"Кут билим"
жекшембилик мектебинде
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кабылдамасына ар кайсы кызматтагы, жаш курагы да ар түрдүү, ошондой эле келген чөлкөмү боюнча да айырмаланган адамдар көп келет. Ошондой адамдардын бири Казакстан калктарынын ассамблеясынын мүчөсү, "Кыргызстан-Астана" кыргыз этно маданий борборунун төрагасы, "Гранит-Сити" ишканасынын директору Исмаилов Шавкат Абдуллаевичти кепке тарттык.

- Астанада жекшембилик мектебин ачты деп уккан элек. Ошол тууралуу кеп козгоп берсеңиз.
- Ооба, Казакстандагы кыргыздардын балдары башка улуттардын балдары сыяктуу эле казак тилдүү же орус тилдүү мектептерде билим алышат. Мамлекеттик тил катары казак тилин үйрөнүшөт. Өз эне тилин унутуп калышпаса экен деген ниетте кыргыз мекендештерибизге "Кут билим" деп аталган жекшембилик мектебин ачканыбызга бир нече жыл болду. Ал билим берүү департаментинде катталган. Бул жекшембилик мектеби Астана шаарындагы №7 мектептин базасында уюшулган. Буюрса, келерки окуу жылында дагы үч ушундай мектептерди ачууну көздөп жатабыз. Этникалык топторду колдоо боюнча жалпы улуттук программанын алкагында түзүлгөн.
- Жекшембилик мектебинде кайсы предметтер окутулат? Мугалимдер эмгек акыны кайдан алышат?
- Мекендештерибиз, келечек муундарыбыз казак тилдүү мектептен окушуп, бардык окуу предметтерин өздөштүрүшөт. Буга кошумча иретинде кыргыз тилин жана адабиятын, Кыргызстандын тарыхын жана көркөм кол өнөрчүлүгү жекшембилик мектебинен окутулат. Жекшембилик мектепте билим алуучулар 8-10 жаштан тартып, 16 жашка чейинкилер. Мугалимге шаардык билим берүү башкармалыгынан мугалимдин ставкасы төлөнөт. Болжол менен 27 миң теңге төлөнөт.
- Жекшембилик мектептин көйгөйлөрү жана ийгиликтери тууралуу айтып өтсөңүз.
- Кыргыз элибизде макал бар эмеспи "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деген. Анын сыңарындай биздин буга чейин өзүбүз түзгөн окуу программаларыбыз өркүндөтүүгө муктаж. Менимче башка чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары да ушундай эле кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат деген ойдомун. Окуу китептерин, программаларды жана усулдук колдонмолорду түзүп берүү өтүнүчү менен Кыргыз-Республикасынын Билим берүү министрлигине кайрылдым, Билим берүү академиясына кайрылдым. Кыргыз -Россия славян университетинин кыргыз тили кафедрасынын башчысы Биялиев Кутман менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Жакынкы арада бул маселе чечилип калат деген ойдомун.
Буларды ийгиликтер деп айтууга али эрте. Бирок ошентсе да жакшы саамалыктар бар. Бизди кубандырган нерсе, биздин жекшембилик мектебибизде дүйнөнүн залкар жазуучусу, жердешибиз, казак эли терең урматтаган жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылы мейманда болгон. Ошондо улуттук кийимчен кыздарыбыздын комуз черткенине маңдайы жарыла кубанган эле.
Жакында дагы бир жакшы саамалык азербайжан улутунун жекшембилик мектеби менен кызыктуу тажрыйба алмашуу өткөрдүк. Азербайжан окуучулары кыргыздын каада-салты тууралуу окуп үйрөнүшүп, макал-ылакаптарын айтышты. Ал эми кыргыз балдар кыздары азербайжан маданияты, адабияты тууралуу окуп, макал-ылакаптарын айтышты. Бул иш-чара абдан мазмундуу болду. Анткени ушул эки элди жакындатуучу нерсе асылдыктар, көркөм нарк, баалуулуктар тура. Жомоктордо, фольклордо окшоштуктар бар экен.
- Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуп жатканыңыз алкоого арзыйт. Өзүңүз Казакстанда жашасаңыз казак тилин билсеңиз керек…
- Албетте, кайсы элде жашасаң алардын тилин билүүгө милдеттүүсүң. Мен казак тилин үйрөнүүгө баш отум менен кириштим. 2 окутуучудан сабак алам. Эгер мен кыргыз казак тилдери окшош деп эле окшоштуруп сүйлөй берсем да болмок. Бирок ар бир мамлекеттин мамлекеттик тилин сыйлоо керек.
