"Акыйкатчы (Омбудсмен)" - кыргызча гезит
email • архив • редакция 
август, 2010-ж.:
1-бет
Улутубуздун жүзүн ачкан улуу күнүңүз кут болсун!
2-бет
"Жолугушуулар көп болду"
3-бет
Урмат Барыктабасов боюнча
КР Акыйкатчысынын(Омбудсменинин)
Билдирүүсү

4-бет
КАЙРА ЖАРАЛУУБУЗДУН БАШАТЫ
5-бет
Камактагылардын убалы кимге?!
6-бет
Мозоли должны быть на руках,а не на языке
7-бет
Права абитуриентов под зорким оком правозащитников.
8-бет
Сандан санга



Улутубуздун жүзүн ачкан улуу күнүңүз кут болсун!
Урматтуу Роза Исаковна!
Сизди Эгемен мамлекетибиздин Президентин өлкөбүзгө жетекчилик кылуу жооптуу кызматын аркалоого келген учуруңуздагы улутубуздун жүзүн ачкан улуу күнүңүз - кутман курагыңыз менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын жана өзүмдүн атымдан чын ыкластан куттуктайм! Жарандардын кызыкчылыгын коргогон, Ата-Журттун тагдырын көп ойлогон, өлкөбүздүн келечеги үчүн күйгөн, убадага бек, калыс, мээнеткеч жүргөн Сиздин замандын агымына, мезгилдин таламына ылайык жүргүзүп жаткан мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм.
Сиздин жетик жетекчилигиңиздин астында Кыргызстандын эли жаңыча, кем-карчсыз, ынтымак-ырашкерчиликте жашоонун ак назар ыңгайына түшөөрүнө терең ишенгендигимди билдирем.

Сизди урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Турсунбек Акун




Ыңкылап: "Эгемендик - элдик!" деди
Эгемендик "күлүмсүрөп" келген кезде,
Энчисин элитага берген кезде.
Жардыны жакырлыктан чыгарам деп,
19 жыл тил эмизип жүргөн кезде.
Жүрөгүн эркиндикке "чапкан" бийлик,
Жүгөнүн биротоло үзгөн кезде.
Кайгыдан кутулаарга айла таппай,
Калың эл караңгы там сүзгөн кезде.
Капыстан көтөрүлгөн Куюн-шамал,


Түбүнөн түп оодара таптап кетти.
Кылмергендери өкүмчүл бул бийликтин,
Эр-азаматты нечен бир атып кетти.
Ыңкылап: "Эгемендик - элдик!" деди,
Түбөлүк Эл бийлигин жеңдик деди.
Жан үрөп жалпы журтка кызмат кылаар,
Заманга эми чындап келдик деди.
Мирзат Урдавлетов




Баалуу белек ордуна-окуучуларга китептер
КР Президенти Роза Отунбаеванын мааракеге баалуу белектерди бербегиле, анын ордуна жаңы окуу жылына карата мектеп окуучуларына китеп сатып алууга каражат жумшагыла деген өтүнүчүн эске алуу менен КР Акыйкатчы Аппаратынын эмгек жамааты китеп чогултуу акциясын баштады.
Буюрса Жаңы окуу жылында кайсы бир мектептин окуучулары Акыйкатчынын эмгек жамааты тарабынан чогултулган китептерди колдоруна алышат.


Акыйкатчы Турсунбек Акун Филиппинде
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Турсунбек Акун Азия өнүктүрүү Банкы каржылоого алган Омбудсмендердин Азия Ассоциациясынын ишине катышуу үчүн Манила шаарына (Филиппин) учуп кетти. Конференция үстүбүздөгү жылдын 24-26-августунда болуп өтмөкчү. Конференциянын ишине Азия аймагындагы өлкөлөрдүн 17 Омбудсмени, ошондой эле мейман катары Омбудсмендердин Европа Институтунун өкүлдөрү катышышмакчы.
Коференциянын программасына Омбудсмендер үчүн өтө мааниге ээ жана күн тартибиндеги эң кызыктуу "Коомдук кызмат кылууларды Азияда өнүктүрүүдө Омбудсмендин ролу жана аны натыйжалуулугу", "Азиядагы Омбудсмен Институттарынын ролу", "Азиядагы Омбудсмендин кызмат көрсөтүүсү жана борбордон ажыратылган мамиле", "Омбудсмендин көз карандысыздыгы", "Омбудсмендин жоопкерчилиги", "Омбудсмендин кызмат кылууларынан пайдаланууну өркүндөтүү", "Омбудсмен жана Омбудсмендин кызмат көрсөтүүсүнө кызыкдар тараптарды тартуу" деген темадагы жана башка маселелер кирди. Конференциянын жүрүшүндө Омбудсмендердин Азия Ассоциациясынын веб-сайтынын жүз ачаары болмокчу.
Конференциянын ишине ОААнын Президенти Жавед Садик Малик, Омбудсмендердин Эл аралык Институтунун Президенти Вильям Ангрик II катышышмакчы.
Акыйкатчы Турсунбек Акундун белгилегенине караганда Омбудсмендин Кыргыз Институту Азия аймагындагы Малайзия, Азербайжан, Пакистан сыяктуу эң мыкты Омбудсмен Институттарынын бешилтигинин катарына кирет. Ошондуктан ал өз кесиптештери менен тажрыйбасын бөлүшүп, аларга айтып бере турган сөзү бар.










Акыйкатчынын басма сөз кызматы





МЫКТАЙ СӨЗ

Эгемендүүлүктүн күнү - бул өлкө тагдыры тууралуу улуттук деңгээлде ой жүгүртүүнүн эң ыңгайлуу учуру.







меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

PDF формат



Яндекс.Метрика