"Акыйкатчы (Омбудсмен)" - кыргызча гезит
email • архив • редакция 
июль, 2010-ж.:
1-бет
Ош окуяларынын себебин 1990-жылдан издөө керек
2-бет
Турсунбек Акун о проблемах на кыргызско-китайской границе
3-бет
Акыйкатычынын почтасынан
4-бет
Элдин ынтымагы үчүн аракеттерди ким көрдү?
5-бет
БАТКЕН
ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

6-бет
Шералы Назаркулов 60ка чыкмак...
7-бет
Жусуп Мамайдан "Манас" угуп...
8-бет
Кадрлар баарын чечет



Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ak/10/07_1.htm on line 87

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ak/10/07_1.htm on line 87

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ak/10/07_1.htm on line 87
Ош окуяларынын себебин 1990-жылдан издөө керек
Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялар кыргызстандыктардын жүрөгүнүн үшүн алды. Алар өлкө үчүн оор жараат болуп, коомдук туруктуулукка жана адамдардын жай турмушуна чоң зыян алып келди. Күнөөсүз шейит кеткендер жана жабыркагандардын болгону өзгөчө оор. Көптөгөн адамдар баш паанегинен жана өмүр бою маңдай тери эмгеги менен тапкан байлыгынан ажырап калышты.
Мындай кырдаалда өлкөнүн тагдырына кайдигер карабаган адамдардын баарысы кантип мындай окуя болуп кетти, чыр-чатактын чыгып кетишине эмне себеп болду, мындай окуя кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек деген суроолорго жооп издеп келишет.
Мен, өлкөнүн Омбудсмени катары, болуп өткөн кайгылуу окуяларга өзүмдүн алдын ала баамды айтуумду зарыл деп эсептейм. Менин терең ынанымымда бул окуянын тамырын тээ 1990-жылдан издөө керек. Анда кыргыз жана өзбек лидерлеринин күнөөсү боюнча кан төгүлүп, улуттар аралык жаңжал болгон эле. Конкреттүү күнөөлүүлөр болгон, бирок эч кимиси жазаланган эмес. Ал окуяларга саясый баа да берилген эмес. Чыр-чатактын көптөгөн себептери жоюлган эмес. Биз "элдердин достугу" деген коммунисттик ураанды чакырууну улантып, улуттар аралык мамилелерде олуттуу карама-каршылыктарды жойгон жокпуз.
Боордош элдер кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы кошуначылык жана өз ара түшүнүүчүлүк боюнча бийликтин андан аркы чаралары формалдуу жана декларативдүү мүнөздө болду.
Коомдун рынок мамилелерине өтүшү кыргыз жана өзбек калкынын жашоо деңгээлиндеги кескин ажырымга алып келди. Чынын айтуу керек, биздин өзбек туугандар жаңы экономикалык тартипти бир кыйла тез кабыл алышты. Алардын салттуутиричилиги соодага, өнөр жайга жана ткоомдук амак аш тутумуна жакындыгы аларга оң таасир тийгизди. Өткөн кылымдын 90-жылдарынан тартып массанын коомдук аң сезиминде олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатты. Бул маал калктын моралдык жакырдануусу, улутчулдуктун көрүнүшү, коррупциянын жана кылмыштуулуктун өнүгүшү менен мүнөздөлөт. Ушул мезгилден тарта өзбек жана кыргыз элдеринин мүлктүк ажырымы өсөт. Жыйынтыгында өзбектер менен кыргыздардын жашоо деңгээлиндеги айырмачылык бир топ чоң өлчөмгө жетти. Кафе, ресторан, сауна, сода түйүндөрүнүн басымдуу көпчүлүгү өзбек улутунун өкүлдөрүнө таандык, ал эми ала көмөкчү жумушчулар эреже катары кыргыз улутундагылар болду.
Алыскы райондордон келишкен титулдук улуттун өкүлдөрү өзүнүн турак жайына ээ эмес, турмуш шарты начар эле. Социалдык теңсиздик кыргыз чиновниктеринин паракорчулугу менен ого бетер тереңдеди, аларды кафе, ресторан жана башка сода түйүндөрүнүн ээлери багып турушту. Бул шарттарда атамекендик чиновник жыргап, улуттар аралык кагылышуусуна аргасыздан негиз салуучу болуп калышты.
Мындай мисал келтирели. Кыргыз армиясында кызмат өтөөчүлөрдүн 95%ы-кыргыздар, ал эми улуттук азчылыктын өкүлдөрү-өзбектер, дунгандар, уйгурлар ж.б. чындыгында кызматтан акча берип калышат. Бул нааразычылык үчүн себеп эмеспи? Аскер комиссариаттарында кимдер жетекчи? Белгилүү болгондой, негизинен-кыргыздар. Алар пара алышат.
Түштүктө болгон окуялар сөзсүз түрдө жергиликтүү - область, район, село жетекчилеринин олуттуу кемчиликтери. Айрым маалыматтар боюнча чыр-чатак тымызын бышып жетилген. Ага жергиликтүү наркобарондордун да тиешеси бар. Элдин, биринчи кезекте өзбек калкынын стихиялуу куралдануусу жүргөн. Мунун баарын укук коргоо органдары байкабай калышкан.
