Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Жолугушуулар көп болду"
Мурда маалымдаганыбыздай Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орунбасары Т.Боромбаева Акыйкатчы Аппаратынын айрым кызматкерлери менен Ош, Жалал-Абад облустарына иш сапарына барып келген эле. Ал Екатеринбург шаарынан келген гуманитардык жардамдын таркатылышына жетекчилик жүргүзгөнү тууралуу буга чейин жазганбыз. Төмөндө ошол иш сапар учурунда аткарылган башка маселелер тууралуу Акыйкатчынын орунбасарына суроолорду узаттык.

Токтокан Жолуевна, түштүктө иш сапарында кайсы иштерге үлгүрдүңүз.
- Көп эле иштерге үлгүрдүк. Иш сапары учурунда гуманитардык жүктүн бөлүштүрүлүшүнө көз салганыбыз чын. Андан сырткары Ош облусундагы жабык мекемелерде адам укуктарынын сакталыш абалына мониторинг жүргүзүлдү. Ош шаардык ИИБ УКЖсын, Ош облустук жана Ош шаардык УКМКнын ТИЗОсун жана №5 мекемени(5-ТИЗО) текшердик. Ал жерде жакында эле Ош шаарында болгон массалык баш аламандык учурунда кылмыш жасаган деп шектелгендер олтурушат.
- Сиздерге арыз менен кайрылгандар болгондур?
Ар кайсы кылмыштарга шектүү деп кармалгандардын ичинен 4 жараныбыз арыз менен кайрылышты. Алардын бири Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн тургуну О-ва А. Ал өзүнүн баңги күйөөсүн өлтүрдү деп соттолгон. Кайын эжесинин көрсөтмөсүндө ал күйөөсүнүн 9 кабыргасын сындырып, өлтүргөн деп күнөөлөп жатыптыр. Ал эми экспертизанын жыйынтыгы маркумдун өлүмүнүн себеби боорунун эзилип кеткендигин көрсөткөн. Аялдын үйүндө жашы жетпеген 2 баласы калган, ошондой эле түрмөдө ал дагы бир баласын төрөгөн. Минтип көрсөтмөлөрдөгү карама-каршылыктарга карабастан, ага карата өкүм чыгарылган.
Ал жерде 1995-жылы төрөлгөн жашы жетпеген У-ва Х олтурат. Ал коомдук транспортто уурулук жасады деп кармалган. Адвокаты жок. Өзү мектепте да окуган эмес, кат тааныбайт.
Ал эми Н-в З-н., тезирээк колонияга жиберүү маселесине көмөк көрсөтүүнү суранган, анткени ага карата соттун өкүмү чыгарылган.
И-в О-к ал прокурордун уулун уурдоого аракет кылган деп күнөө коюлууда. Айыпталуучу өзүн таптакыр күнөөлүү эмес деп эсептейт. Он айдан бери олтурат. Эми жакында анын иши сотто каралганы жатат.
Тергөөдөгүлөр менен маектешүүлөр болуп, аларга юридикалык кеп-кеңештер берилди. Жабык мекемелердеги аныкталган кемчиликтер алардын жетекчилигине жеткирилген. Жабык мекемелердин баарысынын жетекчилери менен жолугушуулар болду.
Алынган арыздар боюнча иштерди жүргүзүү Акыйкатчынын аталган облустагы өкүлчүлүгүнө тапшырылды.
- Иш сапары учурунда ар кайсы деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүпсүз, ошолор тууралуу кыскача айтып өтсөңүз?
- Ооба, иш сапары учурунда көп жолугушуулар болду. Ош облусунун губернатору С.Жээнбеков, анын орунбасарлары К.Тезекбаев, А.Махамадов менен, ошондой эле Ош шаарынын вице-мэрлери А.Жолдошалиев жана Т.Сабиров менен жолугушуулар болду.
Иш сапары учурунда ЕККУнун жергиликтүү бюросунун башчысы Хьюго Карлсон, Ош облусунун комендантынын орунбасары З.Молдошев, "Аруулан" жана "Ак жүрөк" психологиялык-кризистик борборлорунун өкүлдөрү менен, ошондой эле республиканын түштүгүндө абалды турукташтыруу боюнча штабында жүргөн КР Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция боюнча министринин орунбасары Н.Жолдошева менен жолугуштук
Баарлашкан Б. Азат кызы.






Акыйкатчы
аракетте
Кыргыз - Атанын" өкүлдөрү
Акыйкатчыда болушту.


