Акыйкатчы жана гендер

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмени) институтуна караштуу дагы бир коомдук кеңеш өз ишин баштады. 2009 - жылдын 30- декбрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) гендерди өнүктүрүү боюнча коомдук кеңешти түзүү жөнүндөгү буйрукка салтанаттуу маанайда кол койду. Аталган коомдук кеңештин максаты гендерди өнүктүрүү жана ушул маселе менен иштешкен гендердик эксперттердин башын бириктирип бир багыттуу, жемиштүү жумуш алып баруу эле.
Белгилей кетчү нерсе - Акыйкатчы институтунуна караштуу түзүлгөн коомдук кеңештердин аткарган ролу өтө чоң, анткени алар тигил же бул маанилүү маселе тууралуу коомдук пикирди жаратып, адам укугун коргоодо, укук-тардын бузулушунун алдын алуу механизмин иштеп чыгууда мамлекеттик органдар жана коомчулук ортосунда көпүрө боло алышат.
Салтанаттуу жыйынга өлкөбүздүн эң мыкты гендердик эксперттери Розетта Айтматова, Анара Ниязова, Нургуль Асылбекова, Жаңыл Абдылдабек кызы, Сорос фондунун координатору Тахмина Ашуралиева, Кризистик Ас-сосация борборунун төрайымы Александра Елиференко, "Сезим" кризистик борборунун төрайымы Рыскулова Бюбюсара жана массалык маалымат каражаттарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Гендердик эксперттер белгилегендей, аталган коомдук кеңештин азыркы учурдагы орду бөтөнчө мааниге ээ, анткени гендердик теңчиликти камсыз кылуу маселеси биздин өлкө үчүн дагы да болсо көптөгөн аракеттерди талап кылат.

Вода - основа жизни

Что без воды нет жизни наверное ясно не только ленивому, но и любому дураку. Издревне люди выбирали для поселения места вдоль рек и других источников воды. За воды шли битвы и сражения, бывало воинов противника и их конницу лишали доступа к воде и тем самым одерживали верх над ними.
На этот счет можно говорить много и много раз и все будет справедливо. Вода и вправду бесценное сокровище для людей - всех, как для важных и недоступных работников райгосадминистрации и РЭС Сокулукского района Чуй-ской области, так и для простых тружеников села Кунтуу этого же района.
Все дело в том, что, расположившись всего в каких то 15-20 километрах от столицы независимого Кыргызстана, жители села Кунтуу все годы этой самой независимости зависимы от отсутствия элементарно питьевой воды. Некогда процветавшее в условиях "тоталитарного" и столь же "жестокого" советского строя, с шикарными плодоно-сящимися садами и виноградниками, известное своими изумительными натуральными винами село Кунтуу, составлял костяк прославленного винодельческого совхоза им. -Кирова.
Все годы независимости отчаянные попытки жителей села Кунтуу восстановить водозабор и водопроводную сеть наталкивались на упрямое и тупое молчание жиревших на всеобщей "прихватизации" чиновников всех мастей. Массовое воровство в акаевскую эпоху отечественной истории стало притчей во языцех. Совесть человеческая стало поистине копеечной. Что же говорить: цена отборной тонкорунной овцы упала аж до цены бутылки самопальной водки.
