адамдарды кылмышкер деп камап коюп отурушат. Эми ошо камап койгондон майнап чыкса бир жөн, пайда жок болуп жатпайбы. Кылмыш иши башталат жана бүтөт. Бүтпөй турган кылмыш болбойт. Кээ бир кылмыш үчүн ал жасалып бүткөн соң жоопкерчиликке тартылат, айрымдары үчүн мисалы, каракчылык же адам өлтүрүүгө даярданганы үчүн да жоопкерчиликке тартылат. Бирок көбүнчө кылмыштар жасалып бүткөндөн кийин жазаланат. Даярданган жана ойлонгон үчүн жазаланбайт. Эми биз кеп кылып жаткан кылмыш бул бүтпөгөн кылмыш. Себеби бул кылмыш эмес, аны бизге таңуулап коюшкан. Мисалы эки аял же көп аялы бар деп сот камап койду. Эки жыл отуруп чыгып ал үйүнө барат, барса эки же төрт аялы отурат, балдары бар. Алар "күйөөбүздү камап койду, мындай болбойт экен" - деп башка күйөөгө тийип кетпейт да, туурабы? Анан үйүнө барган кишини кайра камап коюш керекпи? Ойлоп көрсөңөр, логикага, акылга сыйбаган кылмыш бул. Таңууланган кылмыш деп ошол үчүн айтып жатам. Кыргыздын каада-салтына каршы келген, көбөйүшүбүзгө, таза тукум алышыбызга балта чапкан кылмыш бул. Ошону алып салалы деп жатпаймынбы. Эми экономикалык жагын айтып берейин, мамлекет кылмыш -жаза саясатын жасап жатып анын экономикалык пайда жагын да ойлош керек. Кылмышкер деп эки үйбүлөнүн багуучусун камап коюп, балдарын тирүүлөй жетим калтырып, анан аларга кайра өзү жөлөк пул төлөп жатат. Мамлекетке ушунун кереги барбы? Адам өлтүргөн чыныгы кылмышкер менен күрөшүш керек. Мамлекет анын ордуна эки үйбүлөнү багып жаткан адамды, мен кудуреттүү азаматты деп айтаар элем, камап атат.
Ал эми курал берүүнү жеңилдетүү боюнча айта турган болсок, кылмыш жоопкерчилигин гумандаштыруу пакетин кабыл алдык. Ага ылайык, мурда "коргонуунун чегинен чыгып кетүү" деген берене бар болчу, бул дагы СССР маалында таңууланып калган. Ошол берененин түшүнүгүн өзгөрттүк. Мисалы сизге бир кылмышкер бычак көтөрүп өлтүрөм деп келатса, сиз колуңуздагы мылтык менен коргонуп аны атып салсаңыз, сизди коргонуу чегинен ашып кетти деп кылмышкер катары камап койчу. Ал үчүн мылтыкты ары алып коюп, бычак издеп таап коргонушуңуз керекпи? Бул дагы акылга сыйбаган нормалардын бири. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин адамдын өмүрү, ден-соолугу, менчиги ыйык деп жатабыз. Ыйык деп койгондон кийин алардын корголушуна мамлекет шарт түзүп бериш керек. Ар бир жарандын үйүнө, ал эс алууда жүргөндө же уктап жатканда жанына бирден милиция кое албайбыз да. Ал жарандардын өзүн өзү коргоосуна шарт түзүп беришибиз керек.
Азыр кылмышкерлерде курал бар, аларды куралсыздандырууга мамлекеттин күчү жетпейт, биз ачык мамлекетпиз, андыктан кылмышкерлер биздин куралдуу күчтөрдө жок куралдарды алып келүүсү мүмкүн, анткени алар мыйзамды сыйлабайт, кылмышкерлер тыюу салсаң да куралданышат, ошону менен өмүр сүрүшөт. Ал куралы менен куралы жок ишкерлерди, колунда бар байларды, тагыраагы, мыйзамды сыйлагандарды коркутуп, акча өндүрүп жатышат. Байкуш ишкердин куралы жок, коркот. Алайын десе толгон токой кагаздарды чогултуш керек. Мындача айтканда ар бир кылмышкер бирөөнүн үйүнө ууруга баратып ойлонуп, "куралы бар атып салат, анысы үчүн жазаланбайт" деп коркушу керек. Мыйзамды сыйлаган адамдарга өзүн, денсоолугун, менчигин коргоп калууга шарт түзүүнүн бирден бир жолу -аларга курал берүү. Ооба, дүйнөдө куралга байланыштуу коркунучтуу тажрыйбалар бар. Мисалы, АКШда окуучуларга, мурда соттолгондорго же мээсинен айныгандарга курал берип коюшкан. Биз алардын кемчиликтерин эске алып, алардыкынан жакшы мыйзам кабыл алышыбыз зарыл. Менин айрым оппоненттерим "курал берип койсок кыргыздар бир-бирин кырып салат" деп чыгышты. Ой, бу биздин кыргыздар өмүр бою курал көтөрүп келген эл болгон. Кыргыздар куралдан качан арылды? Мына, Түндүк Кыргызстанда Султан Ибраимовичти атып кеткенден кийин үймө-үй кыдырып куралдарды жыйнап кетишкен. Түштүк Кыргызстанда Ош окуясынан кийин Алайдан Баткенге чейин тинтип кыдырып чогултуп кетишкен. Мына ошол курал жоктун кесепетин быйыл көрбөдүкпү, айылда, тоодо мал баккан кыргыздар малын карышкырга жем кылып бербедиби. Байкуш кыргыз кылмышкерди мындай кой, баккан малын карышкырдан сактай албай калбадыбы.
- ИИМ менен Адилет министрлигинин ортосундагы "Аалам" пансионаты боюнча талаш, ары эмес же бери эмес болуп бүтпөй келет?
- Ары жак, бери жак эмес, өкмөттүн чечими менен бизге бербей койгон. "Аалам" пансионаты биздин №3 түзөтүү мекемесинин балансында болчу, аны Жаза аткаруу башкармалыгы курган. Жаза аткаруу тутумун бизге өткөрүп берип, анын балансындагы пансионатты, пионер лагерин, лыжа базасын бербей коюшту. Баарын албасак да жарымын берели деп маселе койгонбуз, азырынча чечиле элек. Буюрса, Өкмөт туура чечим чыгарат деп ойлойбуз, анткени бизде 5 миңден ашуун куралдуу күчтөрүбүз бар. Өмүрүн тобокелге салып түрмөлөрдө иштеп жаткан 4 миң кызматкерибиз, абактарды кайтарган 1.5 миңден ашык солдат, офицерлерибиз бар. Алардын арасында соттолгондордон жугузуп алып, кургак учуктан көз жумгандар да кездешет. Биз аларга эс алууга шарт түзүп беришибиз керек. Бул маселе жаз айларында чечилип калат деген үмүтүм бар.

( Уландысы 6-бетте )