№34, 05.03.08-ж.
  Алибинин почтосу

Көйнөгүн жууп алалбай биттен көрүү
Атбашы жолу качан оңолот?
Кыргызстандын атка минер чиновниктерине таң калып келем. Элүү жыл мурда орустардын күчү менен түптөлүп, салынган жолдорун эгемендүүлүккө жетишкенден бери - бир да жолу жаңылап алалбай кайра кытайдын машинелеринен көрүп, алда небак күнү бүткөн жолдорду "кытайдын машинелери бузуп, талкалап жатат" - деп алакан жая арызданып жүргөндөрүн угуп уяласың.
Мамлекеттик алака үчүн, чек ара ачылган соң, соода байланышы багытында чет өлкөлөр менен алака түзүлгөндөн кийин албетте, ар кандай оор типтеги автоунаалары көтөргөн жүгү менен киришет да. Азыр кайсы заман, канчанчы кылымда жашап жатабыз? Чет өлкөлүк өнөктөштөрдү өзүбүзгө окшотуп, "чакан жүк машинаңар менен келгиле" - дегенге болобу? Кыргызстандын автоунааларындай эскилиги жеткен өткөн кылымдын 50-60 жылдарындагы өңдүрүлгөн машиналарды Кытай өлкөсүнөн шам менен издесең таба албайсың. Табылышы да мүмкүн эмес. Эгерде Кыргызстандагыдай жүк автоунаалары кытайда болгондо алар небак көргөзмөканага коюшуп, жөн турбай мындан да акча табышмак.
Ырас, Атбашы эли жолдун бузулуп жатканын өз көздөрү менен көрүшүп, анык себебин анализдеп жатышат. Жолду оңдойбуз - дешип Акаев заманынан бери нечен аткаминерлер келип кетишти. "Темир генерал" атыккан мурдагы өкмөт башчысы Ф.Кулов: "Мамлекеттик маанидеги жолду тезинен оңдоого, болгондо да дүйнөлүк стандартка жооп берерлик абалда оңдойбуз" - деп ооз көптүрө убада берип кетти эле. Анан эмне болду? Убада суу кечпей, талаада калды.
Азыр Атбашы жолу мурдагыдан да начар абалда. Өлкө башчысы К.Бакиевдин үкөлөрү күндөп-түндөп автоунаалардын колоннасы менен оор жүктүү машинелерди дембе-дем алып өтүшкөнү жергиликтүү тургундарга жакшы малым. Бул колонналар өтүп кеткени жол жерге чөгүп, кийинки машиненин жүрүшү азап!
Ооба, Атбашы жолу дүйнөлүк стандартка жооп бербейт. Оор жүктөрдү көтөрө албайт, ага жалаң эле Кытай машинелери күнөөлүү эмес экендигин мезгил өзү ырастоодо. Жол дегенди - жолдой салуу керек. Мисалы, Торугарт - Бишкек жолун көрүп, уялгандан арданып кетесиң. Жол үстүнө азыраак нормага ылайык келбеген шагыл төгүп, кара майды үстүнө жаап койсо эле жол боло калмакпы? Дүйнөлүк стандарттын ьалабына бул "жол" - деп эсептелинбейт. Акүй аткаминерлери бул саясий мааниси бар эл аралык магистралды терең, иликтеп, тезинен калыбына келтирүү үчүн оңдоп, түздөө жумуштарын кого алчу мезгил келди!
Чет элдик инвесторлордун жардамы, гранттары менен Бишкек-Ош жолу калыбына келип, аяктап калды. Эми Торугарт-Бишкек жолун да колго алуу маселеси бышып жетилди. Буга кыргыз өкмөтүнүн болочок долбоорлору мисал боло алат. Бирок, бизге көнүмүш болуп калгандай айтылган сөз, убада аткарылбай кала берчү эле… Ал эми Кытай республикасында жол салууга айрыкча маани берилет экен. Жер бетин бир нече метр тереңдеп казып кум шагыл, битум, цемент аралашмаларын арбын төгүп, кылдаттык менен ишке ашыргандарына күбө болгонбуз. Ошол себептүү КЭРдин автомагистралдары 200-300 тонна жүк басымын кебелбей көтөрөт. Ал эми биздин оор жүктүү автоунааларыбыздын салмагына кебелип да койбойт. Экинчиден, КЭРде эл аралык каттамдагы жолдор дайым көзөмөлдө болуп, оңдолуп, түзөлүп турат.
Кыргыз өкмөтүнүн элге жасап бере турган жумушунун эң башкысы - жол, электрстанциялары, заманбап телеинформатика, эл аралык сүйлөшүү алака түйүндөрүн мезгил талабына ылайык куруп чыгуусу зарыл деп ойлойбуз. Ушул өңдүү күндөлүк жашоого керектүү иштерди уюштуруп бере албаса, анын эмнеси өкмөт?! Азыркы жаңы өкмөт башчысы И.Чудиновдун эсине Атбашы жолу элестей элек. Өлкө башчысы бул жол тууралуу өткөн жыл аягында сөз кылганы бар. Бирок, анын жакын арада ишке ашаарына күмөнбүз! Себеби, Торугарт-Бишкек жолунун оңдолуп, кайра курулушу жөнүндөгү убада жомокко айланып калгандай…
Азыркы коңшу мамлекеттер өз ара экономикалык алакада өнүгүп, өсүп жатат. Тышкы соода Кытай менен Кыргызстанда аба жолу менен эмес, кадимки трассада жүргүзүлүп жатпайбы? Демек, автомагистрал эки өлкөгө тең пайда алып келээри бышык. Ошондуктан жолду тосуп, жүк ташуучу автоунаалардын салмагын текшере берүүдөн натыйжа чыкпайт, андан көрө жолду сапатуу оңдоо кажет.
Атамбай Ажыбеков
Атбашы району




