Тоголок Молдо

Дыйкандын аялынын кошогу

Дыйканымды өлтүрдү,
Баласы мендей какшасын.
Башыма жабыр келтирди,
Эч кылмышы жок эле.
Дыйканымды күнөөлөп,
Жайлаптыр датка өлтүрүп,
Жалпы журтка күбөлөп,
Багымды датка байлады.


Мээнгетим бекер сайлады.
Карабет жесир калган соң,
Капасын айтып сайрады.
Тикирейип көп ыйлап,
Тилин Тишке кайрады.
Асылым дыйкан арстаным,
Талыкпай ташка басканым.
Кара жолтой какшаалга,
Жок эле менин жазганым.

Арманын айтып ар качан,
Алганы дартын козгосун.
Казы-мупту жолумдан,
Каршы чыгып тозбосун.


Какшаал казы залимдин,
Кара кийип катыны,
Тукуму тарап тоз болсун.
Уугу сынып кыйрасын,
Уулу мендей ыйласын.
Керегеси кыйрасын,
Келини мендей ыйласын.
Түндүгү сынып кыйрасын,
Тууганы мендей ыйласын!






Каралдым ботом

(Башталышы 1-бетте)
7-апрелде ак үйдүн алдында уулу атылып кеткен эненин кошогу

Баламдын жазыксыз каны төгүлдү ,
Жалындап ичим сөгүлдү, журтум.
Жалп эте түшүп атылган октон,
Жалгызым элден бөлүндү, журтум!

Ак үмүт арткан ак үйүм бүгүн,
Ажал бир бүрккөн ок болду, журтум.
Акыйкат издеп барам деп,
Айнектей уулум жок болду, журтум!

Чатырынан ак үйдүн,
Чаркырап учкан ок болду, журтум.
Чындыкты издеп барам деп,
Чырактай уулум жок болду, журтум!

Калкынын камын көрөт деп жүргөн,
Үмүтүм менин таш капты, журтум.
Калкына кайра касчылык кылып,
Уулумду мээлеп башка атты, журтум!

Төңкөрүш жасап көтөргөн колго,
Ишенчи элдин сууга акты, журтум.
Убайга жетип калганда,
Уулумду жалгыз сулатты журтум!
Пендеге жакпас иш жасап,
Курманбек бизди кууратты, журтум!

Куураткан калкын тактыбы, журтум,
Такты эле анча бактыбы, журтум.
Курмандык чалып ийгидей эллин,
Курманбек жаны таттыбы, журтум.
Арылбайт эми арманым, журтум,
Азабын тартып каламын, журтум.
Аааламды бүтүн кезсем да,
Ак уруп тентип кетсем да,
Баламды кайдан табамын, журтум!

Батадан бүткөн каралдым, журтум,
Эми караанын кайдан табамын журтум.
Жаркылдап турган жайдарым менин,
Жастанып жерди жатабы журтум!

Мазарлап жүрүп тапты элем, журтум,
Бапестеп жүрүп бакты эле журтум.
Кан кусуп кана калгыр ай,
Кандайча өчү бар эле,
Канкорлор мээлеп атты эле, журтум!
Канатым сынып кайрылды, журтум,
Каралдымдан айрылдым, журтум.
Каран түн түшүп башыма бүгүн,
Кайгынын айлын жай кылдым, журтум!

Боздоп бир турган энеңмин, ботом,
Ушундай беле тилегим, ботом.
Кудайым берген белегим ботом,
Кулап бир түштү желегим, ботом.
Көзү ачык кеттиң ачылбай гүлүң,
Укпайсың үнүн энеңдин, ботом!

Кан жутуп турган энеңмин, ботом,
Кайгымды кантип жеңемин, ботом.
Каралдым, сени караңгы жерге,
Канткенде чыдап беремин, ботом!
Боздоп бир турган энеңмин, ботом,
Боорумду тилип, эземин, ботом.
Бой жеткен кезде канткенде сени,
Бозоргон жерге беремин, ботом.

Армандуу жашты төгөмбү, ботом,
Азабың тартып өтөмбү, ботом.
Алтындай болгон кулунум сени,
Ай тийбес жерге беремби, ботом!

Күйүттүү жашты төгөмбү, ботом,
Күйүтүң тартып өтөмбү, ботом.
Күлгүндөй болгон кулунум, сени,
Күн тийбес жерге беремби, ботом!

Сени тилеп бир жүрүп тапты элем, ботом,
Тырмактай кезден бакты элем, ботом.
Тиреги бол деп айтты элем, ботом.
Тирүүлөй элдин курманы болдуң,
Куураган мендей куубаштын,
Тилеги ошол кайттыбы, ботом!
Тилегим минтип каттыбы, ботом,
Кайгыга энең баттыбы, ботом,
Каралдым менин кайрылгыс болуп,
Караңгы көргө жаттыбы ботом!

Сай сөөгүм сыздап болкулдайт, журтум,
Сөгүлүп ичим солкулдайт, журтум.
Ай күндү алып берсе да,
Алтынга мени көмсө да,
Эч нерсе,
Уулумдун ордун толтурбайт, журтум!

Шордуу бир ушул эл белек, журтум,
Шойкомдуу күнгө тең белек, журтум.
Кан жуткуруп, какшаткан эллин,
Кайрымсыз канга жем белек журтум.
Бийлигиң менен жерге кир сенин,
Карайсың кантип, элиңдин бетин.
Башыңды катып карайлап качтың,
Баса албай эми Мекендин четин.
Эл насибин артынып кеткен,
Байлыгың болсун өзүңө кепин.

Калдайган элдин каргышы тийип,
Кардыккан үнүң угулбай калсын.
Тартып алган насибиң журттун,
Уурдалган мүлкүң буйрубай калсын.
Уктатпай сени уулумдун каны,
Узатпай сенин башыңа барсын.
Кан кое бербейт айыпсыз аккан,
Кудайым өзү эсебин тапсын.

Кантейин уулум, артыңды берсин,
Артыңдан эми акыйкат келсин.
Калдайган элдин тилеги келип,
Жамандык ишти жакшылык жеңсин!
Эл үчүн окко жүрөгүн тоскон,
Элиңдин уулум, курманы сенсиң!

Кайгы, муң эми басылсын, журтум,
Бакытың эми ачылсын, журтум.
Кут конуп эми кутмандуу элге,
Жакшылык нуру чачылсын, журтум!

Гүлсайра Момунова
акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер