Кыргыз Республикасынын Президенти жана Акыйкатчысы Адам укуктарын коргоо маселелерин талкуулашты
2010-жылдын 21-октябрында мамлекет башчысы Р.Отунбаева Акыйкатчы Турсунбек Акунду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү укук коргоо ишмердигинин көйгөйлөрү, жарандардын укук жана эркиндиктеринин сакталыш абалы талкууланды.
Өлкөнүн башкы укук коргоочусу Турсунбек Акун жакында болуп өткөн КР Жогорку Кеңешине шайлоо боюнча Акыйкатчы Аппараты тарабынан бир топ иштер болгонуна токтолду. Шайлоо болоордон мурда эле Акыйкатчынын борбордук аппаратынын жана аймактык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери шайлоого катышкан 29 саясий партиянын ар биринин штабдарында болушуп, үгүт иштеринин жүргүзүлүшүнө мониторинг жүргүзүшкөн. Бир топ саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуу өткөргөн. Шайлоо күнү шайлоочулардын да, талапкерлердин да укуктары бузулбашы үчүн республиканын ар кайсы булуң-бурчтарындагы шайлоо участокторунда кызматкерлер менен биргеликте байкоо жүргүзүлгөн. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйыны өткөрүлгөнү тууралуу маалымдады.
Акыйкатчы шайлоо негизинен ачык жана адилет өткөнүн, административдик ресурс колдонулбаганын белгиледи. Акыйкатчы буга байланыштуу болуп өткөн шайлоолордун жыйынтыгын таануунун зарылдыгын айтып, кайрадан шайлоо өткөрбөө керектигин билдирди. Мындай коркунуч бар, бул өлкө үчүн өтө эле опурталдуу болот.
Саясий партиялар да, бийликтин өкүлдөрүнөн да эч ким Борбордук шайлоо комиссиясына кысым көрсөтпөөгө тийиш. Добуш берүүнүн соңку жыйынтыктарын чыгаруусуна Боршайлоокомго мүмкүнчүлүк берүү керек, деген пикирин билдирди Акыйкатчы.
Турсунбек Акун болочок парламенттеги коалиция кандай болушу керек деген маселеге карата да өз оюн ортого салды. Парламентке өткөн партиялар баарысы биригип, башкаруучу коалицияны түзүүгө тийиш. Эгер коалициядан чыгууну кааласа, кийинчерээк оппозициялык коалицияга чыгып кетүүгө болот.
Парламентке өтпөй калган партияларга токтолуп, Турсунбек Акун алардын лидерлеринин эл арасындагы кадыр-баркын жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аларды мамлекеттик кызматтарга тартуунун зарылдыгын айтты.
Акыйкатчынын ишмердигине келгенде мамлекет башчысы Р.Отунбаева Акыйкатчы Турсунбек Акундун өзүнүн ишмердиги тууралуу, анын иш сапарлары жөнүндө кабардар экенин айтып, жалпы Аппараттын кызматкерлеринин адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө аткарып жаткан иштери коомчулукка белгилүү болушу керектигин белгиледи. Албетте, Акыйкатчы Институту парламенттик институт. Ал эми парламент жок кезде Убактылуу Өкмөт парламенттин функцияларын аткарып жаткан кезде, Акыйкатчы Аппаратынын ишмердиги тууралуу жазуу жүзүндө маалымдап турса оң болмок деген пикирин ортого салды.
Жолугушуунун учурунда Акыйкатчы Турсунбек Акун кечээ жакында эле аны менен жолугушуу учурунда "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала -Тоо" коомдук бирикмелеринин мүчөлөрү ага айткан көйгөйлөрдү ортого салды. Үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде шейит кеткендердин үй-бүлөлөрүнүн жана ошол окуяда жабырланышкан адамдардын өтүнүчтөрүн билдирди. Өлкө президенти Р.Отунбаева бул маселелерди өз көзөмөлүндө кармаарын жана бардык муктаж адамдар мамлекеттин тийиштүү камкордугуна алынаарын айтты.
Учурдан пайдаланып, Турсунбек Акун Акыйкатчы Аппаратына кайрылган айрым арыз ээлеринин бузулган укуктарын коргоого көмөк көрсөтүүсүн өтүндү.
Жолугушуу өлкөдөгү коомдук-саясий абалды баалоо өңүтүнөн алганда жана адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселесинде үзүрлүү болду.


