Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Мүдүрүлсөң турбайсың

Кыянатчыл 5%
менен кычаш 0, 5%
Азырынча шайлоо жараяны өз калыбы менен бараткандай ой калтырат. Арийне, шайлоо кампаниясынын кызышы менен кырдаал курчуп кетишин жокко чыгарууга болбойт. Эксперттер кырдаалдын курчуп өз нугунан чыгып кетишин көбүнесе социалдык-эконамикалык жайсыз абал менен байланыштырышууда. Мисалы ОДКБнын генералдык секретары Н.Бордюжа: "Кооптуу жагдайлар көп. Алардын арасынан төмөнкү факторлорду бөлүп көргөзөөр элем. Биринчиси-бул кыштын келишине карата социалдык-экономикалык кырдаалдын кадиксиз түрдө курчуй башташы. Экинчиси шайлоо алдындагы кампаниянын жүрүшүндөгү "кара технологияны" кеңири пайдаланылып жатышы этникалык топтордун өз ара мамилелеринин ырбашына алып келиши этимал"-деп билдирди. Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин секратары Марат Иманкулов Н.Бордюжа менен макул эмес. М.Иманкуловдун пикири боюнча Николай Бордюжанын Кыргызстандагы экономикалык проблемалар этникалык жаңы кагылыштарга алып келет дегенине кошулууга болбойт. Себеп дегенде материалдык кыйынчылыктар үчүн бири бирин өлтүрө баштагыдай биздин эл анчалык акылы жок маңыроо эмес деп эсептейт коопсуздук кеңешинин секретары. Ошол эле мезгилде кайрадан бийликке кайтып келүү үчүн өнтөлөп жаткан Бакиевдин тарапкерлеринен турган реваншистик күчтөрдүн, мындан сырткары экстремисттердин жана наркотоптордун Кыргызстандын ырк кетирип баш аламандыктын башталышына кызыкдар экенин жокко чыгарбайт. Иши кылып азыркы тапта өлкөнүн өнүгүшү өз нугунан чыгып кырдаал курчуп кетүү коркунучу кантсе сакталып турганын моюнга алууга туура келет.

Дагы бир коркунуч сыртынан анча байкалбаган, ошо үчүн анча чоң маани берилбей келеткан жагдайга байланыштуу. Ал адамдын эркине баш ийбеген обьективдүү түрдө түзүлгөн кырдаалга кирет дешибиз мүмкүн. Арийне антип айтууга негиз жок. Сөз парламенттик кампанияга катышып жаткан партиялардын депутаттык мандатка ээ болушу үчүн өлкө боюнча 5% тос-коолдукту жеңип өтүшүн, ал эми жети облус менен Бишкек жана Ош шаарларында кошумча 0,5%тик босогону "аттап" кетишин талап кылган шайлоо Кодексинин жоболору жөнүндө баратат. Шайлоого катышып жаткан 29 партиянын бирдей баары үчүн оңой эле жеңип кете тургандай тоскоолдордон эмес. Саясый экспертиза жүргүзүүнүн эл аралык иниститу (МИПЭ) өзүнүн социалогиялык изилдөөсүндө 5%тик өткөөл менен 0,5%тик регионалдык квотаны партиялардын алдына коюлган мыйзамдын болуп көрбөгөндөй катаал сыноосу катары мүнөздөдү.
Бул жолку параламенттик шайлоого демейден башкача жер жайнаган партиялар катышып жатканы да кошумча кыйынчылыктарды алып келери айкын. БШК тарабынан 29 партиянын тизмеси бекитилип шайлоо марофонуна уруксат берилгени белгилүү. Шайлоочулар партиялардын көптүгүнөн кимдин ким экенин, кайсыны кандай саясый платформаны тутунаарын ажыратып аңдай албай баштары маң болуп турган учуру. Ошондуктан кайсы партияга артыкчылык артып добуш беришээрин азырынча аныктай электери көп. Канчалык шайлоого катышкан партиялардын саны көп болсо ошончолук шайлоочулардын добуштары майдаланып чачырап кетээри айкын. Ал эми, бул болсо республикалык 5%тик жана регионалдык 0,5% тик босогону аттап өтүүгө кадыресе каскак болгон, тоскоолдук кылган жагдай. Мындай учурда 5% менен 5,0%тик квотанын ролу болуп көрбөгөндөй өсөрү, ал түгүл оңой менен кол жете бербеген мээлжиген бийиктикке айланары анык. Мындайда алдыдагы проценттик ашууну карытып өтүү машакаты чанда чанда ири партиялардын колунан келбесе көбүнүн алы жетпес кыйынчылыкка айланышы мүмкүн. Демек, парламентке өтпөй калган партиялардын санына жараша нааразычылыктар да прогрессиялык түрдө өсөрү анык. Ал эми бул болсо өлкөнүн дестабилдештирүүгө кошумча жем ташталып жатат дегендикти билдирет.
