Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
КАЙРА ЖАРАЛУУБУЗДУН БАШАТЫ
Турсубек Акун,
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы
(Омбудсмени)

Урматтуу мекендештер!

Күнөстүү кыргыз жергеси, жалпы элибиз Мамлекетибиздин Эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын майрамдоонун босогосунда турат. Бул күн биз үчүн улуттук кайра жаралуубуздун башаты, жаркын келечекке болгон үмүтүбүздүн, Мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө болгон умтулуубуздун ишенимдүү тиреги. Мамлекеттин көз карандысыздыгы менен Адам баласынын ариет-эркиндиги дал ушул Эгемендик аркылуу экчелип аныкталаарын эски тарых эзелтен бери карай эскертип келет. Тарых ченеми менен алып караганда көз ирмемге барабар, бирок коомчулугубуздун өсүп-өнүгүүсүнө терең из калтырган бул жылдар көптөгөн кыйынчылыктарды, карапайым калкыбызга каржалууларды жана да бир катар ийгиликтердин жаралышына алып келген жылдардан болду. Артыбызга кылчайып карап, анын урунттуу учурларына көз чаптыра турган болсок, ондогон жылдар бою социалдык-экономикалык жактан өнүгүүбүз солгундап жүрүп келди. Коррупциянын арааны ачылып, абалкы муун топтогон аздыр-көптүр нарк-дөөлөттөрүбүздүн кадыры кетти.
Эзелтеден эркиндикти эңсөөнүн, басмырланууга баш ийбөөнүн каны жүлүнүндө ойногон, "түгөнгөн сайын түтөгөн, түбүнөн бери күчөгөн, түптүү журтубуз"мына ошондон улам өкүмчүл жана өзүмчүл бийлик режимине кечээ жакында эле каршы чыгып, нечендеген эр-азаматтарыбыз эркиндикти калыбына келтирүү үчүн набыт болушту. Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялар жана адамдардын жай турмушуна кол салышкан чагымчыл күчтөрдүн айынан өлкөбүздүн адам ресурсуна жана экономикасына орду толгус чоң зыян алып келди. Күнөөсүз шейит кеткендердин жана жабыркагандардын болгону алигүнчө биз үчүн оор. Мен өлкөнүн Омбудсмени катары кайгылуу окуялардын капсалаңынын чок ортосунда болуп, ага күбө болуу менен бул кесепеттин турукташышына тиешелүү салымымды кошууга болгон күч аракетимди жумшоого аракеттендим. Мына ушул кайгылуу окуялардан улам бай-кедейи аралашып бир өлкөнүн аймагын байырлаган байыркы элдин бүгүнкү урпагы Эгемендиктин баркы менен баасын терең сезип калды, андан чоң сабак алышты, ошондой эле аны эс акылы жана аяр сезимдери менен аздектеп күткөнгө үйрөнүштү деп терең ишеним менен айта алам.
2010-жылдын 27-июнунда жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынган КР Баш мыйзамынын 108-беренесинде "Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт" делип айтылат. Ошондуктан өлкөбүздүн Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында, Кыргыз Республикасы ратификациялаган Эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда жарыяланган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, ушул жаатта Эл аралык кызматташтыкты жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү, адамдын өзүнүн укуктары менен эркиндиктерин ишке ашыруусун кодулоонун ар кандай түрлөрүн эскертүү, калктын укук жагынан маалымат алуусуна көмөгүн көрсөтүү аркылуу эгемендүүлүктүн укуктук жактан бекемделишине тиешелүү салымын кошуп келе жатат.
Урматтуу кеменгердиктин үлгүсү болгон кадырман карыялар!
Үйүбүздүн куту болгон ак элечектүү апалар, эже-карындаштар!
Калк каймагы болгон интеллигенция өкүдөрү!
Келечегибиз болгон жаштар!
Эгемендик элибиз эңсеген Аруулук жана Бакыт деген баа жеткис асылдыктарга жол ачып берээри айныксыз. Сиздерди - жалпы эле мекендештерибизди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын , анын аймактардагы өкүлчүлүктөрүнүн жана өзүмдүн атымдан өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнү менен чын ыкластан куттуктайм! Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, байгерчилик, ишке ашкан асыл ой-максаттарды, ынтымак-ырашкерчиликти каалайм!




  Уккан кулак сүйүнсүн!

"Акыйкатчыга" АКШнын өкмөтүнүн гранты
Өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнү белгиленүүгө саналуу убакыт калганда республикабыздын башкы укук коргоо ведомствосунун ишмердүүлүгүндө дагы бир эсте калаарлык окуя болуп өттү. Жакында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту менен АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин Демократиялык комиссиясынын ортосундагы гранттык макулдашууга салтанаттуу түрдө кол коюшуу анын жаркын мисалы болуп калды.
АКШнын Элчилигинин билим берүү жана маданият маселелери боюнча кеңешчиси Лорен Перлаза АКШнын 12 миң доллар суммасындагы гранттык техникалык жардамын ведомстволук "Акыйкатчы (Омбудсмен)" газетасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана анын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн ыйгарылып жаткандыгын салтанаттуу кырдаалда жарыялады. Долбоордук сунуш үстүбүздөгү жылдын башталышында жакында эле башка кызматка которулган республиканын Акыйкатчысынын басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Т. Шайдуллаева тарабынан жазылган.
Аталган газетанын негизги көтөргөн жүгү республиканын калкынын укуктук билүү чөйрөсүн кеңейтүү, окурмандардын укуктук көйгөйлүү маселелерин кеңири чагылдыруу болуп саналгандыгын, буга чейин ал айына бир ирет- миң нускадан чыгып, бекер таратылып келгендигин айта кетүү керек. Эми АКШнын Демократиялык комиссиясынын бериле турган техникалык жардамынын негизинде газета айына экиден ирет 5 миң нускадан жарык көрмөкчү. Газетаны Россияда, Казакстанда иштеп жүрүшкөн мекендештерибиз - эмгек мигранттары да алып окушмакчы.
Техникалык жардам АКШнын Демократиялык Комиссиясынын чакан гранттарынын алкагында аталган өлкөнүн Өкмөтү тарабынан ыйгарылды.
Макулдашууга Акыйкатчы Турсунбек Акун жана АКШнын элчилигинин кеңешчиси Лорен Перлаза кол коюшту






СЫЙМЫКТАНАМ
КР Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратында эмгектенген кызматкерлердин арасындагы эң жашы, мекеменин жалпы бөлүмүнүн улук референти Наргиза Нурланова менен маек.
- Наргиза алдыда келе жаткан Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү менен жашташ экенсиң.Бул он тогуз жылдан бери карай белгиленип келе жаткан жумуриятыбыздын даңазалуу күнүн сен кандай сезимде тосуудасың?
- Ооба, өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнү жүрөк менен кан биргедей, жүлүн менен жан биргедей болгон ары ыйык дагы, эч нерсеге алмашкыс дагы, кубанычтуу, улук жана бактылуу күн болуп саналат. Өзүм дагы бул даңазалуу күндү ар жыл сайын элибиз төрт көзү түгөл, кайгы капасыз, байгерчиликте тосуп алып турса экен деп тилек кылам. Мен кыргыз эли кылымдардан бери карай көксөп келген күнкорсуздукка жеткен жылы төрөлгөндүгүмө жана аны менен жашташ болуу аркылуу мамлекетибиздин алгачкы кадамдарынын жылнаамасына кошо кубанып да, кошо жубанып да келе жаткандыгыма сыймыктана аламын.
- Эгемендүүлүк күнүнө карата айтаар каалоо тилектериң бардыр?
- Эң биринчиден өлкөбүздө тынчтык, мекендештерибиздин ортосунда ынтымактуулук бекем болсо деп тилек кылам. Мына ошондо элибизде токчулук, жерибизде молчулук болмокчу. Бөөдө кырсыктардан тышкары болсок, бардык кыйынчылыктарды кайратман элибиз жеңип кетээрине ишенем.
- Жаштын берет тилегин деп айтылат эмеспи, айтканың келсин. Эми өзүң сыяктуу жаштар жөнүндө көз карашыңды да ортого сала кетсең ?
- Биздин муун көптү билүүгө дилгир, илимдүү, билимдүү болууга умтулган муун деп эсептейм. Алар өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошууга даяр, жүрөктөрүндө мекенчилдик сезими уялаган. Буюрса жаңы доордо жаштардын жаңычыл ой каалгыдагы толкуну келип, мекенибиздин алга карай ишенимдүү кадам коюшуна өбөлгө түзөт деп терең ишенемин.
- Өзүң келечекте ким болсом деп ойлойсуң ?
- Мен борборубуздагы № 74 мектепти аяктап, юридикалык академияга тапшыргам. Азыр анын 3-курсунда сырттан окуп жатам. Омбудсмендин Аппаратында иштөө, улуу муундагы тажырыйбалуу агай-эжейлердин таалим-тарбиясын алуу мен үчүн чоң сыймык. Келечекте адам укугун адилет коргогон юристтик кесипти ар намыстуу аркаласам деген тилегим бар.


Баарлашкан:

Муратаалы Турдубаев.






ЫНТЫМАК БОЛСО- ЖОЛ КЕНЕН
Кайрат берчү өзүмө,
Кайрыламын элиме.
Кысталган өткөөл мезгилде,
Мекениме демилге.
Коом жаңыланып жатканда,
Канымдагыны айтамын,
Калайык тыңдап кабыл ал.
Уюткусу ырыстын,
Ынтымакты кармайлы.
Эзелтен элим эңсеген,
Эгемендүүлүгүбүздү сактайлы.
Элдик бийлик күч алаар,
Акыйкаттык үн алаар,
Ардактап жаштар күтө алаар.
Тополоң күндү өткөргөн,
Кезеңдер болду кыйын эң.
Жашоодо кымбат мына ушул,
Ынтымак болсо-жол кенен.
Жумуш жок деген куру сөз,
Турбайбы мээнет түгөнбөс.
Эр эмгегин жер жебейт.
Жер иштеткин, талбай өс!
Эл үчүн күйүп жанганга,
Журт үчүн күйгөн инсанга:
Урмат, урмат жана урмат!.
Темирдей тартип орносо,
Өлкөбүз өр таянып оңолот.
Бейпил күн кетпей төрүбүздөн,
Береке качпай элибизден,
Бакубаттык учпай жерибизден,
Тураары журтум,өзүбүздөн
Кашымбек Асанбеков,
Каракол шаарынын тургуну




"Акыйкатчы (Омбудсмен)" - кыргызча гезит
email • архив • редакция 
август, 2010-ж.:
1-бет
Улутубуздун жүзүн ачкан улуу күнүңүз кут болсун!
2-бет
"Жолугушуулар көп болду"
3-бет
Урмат Барыктабасов боюнча
КР Акыйкатчысынын(Омбудсменинин)
Билдирүүсү

4-бет
КАЙРА ЖАРАЛУУБУЗДУН БАШАТЫ
5-бет
Камактагылардын убалы кимге?!
6-бет
Мозоли должны быть на руках,а не на языке
7-бет
Права абитуриентов под зорким оком правозащитников.
8-бет
Сандан санга










??.??