Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Талас

Камактагылардын убалы кимге?!
Адамдын жүрөгүнүн үшүн алган, үшүн эле албай өмүрлөрүн кошо алган 7-апрель артта калса да ошол күндүн кырсыгы жабышкан өрттөй улам бир жерди күйгүзүп, улам бир жерди ойрондоп жатат.
Ош окуясы ый, кара күйүк шаар. Адамдардын жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө түшүргөн жаманчылыктан чыга албай турганда сапырылган саясаттын ыр-чыры нааразычылык менен баш бакан кымбатчылык… Ушул ойлорго баш катып Таластан Кызыл-Адырга жеткиче бир сааттай убакыт өттү.


Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнө кирип, күбөлүктөрдү көргөзүп, убактылуу кармалгандардын (ИВС) абалын карап чыгуу үчүн атайын иш сапарына келгенбиз. Мурунтан деле (буга чейин бир нече жолу) бул жерге келип, өз кызматтарыбызды өткөрүп жүрчүбүз. Эмнегедир эшик кайтарган дежурный капитан Эдил Дүйшөбаев бизди утурлай чыгып, күбөлүктөрүбүздү абдан карап көрүп, мен Сиздерди киргизе албайм деп калды. Бул жерге Омбудсмен тарабынан атайын жазылган кат менен Омбудсмен өзү келсин, жок болбойт, чыгып кетиңиздер десе боло…
- Болсо-болбосо иш чатак көрүнөт, эмнеге эле бизди киргизгиси келбей жатат деген ой менен КР Акыйкатчысы Турсунбек Акунга, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысына телефон чалууга туура келди.Тиги капитандын бюрократиялык мамилесине нааразы болуп кер-мур айтышууга үлгүрдүк. Кудай жалгап Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орунбасарынын звоногунан соң убактылуу кармоочу жайга кирдик. Абал оор, ысыктан үп болуп дем ала албай кармалгандардын шаабайлары Суз.
Жыттанган тар бөлмөлөрдө консевага салынган балыктардай шыкалгандарга баш багып абалдарын сурай баштадык. 5-10 мүнөттө өзүбүз да көл-шал кара терге түшүп ишибизди уланттык.
Көрсө 23 адамга ылайык салынган бул жайда азыр 45 киши жатыптыр, алардын төртөөсү жашы жете электер, бирөөсү кыз бала.
Ал эми экинчи камерада (беш чарчы метрден ашпаган бөлмө) 8 адам кургак учук менен ооругандар кармалаган, анын да үчөөсү ачык формадагы оорулуулар, булардын арасында да бирөөсү жашы жете элек экен.
Айла жок илдет деген ушундай деген оңой сөз менен кайта берсек болмок, бирок убактылуу кармалгандардын убалын ойлоп, буларды башка региондорго деле бөлүп жиберсе не болмок…
Камактагылардын азыраак болсо да кармоо шарттарын жакшыртуу үчүн Талас облусунун аймагына тергөө изолятору курулса болоор эле.
А.Момунтаева
Акыйкатчынын (Омбудсмендин)
Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү




Джалал-Абад
17 августа 2010 года в малом зале Жалал-Абадской областной государственной администрации прошел круглый стол на тему "За и против ввода полиции ОБСЕ в Кыргызстан". Данное мероприятие проводилось по инициативе Общественного фонда молодых граждан, директором которого является Учкемпиров Мураталы.

В работе круглого стола приняли участие молодые активисты города Жалал-Абада, представители партий "БЭК", "Замандаш", "Ата-Журт", "Республика", Бүтүн Кыргызстан", студенты ЖАГУ, журналисты газеты "Акыйкат", "Эркин Тоо", "Эл нуру", радио "Азаттык", "5 канала", "НТРК", "ЖТР" и НПО.
С представительства принял участие инспектор Усенов Сулайман, а также представитель пресс-службы Президентской Администрации.Со стороны ОБСЕ участвовал и проводил беседу сотрудник главного офиса ОБСЕ в Бишкеке, а также местный координатор по Жалал-Абадской области Райымбеков Багышбек.
Данное мероприятие началось с объяснения миссии полиции ОБСЕ , дальнейшей деятельности, причина ввода, а также какие моменты еще не были обсуждены с правительством Кыргызстана.
Молодые лидеры активно вели беседу, задавали вопросы. Например о том, что в момент массовых беспорядков на Юге Кыргызстана именно в Жалал-Абаде, ни одна международная организация не вела свою работу и что местные сотрудники этих же организаций-граждане КР остались без охраны, о том как местные жители способствовали их эвакуации из города.
В итого участники круглого стола заявили, что они категорически против консультативной полиции ОБСЕ, но не самой организации, учитывая их партнерство и помощь МВД КР.
Представителям ОБСЕ было предложено о расширении местных представительств и штатов для построения моста с местным населением, для принятия решения о вводе консультативной полиции ОБСЕ.
Так как на данный момент правоохранительные органы Кыргызстана ведут активную работу по урегулированию и предотвращению беспорядков, где ОБСЕ может оказать содействие в оснащении материально-технической базы и повышения квалификации сотрудников.

