"Акыйкатчы (Омбудсмен)" - кыргызча гезит
email • архив • редакция 
Февраль, 2010-ж.:
1-бет
БАЯНДАМА ЭСКЕ АЛЫНДЫ
2-бет
23-февраль - Мекенди коргоочулардын күнү
3-бет
Дин боюнча коомдук кеңештин вазийпасы эмнеде?
4-бет
ЖАШТАР ЭМНЕГЕ КЫЗЫГЫШАТ?
5-бет
ЫНТЫМАК КУРУЛТАЙЫН УТУРЛАП:
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек АКУН:
"Оппозиция бийликти, бийлик оппозицияны укпаган заман"

6-бет
КРИЗИСКЕ КАБЫЛГАН КРИЗИСТИК БОРБОРЛОР
7-бет
ГДЕ ПОКЛЕП, А ГДЕ И ПРАВДА
8-бет
Калемиңиз курчуй берсин, Арзыкан эже!



Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ak/10/02_1.htm on line 86

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ak/10/02_1.htm on line 86

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ak/10/02_1.htm on line 86

БАЯНДАМА ЭСКЕ АЛЫНДЫ

2010-жылдын 19-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын жылдык баяндамасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык оту-румунда угулду. Белгилей кетүүчү нерсе, Омбудсмен-дин баяндамасы буга чейин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинде каралып, андан кийин депутаттык фракцияларда да угулган болчу. Жогоруда аталгандар Акыйкатчынын баянда-масын канааттандыраарлык деп табышып, эске алы-нышына чечим чыгарган. Пленардык жыйындын баш-талышын төрага 3. Курманов ачып берди, андан ары жыйынга Ч. Баекова төрайымдын кылды.
Акыйкатчы өз баяндамасында отчёттук мезгилде эл аралык кызматташтык-ка өзгөчө көңүл бурулганына токтолду. 2009-жылдын башында БУУнун Кыргызстандагы 5 агенттиги: БУУӨП, ЮНИФЕМ, ЮНИСЕФ, УВКБ, УВКПЧ менен Акыйкатчы Институтунун потенциалын чыңдоо максатында 820 миң АКШ доллары өлчөмүндө техникалык жардам көрсөтүү программасына кол коюлган. Натыйжада аталган агенттиктер 3 жылдын ичинде укук коргоо органына 820 миң АКШ доллары өлчөмүндө жардам көрсөтүлмөкчү. Долбоор иштеген алгачкы жылда 100 миң долларлык техникалык жардам көрсөтүлүп, мунун алкагында Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери бир катар семинар-тренингдерден өтүшкөн. Акыйкатчы Институтунун компьютердик паркы жаңыланып, кубаттуу компьютерлер, сервер сатылып берилген.
2009-жылы "Тынч чогулуштарды өткөрүү боюнча" мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал Венециялык комиссиянын жогорку баасына татыктуу болду. Ошондой эле Улуттук превентивдик механизм боюнча да мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал бир нече конферен-цияларда, тегерек столдордо талкууланган. Ушул эки мыйзам долбоору үстүбүздөгү жылы Жогорку Кеңештин депутаттарынын назарына коюлат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Акыйкатчы депутаттардан жогоруда аталган мыйзам долбоорлдорун колдоп берүүнү суранды.
2009-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратынын алдында Психиатриялык стационарларда жүрүшкөн сыркоолордун укуктарын коргоо боюнча кызматы түзүлүп, ал квалификациялуу кызматкерлер менен ком-плекттелип, бүгүнкү күндө толук кандуу иштеп жатат. Акыйкатчы Институтунда жалпысынан 73 мамлекеттик кызматкер иштесе, аталган кызматтын түзүлүшү менен жооптуу кызматкерлердин жалпы саны 79 ду түздү.
Акыйкатчы Институтунун алдында жарандардын ар кайсы социалдык катмарларынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган коомдук кеңештер түзүлүп, үзүрдүү иштеп келүүдө. Өткөн жылы Адабият, маданият, искусство маселелери боюнча, ошондой эле гендер маселеси боюнча да Кеңештер түзүлдү.
Жогорку окуу жайларында студенттердин укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүлдөр-студенттик омбудсмендер кызматы иштей баштаган. 2009-жылы республикабыздын 8 жогорку окуу жайында студенттик омбудсмендер иштешкен. Мында окуу жайларынын ректорлору студенттик ом-будсмендерге көңүл буруулары зарыл. Кыргыз мамлекет-
тик юридикалык академисянын ректору К. Керезбеков студенттик омбудсмендин ишмердигине ар тараптуу колдоо көрсөтүп, атайын бөлмө бөлүп берген.
Акыйкатчы өткөн жылдагы сөз эркиндигинин абалына да токтолду. Журналисттерди уруп, сабап кетүү фактылары орун алып жатканына тынчсыздануусун билдирди.
Өткөн жыл Президентти шайлоо жылы катары эсте калды. Шайлоо учурунда жергиликтүү шайлоо комиссияларынын айрым мүчөлөрүнүн компетентсиздигинен улам айрым укук бузууларга жол коюлган. Буга мисал катары №97 учас-токтогу тартип бузууну айтууга болот. Акыйкатчынын кызматкерлери тарабынан шайлоонун жүрүшүнө жер-жерлерде мониторинг жүргүзүлгөн.
Акыйкатчы абактагыларды кармоонун шарттарын жакшыртууга ЖАББнын Минюсттун курамынан чыгарылганын колдоорун билдирди.
Акыйкатчы Институтунун ишмердиги УТРКда атайын көрсөтүүдө чагылдырылбаганына да токтолду.

