Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_8.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_8.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_8.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_8.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_8.htm on line 2
"Генералитет" бийликке жулунууда
Шайлоого чайкайнам убакыт калганда 29 партиянын ичинен эки саясый блок бөлүнүп чыкты. Алардын тутунган саясый платформалары боюнча диаметралдуу карама каршылыктуу экени байкалат. Биринчи топко 7-апрелден кийин бийликке келип убактылуу өкмөттүн курамын түзгөн экс-оппозициялык партиялар: "Ата-Мекен", "Ак Шумкар" жана социалдемократтар кирет. Алардын бийлигинин учурунда (парламенттик шайлоонун жарыяланганына байланыштуу кызматтарын техникалык делинген өкмөткө бошотуп беришип отставкага кетишкен) эң көрүнүктүү жетишкендиги жаңы конституцияны кабыл алып өлкөгө партиялык тизме менен шайланган парламенттик башкаруу киргизүүнүн демилгечилери болгондорунда турат. Бул топтун башкы өзгөчөлүгү жыйырма жыл бою баштан кечирген авторитардык эзүүдөн кутулуунун кезеги келди, бул жылдардын ичинде диктатуралык бийликтин кызыл камчысынан кутуулунун зарылдыгы бышып жетилди, өлкөдө эркиндикти самаган жаңы адамдар пайда болду, Кыргызстан демократияга даяр, демократия үчүн күрөшүүгө күчү да жетет деген көз карашты тутунушат. Өлкөнүн келечегин демократия менен эркин рыноктук экономикага, саясый конкуренцияга, жеке менчиктин кол тийбестигин камсыз кылуу менен байланышат дешет. Адам укугун камсыз кылуу, сөз эркиндигине жетишүү негизги максаттардын бири.
Ал эми, шайлоо кампаниясын кызуу өткөрүп, үгүт ишин кыйла активдештирген экинчи топко күчтүү президенттик бийликти орнотууну т.а калыбына келтирүүнү самаган партияларды жана алардын лидерлерин киргизсек болор эле. Президенттик бийлик вертикалын орнотуунун тарапкерлери өздөрүнүн идеологиясы шайлоо кампаниясынын жүрүшүндөгү билдирүүлөрүндө, прессада басылган көп сандаган интервьюларында, шайлоочулар менен жолугушуудагы программалык сөздөрүндө, көчөдөгү, телеэкрандагы, газета беттериндеги жарнамаларында жетишерлик түрдө ачык жарыялады. Президенттик республиканын апологеттерин саясый элитадагы "генералитет" деп коючу топ түзөт. Ырас аларды күжүрмөн аскердик полководецтердин катарына кошууга болбойт, негизинен бийлик үчүн Кыргызстанда 20 бою тынымсыз жүрүп келаткан саясый күрөштө "менттердин" жана "кгбешниктердин" ичинен суурулуп чыккан генералдар (көп өлкөлөрдө армия менен милицияга саясатка кийгилишүүгө тыю салынганын эскере кетели), тагыраак айтканда эрзас-генералдар. Көбүнүн социалдык абалын пенсиядагы генералдар деп мүнөздөөгө туура келет. Аларга "Ар-Намыс" партиясынын лидери Ф.Кулов, урунуп-беринип адашып жүрүп акыры "Содружествонун" короосунан сыйынт тапкан Ө.Суваналиев, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери А.Мадумаровдун адьютанты бозгун-генерал М.