"Акыйкатчы (Омбудсмен)" - кыргызча гезит
email • архив • редакция 
май, 2010-ж.:
1-бет
БАШ МЫЙЗАМЫБЫЗДА АДАМ УКУКТАРЫ ӨЗГӨЧӨ АЗДЕКТЕЛЕТ
2-бет
О чем рассказал в Женеве Турсунбек Акун
3-бет
Правозащитник
А.Фоменко
отмечает
80-летний юбилей!
Уважаемый
Александр
Севастьянович!

4-бет
Высокие гости посетили Ош
5-бет
Ардагерлерден Акыйкатчыга ак бата
6-бет
Ноокат окуясы боюнча айыпталгандар акталганда
7-бет
АСКАрбек мамеев 70 жашта
8-бет
Тур, улуу журт!


1-ИЮНЬ - БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ
Кыргызстандын жалпы балдарын
1-июнь-Балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен куттуктайм! Аларды өз укуктарын бала күнүнөн тартып билүүгө чакырам.
Биз улуулар балдарга ушул күнү эле эмес, ар дайым көңүл буруп, алардын укуктарынын бузулбашы үчүн кам көрүшүбүз керек.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратында балдардын жана жаштардын укуктарын коргоо боюнча бөлүм иштейт. Балдардын укуктары бузулган фактылары боюнча токтоосуз аракеттер көрүлөт.
Балдарыбызга ар дайым ачык асман, жаркын маанай шаңдуу күлкү, бактылуу окуучулук күндөрдү каалайм! Эч качан балдардын укуктары бузулбасын!

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акун


В мае 2010 года стартовал совместный проект Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики, Министерства образования и науки Кыргызской Республики при поддержке Детского Фонда ЮНИСЕФ по проведению развернутого Исследования по распространенности и динамике насилия в школах Кыргызской Республики.

В качестве исполнителя исследования на тендерной основе была выбрана компания CAIConsulting (ЦАИКонсалтинг), успешно работающая в сфере проведения исследований на протяжении 12 лет.
Основной задачей исследования является сбор и анализ данных по уровню распространенности насилия в школах Кыргызской Республики. В результате данного исследования экспертами проекта будет проанализировано понимание феномена насилия в школе (и его последствий) разными группами (учениками, родителями, учителями, выявлены типы насилия в школах и описаны "технологии" школьного насилия.
Кроме того, экспертами проекта предполагается выявить причины возникновения насильственных отношений в школах Кыргызстана, а также описать условия, влияющие на распространение насилия в образовательных учреждениях.
В ходе данного исследования будут опрошены дети различного школьного возраста, их родители, учителя и представители администрации школ. Планируется вовлечь в опрос школы различного типа (элитные, городские, сельские школы), а также школы с различными языками обучения. Исследование планирует охватить все 7 областей Кыргызской Республики,
По результатам исследования будет разработана Программа мероприятий по искоренению насилия в школах Кыргызской Республики.
Предполагается, что к концу 2010 года результаты исследования будут представлены участникам исследования и широкой аудитории.

А.Колопов





БАШ МЫЙЗАМЫБЫЗДА АДАМ УКУКТАРЫ ӨЗГӨЧӨ АЗДЕКТЕЛЕТ
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы(Омбудсмени), Конституциялык кеңешменин мүчөсү Турсунбек Акун менен маек.

- Турсунбек Акунович, Конституциялык Кеңешме өз ишин аяктап, Конституциянын долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланды. Сиз Конституциялык Кеңешменин мүчөсү катары Кеңешменин ишине кыскача токтолуп өтсөңүз.