Алгачкылардан болуп өзбектер баштаганы азыр белгилүү болду. Мен карапайым өзбектерди-талаада иштеген дыйкандарды, же жөнөкөй жумушчуларды күнөөлөбөйм, өзүлөрүнүн провокациялык ураандарынын натыйжасында маалыматы жок адамдарды кагылышууга түрткөн уюштуруучулары күнөөлүү. Болгондо да уюмдашкан түрдө болду. Карапайым калк бийликти каалаган, бул үчүн адегенде Кыргызстанда абалды курчутуп, андан кийин Өзбекстанда улантууну каалашкан. Бул тууралуу Өзбекстандын Президентинин Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар боюнча позициясы күбөлөп турат. Бул окуялардын хронологиясы тергөөнүн жүрүшүндө акырындык менен аныкталууда. 10-июндан 11-июнга караган түнү өзбек улутунун өкүлдөрү жыш жашаган жерлерде салюттар атылган. Ал эми түнкү саат 2де өзбектер жашаган жерлердеги мечиттерде азан чакырылган. Түнкү 2де кайдагы намаз? Үн ушунчалык кайгылуу жана үндөөчү мүнөздө болгондуктан андан кийин массалык чыгуулар болду. Кийинки күнү конфликтке кыргыздар кошулушту, өзгөчө Ош шаарына жакын айылдардан келишип айрым аскер бөлүктөрүнүн имараттарын ээлеп алышты. Биз кыргыз улутунун өкүлдөрүнүн кан төгүүлөргө алып келген жооп иретиндеги аракеттерин коргоп жатканыбыз жок. Бирок алардын мындай таш боордугуна кыргыз улутунун айрым өкүлдөрүнүн өзбектер кыргыздарга оюна келген ар кандай аракеттерди жасоодо деп тараткан туура эмес маалыматтары түрткү болгон эле. Алардын провокациялык аракеттери Алайда же Баткенде жайбаракат турмушун өткөрүп жаткан кыргыздарды өзбектерге каршы тукурду.
Эки тараптан тең ондогон, жүздөгөн күнөөсүз адамдар өлтүрүлдү, сүрөттөп айта алгыс таш боордук көрүндү.
Бул окуялар дүйнөлүк басма сөздө кеңири чагылдырылды. Белгилей кетүүчү нерсе, көптөгөн журналисттер бул улуттар аралык жаңжалды бир беткей чагылдырып, болуп өткөн окуяларга өзбек эллине каршы геноцид деп баа берип жиберишти. Мен бул ырастоолор таптакыр жаңылыштык деп айтаар элем, анткени курмандыктар эки тараптан тең болду. Бул локалдуу конфликт деп эсептейм. Кыргызстандын ММКлары өзүлөрүнүн чет элдик кесиптештеринин мындай бааларына кийинчерээк белгилүү түзөтүүлөрдү киргизишти.
Тилекке каршы, укук коргоо органдары мындай чыр-чатакты басууга алсыз болушту. Эми чыр-чатактын учурунда кыргыздар кантип курал жаракты жана бронетехниканы тартып алышты? Эмне үчүн укук коргоо органдары куралдарды тартып алууларды аныктай алышпады жана болтурбай кое алышпады? Эмне үчүн дээрлик ар бир өзбек үй-бүлөсүндө ок атуучу куралдар болгон? Эмне үчүн курал жарактар жоокерлерге караганда жарандарда көп болуп калды?-деген сыяктуу суроолорго жооп берүүгө туура келет.
Түштүктө болуп өткөн окуяларды талдай келгенде улуттар аралык мамилелердиин чыңдалышына себепкер болуп өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыровдун жергиликтүү телеканалдан чыгып айткан провокациялык билдирүүлөрү да болду. Ал кыргыз калкынын ар намысына тийген сөздөрдү айткан.
Нааразычылык иретинде 2010-жылы 18-майда Жалал-Абад шаарынын ипподромунда 6-7миң киши чогулган, негизинен кыргыз улутундагылар. Алардын нааразылык чыгуулары өзбек этносуна эмес, конкреттүү К.Батыровдун билдирүүлөрүнө каршы эле. Чыгып сүйлөгөндөр Батыровдун бир сутканын ичинде республиканын чегинен чыгып кетүүсүн талап кылышкан.
Жалал-Абад облусунун губернатору митингиге чыккан эл менен сүйлөшүүгө даяр эмес эле. Абал чыңалган учурда митингичилер Жалал-Абаддагы Элдердин достугу университетин курчап алышкан. Мына ушул жерде кагылышууда эң алгачкы түзөтүлгүс катачылык кеткен. К.Батыровдун тарапкерлери тараптан алгачкы ок атуулар болду, натыйжада үч адам өлүп, алгачкы жарадарлар пайда болду.
Ошентип 18-майдан 10-июнга чейин абал чыңала берди.
Мындай шарттарда аймактык күч органдары, анын ичинде УКМКнын аймактык бөлүктөрү кебелбеген бейкапардыгын көрсөтүштү. Ал кезде чыр-чатакты өнүгүүсүнүн алдын алып, кан төгүүнү болтурбоого мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок, тилекке каршы УКМК бул багытта чечкиндүү чараларды көргөн жок.
Эми Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөндөрдүн баарысын акыл калчап обьективдүү баа берип, кайгылуу окуянын бардык күнөөлүүлөрүн жазалап, мындан ары ушундай окуяларды болтурбоо үчүн бардык чараларды көрүү керек.

Кыргыз Республикасынын
Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Турсунбек Аку н






ПОИСК ГАЗЕТЫ

PDF формат



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ak/10/07_1.htm on line 133

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ak/10/07_1.htm on line 133

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ak/10/07_1.htm on line 133