Сулайман Усенов,
Инспектор Представительства Омбудсмена по Жалал-Абадской области





Расмий маалымат
Акыйкатчы
көз карандысыз комиссия түздү

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акун үстүбүздөгү жылдын 4-августунда өзүнүн атайын буйругу менен жогоруда аты аталган комиссиядан башка көз карандысыз комиссияны түздү. Бул көз карандысыз комиссия 2010-жылы Жалал-Абад, Ош облустарында жана Ош шаарында болуп өткөн кайгылуу окуяларды иликтейт. Комиссиянын курамы төмөнкүлөрдөн турат. Сартаев Анвар Айдарович (КР Куралдуу күчтөрүнүн ардагери), Мамеев Аскарбек Мамеевич (КР Акыйкатчы Аппаратынын саясий жана жарандык укуктарды коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы), Абулфазиев Бахтияр Сайдуллаевич (Ош шаарынын кичи районунун аксакалдар сотунун төрагасы), Салиев Валерий (Ош облусунун профсоюздар Кеңешинин башкы адиси), Темирбаева Жаркын (көз карандысыз журналист), Мамазаирова Менди (КР Акыйкатчысына караштуу маданият, адабият, искусство маселелери боюнча Коомдук кеңештин мүчөсү) Токтосунова Адаш Искендеровна (КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык Академиясынын кафедра башчысы), Ткачева Елена Александровна (КР кризистик борборлор ассоциациясынын психологу), Алмаматов Талант ("Ыйман Бакыт Кому" коомдук бирикмесинин жетекчиси), Бекмуратов Улан ( Адам укуктары боюнча ЭДВОКАСИ борборунун өкүлү), Абдыкадыров Эмил Ысакулович (Жалал-Абад шаарынын тургуну) жана Маматякубов Латифжан Ибайдуллаевич (Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну).
Бул буйрукка ылайык Комиссияга ушул жылдын 30-сентябрына чейин аткарылган иштер боюнча отчету коомчулуктун назарына коюусу тапшырылган. Комиссия өз ишине "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени(Акыйкатчысы) жөнүндө"КР Мыйзамынын 8-беренесине ылайык ишке көз карандысыз эксперттерди, ошондой эле коомдук, бей өкмөт уюмдардын жана башка уюмдардын өкүлдөрүн тартууга укук берилген.
Белгилей кетүүчү нерсе буга чейин түштүктөгү окуялардын себептерин иликтөө боюнча Улуттук комиссия түзүлгөн эле (төрагасы А.Эркебаев).
Акыйкатчы тарабынан түзүлгөн комиссия бир беткей эмес, чыныгы акыйкаттуу маалыматтарды айтат деген ишенимдебиз.







Эл аралык конференция
Эмнелер тууралуу айтылды?

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акун "Замандаш" эл аралык ассоциациясы тарабынан өткөрүлгөн "Апрель жана июнь окуяларынын Кыргызстандын эмгек миграциясына таасири" деген темадагы IX эл аралык конференциясына катышып, ал жерде мазмундуу баяндама менен чыгып сүйлөдү.
Ал баяндамасынын негизги бөлүгүнө өтөөрдөн мурда Кыргызстандын түштүгүндө июнь айында болуп өткөн кайгылуу окуяларга өзүнүн алдын ала баасын айтып өттү.
Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин укуктарын коргоо чөйрөсүндө Акыйкатчы жана анын кесиптештери тарабынан жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштерге токтолду. Омбудсмендердин өз ара кызматташтыгы аркылуу көптөгөн оң натыйжаларга жетишилип жатканын белгиледи.
Акыйкатчы ошондой эле жакында эле Свердловск облусунун Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Мерзлякованын демилгесинде 2 КАМАЗ гуманитардык жүк чогултулуп, түштүк жергесине жеткирилип, таратылып берилгенине да токтолду. Акыйкатчынын бул жыйындагы баяндамасынын толук вариантын "Zpress.kg"сайтынан, же "Ombudsman.kg" сайтынан таанышууга болот.





Из почты Омбудсмена
Уважаемый Турсунбек Акун!

Причиной моего обращения к Вам послужило то, что при содействии Омбудсмена (Акыйкатчы) КР мы решили все вопросы, которые нужно было решить в пользу пострадавшего К.Ж-ва. В данное время пострадавший переведен в реабилитационный центр в Воронцовке. По поводу медицинского обслуживания жалоб нет. Медицинскую реабилитационную помощь оказывают бесплатно. Питание и проживание, а также обслуживание больного также бесплатно.
Родственники пострадавшего К.Ж-ва: брат Жээнбаев Максат, супруга Жээнбаева Гульмира и правозащитница Исманова Чинара выражают вам благодарность за столь оперативную, моральную помощъ в трудные минуты жизни.
Вам лично и в Вашем лице Вашим сотрудникам -А.Артыковой, М.Карабаевой и А.Акматову желаем крепкого здоровья, успехов в работе! Будьте всегда достойны звания правозащитников. Спасибо!




С уважением, семья Жээнбаевых и Исманова Чинара









"Акыйкатчы (Омбудсмен)" - кыргызча гезит
email • архив • редакция 
август, 2010-ж.:
1-бет
Улутубуздун жүзүн ачкан улуу күнүңүз кут болсун!
2-бет
"Жолугушуулар көп болду"
3-бет
Урмат Барыктабасов боюнча
КР Акыйкатчысынын(Омбудсменинин)
Билдирүүсү

4-бет
КАЙРА ЖАРАЛУУБУЗДУН БАШАТЫ
5-бет
Камактагылардын убалы кимге?!
6-бет
Мозоли должны быть на руках,а не на языке
7-бет
Права абитуриентов под зорким оком правозащитников.
8-бет
Сандан санга





а ­е¦Є.НҐй«