Ниязовдор кирет. "Генералитеттин" партиялары парламенттик шайлоодо жеңип чыкса ири алды менен өлкөнүн референдум менен 27-июнда кабыл алынып сыясы кургай элек Конституциясын кайра карап түзүп чыгышаарын билдиришти. Эмне үчүн алардын баш мыйзамды чанып жатышканын чоо-жайы түшүнүктүү дечи. "Генералитеттин" оюнда Кыргызстанга жаңы Конституцияда көрсөтүлгөн "коллективдүү" башкаруу туура келбейт, парламенттик башкаруу ситемасында азыркы баш аламандыктар өмүр бою улана бериши мүмкүн, парламенттик кризиске белчебизден батабыз дешет. Өлкөнүн ыраттуу өнүгүшү үчүн биринчи кезекте темирдей тартип орнотуу кажет, ал эми тартипти диктатуралык кызыл камчы президенттик бийлик гана орното алышы мүмкүн деп эсептешет. Парламенттик дебаттардын негизине консенстук чечимге келүүгө болору алардын оюна да келбе йт. Жат көрүнүш. "Генералитет" жерлигинен буйрук берип көнгөнү белгилүү. Алар буйруктан башкача жашоону элестете албаса деле керек дейсиң. Бир сөз менен башынан парламентаризм деген программа салынган эмес. Көрүп тургандай Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнүн рецепти генералдардын өтүгүндөй болуп жөпжөнөкөй, атүгүл примитивдүү десе болчудай. "Генералитет" парламенттик башкаруу системасынын жараксыздыгына басым жасоодон тышкары "аёсуз" сынга алууну унутушкан жок. Мисалы акыл карачач бир "генерал": "парламенттик республика колективдүү диктатуранын эле өзү" дегенге чейин жетти. Саясатчылардын акыркы жылдарда оозунан чыккан мындан артык абсурд пикир болбостугун сыягы "генералдын" оюна келбесе керек дейсиң. Парламенттик башкаруунун бир артыкчылыгы шайлоодо жеңип чыккан партиялардын (Конституция боюнча абсолюттук көпчүлүккө бир да партия ээ боло албайт, 120 орундан турган парламентте 65 мандатка ээ болууга тыюу салынган) фракцияларынан турарын, оппозициялык блок бийликтин партиясынын өз эркин таңуулап диктатурасын орнотушуна жол бербестиги ал генералдын билбестиги баамдалат. Генерал генерал деген, андан чоң саясат үмүт кылып деле кереги жок. Президенттик бийликти кайра калыбына келтирүүгө жан талашып жатышканынын түпкү себеби түшүнүктүү дечи. Парламенттик республикада алар саясатка жакын жолотулбай калаары, чететилээри айкын. Ал эми, профессионалдык ишинде майнап чыгара албаган суррогат-генерал үчүн саясаты жок жашоо өлүмгө тете эмеспи.
"Генералитеттин" өлкөнүн Конституциясын оңдоп президенттик бийликти калыбына келтирүү идеясын К.Бакиевдин криминал жана коррупцияланган алдым-жутум чиновниктеринен, ошондой эле "Ак жол" партиясынын чачырандысынан куралган "Ата журт" партиясы да колдоп чыкты. "Ата Журт" партиясынын формалдуу лидери К.Ташиевдин айтымында бийликке келгенден кийин генералдар сыяктуу эле биринчи кезекте баш мыйзамды оңдоп президенттик бийликти калыбына келтирерин жарыялады. Асресе, президенттик бийликтин тарапкелери Конституцияны кандай жол менен оңдошот, анын кандай механизмдерине таянышат азырынча ачыкка чыгарыша элек. Авторитардык бийликке мүнөздүү эчактан сыноодон өтүп көнүмүшкө айланган ыкма болгон күч колдонуп Конституцияны калыбына келтирүүнү көздөп жатышканын боолголоп болсо да билсе болор эле.
