ТАЛАС ЖАҢЫЛЫКТАРЫ
Кыргыз Республикасынын Өткөөл Мезгилдеги Президенти Роза Отунбаева Таласта болуп, эл менен жолугушту. Жолугушуу өтө активдүү жана жагымдуу маанайда өттү. Сүйлөгөн ораторлордун арасында Акыйкатчынын Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкери Мурат Шамиль сөз сүйлөп, жаштардын өнүгүү багытындагы иштери менен укуктарын, Таластагы жол маселесине нааразы болгон айдоочулардын үнүн жана референдум, шайлоо тууралуу сүйлөдү.
Роза Отунбаева жалпы эл менен жолугушкандан кийин Талас Мамлекеттик Университетинин студенттери менен да жолугушуп, жаштарга тиешелүү маселелерди айтып, аларды алга үндөдү.
Акыйкатчынын Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнө 7 - апрелден кийин адаттагыдан тыш, жарандардын кайрылуусу кескин көбөйдү. Алардын көпчүлүгү кызматын тарттырып укугум тебеленди десе, тескерисинче мурун "Ак - Жол" партиясына иштегендер кетпейби дешет. Өткөөл мезгилдин өз талабы, өз милдеттери болгону менен жөнөкөй жарандарга тынч жашоо керек. Бирок айыл жеринде баягыдай магдыраган тынчтык бузулуп, кокуйлагандардан кулак тунат. Биз ага карабай агын ак, көгүн көк деп өз баабызды берүүдөбүз.
***
IFES уюму далай жылдан бери Кыргызстанда шайлоо ишине кайдыгер карабай жарандарды, шайлоо комиссияларын окутуу жүргүзүп келет. IFESтин окууларына өтүп келип, Талас районунун 152 референдум участокторунун төрага, катчы жана мүчөлөрүн окутуу менен биздин уюмдун референдумга кайдыгер эмес экендигин көргөздүк. Чындыгында 85 - 90 % референдум участогунда жаңы келген адамдардын маанайы жакшы, өздөрү активдүү, эми мурдагыдай ким бирөөнүн кызыкчылыгына иштебей өз элибиздин кызыкчылыгына иштейбиз дешет алар. Окугандар IFES тин даярдап берген материалдарын алып, өздөрү референдумду өткөрүүнүн мыйзамдарын окуп, аны уюштурган БШК, ОБСЕ, МФИС жана ЮСАИДге чоң ыракматын айтышып, жаңы жигер менен үйлөрүнө тарашты.
***
Кыргызстанда биринчи жолу Талас Мамлекеттик Университетинде студенттердин көз карандысыз профсоюз уюму ачылды. Бул уюмдун ачылышына Кыргызстандагы "Жаштардын укугун коргоо" уюмунун колдоосу менен ушул эле уюмдун Талас облусундагы демилгелүү тобунун салымы зор. Тактап айтсак демилгелүү топтун координатору, Омбудсмендин Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Мурат Шамиль, Жуманалиев Татыбек жана өкүлчүлүктүн студент волонтер кыздарынын эмгектеринин жыйынтыгы болду.
Профсоюздук уюмун ачуу үчүн бир жылдан ашуун студенттердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, уставды талкуулоо жана аны жазуу дегеле прфсоюз уюмунунун маани - маңызы тууралуу кеңири маалымат берүү менен бирге ТМУнун ректору жана администрациясынын мыйзамдуу макулдугун алуу оңойго турган жок. Кыскасы Кыргыз Республикасында биринчилерден болуп көз карандысыз студенттердин профсоюзунун Таласта ачылуусуна Талас Акыйкатчынын алдындагы жаштардын ролу чоң болду. Буга чейин университетте студенттердин укуктарын, кызыкчылыктарын коргогон уюмдар болгон. Бирок алардын иштеген иштери, кылган аракеттери чындыгында, студенттердин эмес тескерисинче университеттин администрациясынын кызыкчылыктарын коргоп келгени ырас. Эми студенттер өзү түзгөн уюмдан акыбети кайтат. Алар келечекте иштеле турган иштеринин пландарын түзө баштады. Демек Адам укугун коргоонун Таласта дагы бир мүмкүнчүлүгү ачылды. Жол көргөзүп, үйрөтүп, колдоо көргөзгөн "Жаштардын укугун коргоо" уюмунун билим берүү программасы боюнча координатору Алмаз Абдрапиевге Таластык жаштар ыракмат айтышат.
Белгилей кетүүчү нерсе, университеттин ректору менен студенттердин профсоюз уюмунун төрайымынын ортосунда ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМге кол коюлду.


