№34, 05.03.08-ж.
  Крим дүйнө

Кримавторитет:Япончик
Түрктөрдүн түбүнө ким жетет?
Өткөн кылымдын аягында Москва эмес, дүйнөнү дүңгүрөткөн атылуу "Фидан" ресторанында болуп өткөн. Ал мезгилде бул ресторан эң престиждүү деп эсептелип түрк ашканасы менен стриптиз, эстрада жылдыздарынын концерти болуп турчу. Артисттерге валюта түрүндө эбегейсиз акча каражаттарын төлөп турчу экен. Бул ресторандын клиенттери криминалдык чөйрө колдогон коммерсанттар менен түрк курулушчулары эле. "Фидан" "Бауман" бригадасы көз салып, абдан гүлдөп турган учуру эле. Тергөө версиясы боюнча тамактануу үчүн эки эски корефандар мыйзамдагы "ворлор" Япончик менен Слава кирет. Эки сааттай тамактанып эс алышкан соң гардеробко кийимин алганы келишет. Ошол мезгилде үч түрк да кийим алганы келип швейцар алардан "чайлык" тыйын алып калыш үчүн чет элдик меймандардын кийимин кезексиз алып берет, япончик жини келип швейцарды түрктөргө кошуп сөгүп жиберет. Түрктөр түшүнө калышып, арасынан бирөө Япончикке жооп кайтарат. Ыза болгон вор чөнтөгүнөн пистолетин алып чыгып үчөөнү тең тырайта атып салат. Ошол бойдон экөө машинасына түшүп кете беришет. Тергөө иши жылчыгы жок жылбай калат. Себеби түрктөрдү ким атканын швейцар да, милиция кызматкери да сүрөттөп бере алышпайт.
Эрктүү эркек бала
Бул жерде таң кала турган деле эч нерсе жок "мыйзамдагы ворлордун" ичинде Иваньков "беспределчи" катары маалим болуп, авторитеттүү ворлордун арасына анча деле ардакталчу эмес.
Слава Иваньков телегейи-тегиз үй-бүлөдө өсүп, чоңойду десек жаңылышабыз. Атасы бөтөлкөнүн түбүнө түшкөн аракеч, психооруканада дарыланып элүүнчү жылдардын ортосунда үй-бүлөсүн таштап кеткен. Слава оорулуу жана алсыз болуп чоңойгон. Аны дарылоо үчүн санаторийге жаткызышкан, адистердин айтуусунда өтө түнт жана уялчак бала, эч ким менен достошпой жалгыз жүргөн.
Слава 13 жашынан баштап спорттон ийгиликтерге жетүү максатын коюп, эркин күрөш менен машыга баштайт, өз алдынча джид-джитсууну үйрөнө баштайт. Сегизинчи классты бүткөн соң цирк окуу жайына тапшырат. Аны алдыда чоң ийгиликтер күтүп турган, бирок кокустуктан жыгылып Иваньков башынан жаракат алат, окуу жайынан кетүүгө туура келет.
Слава турмуш-тиричилик жактан тейлөө камбинатына слесарь, анан бригадир болуп орношуп, сырттан окуй баштайт. Үй-бүлө күтүп "жөнөкөй советик адам" эталонуна кошулуп, өмүр сүрүп келаткан. Турмушундагы өзгөрүүлөр, кокустан машина коюп кеткенден кийин башталган. Травма алып, ооруканадан чыккан соң анын жини тез келип, жубайы менен тез чатакташа баштайт.
СССР Ички иштер министрлигинин документтеринен
1965-жылы чөнтөк уурулугунан Иваньков колго түшүп жашаган жерин деги милиция бөлүмүнө түшөт. Сот-психиатрдык экспертизадан текшерүүдөн өткөн соң, ага диагноз коюлуп, психикалык ооруканага жөнөтүлөт. Иваньков ал жерде 1966-жылдын 5-апрелинен 18-июлуна чейин болгон. Өз диагнозун билген соң, эл менен көбүрөөк аралаша баштайт. Жубайына болгон мамилеси өзгөрөт, соттун чечимине кызыга баштайт.
Бирок сот аны кыстоо менен дарыланууга чечим чыгарат, Слава ооруканадан качып чыгат. Ошондон кийин үйүндө жашабай жүрүп эле орто мектептин 9, 10чу класстары боюнча экзамендерин тапшырат. Ошол эле мезгилде милициядан жашырынып, 1966-жылы ноябрда колго түшүп "психушкага" жөнөтүлөт.