Акыйкатчынын 20 минуталык чыгып сүйлөөсүнөн кийин суроо жоопторго кезек келип жетти.
А. Сабиров. Өткөн жылы жылдык баяндама боюнча токтом кабыл алынган эле. Билим берүү министрлиги менен бирдикте билим берүүнүн мамлекеттик стандартын иштеп чыгуу сунушталган. Ошонун аткарылышы боюнча маалымат берүүнү талап кылды.
А. Каримов. "Сунтар-Бишкек" түрк компаниясы жумушчуларга эмгек акысын бир жылдан бери бербеген фактысы боюнча маселени көтөрдү. Жумушчулар Бета-Сторестин жанында пикетке да чыккан экен деп, Акыйкатчынын бул өңүттө жүргүзгөн иштерине кызыкты.
К. Исабеков. Орунбасарларыңыз менен бирге иштеп, Омбудсмен Институтунун аброюн көтөрбөсөңүз болбойт. Кадр маселесине да көңүл бурушуңуз керек деп сунуштады.
И. Карамушкина. Баяндаманын сапаттуу даярдалганын айткым келет. Өкмөт, ведомстволор жана мамлекеттик башка органдар органдар Сиздин ишмердигиңизге тоскоолдук
болобу? Алар адам укуктарынын бузулган фактылары боюнча Сиздин эскертүүлөрүңүздү дайыма эле эске алыша-бы? - деп сурады.
Г. Куликова.
Акыйкатчынын жылдык баяндамасы Комитетте жана фракцияда майда-чүйдөсүнө чейин 2 саат талкууланганын айтып, суроо жоопту токтотууну сунуштады.
Г. Дербишева. 2009-жылы Акыйкатчы командасы менен мыкты иштегенин белгиледи. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча конвенциясына кошулуу маселесин көтөрүүнү суранды. Экинчи маселе мектеп рэкетчилигинин курмандыгы болгон Ж. А. боюнча Панфилов районунун соту айыптууларга жеңилирээк жаза караганын айтты. Акыйкат-чыны ушул маселени карап коюусун өтүндү.
И. Өмүркулов. Сиздин кандай укуктары-ңыз бар? Ал укуктардан толук өлчөмдө пайдалануудасызбы? деген суроо узатты.
Акыйкатчынын чечимдери сунуш берүүчү мүнөздө экенин белгиледи Т. Акун. Ал адам укуктары одоно бузулган жерлерде коңгуроо кагып тураарын, ал эми ушундай коңгуроо болуп, Акыйкатчынын жылдык баяндамасы эсептелээрин айтты.
З. Жамалдинов. Түрмөлөргө, ТИЗОлор-го жана УКЖларга бейөкмөт уюмдардын кирип кеткен учурларына тынчсыздануусун билдирди. Аймактык өкүлчүлүктөрдөн келип түшкөн арыздардын санына кызыгып, өкүлчүлүктөр кызматтык автоунаалар менен камсыз болгон же болбогонун сурады. УТРКда атайын көрсөтүү уюштуруу боюнча токтом долбоорунун пунктун кошуунун зарылдыгы жок. Аны Омбудсмен менен УТРКнын жетекчилиги чечип алышы керек деген оюн ортого салды.
Ш. Садыбакасова. Акыйкатчы тарабынан чоң-чоң алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканы дааналанып жатат. 2009-жыл үчүн отчет берип жаткан соң 2008-жыл менен салыштырып кароо зарыл деген каалоосун билдирди.
Д. Ниязалиева. Денсоолук маселеси, жарандардын сапаттуу медициналык кызмат алышы үчүн Акыйкатчы тарабынан кандай иштер жасалганына кызыкты. Ал энелердин өлүмү боюнча Акыйкатчы Институту жыйынтык чыгардыбы? Мониторинг жүргүзүүдөн башка дагы кандай иштер жүргүзүлдү? Тарифтердин көтөрүлгөнү боюнча да жарандардын укуктарынын бузулууларына жол коюлуудабы? деген суроолорун берип, аларга жооп алды.
А. Жээнбеков. Кыйноо менен күнөөнү мыйзамсыз мойнуна алдыруу практикасы орун алып жатканына токтолуп бул багытта Акыйкатчы тарабынан кандай иштер жасалып жатканын сурады? Акыйкатчынын Институтунун күчү Президенттин, Өкмөттүн, Башкы прокурордун, ИИМдин колдо-осунда эмес, эң негизгиси бул коомчулукта пикир түзүү. Тез-тез чыгып, коомчулукка чыкканда гана чиновниктер бардыгы коркот, чоочуйт коомчулуктан.
Н. Молдобаев. Жалгыз баатыр жоого туруп бере албайт, эгерде сиз бизге окшогон таянычтарыңыз болсо, чогуу иштесек анда анда чоң ийгиликтерге жетишесиз деп, чогуу чаран аракеттенүүнү сунуштады.
Д. Молдошева.
Баяндамада келип түшкөн арыздардын мазмуну, четке кагылгандары ж. б. лар тууралуу камтуу керек деген сунушун айтты. Ошондой эле адам укуктары чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу боюнча иштөө зарылдыгына токтолду.

Суроо - жооп процедурасы аяктап, баяндама талкууга алынды.
Сабиров А. Биздин мамлекет Конституцияда өзүн укуктук, демократиялык, социалдык мамлекет деп жарыялаган. Эмки баяндамаңыз-да сиз ушул ченемди жетекчиликке алышыңыз керек. Экинчи бир учур Кыргызстан 2009-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешине мүчө болгон. Ушул тууралуу кененирээк айтуу керек эле. Акыйкатчынын Көңүл буруу актылары аз санда жазылганын белгиледи. Эгер мыйзамдар адам укуктарын бузат деп эсептесе, анда Конституциялык сотко кайрылуусу зарылдыгына токтолду. Акыйкатчы өлкөнүн Конституциялык сотуна болгону 2 гана жолу кайрылганы аз деп эсептеди.
Д. Молдошева. Ушул эле пикирди улай Акыйкатчы өзүнүн ыйга-рымдарынан толук өлчөмдө пайдалануусун сунуштады.
И. Өмүркулов. Социалдык-экономикалык маселелер боюнча телевидениеден, радиодон убакыт алып, газета чыгарыш керек, ачык, элге эң болбогондо маалымат катары-берип туруу керектигине токтолду.
А. Мамасалиев. Өлкөдөгү адам укуктарынын абалын Акыйкатчынын көз карандысыз, бейтарап позициясынан жана көз карашынан билүү калкыбыз үчүн өтө маанилүү. Элдин ишеними артат. Акыйкатчы Турсунбек Акун адам укуктарын коргоо чөйрөсүн мыкты билет. Бул жагынан алганда ал өз ордунда. Акыйкатчы өз Аппаратында кадр маселесин чыңдашы керек, Ченемдик-укуктук актыларды жакшыртууга өз салымын кошушу керек. Биз колдоп, Акыйкатчынын статусун жого-рулатышыбыз керек. Эл аралык уюмдар менен көз карандысыз өнөктөш мамиле керек. Акыйкатчы социалдык камаккка алуулар, сот-тордо нөөмөтчү катары чыгууда. Ал эми калктын Сизге ишеним артуу-суна келсек, жарандык сектор, бейөкмөт уюмдар менен өнөктөштүктө иштөө, эл аралык уюмдар менен иштөө жагына келсек Акыйкатчы Институту бүгүнкү күндө бизге зарыл болгон ченемдерге жана квалифи-кацияларга ылайык келет, - деген оюн айтты.
А. Кенжебаева. Калоо иретинде айтаарым, шайлоо боюнча анча-мынча укук бузуулар болсо, аны фальсификация деп атабоо керек. Ар бир терминди туура атап, юридикалык түшүнүктөрдү ыктуу колдонуу керек, - деди.
Белгилей кетүүчү нерсе, Акыйкатчы жогорудагы суроолорго өз жоопторун берди. Айрым маселелер боюнча депутаттарга кагаз жүзүндө жооп жолдонот.
Акыйкатчынын баяндамасы пленардык жыйынга катышкан депутаттардын колдоосуна ээ болуп, эске алынды.
P.S. Газетанын мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан материал кыскартуулар менен даярдалды.
Даярдаган: Барно Сабирова,
Акыйкатчынын басма сөз кызматы






Warning: include(../../gb.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ak/10/02_1.htm on line 139

Warning: include(../../gb.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ak/10/02_1.htm on line 139

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../gb.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ak/10/02_1.htm on line 139


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ak/10/02_1.htm on line 148

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ak/10/02_1.htm on line 148

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ak/10/02_1.htm on line 148