Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Сандан санга

КЫЛМЫШКЕРЛЕР
ДЫМАГЫ
(детективдүү
повесттен)


Анда СССР тарай элек кез. Баарыбыз тең зор өлкөнүн жарандары катары кенен тигилген шымыбыздын чөнтөгүнөн кыпкызыл болгон үжөтүбүздү сууруп чыгып:
- Аймагы кең өлкөмдүн менин,
Даркан талаа, токою көп, суусу кенен.
Мен башка мындай өлкөнү билбеймин,
Адамга жашоо сунган шаттык менен,-деп ырдап турган кезибиз. Кошуна мамлекеттерди биринен бирин бөлгөн бүгүнкүдөй чек ара, бажы посттору жок эле. Депортациялоо, эмгек көчкүнү деген түшүнүктөр түшүбүзгө да кирчү эмес.Эмне кылабыз эми, өткөн ишке салабат дегенден башка эч арга жок. Эмесе сөз башынан болсун…
Бир жолу жөндөн жөн туруп эле Күрпөң экөөбүз Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынан поездге олтуруп алып, Транссибирь магистралына чейин жетип, андан ары темир жолду бойлой жайгашкан шаарларды кыдырып, саякаттап келүүнү чечтик. Колубузда кокон тыйын да жок болучу. Тобокелге салдык. Эмне, саякатка биз өңдүүлөр кылаарга иши, салаарга кушу жоктугунан чыкчу беле?! Албетте, алдыбызга койгон көздөгөн максатыбыз бар болучу. Ачыгын айтканда, бизди Урал тоолорунун ары жагында жашашкан мекендештерибиздин кампайган капчыктары кызыктырып турган.
"Күрпөң дегениң Ким, кишиби же итпи" дейсиңби? Оозуңду карап сүйлө, тилиң жулунуп калып жүрбөсүн! Күрпөңдүн ким экенин эмдигиче билбей эмне кылып жүрөсүң? Зинадин Зидандын, Дима Биландын, Күмөндөрдүн кимдер экенин жакшы билесиң да, дал ушул оош-кыйыш замандын эң кыйын үйалгы чебери, кылмышкерлер дүйнөсүнүн кадыр-баркы, сыймыгы болуп саналган менин Күрпөң досумду тааныбайм дегениңде жол болсун! Эгерде билгиң келсе, Күрпөң деген анын жалгоо аты. Кылмышкерлерди мына ушундай жалгоо аттары аркылуу гана таанышат. Кезинде Караколдун чакан райондорунун аны менен кол алышып учурашкан ар бир короо шыпыргычы өздөрүн төрө сезишип, тим эле менменсинишип басып калышчу. Анан сен дагы кызык экенсиң, анын ким экенин билбейм деп! Күрпөң жөнүндө али уккандан уга элегиң көп. Болуптур эми, сөздү баштаарын баштап алгандан кийин аягына чейин айтып берейин. Бери карап, чыдап ук!
Ошол жылдары Күрпөң өзүнүн жазмышына жазылган сегиз жылын зонада коңгуроодон коңгуроого чейин толугу менен олтуруп, зээри басайып эркиндикке жаңы эле чыккан. Менин дагы колду аркага албай ээн-эркин басканыма бир айча эле болгон. Бул аз күндүн аралыгында анча-мынча болсо дагы колго бир нерсе илинип, нанга май сүйкөп жегенге жарап калгам.
Күрпөңгө болсо кожоюн тордон чыгаарында эки-үч күнгө жеткидей гана сөлкөбай карматып, алаканын жылытымыш этип, иттен чыгарыптыр. Ошондон улам анын ичтейи муздап, ичегисин уу аралап турган кези болучу.
Сөздүн кыскасы, ошентип биз "Фрунзе-Владивосток" каттамындагы поездге түшүп, көптөн бери сарытокумдап суутуп жүргөн кара боз айгырга минип жол тарткан жолоочу сымал көздөгөн багытыбызга жөнөп калдык. Жан дүйнөң бош челектей болуп каңгырап турган күндө дагы башындагы бир тутам тириликте адам баласы кубаныч издейт, өзүн өзү сооротуп жубаныч издейт турбайбы. Зонадан жаңы эле чыккан селсаяктар үчүн купелүү вагондун жүргүнчүсү болуу мына ошондой кубаныч менен жубанычтын дал эле өзүндөй болучу. Жумшак матрасы, апапакай шейшеби бар купенин ичи бизге тим эле жыргализмдей сезилди. Купеге киргенибизде бизден башка жүргүнчү келе эдек экен. Жаңы гана жайгашып бүтүп калганыбызда купеге Дженифер Лопес, Лив Тайлер бул жакта калсын, тим эле сымбаты келишкен бир чүрөк кирип келсе болобу!
Отурган турганы билинбеген, баскан аягы жерге илинбеген, туйгундай тунжураган, үкүнүн саңоорундай үлбүрөгөн, кулун сындуу, кумар көздүү, кымча бел, керме каш, бутары сүмбөдөй түптүз, бою шыңга, көөдөнү бийик, мурду кырдач, эки бетинин ортосу кыпкызыл болуп кермаралдай керилген бул сулуу алдабызды оозубуздан түшүрүп таштады. Анан дагы купеден орун ала элек жатып: " Ой, ой! Кандай гана чарчадым!" деп назик үн сала, жанары жанган музоо кирпиктүү көзүнүн оту менен биздин жан дүйнөбүздү куйкалай, сүзүлө бир тиктеп өткөнүчү!
Анын ажарына аңкайып, сыртыбыз бүтүн, ичибиэ түтүн болгон биз кыялыбызда өзүбүздү бул капысынан кирип келген чүрөк менен мелмилдеген, кыйыры көрүнбөгөн мухиттин мейкининде алыскы өлкөлөрдү көздөй: Лос-Анджелеске…, Ямайкага…, Канар аралдарына кеме үстүндө чайпалып бара жаткандай сезип, сыйкырдуу бир туңгуюкка сиңип кеткендей болдук. Бир мүнөткө жетпей арбалган торгойдой болгон абалдан мурдараак суурулуп чыккан мен көңүл түпкүрүмдө тутанган кумардык сезим менен жанарым учкундап туруп айткан сөзүм бул болду:
- Куш келипсиз, урматтуу айым, биз сиздин кызматыңызга дайым даярбыз!
- Буларды кара!- Ал менин чын дилимден чыккан сөздөрүмдү таза эле жактыра берген жок,- Мен силерге айым эмесмин. Менин Марья Васильевна деген өз атым бар. Модельермин.
Сулуу аялдар канчалык сымбаттуу болгону менен ошончолук мерез, таш боор, катаал болот деген чын көрүнөт. Сени бир көргөндө жүзү жылтырап, күлүмсүрөп тиктеп турганы менен анын мерездиги далдоосунда болот тура. Адегенде эле сөзү менен бул аял менин ага болгон зээримди басайтып салгандай болду. "Ал деңкейсе, сен эңкей. Андан эч кемибейсиң" деген сөз бар эмеспи.
- Биз болсо иликтөөчүлөрбүз. - Мен дагы ага жадырап жайнаган киши өңдөнүп өзүбүздүн ким экенибизди тааныштырганга үлгүрдүм. - Бакыт кушун издеп жүрөбүз. Көрсө, ал мына ушинтип эле келип тууруна конот тура.
Марья Васильевна жылмайып койду. Бирок анын бул жылмаюсунун ары жагында "Шумпайланып менин кулагыма кесме иле албайсыңар" деген кыяздагы кандайдыр бир сырдуу кекээр жаткандай туюлду. Ал "Сен бурч жакка олтур" дегенчиликте мага ээги менен ишаарат кылып, Күрпөңдүн маңдай жагынан орун алды. Чачтарамын оңдогулап бүтүп колдорун столдун үстүнө койду. Кудайдын чеберин айт, апапакай, жумуру болгон билектерине да сугум түшүп, көңүлүмдү бир сезим-угуттуу сезим чымылдатып баратты. Ал болсо эч нерсени капарына албаган киши сыяктанып, өзүнүн барк-баасын улам арттырып, бир калыпта шарактаган поезддин биз олтурган купесинин терезесин тиктеген калыбында мерездене тымпыят. Ал эми терезенин ары жагында болсо, кызарып баткан күндүн шооласынын соңку жарыгы айымдын жүзүн нурдантып, тигил батыш бетте чогулган капкара булуттун салааларын аралап өтүп, кызыл коңурланып жарык берип турду. Мен анын нурдуу жүзүн бир жагынан, Күрпөң болсо экинчи жагынан сыр бербей уурдана тиктейбиз. Сөздү эмнеден баштаарыбызды билбейбиз. Аңгыча кудай берди болуп Марья Васильевна Күрпөң жакка колун акырын созуп: "Сылагылып койчу" дебеспи. Мындай сөздү уккан Күрпөңдүн көзү чанагынан чыгып кете жаздады. Бирок, ал дароо өзүнө келе калып, Марья Васильевнанын сурмалуу көздөрүнөн каректерин ала качып, анын апапакай болгон жумуру билегине колдорун кебезге тийгизгендей этият кондуруп, андан соң бара-бара аптыга сылап-сыйпап кирди.
Менин бул көрүнүшкө ары суктана, ары кызгана тиктеп турганымды байкадыбы, ал сол колун мен жакка сунуп, ишсиз бекер олтурбай укала дегенчилик кылып,мурдагыдай эле ээги менен ишаарат жасап койду. Ошентип мен дагы ачкадан өзөөрө түшкөндө энесинин эмчегине жеткен букачардай болуп, анын сол билегин жанталаша укалаганга өттүм. Билегин эле эмес, сырткы дүйнөнү тирсийе тээп турган көкүрөгүнө колумду ымыр-чымыр кыла тийгизип өтүп, чыканагынан өйдө карай да кармалап жиберип жаттым.