Кыргызстанда да мамлекеттик тилди ар кайсы улуттун өкүлдөрү үйрөнсө, анда орус тилдүү болуп калган кыргыздар үчүн сабак болмок. Алар да уялганынан кыргыз тилин үйрөнүп башташмак. Негизи эле башка улуттар мамлекеттик тилде сүйлөсө, ал адамга урмат-сый менен карайт эмеспизби.
- Жекшембилик мектебинен башка да иштер менен алектенсеңиздер керек.
- Казакстандагы кыргыздардын диаспорасы Ассамблеяга кирген башка улуттар менен ар кайсы деңгээлдеги иш-чараларга жигердүү катышабыз. Бизде көркөм чыгармачылык тобубуз бар. Кыргыздын маданиятын, адабиятын, көркөм өнөрүн пропагандалап жайылтып келебиз. Жекшембилик мектебибиз - көп кырдуу ишибиздин бир гана багыты.
Суроо салган
Барно Азат кызы




"Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо" Акыйкатчыда
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын борбордук кеңсесинде "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмелеринин активисттери Акыйкатчынын кабыл алуусунда болушту.
Жолугушууда апрель окуяларында жабыр тартышкан майыптар, ок жеп, денелери калбыр болгон жигиттер да бар эле. Алардын айрымдары кош балдагын таянышып, олтургучка олтураарга мүмкүнчүлүгү жок, жолугушуу башталгандан аягына чейин тикесинен тик турушканы ал жерде олтургандардын зээндерин кейитип турду.
Коомдук бирикмелердин активисттери чү дегенде эле маселени кабыргасынан коюшуп, биздин балдарыбыз эмне үчүн окко учушту эле. Кайра эле баягылар кызматка келишип, ошолор парламентке өтүшүп, 6-апрель күнү митингичилерге катаал чара көрүлсүн деп кол көтөргөн эл өкүлдөрү кайрадан Жогорку Кеңешке келип жатышкандан кийин, революциянын жеңишинин үзүрүн коргоого кызыкдар адам жокпу дегендей суроолор биринин артынан экинчиси жаап жатты.
Баарынан кызыгы, бул мекенчил адамдарды бушайманга салган алардын жеке маселелери эмес, жалпы республикалык, жалпы улуттук көйгөйлөр тура.
Эң оболу, люстрация мыйзамы эмне үчүн кабыл алынбайт? Акаев, Бакиевдин камчысын чапкандар, бөрк ал десе баш алып, жагынган адамдар эми жаңы өкмөткө жагалданышып, өзүлөрүн супер демократ көрсөтүп жатышканы аталган коомдук уюмдардын мүчөлөрүн тынчсыздандырган маселе экен.
Ал эми Акыйкатчы Турсунбек Акун люстрация жөнүндө мыйзам Адам укуктарынын жалпы декларациясына, эл аралык бир катар мыйзамдарга жана биздин Баш мыйзамыбызга карама-каршы келээрин айтып өттү.
Ал эми шайлоо маселесине келгенде мурдагы президенттин куйруктары деп аталган адамдардын депутаттыкка "шайланып" келишкени да аларды тынчсыздандыраарын белгилешти. Дал ошондуктан, аянтка чыгышып, нааразычылыктарын бир жумадан бери билдирип жатышканын айтышты. Бирок өкүнүчтүүсү, алардын үнү жетекчилерге жетпей жатканы. Жолугушуунун катышуучулары Президент Роза Отунбаева менен жолуктурууну Акыйкатчыдан көшөрө суранышты.
Коомдук бирикменин мүчөлөрүн жекече маселелер да түйшөлтөт. Мына мезгил кышка таяп калды. Бирок ошол апрель окуяларында жабыркагандарга салынып жаткан үйдүн курулушу былк этпей, бир орунда турат. Жабыркагандардын көпчүлүгү батирде баш калкалап келишет.
Апрель Революциясынын Баатыры деген наам берилиши албетте сыймыктуу, бирок ошол наамдын статусу бекитилген жобо жок. Ошол наамды алгандар кандай жеңилдиктерге ээ болот, мындан ары медициналык жардамдан жеңилдиктер болобу же жокпу, турак-жай маселеси качан чечилет деген сыяктуу бир топ маселелер бар экенин айтышты.
Ал тургай Апрель окуяларында шейит кеткендердин да, анда жабыркагандардын да өзүлөрүн реабилитациялоо зарыл деген ой ортого салынды. Антпегенде оозуна алы жетпеген ар кайсы деңгээлдеги адамдар ар кандайча ой жоромолдошуп, көз көрүнөө басмырлоолор да болоорун айтышып, мындайга жол койбоо керектигине токтолушту.
Акыйкатчы Турсунбек Акун "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" коомдук уюмдарынын мүчөлөрүнө алардын проблемаларын чечүү максатында аталган бирикмелердин активисттеринен жана Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлеринен турган комиссия түзүп, Апрель окуяларында шейит кеткендердин үй-бүлөлөрүнө, жабыркагандарга комплекстүү укуктук жана башка жардамдарды берүү иштерин колго алууну сунуштады.
