Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Урмат Барыктабасов боюнча
КР Акыйкатчысынын(Омбудсменинин)
Билдирүүсү
У.Барыктабасовду колдоо боюнча өткөрүлүүчү курултайга мониторинг өткөрүү жөнүндө КР Акыйкатчысынын тапшырмасынын негизинде Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлеринен турган 4 топ түзүлгөн эле.
5-август күнү Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери бир нече топко бөлүнүп алышып, ушундай мониторингди өткөрүштү. Атап айтканда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылында Акыйкатчы Аппаратынан турган 2 топ кеч күүгүмгө чейин байкоо жүргүзүштү.
Күч органдары тарабынан У.Барыктабасовдун айрым тарапкерлеринен ок дары жана курал жарактардын тартылып алынышын жана күч органдарынын өз убагында жасаган аракеттерин биз мыйзамдуу деп эсептейбиз. Күнөөлүүлөр КР Мыйзамдарына ылайык өз жазаларын алышы керек. Курал-жарактарды тартып алуу учурунда ага Акыйкатчы Аппаратынын да кызматкерлери катышышты.

Тынчсыздандырган нерсе - республикабыздын укук коргоо органдары Киргшелк айылына блок-постторду коюп алышып, Балыкчы тараптан Бишкекке курултайга катышуу үчүн келе жаткандардын бирөөсүн да өткөрүшпөгөнү. Белгилүү деңгээлде "электен" (тиешелүү текшерүүдөн) өткөрүп, курал жарагы жокторду өткөрсө болмок жана өткөрүүгө тийиш болчу.
Таластан, Жалал-Абаддан жана Нарындан келгендер өлкөнүн Президенти Р.Отунбаева менен жолугушууну талап кылышкан, мамлекет башчысынын маанилүү жумуштары толтура экендигин жана У.Барыктабасовду колдогон Курултайдын катышуучуларынын алдына чыга албашы белгилүү. Бирок бул жолугушууга КР Президенттик администрациясынын башка өкүлдөрү чыгышса болмок. Бирок андай болгон жок. Биздин өлкөнүн жарандары "У.Барыктабасовдун машиналары эмне үчүн кармалууда?" деген суроого жооп таба алышпай убара болушту.
Эске сала кетсек, мурда оппозиционерлер Ысык-Көл облусунун Түп районунда Курултай өткөрөбүз деп барышканда, аларга да жол тосулуп, тоскоолдуктар болгон эле. Ал кезде бакиевдик бийликке жагынгысы келген "дүжүрлөр" таштар менен ургулашкан. Ошондо оппозициянын белдүү өкүлдөрү Өмүрбек Текебаев жана Болот Шер жана башкалары жабырланышкан. Белгилей кетүүчү нерсе, оппозициянын айрым өкүлдөрү анда да уруксат кагазы бар куралдарын өзүлөрү менен алып жүрүшкөн.
Ал эми У.Барыктабасовго келсек, бардыгы тең ага карата К.Бакиев, Д. Үсөновдун учурунда козголгон кылмыш иштерине шилтеме жасашууда.
Алдын ала айтып коюучу нерсе-мен У.Барыктабасовдун тарапкери эмесмин, анын көптөгөн көз караштарын бөлүшө албайм. Айрыкча анын жалпы элдик референдумга шек келтиргени анын терең жаңылыштыгы. Мен өлкөнүн Акыйкатчысы катары толук жоопкерчилик менен референдум ийгиликтүү өткөн, КРнын Баш мыйзамы - Конституция кабыл алынды, Кыргыз Республикасынын легитимдүү президенти бар деп айтамын. Референдумдун жүрүшүнө бүтүндөй республика боюнча мониторинг жүргүзүп, референдумдун легитимдүүлүгүндө кымындай да шек жок деп айта алам. Анын жыйынтыгы легитимдүү.
Мен ошондой эле У.Барыктабасовдун аны Кыргызстандын Премьер-министрлигине коюу тууралуу талабын колдобойм. Өлкөнүн Конституциясына ылайык Премьер-министрди Жогорку Кеңеш дайындайт. Ошондуктан У.Барыктабасов өз партиясы менен Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюп, эгер жеңип чыкса шайланып келип, андан ары кааласа кызматка, кааласа депутаттык мандатка мыйзамдык негизде ээ боло берсин. Бирок У.Барыктабасов башка, мыйзамсыз жол менен келүүнү тандап алды. Парламенттик шайлоого баргандан көрө, ал бийликтин жогорку тепкичине өзү каалаган жол менен жеткиси келди. Муну мен КР Акыйкатчысы катары да, республиканын катардагы жараны катары да албетте, колдобойм.