Алматы (Казакстан) шаарында эмгектенип жатышкан мекендештерибиздин өкүлдөрү, "Кыргыз-Ата" коомдук фондунун төрагасы Зайырбек Стамалиев жана ушул эле фонддун төрагасынын орун басары Мухтар Эгешов биздин эмгек мигранттарынын бир катар түйүндүү маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүп берүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) жеке кабыл алуусунда болушту.
Алардын айтууларына караганда Казахстанда боло турган кышкы олимпиадалык оюндарга байланыштуу биздин жарандарды Алматы шаарынан массалык депортациялоо күтүлүүдө.
Ошондой эле Казакстандын билим берүү министрлигинин № 659 Буйругуна байланыштуу алдыдагы жаңы окуу жылынын маселеси да аларды өзгөчө тынчсыздандыра баштаган. Эми миңдеген окуучулар өзүлөрүнүн ата-энелеринин Казахстанда туруктуу баш паанек кылуучу жайларынын болбогондугуна байланыштуу мектептерге кире албай калуу коркунучунда турушат.
З. Стамалиев белгилегендей Кыргызстандагы апрель окуяларынан кийин Казак бийлиги республикада жүрүүнү каттоонун мөөнөтүн катуу тартипке салып жатышат. Эгерде биздин мекендештер 2006-жылдан баштап коңшулаш өлкөдө 90 күндүн аралыгында каттоодон өтүүгө тийиш болсо, эми ал мөөнөт 18 иретке кыскарып олтурат, башкача айтканда биздин жарандар кошуна өлкөдө 5 күндүн аралыгында каттоодон өтүүгө тийиш. Мындай болбой турган болсо аларды депортациялоо коркунучу күтүп турат.
Мындан тышкары фонддун өкүлдөрү КРнын Алматы шаарындагы генералдык консулдугу эмгек мигранттарынын ар кыл маселелерин чечип берүүгө көмөгүн көрсөтүп келе жаткандыгын да белгилешти. Бирок азыркы кырдаалда белгиленген түйүндүү маселелер эки боордош мамлекеттин жетекчилеринин деңгээлинде гана чечилүүгө мүмкүн болгондуктан, алар өзүлөрүнүн каңырык жарган капалуу көйгөйлөрүн өлкөнүн жетекчилиги билишсе, андан чечкиндүү тыянак чыгарып беришсе деп өтүнүштү.
Өлкөнүн Акыйкытчысы өзүнүн кызмат абалынын алкагында биздин мекендештерибиздин укуктарынын корголушуна бардык чараларды көрмөкчү.






Тынчсызданган билдирүүлөр
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) дарегине Кыргызстандын дээрлик көпчүлүк аймактарында өмүр кечиришкен жарандардан Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин аларды куугунтукка алып жатышкандыктарына тынчсызданышкан билдирүүлөр келип түшүүдө. Кочкор районунун жашоочулары М.Т-ванын, З. О-ванын жана Ж. А-ванын кайрылуулары анын соңку мисалдарынан болуп сан алат.
Алардын билдирүүлөрүнө караганда Улуттук коопсуздук кызматынын Кочкор району боюнча кызматкери Камил Каныбеков 2010-жылдын 5-августунда У. Барыктабасов тарабынан уюштурулган митинге катыштыңар деп бул кайрылуу ээлерин куугунтукка алган.
"Аталган акцияга биз У. Барыктабасовдон ссуда алууну көздөп кошулганбыз. Мындай жагдай Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана башка мыйзамдарында да тыюу салынбаган" деп белгилешет арыз ээлери. Бул окуяда аталган үч жаран тынч митингге катышууга өзүлөрүнүн конституциялык укуктарынан пайдаланышкан.
Акыйкатчы тигил же бул мамлекеттик маселелер боюнча өзүлөрүнүн мамилелерин билдирүүгө тынчтык жолу менен чогулушкан жарандардын мындай куугунтукка алынышын жол берилгис нерсе деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 34-беренесине ылайык ар бир жаранга тынчтык чогулуштарына катышуу укугуна кепилдик берилет.
Акыйкатчыга кайрылышкан жарандардын билдиришкенине караганда Улуттук коопсуздук кызматынын жогоруда аты аталып өткөн кызматкери алардын үйүнө чейин барып, мыйзамсыз коркутуп-үркүткөнгө өткөн. Мына ошондон улам алар үйлөрүндө болгондон дагы чоочулай баштаган. Бирок, белгилей кетүүчү маселе: Конституциянын 30-беренесинин 1-пунктуна ылайык ар бир жаран өзүнүн менчигинде турган же башка ээлик кылууларындагы турак жайларга жана башка обьекттерге кол тийгистик укугуна ээ. Алардан мындай укук сот актысынын же бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу аракеттеринин негизинде соттон каралган учурларда гана чектелиши мүмкүн.
Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) ушуга окшогон арыздардын бардыгын жалпылап, аларга өзүнүн баасын берүүгө жана зарыл болгон учурда тиешелүү кайрылууларды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кепили болуп саналган мамлекет башчысынын наамына жөнөтүүгө ниет кылгандыгын билдирет.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Турсунбек Акундун пикири боюнча бийлик өкүлдөрүнүн мындай аракеттери бийликтин кадыр-баркын кетирет жана өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга өбөлгө түзө албайт.




"Акыйкатчы (Омбудсмен)" - кыргызча гезит
email • архив • редакция 
август, 2010-ж.:
1-бет
Улутубуздун жүзүн ачкан улуу күнүңүз кут болсун!
2-бет
"Жолугушуулар көп болду"
3-бет
Урмат Барыктабасов боюнча
КР Акыйкатчысынын(Омбудсменинин)
Билдирүүсү

4-бет
КАЙРА ЖАРАЛУУБУЗДУН БАШАТЫ
5-бет
Камактагылардын убалы кимге?!
6-бет
Мозоли должны быть на руках,а не на языке
7-бет
Права абитуриентов под зорким оком правозащитников.
8-бет
Сандан санга










??.??