Эксперттик комиссиянын бүтүмү (март, 1967) Иваньков травмалыкалык генездин шизофренияга окшош, психозду башынан өткөргөн. Психопаттык абалдан дарылануу учурунда чыкты.
Ошентип Слава коомго кошулган
СССР ИИМ ГУУРунун оперативдүү меморандумунан 1972-жылы январда Москвада белгилүү "мыйзамдагы вор" Монгол башында турган уюшкан кылмышкерлер тобу колго түштү. Монгол тобунун эң активдүү катышуучуларынын бири Иваньков Вячеслав Кириллович, 1940-жыл 2-январь, Москва шаарынын тургуну, кылмышкерлер арасында "Япончик" деген кличка менен таанымал.
Монголдун тобунда 32 адам болсо, анын жетөө аял болгон. Бандиттер өздөрүн милиция кызматкерибиз деп, көмүскө акча тапкандардан, алып сатарлардан, антиквариат жана баңгизат сатуучулардан акча сыгып алып турушкан. Алардан жабыр тарткан адамдар мыйзам алдында күнөөлүү болгондуктан, милицияга арыздануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган, ошондуктан бандиттер ачык эле ырайымсыздык менен мамиле кылып турган.
СССР ИИМдин документинен
Психиатрдык оорукандан чыккан соң Иваньков Москва шаарындагы психоневрологиялык диспансердин байкоосу алдында Шизофрения, параноидальлуу формасы" деген диагноз менен турган. Спорт мектебинде фотолаборант, тренер болуп иштеген.
1974-жылы Иваньков мөөнөтүнөн мурда психикалык оорусу боюнча II топтогу майыбын алган. Ошону менен бирге активдүү жашоо образында өмүр сүргөн. Март айында "Русь" ресторанында мушташ убагында колго түкөн. Тинтүү жүргүзгөн учурда жасалма документтер менен жүргөнү аныкталган. Тергөө учурунда сот-психиатрдык экспертизадан өткөн. 1974-жылы 18-ноябрда РСФСР УКсынын 196-статьясы боюнча жасалма документтерди алып жүргөндүгү үчүн 7 ай 15 күнгө эркинен ажыратылып, бирок соттун залынан ал мөөнөттү тергөө учурунда өтөп койгондугу үчүн бошотулган. Иваньков тиешелүү тааныштары аркылуу толук жаза алуудан кутулган.
Бутыркадан чыккан соң Слава жубайы менен ажырашкан (ворлордун эрежеси ушуну талап кылган). Япончик официалдуу жашылча-жемиш дүкөнүндө товаровед болуп эсептелгени менен криминалдык чөйрөнүн иши менен алек болгон. Бүт өлкө боюнча "сходкаларга" катышкан, акча боюнча талаштарга арбитр болгон. Залимдиги менен Япончик айырмаланып турган.
Япончик москвалык ири театрдын администраторунун машинасын айдай качып, телефон чалып өз машинасын өзү сатып алууга сунуш кылган. Ал адам байланыштары өтө чоң болгондуктан бүт милицияны бутунан тургузган. Жабырлануучу Япончик менен жолугушууга макул болот. Бирок Япончик аны оперативниктердин торуна чалынып каларын сезип, качып жөнөгөн, артынан кубалап жетпей калган.
Жарым жыл өтпөй Япончик милицияга өзү келген. Ал бийлик менен күрөшүүнүн жаңы формасын ойлоп тапкан. Өзү жасаган кылмыштарга алиби таап, сот-медициналык экспертизадан өтүү үчүн катуу даярданып келген. Психиатрдык адабиятты Слава катуу окуп өзүн жин оорулуу, II топтогу майып катары көрсөткөн. Тергөө иштери да Япончикке далилдерди таба албагандыктан, ага кыска мөөнөткө эркининен ажыроо күтүп турган.
Мындай учурларда психикалык оорулуу болуу артыкбаштык кылган, себеби узак мөөнөттүү "психушка" күтүп турган. Ошондуктан Япончик психикалык жактан оорулуу эмес экендигин далилдеп берет. Бийлик менен кармашуу убагында Япончик утуп чыккан, кылмышкерлер чөйрөсүндө анын авторитети ого бетер жогорулайт.
Авторитет
Сексенинчи жылдары Япончиктин алдында жаңы перспективалар ачылды. Товарга болгон дефициттен улам "көмүскө" цехтер, жаандан кийинки козу карындай жабырап чыга келди. Алар завод, фабрикалардын эсебинен продукцияларды чыгарып эсепсиз байлыктарды топтой баштаган. Алар товарларын көмүскө рынокто, легалдуу эмес жасалма документтер менен чыгарышкан. Капчыктары калың "көмүскө экономиканын" "цехчилери" рэкетирлердин пайда болушуна шарт түзүшкөн, рэкетирлердин авангарды, жол башчысы болуп Япончик саналчу.
СССР ИИМдин документинен
1980-жылдын башында Иваньков.В. өзүнүн тегерегине мурун соттолгон кылмышкерлерди топтогон. Алсак: Быкоа В.В. 1937-жылы туулган, Слива М.В. 1944-жылы туулган, Сосунов А.Е. 1938-жылы туулган. Андан тышкары ал топко бир туугандар Квантришвили Амиран (кумарчы) менен Отари (спортсмен) кирген.
Кылмышкерлер тобу милициянын формасын, удостоворениесин пайдаланып, куралданып "көмүскө экономиканын" талапкерлеринен криминалдык кирешелерине салык салып, квартираларын талап-тоноочулук кылып турчу.
Байлыгы ашып-ташыган бай чиновниктерди сыртынан байкоо жүргүзүп колго түшүрүп, сыртка алып чыгуучу да уруп-сабап, паяльник, үтүк сыяктуу нерселерди басып кыйнап акча жана баалуу мүлктөрүн талап кылышчу.
Бир иштин материалы боюнча бир коллекционер-филателистти Япончик кислота толгон ваннага чөмүлтөбүз деп коркутушуп, 60 миң рублды өндүрүп алышкан.Япончикти артынан куугунтуктап жүрүп колго түшүрүшкөн. Тинтүү учурунда үч жасалма паспорту табылган. Тергөө учурунда Япончик эч нерсени моюнга алган эмес. Тергөөчүлөргө жогору жактан кийлигишүүлөр болгону менен Япончикти 14 жыл эркинен ажыраткан.Түрмөдө жаткан учурда Япончик 58 тартип бузууга жол берген,38 жолу карцерге түшкөн.
1991-жылы Жогорку сот тарабынан Япончиктин жаза өтөө мөөнөтү 10 жылга кыскарган. Бир нече ай өтпөй Иваньков эркиндикке чыгат. Ал Россияда көп турган эмес, ал АКШга жөнөгөн.Ал жерден "мыйзамдагы ворду" америкалык атайын кызматтын өкүлдөрү колго түшүрүп, эң оор өкүм менен камашкан. Америкалык Фемида кызматкерлерин Япончиктин телефондон өзүнүн өнөктөштөрүнө "Бул жакта силер үчүн плацдарм даярдап койдум" деген сөзүн Америка улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурду деп кабыл алат.
Үлгүлүү зек.
Москва прокуратурасынын Иваньков "Фидан" ресторанында адамдарды өлтүргөн деген билдирүүсүнө Япончиктин адвокаттарынын мурдун балта да кескен жок. Алар клиентине жалаа жаап жатат деп эсептешет, ал эми болгон окуянын чоо жайын талдап чыгышаарын айткан.
Япончикке 1992-жылы эки адамды өлтүргөн деген күнөө болсо, официалдуу эмес версиялардын төмөнкүдөй сөздөр бар. Көмүскө экономиканын айлана тегерегиндегилер Япончиктин эркиндикке чыгышын каалабайт, ошондуктан алар түрмөдөн чыкпашынын камын көрүүдө.
Сексенинчи жылдардын аягында бизнес чөйрөсүндө Япончик эң таасирдүү адам болгон, ал токойду жана балыкты экспортоп, алтын кенин иштеткенге чейин жеткен. Ал славян жана кавказ ворлорунун кландары менен тил табыша алган. Америкалык түрмөгө түшкөн соң да Япончик россиядагы өз позициясын жоготкон эмес. анын рекомендациясы менен "мыйзамдагы ворлорду" "корановать" этишери, көптөгөн москвалык кылмышкерлер тобу кирешелеринен ага тиешелүү бөлүгүн төлөп турары жөнүндө сөз бар. Бул эми анча-мынча эле таасир, анткени заман да өзгөрүлүп, анын ордуна башка адамдар келишкенин танууга болбойт. Бирок да "бөрү карыса бир койлук алы бар" дегендей Япончиктин авторитети менен да эсептешпей коюуга болбойт.

Келдибек уулу Азизбек.