Президенттик бийликтин ураанын желбирете көтөрүп жаткандарды, "Ата Журттан" башкасы, мамлекеттик кызыкчылыкты кландын кызыкчылыгына баш ийдирген К.Бакиевдин режимин кайра калыбына келтирүүнү көздөшпөсү белгилүү. К. Ташиевден башкасы К.Бакиевдин чектелүү, калпычы жана эки жүздүү адам катары эл алдында толук дискредитациялап алганын жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан кың эттирбей элди койчо имерип башкарып турган келечектеги мамлекеттин башчылыгынын ордун өздөрүн ылайык көрүп, өздөрүнө ылайык ченеп бычып турганы жашыруун эместир. Айтпаса жалаганбы, Кыргызстандын күчтүү президенти генерал Ф.Кулов, генерал Ө.Суваналиев, генерал М.Ниязов болуп калса же К.Бакиевдин артынан анын өзү болбосо башкаруу принциптерин калыбына келитирүү үчүн жанын жанга уруп жаткан ультра улутчул К.Ташиев келе турган болсо, эмне үчүн жарашпасын. Эң сонун эле жарашат. Темирдей тартип орнотуп, каяша кылган оппозицияны репрессиялап кынына киргизип коюу эмне алардын колунан келбейби? Эң сонун эле келет. Алардын Кокон хандыгын орноткон К.Бакиевден эмнеси кем? Эч кемтиги жок, ашса ашып түшөөр, асты артта калышпайт.
Авторитардык хандык бийликти орноткон К.Бакиевди итче кубаланып, качып кеткенден кийин авторитардык президенттик башкаруу актуалдуулугун жоготкондой сезилиши мүмкүн. Тилекке каршы, андай эмес. Күчтүү президенттин Кыргызстандын азыркы шартында социалдык-экономикалык, геосаясый өбөлгөлөрү кантсе да сакталып турганын моюнга алууга туура келет. Апрелден кийин өлкө постреволюциялык кризиске тушукту. Азыркы учурда Кыргызстан социалдык-экономикалык оор кыйынчылыкты башынан кечирип жаткан кези. Кризистен чыгып кетүү үчүн күчтүү президенттик бийлик талап кылынат, темирдей катуу тартип орнотуу жолу менен гана кыйынчылыктан чыгып кетүүгө болот деген идея көп адамдар үчүн алгылыктуу. Экинчиден июнь айындагы түштүктө болуп өткөн этникалык кагылыштарда убактылуу өкмөт жармачтыгын, башкаруучулук бошоңдугун көргөзгөндүгү диктатуралык бийликти самагандардын катарынын өсүшүн шарттады. Кыргызстанды курчап турган диктатуралык режим орногон өлкөлөрдүн жетекчилиги, ошондой эле Россия президенттик башкаруунун апологеттерине көрүнөсүн көрүнө, көмөсүн көмө саясый колдоо көргөзүп, финасылык жардам берип жаткандыгы да генералитеттин күн өткөн сайын активдешип баратышына өбөлгө түзүп турган факторлордон.
Эгер шайлоодо президенттик бийликтин тарапкерлери мөөрөйү үстөм болуп, жеңишке жетишип авторитардык башкаруу вертикалы кайра орносо, ал эми парламенттик башкарууну ишке ашырууну, демократияга өтүүнү көздөгөн саясый күчтөр утулуп кала турган болсо анда А.Акевдин, андан кийин К.Бакиевдин режимине каршы көтөрүлүп чыккан элдин эмгеги талаага кетээри анык. Профессор Д.Фурман жазгандай: "анда революциялык-авторитардык циклдин кайрадан үчүнчү жолу башталышына" күбө болушубуз турулуу иш". Кайрадан кезектеги диктаторду кулатуу зарылдыгы чыгат. Кыргыз эли 20 жылдык көз каранды эместигинин тарыхында авторитардык бийлик менен келишпестигин ачык далилдебедиби. Ал эми, бул болсо өлкөнүн алдында дагы дагы көп айтылып көп жазылып жүргөндөй, кыргыз эли мамлекеттүүлүгүн жоготуп жиберүүгө чейинки зор сыноолор күтүп жатканын билдирет. Ошентип 10-октябрдагы парламенттик шайлоо чындап эле Кыргызстандын тагдырын чече турган окуялардан экени талаш туудурбайт. Ошондуктан шайлоочулардын жаңылып калбасынын мааниси ченемсиз чоң.
"Алиби", №63(128),
28.09.2010.