Урмат Барыктабасов ошондой эле көп партиялуулук системасын жактырбайт, муну да колдоого болбойт.
Бирок, мен Акыйкатчы катары чындыкты гана айткым келет, У.Барыктабасовго карата кылмыш иши эмне үчүн козголду эле?
2005-жылдын июнунда бакиевдик бийлик БШКнын ал кездеги төрагасы Т.Абдраимовдун колу менен Урмат Барыктабасовдун талапкерлигин КР Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттабай койгон. Иш жүзүндө ал ошол учурда башка өлкөнүн жараны эмес эле. Бакиевчилер анын байлыгынан чоочушкан, добуштардын кайсы бир пайызын алып коет, элдин көпчүлүгү анын артынан ээрчип кетишет деп ойлошкон.
Албетте, Барыктабасовдун тарапкерлери бакиевдик бийликке өтө нааразы болушкан, ошол себептен Өкмөт үйүнүн алдына митингиге чыгышкан. Ал кезде мен КР Президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча комиссияны жетектеп тургам, У.Барыктабасовдун тарапкерлери Өкмөт үйүнүн алдында турушканын, ал эми учурдан пайдаланып, Ак үйдүн ичине башка күчтөрдүн өкүлдөрү киришкенин ошондуктан даана билем. Ошол окуялардын учурунда өзүм да жабырлангам, натыйжада 15 күн ооруканада жаткам.
2005-жылы июнда У.Барыктабасовду "пайдаланып кетишти" деп ойлойм, ошондуктан ал соңку беш жылдын ичинде бакиевчилердин куугунтугунан качып, чет өлкөдө баш калкалоого аргасыз болгон.
2010-жылдын апрель окуясынан кийин Кыргызстанга жаңы бийлик келди, ошондон улам калк арасында эми саясий куугунтуктоолор токтотулат деген жаңы жаркын үмүттөр пайда болду. Чындыгында эле И.Исаковго, А. Жекшенкуловго, Э.Булекбаевге жана башка сясий ишмерлерге карата козголгон кылмыш иштери кайрадан каралды. Азыркы учурда алар толугу менен акталышкан, кыйласы бийлик органдарында жогорку кызматтарда иштеп жатышат ( же болбосо жакынкы күндөргө чейин иштеп келишти). Ошого байланыштуу ушул сөз ыңгайына таянып туруп, У. Барыктабасовго карата козголгон кылмыш ишин дагы кайрадан карап чыгуу керек деп эсептеймин.
Учурдагы бийликтин өкүлдөрү бакиевчилердин баскан изи менен барбоого тийиш деген терең ишеничтемин. Бул жерден айрыкча өлкөнүн укук коргоо күчтөрү кайсыл бир саясый жана коньюнктуралык кызыкчылыктарга көңүл бурушпай акыйкат аракеттерди жасоолору керек.
Азыркы бийлик адамдык курмандыктарга барышкан, акыйкаттыкка жана Кыргызстандын өсүп өнүгүүсүнө умтулушкан жөнөкөй адамдардын карбаал жана каарман аракеттеринин негизинде өлкө жарандарыбыздын бейкүнөө канына боелуу менен келишти. Ошондуктан күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү башкалардай болбой биринчи кезекте адамдардын кайсыл болбосун укуктарынын бузулуусуна жол берүүгө тийиш эмес, айрыкча алардын тынчтык митингдерди уюштуруусуна жана өткөрүүсүнө тоскоолдук кылууга барбоосу зарыл. Биздин мекендештерибиздин бир орундан экинчи орунга эркин жылуусундагы конституциялык укуктары бузулбашы абзел.
Бирок, тилекке каршы адамдарыбыздын бул укуктары мурдагыдай эле олуттуу бузулууларга кириптер болуп жатат жана азыркы күч түзүмдөрүнүн аракеттери акаевдик дагы, бакиевдик дагы мезгилдердеги күч түзүмдөрүнүн аракеттеринен аз эле айырмага ээ бойдон кала берүүдө.
Буга 2010-жылдын 5-августунда Ысык-Көл областынын Өрүктү айылынан У. Барыктабасовду колдоого алган тынчтык митингисине катышууга Бишкек шаарын көздөй багыт алышкан 14 адамдын кармалышы жана алардын ар биринин 15 тен күнгө камакка алынышы даана мисал болуп бере алат.




Редакциядан: Калыс сөзгө - каяша жок
АЗИЗАНЫН КЕЗЕКТЕГИ АЙЛАКЕРЛИГИ
Алган акчаларын адалдаш үчүн ала чапандардын арасынан чыкпаган Азиза Абдрасулова көгүлтүр экрандын артынан көрүнүп, Турсунбек Акунду сотко берээрин жар салды. Көрсө, кырылган кыргызга кылы кыйшайбастан, Европанын акчаларына туйтунуп жалаң өзбектер жапа чеккендигин кайталап жүргөн Азиза айым туугандарын жоготуп, сай-сөөгү сыздап отурган кыргыздарга кокусунан кез келип калат. Ош шаардык мэриясынын алдында жакындарынын дайынын билбей отурган 50 чакты адам укук коргоочуну имаратка алып кирип, жакадан алганда гана А. Абдрасулова ар-намысына келип, өзбектерди күнөөлөгөн сөздөрдү айтканга жарады. Айлакер айым ал жерден Турсунбекти кыпчый коюп кутулду. Эжекебизге кара курсак кайда болсо тоюнарын, эл аралык уюмдар берген акчадан улуттук намыс алда канча өйдө тураарын эскерткибиз келет. Өйдөрөөк ойлонуп сак болуңузчу.
"Алиби" гезити, 20.08.2010-ж.






Шалаакылыкка ким жооп берет?
Жакында Ысык-Көл областынын Каракол шаарынын тургуну КР Акыйкатчысынын (Омбудсмени) Аппаратына арыз менен кайрылган. Бул адамдын 6 жашаар уулу балдар менен жашынмак ойноп жатып, ачык турган трансформатордун будкасына жашырынгысы келген экен. "Кырсык- каш кабактын ортосунда" демекчи жылыңач турган трансформатордон баланы ток уруп, дене-бою электрге өтө катуу күйгөн. Ал ошондон кийин кыйла убакытка чейин ооруканада жатып чыккан.
Ушул фактылар боюнча жабыр тарткан баланын ата-энеси окуя болгондон кийин дароо эле Каракол ИИБине кайрылышкан. Бирок укук коргоо органынын кызматкерлери тарабынан эч кандай чаралар көрүлгөн эмес.
Акыйкатчынын (Омбудсмен) кийлигишүүсүнөн кийин гана үстүбүздөгү жылдын 3-августунда Каракол шаарынын прокуратурасы КР Кылмыш жаза кодексинин 1-бөлүгүнүн 258-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул иш Каракол ИИБинин тергөө бөлүмүнө тапшырылган. Мындан тышкары арызды кароого шалаакы мамиле кылууга жол беришкен тергөөчүлөр Ч.Абдымусаевге жана С.Куланбаевге карата тартиптик өндүрүштөгү чаралар колдонулган.
Бул арыз учурда КР Акыйкатчысынын (Омбудсмен) Аппаратынын көзөмөлүндө турат.

Паризат Жакыпбекова,

КР Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын балдардын жана жаштардын укуктарын коргоо бөлүмүнүн инспектору.




"Акыйкатчы (Омбудсмен)" - кыргызча гезит
email • архив • редакция 
август, 2010-ж.:
1-бет
Улутубуздун жүзүн ачкан улуу күнүңүз кут болсун!
2-бет
"Жолугушуулар көп болду"
3-бет
Урмат Барыктабасов боюнча
КР Акыйкатчысынын(Омбудсменинин)
Билдирүүсү

4-бет
КАЙРА ЖАРАЛУУБУЗДУН БАШАТЫ
5-бет
Камактагылардын убалы кимге?!
6-бет
Мозоли должны быть на руках,а не на языке
7-бет
Права абитуриентов под зорким оком правозащитников.
8-бет
Сандан санга





а ­е¦Є.НҐй«