Шальные деньги и средства гуманитарки, поступавшие "бедной" республике из-за рубежа разворовывались вмиг. Такая же участь коснулась средств проекта "Таза суу", которые могли помочь в решении водных проблем кунтуйцев.
Но не тут-то было! У руля проекта "Таза суу" оказались самые воровитые из всех кыргызов. В песок ушли бедные доллары! Отчаявшиеся сельчане обратили свои взоры к небу-ко всевышнему! О, слава Аллаху! - Он услышал мольбы бедных жителей села Кунтуу и, видать, такова была Его воля- на помощь им пришли меценаты из благоверного Арабского Востока! Президент Всемирной Ассамблеи молодежи Саид Баюми подарил жителям с. Кунтуу глубинный насос ЭЦВ 8-40-180, 565 метров кабеля и электрощит, стоимостью всего на 181 310 сомов!
Нашлись спонсоры и на месте. Так, руководители Акционерного общества "Голден Сан" Ниязов Бакыт, Токто-гонов Нияз и Бейшеналиева Уулкан в качестве спонсорской помощи выделили 23 000 сомов.
Несмотря на все указанные усилия сельчан и спонсоров, окончательное подключение насоса к подводящим линиям электропередач длительное время волокитилось работниками Сокулукской РЭС. О злоключениях с этим подключением и саботажем, а иначе и не назвать бездействия электриков района, были оповещены чиновники, облаченные властью на разных уровнях района и области. Из-за какой-то мелочи надежды кунтуйцев заставили ждать нестерпимо долго и мучительно.
Отягощенные вконец своей печалью и обидами, жители села Кунтуу обратились как истине последней инстанции в аппарат Омбудсмена. За решение проблем жаждущих воды взялся молодой, энергичный правозащитник Самат Калчабаев. Активное вмешательство сотрудников государственного правозащитного органа в решении животрепещущего вопроса сельчан возымело свое действие. Махина чиновничьего аппарата завертелась. 29 декабря 2009 года, в самый канун Нового года, в с. Кунтуу состоялся митинг жителей села с участием представителей Чуйской обладминистрации, Сокулукской райгосадминистрации, местного айыл окмоту. В митинге участвовали и сотрудники Аппарата Омбудсмена, С. Калчабаев, А. Ыбраимова и автор этих строк. В результате бурного обсуждения вопроса подключения насоса к электросети, заместитель главы Со-кулукский райгосадминистрации Таштемиров А. заверил сельчан, что он дает слово джигита решить данный вопрос в течении семи дней.
Как стало известно впоследствии, свое слово Таш-темиров А. сдержал и долгожданное подключение насоса к электросети состоялось. Кунтуйцы остались довольны действиями сотрудников Омбудсмена и выразили им сердечную благодарность. Так закончилась эпопея еще с одним нарушенным правом граждан - правом на обеспечение насущной потребностью- живительной влагой. И вправду: вода - основа жизни.
К. Кожомкулов
Эксперт Пресс-службы