Кыргыз саясатындагы Санчо Панса
Эмил Алиев губернатор боло алабы? Эмил Алиев шефи Феликс Куловго караганда түз жүргөн саясатчы экени талашсыз. Бир да бир жолу принцибинен тайып кете элек. Ф.Куловдун аркы жээкке бир урунган, берки жээкке бир урунган туруксуз жүрүм-туруму менен ары да, намысы да жок партияга айландырган "Ар-Намыстын" ишине, партиянын лидерине берилген, балким, жападан жалгыз ак жүрөк саясатчысы ушу Эмил Алиев болсо керек деп да кетесиң. Ал эми, Ф.Куловго келсекчи? Жылмышкак саясатчы. Бекеринен аны "роковой (түбү жаман) Феликс" деп аташпайт эмеспи. Эмил Алиев андай эмес. Тескерисинче. Басып өткөн саясый жолунда партия менен партиянын лидери Ф.Куловго чындап берилгенин эл алдында далилдей алды десек, ашыктык болбос эле. Эмил Алиевди кыргыз саясатындагы Мигель Сервантестин "Дон Кихот" (орусча толук аталышы "Хитроумный идальго Дон Кихот Ламанчинский") китебинин айтылуу Санчо Пансасы менен салыштырсак болот. Окшош жактары өтө эле көп.
2005-жылдын март айындагы "түстүү революциядан" кийин Ф.Куловдун саясый бедели болуп көрбөгөндөй өскөнү белгилүү. Ташы өргө кулап, ханга салам бербей калган. Ошол кезде Кыргызстанда мамлекеттин башчысы болуп шайланып калуу мүмкүнчүлүгү жогору Ф.Куловго окшогон бир да саясатчы жок болчу. Тилекке каршы, тарых ыроолоп берген саясый ырыскыны пайдалана алган жок. Пайдаланса да ысырап, орунсуз пайдаланды. Адегенде К.Бакиев менен тандем түзө койду. Тандем, кийин анык болгондой Ф.Куловдун саясый деградациясынын башталышы катары кызмат кылыптыр. Президент К.Бакиев менен Премьер-министр Ф.Куловдун союзу эксперттер алдын ала болжогондой, көп узаган жок. Көпкө чыдабай ыдырап түштү. Алсыз, айдама "колхозник", тайыз киши деп көп маани бербей келген К. Бакиев иш жүзүндө аппарат оюндарынын кылдат чебери катары такшалган чиновник, алчы-таасын жеген интриган, криминалдык үй-бүлөсүнө таянып, душмандарын сөздүн кыйыр жана түз маанисинде жайлап таштаганга жарамдуу саясатчы экенин көргөздү. Мөртү келгенде "Ак жол" фракциясы басымдуулук кылган "чөнтөк" парламенттин колу менен кор шилеп, Ф.Куловду Премьердик орундан алып ыргытып, көчүккө тээп айдап чыкпадыбы.
"Колхозниктен" ыдык көрүп ичи тызылдаган Ф.Кулов өз тарапкерлерин, боор тарткандарды көтөрүп, аны "Бириккен элдик фронт" деп атады да, К.Бакиев жайгашкан "Ак үйдү" кыйлага камалап турду. Тилекке каршы, көп узабай "железный генерал" деп каадалантып атаган Ф.Кулов кийизге татыбаган бир бечара экендиги айгине болду. Капылеттен согуш талаасын тыштап, алактап качып кетип жатпайбы. Ошентип санаалаштарын дүңү менен да, чекенелеп да сатты. Бир сөз менен айтканда, ачыктан ачык чыккынчылыкка барды. Сөздү тандап отурбай түз айтканга көнгөн А.Атамбаев чыдабай кеткенби, Ф.Куловдун "октябрь митингисиндеги" жасаган ишин - бир короо койду эт комбинатына баштап барып касапчынын бычак мизине кандуу булоон кылып салып берип, өзү "шоп" этип кутулуп кеткен кексе эркечтин кылыгына салыштырды. Ф.Кулов жаман жери, ошону менен тынчып калган жок, ар менен намысты жыйыштырып коюп, Чакан жана орто ГЭСтер дирекциясынын башчысы деген сооротмо, майда кызмат үчүн К.Бакиевдин үй-бүлөсүнө кошоматчылык кылып, куйругун шыйпаңдатып кирбедиби. К.Бакиевдин уулу Максим Бакиев "атасынын мураскору катары анын президенттик кызматын ээлеп калууга татыктуу, атүгүл куп жарашат" дегенге чейин жетти. Пикирин үй-бүлө бүткүл жоопкерчиликти өзүнө алышы керек деген "теория" менен "негиздеди". Ф.Куловдун куйрук шыйпаңдатма кылыгын көрүп турган эл уялды (уялбагандан өзүң уял, демекчи), кирерге жер таппай калышты. Ф.Куловго ыйбаа карап жүргөндөрдүн өлбөгөн төрт шыйрагы эле калды. Ф.Кулов саясатчы катары ыдырашы менен анын жанынан карыш жылбай жүргөн санаалаштары, шериктештери "Ар -Намысты" таштап кача башташына алып келди. (Мисалы Ө.Суваналиев). Шефи Ф.Кулов элдин ичинде зоболосу көтөрүлүп асмандаган, андан кийин саясатчы катары нравалык деградацияга учурап ыдыраган кезде да берилгендигин көргөзгөн бир гана Э.Алиев болду десек жаңылышпас элек. Эмил Алиев бардыгына чыдады. Ысыгына күйдү, суугуна тоңду. Бир сөз менен - темирдей бекемдигин көргөзө алды.
Эми Ф.Кулов чала жан "Ар-Намыс" партиясын баштап алып, кайрадан өлкөнүн саясый талаасына кайтып келүү далалатын жасап жатат. Саясый активдүүлүгүн күчөткөнү ачык байкалат. "Шайлоо Кодексинде" шайлоо алдындагы блок түзүү каралбаганына, тыюу салынганына көңүл буруп койбой "Ар-Намыстан" тышкары дагы 4 партия биригип, альянс түзүшкөнүн салтанаттуу жарыялады. Ф.Куловуң азыр эл ичинде бедели (рейтинги) өтө төмөн, нөлгө барабар экенине карабастан шайлоодо кеминде 40% добуш аларын убада кылып күпүлдөп жаткан кези. Тизменин баш жагын баягы эле шылуундар ээлешиптир. Экс-министри, кой-эчкиге "паспорт таратам" деп шылдың болгон А.Жапаров, такыба молдо болумуш эткен куу чирен Турсунбай Бакир уулу ж.б. Ал эми партиянын ысык-суугуна күйгөн Э.Алиев аты-жөнү белгисиз, ың-жың, тизмеде канчанчы орунда турары да дайынсыз.
Санчо Панса Дон Кихоттун бир аралга губернатор кылам деген убадасы үчүн акырына чейин чыдаганы белгилүү. Кийин тамаша катары губернатор кылып коюшканда ишти тың алып кетерин далилдеген эле. Ал губернаторлук кызматта жүргөндө оңой киши эместигин, ак-караны ажырата билген акыл-эстүү адам экенин көргөзгөн. Ф.Кулов Э.Алиевге губернаторлук болбосо да бир чоң кызмат убада кылганынан шек саноого болбойт. Кызматка орноштуруп койсо, Э.Алиев ал орунду жөндөп кетеринен эч шек жок. Азыркы саясый маданияты төмөн губернаторлордон Э.Алиевдин жөндөмү кыйла жогору экени талаш туудурбайт. Тилекке каршы, жакынкы келечекте Эмил Алиевдин Санчо Пансадай болуп үмүт-тилеги жүзөгө ашып кетээри арсар. Анткени, "Ар-Намыстын" жана анын лидери Ф.Куловдун репутациясы жууса кеткис болуп кирдеген. Ф.Куловдун Э.Алиевди сүрөгөнгө саясый жана нравалык потенциалы жетишпейт. Шайлоочулардын Ф.Куловго жана ал баштаган "Ар-Намыска" биротоло көңүлү кирдеп иренжип калганы анык. Ф.Куловго ишеним артып жиберчүлөр азыр аз. Кайра Ф.Кулов дегенде жерге түкүрүп тескери баскандар четтен чыгат. Партия 10-октябрдагы парламенттик шайлоодо 5пайыздык босогодон өтө алары деле кыйын. Ошентип, Эмил Алиевдин губернаторлук тилеги жакында, атүгүл качандыр бир кездери ишке ашаары кыйын болуп калды. Э.Алиевдин тилек-кусаматын башка саясатчы болбосо Ф.Кулов ишке ашыра албасы анык. Эмил Алиевдин губернаторлук орду белгисиз мөөнөткө жылдырылды десек жаңылбас элек.
"Алиби",
3-сентябрь, 2010-жыл




кыргыз тилиндеги гезит "Айыл турмушу"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_8.htm on line 35

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_8.htm on line 35

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_8.htm on line 35


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_8.htm on line 35

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_8.htm on line 35

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_8.htm on line 35


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_8.htm on line 35

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_8.htm on line 35

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_8.htm on line 35