"Акыйкатчы (Омбудсмен)" - кыргызча гезит
email • архив • редакция 
март, 2010-ж.:
1-бет
Каралдым ботом
2-бет
Встреча представителя ООН Яна Кубиша с Омбудсменом
3-бет
Жизнь за железным занавесом
в Наукат

4-бет
Калдайган элдин тилеги келип, Жамандык ишти жакшылык жеңсин!
5-бет
Дыйкандын аялынын кошогу
6-бет
Ар бириңдин элесиң жашап калды, кыргызмын дегендердин жүрөгүндө
7-бет
Акыйкатчынын аймактык өкүлчүлүктөрүндө...
Убагында чечпесең - убалына каласың

8-бет
Жумушка алуу конкурсу



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ak/10/04_1.htm on line 86

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ak/10/04_1.htm on line 86

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ak/10/04_1.htm on line 86
п»ї

Каралдым ботом


7-апрелде ак үйдүн алдында уулу атылып кеткен эненин кошогу

Колумда кыргыз комуздун,
Кылдары боздоп турбайбы, журтум.
Кылымдарды карытып келген,
Кагылайын калкым ай,
Менин какшаган үнүм тыңдайбы, журтум.

Оо, бүгүн Ала-Тоо чөгүп жер болду, журтум,
Армандуу соккон жел болду, журтум.
Сексен төрт уулун алдырып колдон,
Каран күн ай,
Энелер жашы сел болду, оо журтум!

Ысык-Көл толкуп чайпалды, журтум,
Көзүбүз жашка чайпалды журтум.
Солкулдап турган кырчындай болуп,
Жигиттер күлгүн жайрады, журтум.
Жоготкон уулун эненин мендей,
Катып бир калды таңдайы, журтум.
Жалгызынан айрылган менин,
Тайкы беле маңдайы журтум.

Кара бир чачым агарды бүгүн,
Кара бир көзүм кашайды бүгүн.
Жарык бир күнүм карарды бүгүн,
Калдайган элим өзүңдөн бөлөк,
Менин карманар тоом калабы бүгүн.

Канкор бир каның кан төктү бүгүн,
Канча бир эне жаш төктү бүгүн.
Энелердин какшаган үнү,
Кагылайын калайык ай!
Жарып турат жер көктү бүгүн,
Жаралап турат жүрөктү бүтүн.
(Уландысы 5-бетте)




Убактылуу өкмөттүн алгылыктуу аракеттери


2010-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымынын орунбасары А. Бекназаров маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, 10 күндүн ичинде аткарылган иштерге кыскача отчетун берди. Төмөндө анын отчетунан үзүндүлөрдү жарыялайбыз.
2010-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында XI Элдик курултайда ошол кездеги Президент К. Бакиевге 7 пункттан турган талаптар коюлган.
Алар төмөнкүлөр эле.
1-пункт: Электр энергиясына, жылуулукка, жылуу жана муздак суу менен камсыз кылууга коюлган жогорулатылган тарифтер жокко чыгарылсын.
1-пункт боюнча Убактылуу Өкмөттүн алгачкы 1-чечими менен тарифтер эски өлчөмүнө түшүрүлдү.

2-пункт: "Түндүкэлектро" жана "Кыргызтелеком" ишканаларынын сатылышы мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылсын. "Ошэлектро", "Жалалабадэлектро", "Чыгышэлектрону" сатуу токтотулсун.
Бул пунктту аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын бул сатуулардын бардыгын мыйзамсыз деп тапкан сунушу жакын арада Убактылуу Өкмөткө жиберилет.

3-пункт: И. Исаков, Э. Булекбаев, У. Рыскулов, С. Аргымбаев акталып камактан бошотулсун, Балыкчы шаарынын, Ноокат районунун жазыксыз соттолгондору акталсын, А. Жекшенкулов менен К. Кадыровду куугунтуктоо токтотулсун.
Бул пункттун талаптары боюнча И. Исаковдун иши жаңы ачылган жагдайлар менен кайра каралып, ал толугу менен акталды. Э. Булекбаев, У. Рыскулов, С. Аргымбаевдер акталышты. Балыкчыдагы 18 соттолгон адамдардын иштерине кайрадан текшерүү жүргүзүлүп, жаңы ачылган жагдайлар боюнча корутунду түзүлүп, соттун кароосуна жиберүүгө даярдалууда. Ушундай эле тартипте Ноокат окуясынын иши, А. Жекшенкуловдун, К. Кадыровдун жана Сопиевдин иштери кайрадан каралмакчы.

4-пункт: Конституцияга өзгөртүүлөр кайра кайтарылып алынсын, өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик жоюлсун.
Аталган пункттун талабы Убактылуу Өкмөттүн №1 декрети менен жокко чыгарылып, аткарылган.

5-пункт: Бакиевдин балдары Максим менен Марат, бир туугандары Жаныш, Адыл жана Марат ээлеп турган мамлекеттик кызматтардан бошотулсун.
Бакиевдер Жаныш, Марат, Максимдерге кылмыш иши козголуп, качып жүрүшөт, аларга издөө жарыяланган. Ал эми Германиядагы элчи Бакиев Марат ээлеген кызматынан бошотулду.

6-пункт: Бакиевдер алып келген чет элдик шылуунпоз Е. Гуревичтин жана башкалардын иштерин териштирүү боюнча комиссия түзүлсүн.
Бул боюнча да бир топ иштер аткарылып жатат. Аталган топтун үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат, издөө жарыяланган.

7-пункт: Сөз эркиндиги жана массалык маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгы калыбына келтирилсин, журналисттерди коркутуу, сабап кетүү токтотулсун, "Азаттык" радиосунун берүүлөрү бүт өлкөгө чыгарылсын.
Бул пункт толугу менен аткарылды. Баардык гезиттер, телерадио эркин иштеп жатат. Журналисттерди уруп-сабоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бирок, Президент К. Бакиев 17-мартта коюлган талаптарды 10 күндүк мөөнөттө аткарбагандан кийин, 2010-жылдын 7-апрелинде бүткүл Кыргызстан боюнча Элдик курултайлар өткөрүлүп, эл бийликти колуна алып, XI Элдик курултайдын чечимдерин эл жана Убактылуу Өкмөт толук аткарды.
Бирок элдин талабы кандай баа менен ишке ашты. 7-апрелде бүткүл регион боюнча Элдик курултайды өткөрбөө боюнча бийлик тоскоолдук кылганына байланыштуу бүткүл Кыргызстан көтөрүлүп, натыйжада бардык аймактарда элдик бийлик орноду.




Акыйкатчы Женевада


Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акун Өкмөттүк делегациянын курамында Швейцарияга жөнөп кетти. Делегация Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын Адам укуктары боюнча Кеңешинде Мамлекетибиздеги адам укуктарынын сакталышы боюнча мезгилдик отчет беришет. Акыйкатчы журналисттердин жана укук коргоочулардын укуктарынын бузулушу, "Тынч митингдер.. " боюнча мыйзам жана кыйноолорго каршы улуттук превентивдик механизм тууралуу маалымат берет. Иш сапары боюнча кеңири маалымат гезиттин кийинки санында берилет.






Элибиздин эртеңки күнү үчүн жан аябаган элдик баатырларыбыздан айрылып отурабыз.
Алардын артында калган ата-энелерине, бир туугандарына, үйбүлөлөрүнө жана жалпы эле кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Бирбоорлорубуздун жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко, ыймандары саламат болсун!
Акыйкаттык үчүн шейит кеткендердин ысымдары түбөлүккө эсибизде сакталат.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен)
Аппаратынын эмгек жамааты



Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ak/10/04_1.htm on line 186

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ak/10/04_1.htm on line 186

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ak/10/04_1.htm on line 186


а ­е¦Є.НҐй«