А. Момунтаева Акыйкатчынын
Талас облусу боюнча өкүлү




Вести с Иссык-Куля
С началом лета увеличилось количество обращений граждан в адрес представительства Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики с просьбой предоставить им разъяснения по поводу предстоящего референдума по принятию новой Конституции Кыргызскй Республики. Не все избиратели, особенно относящиеся к уязвимым слоям населения, достаточно осведомлены о содержании проекта новой Конституции, декретах Временного правительства. Многие обращались по нашему адресу не только за получением консультаций, но и просто побеседовать, поделиться своим мнением о предстоящем референдуме, о значимости референдума для народа Кыргызской Республики.
В связи с предстоящим референдумом, референт Д. Нурметова приняла участие в организованном сетью правозащитников "Голос свободы" семинаре по обсуждению проекта новой Конституции Кыргызской Республики в СИЗО-3 г. Каракол, где ответила на все интересующие вопросы, дала разъяснения по некоторым разделам и статьям.
25.06.2010 года в здании Иссык-Кульской областной государственной организации был проведен круглый стол, посвященный Международному дню в поддержку жертв пыток, на тему: "Кыргызстан против пыток". В числе участников данного мероприятия были заместитель губернатора Иссык-Кульской области, начальник УВД по Иссык-Кульской области, заместитель председателя Иссык-Кульского областного суда, представители закрытых учреждений, войсковых частей, СМИ региона. На обсуждение проблемы пыток, к сожалению реально существующей на данный момент, был приглашен и я, как инспектор представительства Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики по Иссык-Кульской области.
Выразив благодарность за приглашение и организацию данного мероприятия, я высказал свое мнение об актуальности проблемы пыток в регионе и трудностей, связанных с ее решением. Предоставил информацию о деятельности представительства Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики по Иссык-Кульской области в целом и по фактам пыток, о количестве поступивших жалоб и заявлений от граждан за первое полугодие 2010 года, отметив, что все ни по результатам проверки соответствующих органов не нашли подтверждения.
Круглый стол проходил в довольно интересном, дискуссионном формате. Почти все участники выступили по данной проблеме и высказали мнение о том, что она действительно существует и решать которую необходимо в тесном взаимосотрудничестве.