Кыргыз Республикасынын Конституциясын иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү анын төрагасы Ө.Текебаевдин жетекчилигинде абдан жигердүү иштедик. Эл аралык стандартка жооп берген Баш мыйзамды чукул арада ийине жеткизип иштеп, элибиздин назарына койдук. Мен өзүм май айынын башында Швейцарияда иш сапарында болуп, талкууга кийнчерээк катышып калдым. Бирок орчундуу маселелер боюнча талкууга катышып үлгүрдүм. Конституциялык Кеңешменин кандай иштегени, кайсы беренелер өзгөчө талаш тартышты жаратканын телевидение аркылуу көрсөтүп турбадыбы.
Өзгөчө мында жарандык сектордун мүчөлөрүнүн активдүүлүгүн баса белгилеп кетмекчимин. Алар адам укуктарына байланышкан беренелердин ар бир сөзүнө өзгөчө маани беришип, күндөп-түндөп иштешти. Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрүнүн ичинен өзгөчө укуктук даярдыгы жана омоктуу ойлорун айткан мүчөлөрдү атап кетсем мен Салянова Аида Жеңишбековнанын, Данияр Ильич Нарымбаевдин ж.б.лардын эмгегин бөлүп көрсөтөөр элем.
- Бул Конституциянын мурдагы Конституциядан өзгөчөлүгү эмнеде деп ойлойсуз?

Аракеттеги Конституция 97 беренеден турчу. Жаңы Конституция 114 беренеден турат.Албетте, Парламенттик мамлекетке бараткан жолдо Баш мыйзамда парламенттин ролу жогорулап, анын ыйгарым укуктары кеңейди. Президенттин ыйгарым укуктары чектелди. Бир сөз менен айтканда Баш мыйзамыбыз мурдагыдай Ханституция эмес, сөздүн чыныгы маанисинде Конституция болуп калмакчы.
Баш мыйзамда жаштарга көңүл бурулду.
- Конституциялык сот тууралуу жобо да көп талашка түштү го.
Убактылуу Өкмөттүн Декрети менен ишмердүүлүгү токтотулган Конституциялык сот жөнүндө ченем Баш мыйзамыбызда Жогорку соттун курамында Конституциялык палата катары иштээри белгиленди.
- Баш мыйзамдын оң жактарын айтып өтсөңүз...
Баш мыйзамда адам укуктарына өзгөчө көңүл бурулганын баса белгилегим келет. Анткени кабыл алынуучу Конституциянын экинчи бөлүмү Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери деп аталат. Ал үч главадан турат.
Биринчи главасы-Негизги укуктар жана эркиндиктер, экинчи главасы- Адам укуктары жана эркиндиктери, үчүнчү главасы- Жарандык. Жарандын укугу жана милдеттери деп аталат. Конституциянын 38 беренеси адам укуктары менен эркиндиктерине арналган. Демек, бул Баш мыйзамыбыздын преамбуласында жазылгандай адам укугун урматтоону жана коргоону туу туткан мамлекет экенибизди тастыктап турат.
- Конституциянын долбоору жарыяланды, эми аны калктын кеңири катмарына жеткирүү маселеси алдыбызда турат. Бул боюнча кандай иш-чаралар көрүлөт?
- Туура, кабыл алынуучу Конституциянын маани маңызын, анда камтылган баалуулуктарды бүтүндөй республикабыздын элине түшүндүрүү, жеткирүү милдети алдыбызда турат. Мен өзүм Конституциялык Кеңешменин мүчөсү катары биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы(Омбудсмен) Аппаратынын жамаатына кеңири айтып бердим. Ар бир кызматкер кабыл алынуучу Конституцияны дыкаттык менен окуп-үйрөнүүсүнө тапшырма бердим.
Себеби, Аппараттын кызматкерлери жер-жерлерге иш сапарына чыкканда эл менен жолугушууларда Баш мыйзамыбыз тууралуу түшүнүк берүүлөрү керек. Эл арасында бул боюнча баяндамаларды окушу керек. Кыскасын айтканда, Баш мыйзамды үгүттөөгө жапа тырмак киришүү керек. Мындай тарыхый маанилүү документтин басымдуу добуш менен кабыл алынышына ар бирибиз колдон келген аракетибизди көрүшүбүз керек. Баш мыйзамыбыздын сапары байсалдуу болсун.

Маектешкен Барно Сабирова.
Акыйкатчынын
Басма сөз кызматы