Мирзат Урдавлетов




(уландысы кийнки санда)





Куттуктайбыз!
Кулпуна берсин жашыңыз
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын жетекчиси Абдылдаев Молдакун Абдылдаевич эр ортону 50 жаштык куракка толуп олтурат. Урматтуу, Молдакун Абдылдаевич, Сиздин бул сөз аркылуу жеткирип болбогон эң кымбат өмүр салтанатыңызды жүрөк тереңине дөөлөт кондурган бардык жакшы каалоолорубузду арноо менен чын ыкластан куттуктайбыз!
Ошону менен бирге Сизге жана үй-үлөңүзгө бекем ден соолукту, ишке ашкан асыл максаттарды жана келкелдүү жакшылыктарды каалайбыз! Бул ыр дестеде Сизге карата каалоо тилектерибиз камтылган:

Байтеректей байлап бүр,
Ден соолукта аман жүр.
Баарынан кымбат бул өмүр,
Бакубат, куунак өмүр сүр.
Күн түнөгөн жүрөгүң,
Жигиттиктен кетпесин.
Чамгарагы жабылбай,
Очоктон отуң өчпөсүн.
Ак өргөө үйдүн төрүндөй,
Жайлоонун жашыл төрүндөй,
Кулпуна берсин жашыңыз.
Журтуңуз барктап сыйлаган,
Бар болсун алтын башыңыз.

Сизди урматтоо менен,
КР Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын жалпы жамааты.






ДЕГЕН ЭКЕН ДЕЙТ

Гитлер






Сталинге телефон чалат:
- Сталин, силердин кишилер менин сейфимен жашыруун документтерди алып кетишкен жок.
-Түшүнүктүү…
Сталин Штирлицке телефон чалат:
- Штирлиц, Гитлердин сейфинен жашыруун документтерди алдың беле?
- Так ошондой, жолдош Сталин!
- Алсаң ордуна алып барып кой, тигиниң жинди болуп атат.







Жуков

Сталиндин иш каанасынан чыгып баратып сөгүнөт:
- Мурутуңду дурайын, акмак! Өлкөнү кыйнадың!
Поскребышев деген немеси Жуковдун мунусун угат да шарт эле Сталинге жеткирет. Сталин Жуковду чакырып:
- Сиз кимди сөктүңүз, жолдош Жуков?
- Гитлерди, жолдош Сталин!
- А сиз ким деп ойлодуңуз, жолдош Поскребышев…





Москвадан кат
ЭЛ КАРГЫШЫ …







Энөө кыргыз элебей акты-көктү,
Жүргөн кезде башыңа булут чөктү.
Өз жериңде өзүңдү бөтөн көрүп,
Өз деген досуң каныңды суудай төктү

Эки улуттун от жаккан ортосуна,
Саясатчы сойкулар оңбосун аа!
Эл каргышы карегин жарып кетсин,
Ок тийгендей Ошумдун толтосуна!

Жамилахан Бегиева,
Москвадагы Кыргызстандыктардын коомдук бирикмеси


Аския

Кызматкер жумушка бир саат кечигип келет. Башы-көзүнөн бери даки менен таңып алган.
- Жумушка эмнеге кечигип келдиң?-дейт шефи.
- Бешинчи кабаттан кулап кетип…
- Анан эмне, бир саат куладыңбы?!







"Акыйкатчы (Омбудсмен)" - кыргызча гезит
email • архив • редакция 
август, 2010-ж.:
1-бет
Улутубуздун жүзүн ачкан улуу күнүңүз кут болсун!
2-бет
"Жолугушуулар көп болду"
3-бет
Урмат Барыктабасов боюнча
КР Акыйкатчысынын(Омбудсменинин)
Билдирүүсү

4-бет
КАЙРА ЖАРАЛУУБУЗДУН БАШАТЫ
5-бет
Камактагылардын убалы кимге?!
6-бет
Мозоли должны быть на руках,а не на языке
7-бет
Права абитуриентов под зорким оком правозащитников.
8-бет
Сандан санга










??.??