Акыйкатчы пресс




Баш мыйзамда баары жазылуу
(2010-жылдын 27-июнунда бүткүл элдик добуш берүүдө кабыл алынган)
Учурда парламенттик шайлоо аяктап, анын жыйынтыгы чыгаарына аз калган учурда, Кыргызстандык ар бир жарандын бүйүрүн кызыткан маселе Жогорку Кеңеште коалиция кандайча түзүлөт, коалиция Өкмөттү кантип түзөт деген суроо болууда. Бул суроолорго божомол жүргүзүүдөн мурда Баш мыйзамга кайрылуу керек деп айткыбыз келет, анткени Баш мыйзамда баары жазылуу.
Бешинчи бөлүм.
Кыргыз Республикасынын Аткаруу бийлиги
84-берене.
1. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же анын катышуусу менен фракциялардын коалициясы жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.
2. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса, же болбосо шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын бири дагы депутаттык мандаттардын жарымынан көбүн албаса, Президент фракциялардын бирине 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.
3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса Президент экинчи фракцияга 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.
4. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Жогорку Кеңеш Өкмөттүн программасын бекитпесе, түзүмүн жана курамын аныктабаса фракциялар өз демилгеси менен 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүгө жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө тийиш.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.
5. Президент үч күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган Премьер-министрди жана Өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.
Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалды деп эсептелет.
6. Эгерде ушул Конституцияда белгиленген тартипте Өкмөттүн программасы бекитилбесе, курамы жана түзүмү аныкталбаса Президент Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Мындай учурда Өкмөт жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөт түзүлгөнгө чейин ушул Конституцияда каралган тартипте өз милдетин аткара берет.
7. Фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкон учурда Өкмөт ушул беренеде каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлөт. Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантышат.





Ыйык сөз
Акыркы ирет көздү ирмей жашоо менен коштошуп,
Тууган жерди боорго кысып, топурагын жаздана.
Эл-журтуна берген антын аткарам деп окко учуп,
Обдулууга каруу жетпей көз тунарып, кан кусуп,
Нечен эрлер курман болгон Мекен үчүн аттана.

Эң жөнөкөй ушул сөздү кимдер ыйык сезбеген,
Эгер кокус күн тутулса, сууруп берип жүрөгүн,
Эрлер чыгат Чолпонбайдын чоң эрдигин эңсеген.
Эш туткун бийик максат аркалаганыңда сен,
Энең айткан бул насаатты: "Мекен деп жан үрөгүн!".

Бой тартыша катар туруп, боордоштор ант берип,
Мекен парзын эң биринчи Туу алдында сезебиз.
Туулган жерден кубанычтуу кабар толо кат келип,
Тааныш үйлөр көз алдыга тизмектешип жат келип,
Ата-Журттун ыйыктыгын чекте туруп билебиз.

"Коргоого чык!". Жардык сөзүн жан дүйнөгө кынаган,
Кабылдайлы милдет тагып Мекен тартса сурнайын.
Артык бизге алтын эмес, көк түтүнүң булаган,
Эрендериң эчен ирет антын каарман сынаган,
Жаркын жергем, жаным бирге тартпагын эч убайым.

Акыркы ирет көздү ирмей жашоо менен коштошуп,
Жатаар кезде тууган жерди түбөлүккө жаздана.
Өмүр өтүп шам чырактын жарыгына окшошуп,
"Аттиң ай!"-деп өкүнгөндө жарк этүүгө кеч болуп,
Үлбүлдөбөй жанып берсек, жашоо-өмүр бир гана.



Мирзат Урдавлетов




PDF формат