Баткен сапары

Кыргызстандын эң алыскы аймагы болгон Баткен өрөөнү өзүнүн түндүгүнөн да, түштүгүнөн да чек аралар менен курчалып турганы менен айырмаланып, борбор шаарыбыздан 1000 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кырыз Республикасынын Акыйкатчысы 2009-жылдын 24-27-декабрь күндөрү Баткендин эң четки айылы - Кулундуга дейре иш сапар менен барып кайтты. Максат Акыйкатчынын аталган аймактагы өкүлүнүн ишмердиги менен жеринен таанышып, анын отчетун жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн кеңири катышуусунда угуу, жергиликтүү бийликтин жарандык сектордун өкүлдөрү жана карапайым тургундар менен жолугушууларды өткөрүү эле. Буга дейре Акыйкатчы Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад облустарында да шундай максаттагы иш сапарлары менен болгон. Исфанадагы аэропорттон түз эле Кулунду айылына барышты. Ал жерде Т. Акун 1959-жылы жарык дүйнөгө келген. Акыйкатчы өзү төрөлгөн Очукалачыдагы төрөт үйүн да барып көрдү. Андан соң чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү. Алардын көйгөйлүү маселелери менен таанышты.
Сапар учурунда Лейлек районунун акими Т.Т. Арипов, райондук кеңештин төрагасы М. Б. Худайбердиев жана райондук мамлекеттик администрациянын аппарат жетекчиси Ш. Э. Түркбаев Акыйкатчы менен атайын жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда акимчилик тарабынан И. Раззаковдун 100 жылдыгын белгилөө 2010-жылдын күз айларына белгиленип жаткандыгы жана ушул мааракенин урматына 100 объект курулуп ишке кирээри айтылды. Бул демилге Акыйкатчы тарабынан колдоого алынды. Ошондой эле Омбудсмен (Акыйкатчы) институту тарабынан 2010-жылдын жай айларында Лейлек районунда республикалык деңгээлдеги конференция, семинарларды өткөрүү, ага укук кор-гоочуларды катыштыруу белгиленди. Район ичинде 3 жерде коомдук кабыдамаларды ачуу маселеси да талкууланды. Мындай сунушка район жетекчили кызыккандыгын билдирди.
25-декабрь күнү Акыйкатчы Турсунбек Акун Баткен шаарына жакын жайгашкан Төрт-Күлдөгү чегара аскер бөлүгүндө болуп, жоокерлер менен офицерлердин жашоо шарты жана күжүрмөн даярдыгы менен таанышып, аларга ыраазы болгондугун билдирди. Андан соң облусттук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында облус губернаторунун орун басарынын катышуусу менен Акыйкатчынын облус боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн отчету угулду. Жыйынга облустагы коомдук уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар жана мекеме-уюмдардын жетекчилери катышышты.
Облус губернатору менен болгон жолугушууда Акыйкатчынын облусттук өкүлчүлүгүнө облусттук администрация тарабынан колдоо боло тургандыгы белгиленди.
Губернатор кемчиликтерди бетке айтып, жигердүү иш-тешүүгө чакырды.
Ал эми Кара-Бак айыл округунун айыл активи менен болгон жолугушууда Т. Акундун 1999-жылдагы Баткен окуясын-дагы кошкон салымы белгиленип, Акыйкатчынын дарегине жылуу пикирлер айтылды. Бир гана киши электр жарыгынын кымбатташын колдогонун билдирди. Бирок кийин көпчүлүк сууга, электр жарыгына болгон баанын көтөрүлүшүнө нааразылыктарын айтышты. Ал гана эмес контрабандалык товарлардын киришин мыйзамдаштыруу сунушун дагы айтып жиберишти. Ошону менен бирге эле экинчи аялдан төрөлгөн балдарга пособие берилбей жаткандыгы аялдардын өкүлү тарабынан дагы көтөрүлдү. Аларга Акыйкатчы Аппаратынын жетекчиси М. Абдылдаев, Акыйкатчынын кеңешчиси Н. Бекбердинов тарабынан тиешелүү юридикалык кеңештер берилди.
Бужумдагы аскер бөлүгүндө болуп, Акыйкатчы андагы аскерлердин турмушунан кабар алды.
Баткен мамлекеттик университетинин окутуучулар жана студенттер жамааты менен болгон жолугушуу курч мүнөздө өттү. Жолугушууну окуу жайдын ректору алып барды. Чегара, электр жарыгы боюнча өкмөттүн саясатына көпчүлүктүн нааразы экендиктери билдирилди. Ошондой эле Акыйкатчы жакшы иштебей жаткандыгы дагы ачык айтылды. Буга жооп кылып Т. Акун интернет аркылуу Омбудсмен институтунун ишмердүүлүгү кеңири чагылдырылып жаткандыгын айтып, студенттерди көбүрөөк маалымат алууга чакырды. ЮНЕСКО тарабынан "Манас" эпосунун Кытай Эл Республикасыныкы деп жарыяланышына нааразылыктар айтылды. Студенттер адам укугунун республикадагы абалына, Ноокат, Петровка, Балыкчы окуяларына кызыгышып, Акыйкатчыдан кеңири жооп ала алышты.
Иш сапардын учурунда өлкөнүн Омбудсмени Ички иштер министрлиги тарабынан Баткен облусунда алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан "Көк бөрү - Улак" иш чарасына катышты.
Иш сапардын жыйынтыгы менен облустук өкүлчүлүккө тиешелүү сын пикирлер, кеңештер айтылды. Акыйкатчы өкүлчүлүктүн имараты, материалдык техникалык базасы менен таанышты.
27-декабрда Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) Т. Акун жана аны коштоп жүргөн расмий өкүлдөр Бишкек шаарына кайтып келишти.
С. Үркүнчиев,
Акыйкатчы аппаратынын пенитенциардык мекемелердегилердин
жана алдын ала кармоочу жайдагылардын
укуктарын коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси