СУДЬЯ БЕРГЕН АНТЫН УНУТПАСА

"Мен… Кыргыз Республикасынын судьясынын кызматына киришип жатып, өз Ата Мекенимдин жана элимдин алдында: сот адилеттигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык так, ак ниеттүү, калыс жана адилеттүү жүзөгө ашырууга ; судьянын Ар-намыс кодексинин эрежелерин так сактоого ант берем".
Салтанаттуу кырдаалда жогорудагыдай мазмунда биздин урматтуу судьяларыбыз ант беришип, ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну башташат.
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" мыйзамынын 8-беренесине ылайык Акыйкатчы жана анын өкүлдөрү бардык инстанциядагы соттук заседаниелерге катышууга жана мониторинг жүргүзүүгө укуктуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө соттук отурумдарга катышып берүү жөнүндө облустун аймагынан көптөгөн жарандардан кайрылуулар түшүп турат. Кайрылуулардын негизги мазмуну судьялардын сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда бир топ мыйзам бузууларга жол бергенинде. Албетте, судьялардын чыгарган чечимдерине биз корутунду берүүгө укугубуз жок, бирок судьялардын Абийир кодексинин талаптарын сактабаган-дыгы тууралуу фактыларга көңүл бурууга милдеттүүбүз.
2009-жылдын 25-ноябрында Акыйкатчынын облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дарегине Кадамжай районунун Бүргөнлү айылынын тургуну К. Д. нан арыз келип түшкөн. Ал өзүнүн арызында Баткен райондук соту тарабынан анын доо арызын кароодо судьянын Жарандык процессуалдык кодекстин талаптарын одоно бузгандыгын белгилеп, натыйжада адилетсиз, бир тараптуу чечим кабыл алынгандыгын көрсөткөн. Арыздануучу Акыйкатчыдан аппеляциялык инстанциядагы сот отурумуна катышып берүүнү суранган. Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүгүнүн инспектору катары мен 2010-жылдын 13-январында арыздануучу К. Д. нын доо арызы боюнча каралып жаткан облустук соттун жарандык иштер боюнча коллегиясынын соттук отурумуна катышып мониторинг жүргүздүм.
Соттук отурумдун башталышында ага төрагалык кылуучу М. Аданбаев Акыйкатчынын өкүлүнө орой түдө "ордуңан тур, диктофон мүмкүн эмес, тартипти бузба, тынч угуп отур" деп отурумдун катышуучуларынын алдында негизсиз кагып-силккенге үлгүрдү. Негизсиз дегенимдин себеби менде үн жазуу жөнүндө оюм да болбоптур, төрага эскерткенден кийин мындан аркы соттук отурумдарда үн жазууну пландаштырып койдум. Жарандык-процессуалдык кодекстин 12-беренесине ылайык үн жаздырууга уруксат каралган. Ал эми соттук отурумдагы тартип боюнча Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер катары атайын мыйзамдарда көрсөтүлгөн талаптарды кынтыксыз сактоого даярдыктан өткөндүгүн урматтуу судья эстен чыгарып койсо керек. Соттук отурумдун жүрүшүндө төрага жоопкердин ишенимдүү өкүлүн "сен өзү кандай юрист, Каримжанов (биринчи инстанциядагы ишти караган судья) экөөң биригип алып нимени токугансыңар, сен өзү бирдемкени билесиңби, ушинтип дагы утурлама арыз жазабы" деп анын арызды жарандык-процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык жаз-ганмын дегенине карабастан басмырлап отургузуп койгонун отурумдун катышуучулары көрүп жана угуп турду. Абийир кодексинин 3-беренесинин 5-пунктунда "судья башка судьянын жасаган ишин ачык сын-доодон карманууга милдеттүү" деп көрсөтүлгөн.
Соттук отурумдун жүрүшүндө доогер К. Д. өзүнүн сөзүндө жоопкерге кайрылып, ушул талаш-тартыштан анын күйөөсү өзүн өзү асып өлүп, беш баласы жетим калганын эмоционалдуу айтып жатканда М. Аданбаев: "эй, сен энеңдин үйүндө отурасыңбы, отур ордуңа" деп өтө орой түрдө кагып салды. Ошондой эле доогер алыстан келгенин, эки машинеге салып күбөлөрдү алып келгенин, аларды райондук соттук оту-румда судья сурабагандыгын, ошол себептен сыртта күтүп турган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуусун суранды. Бирок төрага: "Сенин күбөлөрүңдү сурамжылоонун кереги жок, аларсыз эле иш маалым" деп доогердин өтүнүчүн четке какты. Судь-ялар өздөрү кабыл алган кодекстин 2-беренесинин 4-пунктунда мындай деп жазылган: судьянын жүрүш-турушунун этикалык принциптеринин ченемдери "соттук териштирүүнүн катышуучуларына карата сабырдуу, кичи пейил, так жана сый мамиледе болууга тийиш". Сот төрагасы бул эрежени көз көрүнөө бузду. Ал бир гана Абийир кодексинин талаптарын бузбастан, Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөгү мыйзамынын жана Жарандык-процессуалдык кодекстин бир нече талаптарын аткаруудан да баш тарткан.
Өкүлчүлүккө келип түшкөн кайрылууларды талдап көрсөк, өзгөчө райондук жана шаардык соттук отурумдардын жүрүшүндө мыйзам бузууларга кеңири жол берилгендигине аргасыз күбө болосуң. Ал эми биринчи инстанциядан адилеттүүлүк таппай, облустук сотко терең үмүт менен кайрылгандарга жогорудагыдай мамиле болсо, болгондо да облустук соттун төрагасынын милдетин аткаруучу ушундай мамиле жасаса, анда беш баласы менен жесир калып, соттон сотко жүрүп адилеттик издеген аялдын убалы кимге?!
Урматтуу судья, берген антыңызды унутпасаңыз.
А. Кунгуров
КР Акыйкатчысынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн инспектору

Советник омбудсмена встретился с участниками голодовки протеста
в АЛАЙСКОМ РАЙОНЕ

КАБАР, 21 января 2010 года. Советник омбудсмена Ниязалы Бекбердинов сообщил сегодня на пресс-конференции в Агентстве "КАБАР", что по поручению Турсунбека Акуна посетил село Сопу-Коргон Алайского района Ошской области, где проходит голодовка протеста в поддержку осужденного на 8 лет Исмаила Исакова - бывшего министра обороны и экс-секретаря Совета безопасности.
Н. Бекбердинов вернулся в Бишкек сегодня утром. По его словам, участники голодовки заявляют, что требуют оправдания Исакова и говорят, что их акция бессрочна.
"По предварительным данным, участников акции должно было быть шесть человек, но в доме отца экс-министра обороны, где проходит голодовка, мы выяснили, что участников акции уже девять, - сообщил Ниязалы Бекбердинов. - Накануне сторонники Исмаила Исакова перекрыли дорогу и эти действия были незаконными, как было незаконным и решение местной госадминистрации разобрать юрты протестующих.. . Состояние здоровья голодающих удовлетворительное, за ними наблюдают врачи, так как у некоторых из них имеются проблемы с артериальным давлением".
11 января суд признал бывшего министра обороны Исмаила Исакова виновным в незаконной передаче служебной квартиры своему сыну и осудил его к 8 годам лишения свободы с лишением генеральского звания.

Акыйкатчынын почтасынан

Мен, Байтороев Абдыракман учурда Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында башкы директордун орун басары болуп иштеймин. Кыска мөөнөткө отпуска алып өзүмдүн кичи мекениме Лейлек районуна барып кайтып келе жатып түнкү саат 11. 30. чамасында такси менен кайткан-быз, уйкуну ачып, бир аз жазылып алалы деп Ноокен районуна карашатуу Таш-Дөбө айылында жолдун боюнда кичинекей айыл бар экен, ошол жерге машинени токтоттук. Жерге түшүп, жолдун сол тарабына 2, 3 метрдей басып өтсөк, Өзбекстандын куралчан чекарачылары бизди кармап, документтерибизди алып, кайтарып бербей коюшту. Анан мени жана жанымдагы адамды Өзбекстан тараптагы штабына баруубузду өтүндү. Биз кылмыш кылбасак, түнкү саат 12. 00 болсо, куралчан болбосок, таксиде бизден башка ымыркайлары менен аялдар отурса, күн суук болсо. Ойлондук да алардын талабын аткарбай жолдун оң тарабына өтүп кетип калдык. Бизге чындыгында эч ким эскерткен эмес болчу. Тосмосу, белгиси жок ээн жердин чегара экенин байкаган да эмеспиз. Документтерибизди алалы деп аракет кылсак, ар бир документке 2000 сомдон бересиңер дешти. Биз буга капа болуп, документтерди ала албай Бишкекке жөнөп кеттик. Келер менен Өзбекстандын элчи-лигине, Кыргызстандын Акыйкатчысына атайын кат аркылуу кайрылдык. Мен өзүмдүн чексиз ыраазычылыгымды Акыйкатчы аппаратынын граждандык жана саясий укуктарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси, тажырыйбалуу коомдук ишмер, генерал Аскар Мамеевичке жана анын кызматкери Тамара Антоновнага чын жүрөгүмдөн билдирем. Мен сиздин кызматкерлерге ыраазычылык билдирүү менен укук коргоо багытындагы иштерине албан-албан ийгиликтерди каалап кетмекчимин.
Алдыда жаңы жылыңыздар менен да сиздерди куттуктаймын!

Уважаемый Турсунбек Акун!

В первую очередь, разрешите выразить глубокую признательность за Ваше участие в стратегической встрече партнеров ПРООН и представителей Кыргызской Республики, которая была успешно проведена 22 января 2010 года.
Состоявшаяся встреча еще раз продемонстрировала высокий уровень партнерства и сотрудничества между системой ООН, ПРООН и Кыргызской Республикой не только на страновом уровне, но и в продолжительном и успешном профессиональном сотрудничестве с Вами лично.
Мы благодарны за Ваше выступление, в котором еще раз была подтверждена большая заинтересованность в создании условий для устойчивого человеческого развития в соответствии с приоритетными целями Кыргызстана, а также высокая оценка работы, проводимой в рамках программ и проектов ПРООН.
Принимая во внимание важность высказанных Вами и другими выступавшими предложений по перспективам работы в рамках программ и проектов, мы в ближайшее время направим Вам более подробную информацию о состоявшейся встрече, на основе которой намерены продолжить обсуждение совместных планов.
Разрешите еще раз выразить Вам признательность за помощь и поддержку в реализации совместных планов и возобновить уверения в высочайшем уважении.
С уважением,
Нил Волкер,
Постоянный Координатор системы ООН,
Постоянный Представитель ПРООН в Кыргызской Республике

Омбудсмену Кыргызстана господину Турсунбек Акуну

Дорогой господин Турсунбек Акун, Было очень любезно с Вашей стороны принять участие на недавней 11-конференции Азиатской Ассоциации Омбудсменов, прошедшей с 2 по 5 ноября 2009 года в г. Бангкоке, Таиланде.
Во время конференции Вами был подготовлен официальный доклад. В этой связи, позвольте мне выразить от имени Тайского Омбудсмена мою глубокую благодарность Вам и Вашей делегации за активную поддержку идей конференции.
Ваше присутствие и содействие в обсуждении различных вопросов, выдвинутых на конференции, подняли ее значимость и дух общества омбудсменов Азии и после этого для нас является честью отметить ее как один из знаменательных событий.
Мы бы хотели, чтобы наше сотрудничество и связи продолжались в дальнейшем много лет.
Мои наилучшие пожелания в Новый Счастливый и Процветающий Год.
Искренно Ваш,
Тирадедж Мипаен
Омбудсмен Таиланда

Уважаемый Турсунбек Акун!

Организация ветеранов войны, труда, Вооруженных сил и правоохранительных органов Кыргызской Республики выражает сердечную благодарность за Вашу поддержку ветеранов силовых структур.
От имени Совета ветеранов республики выражаю Вам благодарность, желаю Вам и коллективу здоровья и больших успехов в деле защиты прав человека.
С уважением,
Т. Токомбаев,
Председатель Организацииветеранов войны, труда,
Вооруженных сил и правоохранительных органов
Кыргызской Республики
подпись: Т. Токомбаев