  Талаштан тастык жаралат

Мен жалпы эле мусулман элин да ошондой эле башка диндегилерди да байкап көрдүм. Бирок эч бир элге, казак элинен башкасында (Казак эли кыргыздан эле чыккан эл да) жалпы эле адам баласын "адам" деген ат менен атаганын көргөнүм да, укканым да жок. Бир гана кыргыздар "адам" - деп аташат. Ал "адам" деген аталыш менен эле чектелип калбастан "адамзат", адамгерчилик, адамдык сапат, "адам бол аста аста, айбан бол бир паста" - деген сыяктуу сөздөрдү да "адам" деген атка байланыштырып, күнүмдүк жашоо турмушунда колдонуп жүрүшөт.
Жалпы диний китептерде кандайча жазылганын билбейм, себеби мусулманча сабатым ачылган эмес, бирок угуп калгам. "Адам-ата жана Обо-эне асмандан түшүрүлгөн" - деп. Мен бала кезимде үйгө коңшу айылдан Эшен-атабыз келип үйгө конор эле, ошондо үйдө эл толтура отурганда, атамдар Эшен атага көптөгөн суроолорду беришер эле. Ошондо уккан элем. Андай сөздү андан бери деле көп эле угуп жүрөбүз, Адам-атанын аты өзгөртүлбөй, бирок Обо-эненин аты Ева болуп өзгөрүлүп айтылып жүрөт. Чындыгында деле Обо-эне деп атаганы туура болуш керек, себеби Обо-эне деген сөз Асман-эне деген эле сөздү толуктап турбайбы.
Ал эми экинчи бир өтө эле түшүндүрүүнү талап кылган жагдай, адаматанын атынан кыргыз эли гана адам баласын атап калган. Эмне үчүн? Маселен ар башка элдер адам баласын ар башка атайт эмеспи. Маселен орустар "человек" деп немистер "дер ман" деп аташат экен. Ошондой эле кыргыздар "эй адамдар" - деп элге кайрылуу жасашса орус эли "эй адамы" - деп кайрылуу жасап жатканы жок да. Же адам-ата кыргыз элине түшүрүлүп, анан эл болуп таралып чыкканбы.
Маселен, ушундай ойду улуу тарыхчы жазуучу Орозбек Айтымбетов "кара-кыргыздар" - деген китебинде келтирген, Кытай эли кара кыргыздарды (сак, гунндарды) асман Адамы, нур-адамы деп атаган жерлерн, мисал келтирген жерлери бар. Кыргыздар гана жалпы элдерди "адамдар" деп ошол кезден ушул кезге чейин атап келе жаткандыгына караганда чынында эле ушундай чоң бир байланыштуулук нерсе жаткан жокпу, кыргыз эли менен "Адам-атанын" арасында, энебиз да Обо-эне деген наам алып олтурат. Урматтуу Муфтий, ушул суроолорго диний китептер тарабынан кандайдыр бир илинчектер табылып жооп алууга болобу? Же адамзат пендесин кыргыз эли Адам-атанын атынан атап калышы кандайдыр бир кокустуктан айтылган эле сөзбү? Менин ушул суроолорумду ар тараптан кененирээк толуктап туруп, мусулман аалымдарына да берүү керек. Мен жеке өзүм ушул аталыштарда кандайдыр бир байланыштуулук бар деген ойдомун.
Д. Орозбаев Кара-Буура району




  Жеке пикир

Жумушсуздук - кылмыштуулуктун энеси
Ооба, бул накыл сөздү ким айтса да жаңылбаптыр. Айрыкча эгемендүү мамлекет болгондон бери өлкөбүздө күрүлдөп иштеп турган завод, фабрикалар өлүмсүк иштеп, айрым ишканалар менчиктештирилип, башка тармак боюнча иш жүргүзүп кетишти, ошентип оор жана жеңил өнөржай өндүрүшү бүлгүнгө учурап, он миңдеген жумушсуздар армиясын базарларга жана мандикерлик иштерге айдап чыкты. Ага кошумча республика боюнча жылына жүз миңден ашуун мектеп окуучулары улуу турмушка аттанып жатышат.
Дүйнөлүк цивилизация, илим, технологиянын өнүгүшү менен адамзаттын кол эмгек күчү көп керектелбей сүрүлүп баратат. Эл аралык уюмдар, донор мамлекеттер да алгачкы жылдардагыдай жардамдарды беришпей калышты. Мунун башкы себептеринин бири, финансылык жана техникалык жардамдар өз даректерине жетпей калганы. Ошондой эле өлкөбүздө стабилдүүлүк сакталбай, бийликке каршы нааразылык акциялары да чет элдик ишкерлердин иш жүргүзүүсүнө тоскоол болуп, инвесторлор башка мамлекеттерге өтүп кетишүүдө. Ички, тышкы миграция күч алып, канчалаган кыргыздын уул, кыздары Россия, Казакстан жана башка мамлекеттерде иштетип, алардын жарандык статусун алгандары да көбөйүп баратат. Кара курсактын камы үчүн бөтөн жерлерде эмгектенишип, бейажал өлгөндөрдүн саны ай санап өсүүнүн үстүндө.
Бириккен улуттар уюмунун эксперттери бекеринен жакынкы жылдарда улут катары жок болуп кете турган калктардын катарына кошпосо керек. Укуктук демократиялык мамлекет катары өнүккөн өлкөлөрдөн кредиттерди аянбай ала берип, тышкы карызыбыз 2 миллиард 300 миллион долларга жетип калды. Мындан үч жыл мурун Париж клубуна мүчө болгондо 650 миллион доллар кечилген эле. Кыргызстандын 90% дан ашык аймагын тоолор ээлеп, мал жана айыл чарба тармактарын жолго кое албагандыктан эгемендүү өлкөбүз экономикалык кризиске туш болду. Мындай абал менен Афиканын айрым мамлекеттеринен да артта калганыбыз маалым. Өткөөл мезгил мерчеминде мамлекет башчыбыз экономикалык гана эмес, социалдык маданий чөйрөбүз өспөй жатканы үчүн өкмөт башчыларын күнөөлөп калпактай алмаштырып келгени да өз кедергисин тийгизди.
Кылмыштуулук менен күрөшүүдө да чабалдык кылып, түрмөлөрүбүз өз ченеминен аша толуп, жалпы абакчыларыбыздын саны 20 миңге чукулдап баратат. Биздин республиканын коргоо министрлигине караштуу жалпы эле Кыргыз армиясынын 12 миң жоокерлеринен да ашып кеткени өкүндүрөт. Кылмыш жасагандардын "жашарып" бараткандыгы да белгилүү. "Келечек - жаштардыкы", - калетсиз. Бирок ошол жаштарыбыз үчүн саны көп, сапаты жок ЖОЖдорду уюштуруп "акча саап" билим берип жатканыбыз жалган эмес. Буга "бир саатта дипломдук иш жасап берем", - деген жарнамалар далил.
Ал эми жаштар арасында өсүп жаткан кылмыштуулукту аларды камап, кармап токтотуу мүмкүн эмес. Болгону өз адистиктерине ылайык иш ордулары менен камсыз кылганда гана кылмыш иштеринин көрсөткүчтөрү төмөндөшү мүмкүн. Болбосо кылмыш дүйнөсүнүн бөлтүрүктөрү, бөрүбасарларга айланып, бийлик башындагылар алар менен аргасыз эсептешүүгө мажбур болушат.

Эрмек Кошчу




  Энергетиканын эртеңкиси эмне болот?

Өкмөт 2025-жылга чейин энергетика тармагын өнүктүрүүнүн стратегиялык программасын бекитти. Бул аралыкта өлкөнүн электрэнергиясын сыртка сатууну камсыз кылуу, мунай, газ өндүрүүнү ички керектөөнүн кыйласына жеткирүү милдети коюлууда. Аларды ишке ашыруу үчүн Сарыжазда электр станцияларын куру болжолдонууда. Өнөр-жай жана отун-суу ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков жаңы программа жакынкы жана узак мөөнөткө ылайыкталып иштеп чыкканын айтты. С. Балкыбеков электрэнергиясын сыртка экспорттоо азайганын, иштелип чыккан электрэнергиясы ички керектөөнү ушу тапта араңдан зорго жаап жатканын төмөндөгүчө:
- "жоготуулардын көбү бизде кыш мезгилине туура келет. 46% ашууну. Мунун баары элдин электр энергияны үнөмдүү пайдаланбаганынан келип чыккан. Жашырбай эле айтайын, жоготуулар өтө көп болууда. Бөлүштүрүү, жогорку чыңалуудагы электр линияларындагы техникалык жоготууларды кошкондо жылына 5 миллиард киловатт саатка жетүүдө. Техникалык жоготуулардын натыйжасында, 20%тен өйдө чыгып жатат, дүйнөлүк практикада ал 8%тен ашпайт"- деп билдирди.
2025-жылга чейин жалпы жоготуулардын саны 11%тен ашпаган деңгээлге түшүүсү абзел. Бирок да алдагыдай көрсөткүчкө жетиш үчүн тармакка көп каражат керектелиши зарыл. Эскилиги жеткен жабдууларды жаңыламайын, уурдоону жоготмоюн жыл сайын 5 миллиард киловатт саат электр энергиясынын талаага кеткени кеткен. Электрэнергия жана жылуулуктун баасын аныктоодо чоң талаш жаратып келаткан маселе Бишкек жылуулук борборуна барып такалат. Жылуулук борбордо 1 гикокалория жылуулукту иштеп чыгууга 1500 сом сарпталып, элге сатылган басы 390 сомду түзөт. Ортодогу айырманы "Электрстанциялары" акционердик коому ГЭСтер иштеп чыккан электрэнергиясынын өздүк наркына кошуп коет. Ошентип, башкалаа жашоочуларынын жылуулук акысы жалпы республика калкына чачылып келатат. Сыңары, бул маселе Бишкек жылуулук борбору менчиктештирилип, "Электр станциялары" акционердик коомунан чыгарылгандан кийин чечилгени калды окшобойбу.
Өкмөт башчысы И. Чудинов ушу тапта экономикалык өнүгүү жана өнөр-жай министрлигне энергетика тармагындагы көп карыздарды кантип жоюнун жолдорун издөө тапшырылганын, министрлер кабинетинде карыз акчаларды баалуу кагаздарга айлантуу тууралуу кеп болуп жатканын төмөндөгүчө маалымдады:
- "Энергетикалык компаниялардын ортосундагы карыз акчаларды баалуу кагаздарга айлантып, баланстарын иретке келтириш үчүн аларды ич ара алмаштырып алышат. Ал эми калктын энергетиктерге карызы болсо, азыр такталып жатат. Биз калктын карызы канча экенин так аныктап алышыбыз керек. Алардын канчасы кайтарылып, канчасын өндүрүп алуу мүмкүн эместигин изилдеп жатабыз. "Өкмөт быйыл "Бишкек жылуулук борбору", "Түндүк электр" акционердик коомдорунун тагдырын аныктамакчы. Аларды жеке колго сатуу же ишенимдүү башкаруучуга берүү, болбосо чогуу башкарууга өткөрүү чечилмекчи. Анткен менен стратегиялык тармакты жеке колго берүү өлкөнүн экономикалык өз алдынчалыгын жоготууга алып барышы мүмкүн экендигин, бул маселе барып-барып социалдык проблемаларды курчутуудан башкага жарабастыгын айрым адистер белгилеп жатышат.
Алия Кожобекова