Идеологиянын жоктугу баш аламандыкка алып келди
Советтер союзунун кыйрашы менен башка союздук республикалар сыяктуу эле Кыргыз Республикасында да эгемен мамлекетти түптөө иштери жүргүзүлүп келди. Анын ичинде идеология менен иштөөгө да аракеттер жасалды. Бирок, бул багытта мурагы мамлекет башчылары кыргыз элинин тарыхын, маданиятын изилдөө менен жаңы идеологияны иштеп чыгуу тууралуу сөз кылгандары менен иш жүзүндө мамлекетте максаттуу, бир багыттагы идеология иштелип чыккан да, жүргүзүлгөн да жок. Тескерисинче өнүккөн Батыш өлкөлөрүндөгү биздин элдин мүнөзүнө жат көрүнүштөр тездик менен массалык маалымат каражаттары аркылуу тарай баштады. Өзгөчө жаштардын арасында ташбоордук, зөөкүрдүк сыяктуу жалпы адамдык баалуулуктарга карама-каршы көрүнүштөр кеңири жайыла баштады. Анын үстүнө өлкөдө коррупция, паракордук, кошоматчылык, адилетсиздик күчөдү. Жумушсуздук, социалдык теңсиздик өсө берди. Мамлекет башчыларынын сөзү менен жасаган иштери айкалышпай, мамлекеттин, элдин байлыгын өз үй-бүлөлөрүнүн менчигине айландыруу аракеттери ачыктан ачык жүргүзүлдү. Алар башкаруу системасын да менчиктештирүүгө өтүштү.
Мындай көрүнүш карапайым кыргыз элинин кыжырдануусун күчөтүп, эки жолу элдик революцияга чыгууга аргасыз кылды. 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция кыргыз эли үчүн өтө кымбатка түштү. Анткени адилетсиз бийликти кулатуу кыргыз элинин көптөгөн кырчындай жигиттерин өмүрүн алып кетти.
Тактан кулаган бийлик өзүнүн каршылыгын токтотпой, өлкөнүн аймактарында өз бийлигин кандай гана жол менен болсо да сактап калу, кайра орнотуу аракетин жасады. Мындай аракеттер өзгөчө Түштүк аймагында курч мүнөздө жүрдү. Мамлекетти башкарууга жаңыдан келген бийлик өкүлдөрү болсо бул аймактарды бекем колдоочу күчтөрү жетишерлик деңгээлде бекем болбогондуктан чечкиндүү аракеттерди жүргүзүшпөдү. Бул кырдаалдан кылмыштуу топтор, сепаратисттик агымдар пайдаланып калууга аракет жасай баштады.
Натыйжада Ош жана Жалал-Абад аймактарында трагедиялуу - этникалык топтордун кагылышуусу пайда болуп, дагы кан төгүлүп, көптөгөн карапайым эл үйсүз, жайсыз калышты. Бул трагедиялуу окуяга убагы келгенде баа берилер. Ал эми азыркы учурда элдин ынтымагын, биримдүүлүгүн сакталып турушуна шүгүрлүк келтирип, кечиримдүүлүк, сабырдуулук кылуу ар бир кыргызстандыктын атуулдук парзы деп ойлойм.
Деги эле бардык чырдын башталышы адилетсиздиктен, мыйзамдарды сыйлабоочулуктан келип чыгат. Биз кыргызстандыктар элибиздин тарыхый басып өткөн жолунда туу кылып сактап келген каада-салттарын сактоо менен кабыл алынган мызамдарды ар бирибиз сыйлап, ошол мыйзамдардын талабы боюнча жашаганыбызда гана саясий стабилдүүлүк өкүм сүрүп, өлкөбүз ар тараптан өнүгө баштайт. Андыктан мыйзамдардын талабын кыйшаюусуз аткаруу улутуна, ээлеген кызматына, материалдык деңгээлине карабай ар бир атуулдун негизги милдети.


А.Аманова
КР Акыйкатчысынын Жалал-Абад
облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү




Өкүлчүлүктүн почтасынан
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы
Турсунбек Акунга
2010 - жылы май айында мен Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүң үзгө бир адвокаттан 25000 сом кайтарып берүү жөнүндө маселе менен кайрылган элем. Анткени ал адвокат өзүнүн юридикалык жардамын төмөнкүдө көрсөтүлгөн акчалай суммага баалап, бирок эч кандай иш чара көрсөткөн эмес. Аталган өкүлчүлүктө иштеп жаткан Сулайманов Нурдин менин маселемди чечип берди. Сураган акчамды алып берди. Сизге жана сиздин жамаатың ызга ыраазычылыгымды билдирем жана ден соолук каалайм.
Ушундай маселелерди чечип берип, биздин жарандардын укуктарын коргоп жаткан иштериңерге ийгилик каалайм деп

Мария Жунушева, Каракол шаарынын Фрунзе көчөсүнүн тургуну