САЛМАКТУУ СӨЗДҮК

28-январь күнү Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият Институтунда "Кыргыз тилинин сөздүгүнүн" бет ачаар аземи болуп өттү.
Бул сөздүк өтө баалуу жана салмактуу. Салмактуу дегенде 50 миңден ашуун сөздү камтыган ички мазмуну боюнча да, китепти таразага тартканда таза салмагы 4кг. болгонунан да салмактуу деп айтууга болот. Кыргыз тилинин мындай көлөмдүү сөздүгү 1969-жылы жарык көргөн. Ошондон бери дээрлик 40 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин бул залкар эмгек жарыяланып олтурат.
Сөздүктүн бет ачаар аземинде жашы 90 дон өтүп калса да кайратынан жанбаган, республиканы жетектөө боюнча рекорддук көрсөткүчкө жеткен Т. Усубалиев, көрүнүктүү философ А. Какеев, КР УИАнын академиги, сөздүктү түзүүчүлөрдүн бири Б. Орузбаева, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Т. Жумабекова, Р. Абдраимова жана Б. Абдрасаков, КР Эл жазуучулары К. Акматов жана Б. Жакиевдер чыгып сүйлөштү.
Жарык көргөн сөздүккө ак жол каалашты.
Салтанаттуу аземдин аягы КР Эл артисттери: төкмө акын Замирбек Үсөнбаев, Роза Амановалардын ырлары жана "Ырдайлы, кыргыз ырларын" долбоорунун катышуучуларынын концерти менен уланды.


Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун жалпы эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Талипбек Нуралиевге
АТАСЫНЫН
дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтышат.
Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Кош, Бактыгүл, элесиң ар дайым эсибизде калат.. .

2009-жылдын декабрь айынын суук күндөрүнүн таңында суук кабар угулуп, баарыбыздын маанайыбыз чөгүп олтуруп калдык. Себеби шум ажал арабыздан кесиптешибиз Жаныбекова Бактыгүл Араппаевнаны 46 жаш курагында алып кеткен эле.
Бактыгүл Акыйкатчы Аппаратында 2005-жылдан тартып иштеп, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого салымын кошуп келе жаткан.
Адистиги боюнча жогорку билимдүү юрист Бактыгүл 2005-жылы Акыйкатчыга кайрылып, кызмат сурайт. Акыйкатчы ага Баткен облусуна барасызбы дегенде шарт эле, макул барам, - деп жооп берет. Ошентип, алыскы, табигат шарты катаал Баткенде өзү жалгыз барып иштеп жүрөт. Уулу, апасы Ошто калат.
Бактыгүл батир жалдап жашаганына да, жалгыз бой жашап, иштөөнүн кыйынчылыгына да кайыл болот. Негизги максаты эле юристтик кызматын аркалоо эле.
Ал Акыйкатчы аппаратына келгенге чейин да бир топ кызматтарда иштеп такшалган эле.
Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин күндүзгү бөлүмүндө 1982-1987-жылдары окуп, аны аяктагандан кийин Көк-Жаңгак ШИИБде тергөөчү болуп иштейт. Андан кийин КР Адилет министрлигинде жетектөөчү адис, Ош облусунун соттук департаментинде башкы адис, Ош облусунун мамлекеттик администрациясына жетектөөчү адис болуп эмгектенген. Андан кийин Ош облусунун юстиция башкармалыгында башкы адис болуп эмгектенген.
Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Кызыл-Кыя шаарында жайгашып, ал эми 1 кызматкер Баткен, Лейлек, Сүлүктү тарабын тейлеген. Ошондо бул ишке башын байлап кызуу киришкен Бактыгүл кээде Бишкекке келгенде айтып калчу: “Мейли, бир күн болбосо бир күн Ошко которулам. Ага чейин Баткендин өрүгүн жеп турайын” деп.
Бактыгүл бир чети эркектей болгон шарт мүнөзү болсо, экинчи чети аял кишиге мүнөздүү назиктикти айкалыштырган шайыр, ачык мүнөз, оюндагысын кишинин бетине айткан мүнөзү бар эле.
Бир жолу Баткенге иш сапарына барып калсам айткан:
- Эже, капа болбоңуз. Мен үйүмдөн чай бере албайм. Үйүмө да конокко чакыра албайм. Себеби өзүм араң баткан тооктун уясындай батирим, жалгыз өзүмө жетээрлик үй оокаттарым эле бар, - дегени эсимде.
2008-жылы Акыйкатчы Турсунбек Акун Бактыгүлдүн өтүнүчүн орундатып, Ошко кызматка которду. Бирок бул кезде Бактыгүлдүн денсоолугу начарлап, аты жаман онкологиялык рак оорусу аны тооруп турган экен.
Бишкектеги онкологиялык борбордон дарыланды. Чачын шыпыртып алдырып салыптыр. Бир жолу шляпа кийип кычырап келди. Ага:-И-и, леди в шляпе, - деп тамашаласак, каткырып жиберип, шляпасын алып салды. Химиотерапия менен дарыланганда чачы жыдып, түшүп кеткен экен.
Акыркы жолу 2009-жылы күзгө жакын жолуктум. Шляпасы жок. Чачын абдан тыкан тарап алыптыр. Кабинетке келгенинен чай коюп, кобурашып олтурдук.
- Менин паригим билинбейт бекен, өз чачыма окшойт бекен? - деп калды.
Чын эле ушунчалык дыкат тандалган парик анын чачынын жоктугун билдирбей жаап турган экен. Бактыгүл оорунун азабын тартып, бир топ алдан тайый түшүптүр. "Тез-тез чай ичпесем, оозум кургап кыйнала берем. Ушул көкүрөгүмө чыккан кичинекей жара мени алып тынабы", - дегенде көңүлүн көтөрүмүш болуп сүйлөдүм. Бирок Бактыгүл ыйлап жиберүүгө даяр турган.
Анан Оштон тез-тез телефон чалып тураар эле. Акыйкатчынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн ишин илгерилетүүгө бир топ эле салым кошту.
Бирок өлүмгө айла жок экен. Бактыгүл уулдан урмат көрөөрүндө жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди.
Анын жаркын элеси биздин эмгек жамаатыбыздын эле эмес, Бактыгүлгө арыз, даттануулар менен кайрылышкан арыз ээлеринин эсинде да түбөлүккө сакталаарына ишенем. Кош, Бактыгүл, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Калган өмүр жашыңды кудай уулуңа жана жакындарыңа берсин дегенден башка сөз айта албай кайгырып турабыз.
Барно Сабирова,
Акыйкатчынын басма сөз кызматы