Б.Сабирова,
Акыйкатчынын Басма сөз кызматынын эксперти




Акыйкатчынын тыянактарына толук таяна алышат
Жакында АКИpress маалымат агенттиги Кыргызстандын түштүгүндө июнь айында болуп өткөн окуялардын келип чыгуу себептерин изилдөө боюнча Эл аралык көз каранды эмес комиссиянын түзүлгөндүгүн билдирген эле. Бул Эл аралык көз каранды эмес комиссиянын курамына комиссияын төрагасы болуп Финляндия Республикасынын парламентинин мүчөсү жана ОБСЕнин Борбордук Азия боюнча Парламенттик Ассамблеясынын Атайын Өкүлү Киммо Кильюнен, мүчөлөрү болуп: Нью-Йорк Университетинин укук профессору, БУУнун соттон тышкаркы өлүм жазалар, соттук териштирүүлөргө жатпаган өлүм жазалар же негизсиз өлүм жазалар маселелери боюнча мурдагы Атайын баяндамачысы Филипп Алстон (Австралия), Жакынкы Чыгыш Техникалык Университетинин социология боюнча профессору, БУУнун аялдарга карата зомбулук көрсөтүү маселелери боюнча мурдагы Атайын докладчысы Якин Эртюрк (Турция), Париж аппеляциялык сотунун судьясы, качкындарды жана жарандыгы жок адамдарды коргоо боюнча Француз башкармасынын Генералдык Катчысы Брижжит Орбетт (Франция), мурда Тышкы иштер министринин Биринчи орунбасары болуп иштеген, Таллин Университетинин Укук Академиясынын Президенти, БУУнун Борбордук Азия боюнча Аймактык мурдагы кеңешчиси Рейн Мюллерсон (Эстония), этнология жана антропология Институтунун директору, Россия Илимдер академиясынын академиги Валерий Тишков (Россия), БУУнун Башкы Катчысынын мурдагы орунбасары, Тимор-Лештидеги изилдөөлөр боюнча Көз карандысыз Комиссиянын мүчөсү Ральф Заклин (Великобритания) киришкен. Ушул иликтөөнү Анна Матвеева жетектей тургандыгы айтылган.


Мындай Эл аралык көз каранды эмес комиссиянын түзүлүшү жана бул комиссияга биздин өлкөнүн атынан өкүлдүн киргизилбей калышы коомчулукту кабатырлантпай койгон жок. Менин жеке оюм боюнча буга Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын июнь айындагы кандуу окуяга эмдиги күнгө чейин саясий баа берилбей келе жаткандыгы себеп болуп жаткан таризде.
Бул жерден Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы аталган институтка тиешелүү Мыйзамдын чегинде көз карандысыз комиссия түзүп, чындыкты далилдеп, өз учурунда ал тууралуу ачык данистеп келе жаткандыгын белгилеп айта кетүү керек. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы тарабынан түзүлгөн көз карандысыз комиссиянын Ош, Жалал-Абад окуяларынын чыгыш себептерин иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча корутунду 2010-жылдын 20-сентябрында Акыйкатчынын демилгеси менен өткөрүлгөн республикадагы укук коргоо коомчулугунун жылдык жыйынында Кыргызстандын көрүнүктүү укук коргоочуларынын, демократиялык кыймылдын мүчөлөрүнүн, Эл аралык уюмдардын жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн алдында расмий түрдө жарыя кылынган болучу. Корутунду айтылган соң мына ушул көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү белгилүү акын Меңди Мамазаирова, укук коргоочулар Елена Ткачева, А. Сартаев да иликтөөлөрдү жүргүзүшкөн учурларында кабылышкан далилдерге жана андан алышкан жеке жарандык таасирлерине таянышып, жыйындын катышуучуларына кеңири чөйрөдөгү маалыматтарын жыйындын катышуучуларына жеткиликтүү айтып беришкен.
Өлкөбүздөгү июнь кандуу окуяларын иликтөөгө алып, ага баа берүү боюнча түзүлгөн аталган Эл аралык көз каранды эмес комиссиясы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын алдында түзүлгөн көз карандысыз комиссиясынын өлкөдө алгачкылардан болуп Ош жана Жалал-Абад окуяларына карата чыгарган акыйкат тыянактарына кайдыгер мамиледе болбойт жана ага түздөн таяна алышат деген ниеттин жаралганын белгилей кетүүбүз керек.
Мирзат Урдавлетов,
КР Акыйкатчысынын Аппаратынын Басма сөз кызматынын жетекчиси