"Акыйкатчы (Омбудсмен)" - кыргызча гезит
email • архив • редакция 
сентябрь, 2010-ж.:
1-бет
Укук коргоочу коомчулуктун жылдык жыйыны
2-бет
"2009-2010-жылдар аралыгында Акыйкатчынынын ишмердүүлүгү жөнүндө"
3-бет
Что показал мониторинг?
4-бет
Сыйлык-сыймйк
5-бет
Куттуктоо!
6-бет
Улут бийиктиги-укугунун корголгондугунда
Стратегиялык план - өнүгүүнүн башкы багыты

7-бет
Акыйкатчынын почтасынан
8-бет
Жалпы журтка керектүү
Жакшы адам өлбөй тим калса...
Ар дайым кесиптештеринин эсинде



Укук коргоочу коомчулуктун жылдык жыйыны
20-сентябрь күнү Мамлекеттик тарых музейинин конференц-залында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акундун демилгеси боюнча укук коргоочу коомчулуктун жылдык жолугушуусу (чогулушу) болуп өттү. Ал чогулушта Акыйкатчы Аппаратынын жетекчилиги жана жалпы эмгек жамааты, мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, Кыргызстандын көрүнүктүү укук коргоочулары, демократиялык кыймылдын мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Акыйкатчынын алдындагы коомдук кеңештердин мүчөлөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Чогулуштун күн тартибинде негизинен 2 чоң маселе каралды. Биринчи маселе Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы тарабынан түзүлгөн көз карандысыз комиссия тарабынан Ош, Жалал-Абад окуяларынын чыгыш себептерин иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча корутундусу коомчулукка уктурулду. Жыйналышты КР Акыйкатчысынын орунбасары Т.Боромбаева алып барды.
Комиссиянын корутундусун Акыйкатчы Турсунбек Акун коомчулукка жарыялагандан кийин, ушул маселе боюнча жарыш сөзгө аталган комиссиянын мүчөсү, КР Акыйкатчысынын алдында түзүлгөн коомдук кеңештин мүчөсү акын М.Мамазаирова чыгып сүйлөп төмөнкүлөргө токтолду: Менин атам Мамазаир 14 жашында Ош шаарынын күйгөнүнө күбө болгон экен. Ошондо айтып калаар эле ошол күйгөн мата, чүпүрөктөрдүн жыты тээ көпкө чейин кетпей турган деп. Ал эми Ош окуясында үйлөрдүн күйгөнүнүн өзгөчөлүгү мында. Үйлөрдүн чатырлары күйгөн, үйдүн ичинде жууркан, төшөк, чүпүрөктөрдүн күйгөнү билинбейт, идиш-аяктын сынгандары көрүнбөйт. Мындан мен өзүмдүн жеке пикиримде ушул трагедиялуу окуяга даярдык болгонбу деген жыйынтыкка келдим.
Мен кыргыз улутунун да, өзбек улутунун да өкүлдөрү менен, аялдар менен маектештим. Өзүлөрүнүн атын атагысы келбеген өзбек аялдар Ош окуясы үч күнгө чейин басылбаганына бушайманданган ойлорун ортого салышканын белгиледи.
Көз карандысыз комиссиянын мүчөсү А.Сартаев , мамлекет укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, аскер адамдарына жаңы бийлик көңүл бөлүшү керек,- деген оюн ортого салды. Комиссия эң эле жемиштүү иштегенин, канчалаган адамдар менен жолугушуп, окуя болгон жерде бир нече күндөп иштешкенин белгиледи.
Ал эми андан кийин чыгып сүйлөгөн комиссиянын мүчөсү Ткачева Елена - мындай трагедиялуу окуяларда аялдарга карата зомбулук фактылары орун алганын маалымдады. Аялдардын ар бири зомбулукка тике же кыйыр кабылганын айтууга болот. Албетте, аялдар мындай окуяларда курал кармап көчөгө чыга калышкан жок, бирок алар дымып үйдө эле жатып калышпастан, өзүлөрүнүн күйөөсүн жана балдарын коргонууга жөнөтүп, алардын мындай аракеттерин колдогону көрүнүп турат, -деди. Ошондой эле экономикалык абалдын психологиялык факторлорго таасир этээрин айтты.
Коммунисттер партиясынын лидери К.Ажибекова 13-сентябрда К.Батыров интернет аркылуу кайрылуусунда сүйлөгөн сөздөрүн талдоо керек. Ал кайрылууну айрым эркин гезиттер да басып жатышат. Ал кимге, кайсы күчтөргө ишенип жатат. Анын артында кимдер турат. Бул маселени териштирүү керек деген оюн ортого салды.
2-маселе боюнча КР Акыйкатчысы Турсунбек Акун чыгып сүйлөп, өзү КР Жогорку Кеңешинен Акыйкатчы кызматына шайланып келгенден бери 2 жыл 7 ай болгонун маалымдап, ушул аралыкта Акыйкатчы Институту тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири баяндама жасады.
Баяндаманы талкуулоодо Акыйкатчынын алдында түзүлгөн Адабият, маданият жана искусство маселелери боюнча коомдук кеңештин төрагасы А.Жакшылыков чыгып сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду.
Киши менен кишинин иши жок деген заман ушул. КРда киши укугун коргогон идеология зарыл. Мамлекет ар бир кишинин укугу менен иши болгон шартта гана анын аброю жогорулайт,-деп келип өз сөзүндө А.Жакшылыков Акыйкатчынын алдында түзүлгөн адабият, маданият жана көркөм өнөр маселелери боюнча түзүлгөн коомдук кеңештин иштери тууралуу кеп козгоду. Адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө Акыйкатчы тарабынан жүргүзүлүп жаткан опол тоодой иштерди белгиледи. Ошону менен бирге эле өзү жетектеген Коомдук кеңешке жана башка да коомдук кеңештерге компьютер, кабинет, кеңсе товарлары менен камсыздоонун зарылдыгына токтолду. Ошондо гана Коомдук кеңештердин иштери жакшыраарын белгиледи.
Ал эми Акыйкатчынын алдындагы гендердик маселелер боюнча коомдук кеңештин мүчөсү Г. Э. Чиркина жаштар арасында сексуалдык билимдерди жайылтуу, репродуктивдик саламаттык боюнча сабаттуу болуу керектигине токтолду. Мисал катары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү 26 жаштагы аялы менен күйөөсүнүн бир нече жылдан бери балалуу болбой жүрүп, шаарга келип текшерилсе, аялдын жатыны жана башка бойго бүтүү боюнча органдарынын таптакыр эле жоктугун айтып өттү. Ошол аял 26 жашка чейин айылдык медиктер таптакыр текшеришкен эмеспи, мектепте окуганда медициналык кароодон өткөн эмеспи деген суроолорун жадырды. Мындан келип чыгуучу корутунду жарандарыбыз өзүлөрүнүн репродуктивдик укуктарын билүүгө тийиш. Бул жаатта бир топ түйүндүү маселелердин бар экенин айтып өттү.
Андан кийин сөзгө чыккан арыз ээси Мукадилова Роза өткөн жылы өзүнүн 5 жаштагы Ширин аттуу небересин Камаз машинасы коюп кетип, небереси 2 колунан ажыраган. Кырсык болгон жерден качып кетип, айдоочу Шириндин тагдырына эч кандай көңүл бурган эмес. Арыз ээсинин ар кайсы инстанцияларга кайрылуусу эч кандай натыйжа берген эмес. Качан гана Акыйкатчы Аппаратына кайрылгандан кийин иш илгери жылып, Ширинди дарылоо, күнөөкөргө кылмыш ишин ачуу, келтирилген материалдык жана моралдык чыгымдарды төлөө иштери колго алынган. Небереси Шириндин ишине кайдиыгер карабаганы үчүн Роза Мукадилова Акыйкатчы Турсунбек Акунга жана анын эмгек жамаатына терең ыраазычылыгын билдирди.
Ички мигранттарга колдоо көрсөтүү максатын көздөп иштеп келе жаткан "Семетей-интер" коомдук бирикмесинин мүчөсү Мураталиева Ынакгүл ички мигранттар жер тилкелерине эң эле муктаж. Буга чейин жер берилген учурда көбүнчөсүн жаштарга жер берилип, 30-40 жаштардагы адамдар көңүл сыртында калган. Эл аралык "Ганси" аэропортуна жакын жерден 500 гектарга жакын жер бөлүнүп берилген. Трансформация болгон. Өкмөттүн токтому чыккан. Бирок транспорт министрлиги сырттан келген долларларга кызыгып, ички мигранттардын маселелерине көз жумду мамиле жасоодо. 4000ге жакын адамга чечим чыгарылган. Бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүсүн суранып, биз Акыйкатчыга кайрылганбыз. Акыйкатчы жардам берээрине ишенебиз,-деп сөзүн аяктады.
Акыйкатчыга арыз менен кайрылган Кадыркулова Жамал өзүнүн 17 жаштагы жалгыз уулу, күлгүндөй болгон курагында БГУЭП деп аталган окуу жайда окуп жатып, рекэтирликтин курмандыгы болгондугун, ага карата 5 бала күч колдонуп, андан акча талап кылышкандыгын, алынган жарааттарынан улам перзенти канча кыйынчылыктарды көрүп бул дүйнө менен кош айтышканын айтып, өзү да, залдагыларды да жашытты.
Ошондой эле Жамал эже уулун дарылоо үчүн кайсы ооруканаларга барып кандай баш тартууларды алганын, кайсы врачтар адам тагдырына көңүл кош мамиле жасашканын айы, күнү, саатына чейин айтып берди. Албетте уулун кайтарып ала албашы белгилүү, бирок ошол жаш жигиттин өмүрүнүн соолушуна күнөөлүүлөр жаза тартышы зарылдыгын айтып өттү.
Кыргызда "Колуң менен жасаганды мойнуң менен тартасың",- деген макал бар. Анын сыңарындай уулунун өлүмүнө катышы барлардын баарысын жазага тартууга Акыйкатчыдан жардам сурады.
Куралдуу күчтөрдүн ардагери Каравай Асаналиев бизди аскер пенсионерлерин плинтустан ылдый түшүрүшүп, кадыр-баркыбызды төмөндөтүштү. Финансы министрлигине канча жолу каттап жүрүп, өзүбүздүн бир нече жылдык паек үчүн акчабызды ала албай убара тартып жүрөбүз. Мамлекет куралдуу күчтөргө көңүл бурушу керек, толук каржылашы керек. Мамлекет коргоо министрлигине 20 млн доллар карайт деген маалыматты уктум. Бул өтө эле аз, бул 1 эле техниканын баасы.
Ошондой эле Каравай Асаналиев полковник наамында туруп, министрге кире албайсың деп бушайманданды. Өлкөдө мыйзамдуулук болушу керек, мыйзам Президентке да ар бир жаранга да бирдей болушу керек. Качан гана мыйзамдын үстөмдүгү орногондо мамлекетибизде тынчтык болот. Биздин, пенсионерлердин укуктарыбызды коргоп берүүсүн Акыйкатчыдан суранабыз,-деп жыйынтыктады өз сөзүн.
Чогулуштун жүрүшүндө Президенттик Администрациянын жана Өкмөттүн деңгээлинде чечилүүчү маселелер айтылгандыктан аталган суроолорго жооп берүү үчүн КР Президенттик администрациясынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Эркин Тобокелович Мамыров чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Акыйкатчы Институту тарабынан өтө татаал иштер аткарылып жатканын белгилеп, учурда жаңы бийлик, жаңы Өкмөт иштеп жатканын, адам укуктарына көңүл бурулаарын белгиледи.
Июнь айында өткөрүлгөн референдумда кабыл алынган Баш мыйзамыбызда адам укуктарына өзгөчө көңүл бурулган. Эң көп орун адам укуктарына берилген.
Убактылуу Өкмөт мыйзамдуулукту чыңдоо багытында бир топ иштерди аткарып жатканын белгилеп, буга мисал катары жергиликтүү соттордун 30 дан ашуун судьялары ээлеген кызматынан бошогонун айтып өттү.
Күн тартибинде каралган 2 маселе угулуп, талкуулангандан кийин КР Акыйкатчысы Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого кошкон зор салымдары үчүн бир катар адамдарды ведомстволук "Акыйкатчы" медалы жана Ардак грамоталары менен сыйлады. Айрымдарга ыраазычылык билдирилди.
Жыйындын аягында чогулуштун катышуучулары бир добуштан чогулуштун резолюциясын кабыл алышты.

Барно Сабирова,
Акыйкатчынын Басма сөз кызматынын эксперти.
Фотолору: М.Осмоналиевдики.

(Уландысы 2-бетте)




Продолжается рабочая поездка Турсунбек Акуна по Закавказью

28 сентября 2010 года, Акыйкатчы (Омбудсмен) Кыргызской Республики Турсунбек Акун выступил на пресс-конференции на международном медиа-форуме в г.Баку, где в настоящее время находится с рабочей поездкой.
В рамках программы поездки вчера состоялась встреча Омбудсмена Турсунбека Акуна со своей коллегой - Уполномоченной по правам человека Азербайджанской Республики Эльмирой Сулеймановой и сотрудниками офиса Омбудсмена. В ходе переговоров была достигнута договоренность о сотрудничестве в сфере прав человека, а именно - по вопросам миграции и по защите прав детей и женщин. Согласно достигнутой договоренности, отныне сотрудники Кыргызского и Азербайжанского офисов Омбудсмена получат возможность посещать офисы своих коллег с целью обмена опытом.


Напомним: Акыйкатчы (Омбудсмен) Кыргызской Республики Турсунбек Акун приехал в г. Баку после участия в работе конференции, проходившей 23-24 сентября 2010 года в г.Тбилиси (Грузия), "Роль национальных правозащитных институтов в развитии национальной юриспруденции по правам человека", на которой он выступил с докладом.
Главный правозащитник Кыргызстана Турсунбек Акун также принял участие в работе конференции на тему "Продвижение прав меньшинств и гендерное равенство", которая проходила с 30 сентября по 1 октября 2010 года в Ереване (Армения), где состоялась региональная встреча руководителей национальных правозащитных институтов Кавказа и Центральной Азии.

Пресс-служба Акыйкатчы (Омбудсмена) КР.





PDF формат