Саясый биографиясы, басып өткөн жолу бар, саясый күрөштөрдө такшалган элге таанымал жалпы улуттук масштабтагы саясый партиялар бизде саналуу гана. Аларга коммунистерди, "Ата-Мекен", "Ар Намыс", "Ак Шумкар" жана СДПК партияларын киргизсек болот. Бул ири партиялардын жер-жерлерде баштапкы уюмдары бар, ошондуктан бүт өлкө боюнча аздыр көптүр колдоо таба алышаары анык. (Ырас И.Масалиев башында турган коммунисттер К.Бакиевдин доорунда диктатуралык бийликтин "чөнтөк партиясы" болгон "Ак Жолдун" сателлитине айланып моралдык жагынан утулуп чүнчүп калганынан, "Ар Намыстын" лидери Ф.Куловдун сымаптай мүлтүлдөгөн туруксуз саясатынан, принципсиздигинен улам эл ичиндеги рейтингдери төмөн түшүп кеткенине байланыштуу шайлоодо фиаского учурары күтүлүүдө). Булардан тышкары көптөгөн утурумдук саясый уюмдар, карлик партиялар б.а эрте учкан "чала өрдөктөр" бар экенин эстен чыгарбоо керек. Кээ бирлери, атап айтсак, "Ат Журт", "Бүтүн Кыргызстан", БЭК партиялары-регионалдык партиялар. Түштүк электоратынын гана колдоосуна ээ. Кыргызстандын бардык чөлкөмүндө алардын текши бирдей колдоо табаары арсар. Өзгөчө ультраулутчул, Бакиевдин алдым-жутум чиновниктеринен жана "Ак жолдун" чачырандысынан түзүлгөн "Ата Журт" партиясын деструктивдүү күч деп эсептеген түндүк электораты ага оңой менен боор тартып жибериши кыйын. Республика боюнча чача келгенде "Ата Журт" 5% тоскоолдукту жеңип өтүшү мүмкүн, бирок түндүктө жайгашкан айрым обулустардан 0,5%тик босогодон өтпөй калышы реалдуу нерсе. Мындай абал жалгыз гана "Ата Журтка" тешелүү эмес башка калган регионалдык делинген партияларга да таандык.
Адат катары 5% менен 0.5% чоң маани берилбей келет. Көп саясый мыкчыгерлер үчүн оңой аттап кетээр босого сыяктуу сезилет. 0.5% дегениң көз мелжиткен анча чоң цифра эмес, мисалы чакан Нарын обулусунун шайлоочуларынын 800-1000 добушуна ээ болсоң ошол жетиштүү, 0.5%ти жеңип кете аласың деген сөздөргө көп кезигесиң. Чынында азыркы түзүлгөн шартта 0,5% кыйла чоң жоо. Аны оңой менен оодарып түшүшүң кыйын. Кыргызстандын "Шайлоо жөнүндөгү Кодексине" ылайык 5%тик босого жалпы шайлоочулардын тизмедеги курамынан чыгып эсептелинерин, ал эми 0,5% болсо жети облус менен Бишкек, Ош шаарынын ар биринин шайлоочуларынын тизмесине байланыштуу аныкталарын унутпоо кажет. Эгерде азыркы кезде болуп көрбөгөндөй миграциялык процесс башталганын, чет өлкөгө кетип жаткандардын саны он эселеп өскөнүн, өлкөнүн ичиндеги орун которуштуруулар кыйла тездегенин эске алсак добуш берүүдө чоң өзгөрүүлөр, чоң кыйынчылыктар келип чыгары анык. Тоотпой жаткан 0,5 % чекеге чыккан чыйкан болуп калышы мүмкүн. Мындан сырткары мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы А.Шыкмаматовдун айтымына караганда өлкөнүн 30 миң гражданы шайлоо укугу менен коштошту. Анын айтымында түштүктөгү кандуу окуядан кийин 3.6 миң киши паспортунан айрылган, Бишкектин 47 жаңы конуштарыны тургундарынын 37 миң элинин катоосу (пропискасы) жок. (20-сентябрдагы пресс-конференцияда "Учкун" кичи районунун тургундарынан атынан Тынчтыкбек Медербеков билдирүү жасап Бишкектин айлана четиндеги конуштарда жашагандардын катоосу жоктору 150 миңге барабар деп билдирди). Шайлоо Кодексинин талабына ылайык бул категориядагы граждандардын шайлоого катышып добуш берүүгө укуктары жок болуп чыгат. Мындан сырткары партияларга каршы добуш беребиз деп чыйт түкүрүп тескери баскан шайлоочулар кыйла көп экенин унутпоо керек. АКИ-пресстин сурамжысына таянсак алар жалпы шайлоочулардын 9,0% тин түзөт. Ошентип 5%тик республикалык босогонун, айрыкча 0,5% тик регионалдык квотанын азыркы парламенттик шайлоодогу мааниси болуп көбөгөндөй жогорулары анык. 0,5% көптөгөн партиялардын убалына калып коюшу оңой. Бекер жеринен жогоруда эскерген МИПЭнин эксперттери шайлоодо регионалдык тоскоолдукту ашып кетсе 3 эле партия жеңип өтө алат деп прогноз берип жатпагандыр.
Тилекке каршы, шайлоонун жыйынтыгы чыгарылганда парламентке өтпөй өксүп калган партиялардын нааразычылыгы пайда болорун күтсө болот. Алардын шайлоо алдындагы даярдык этабында, шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө өздөрүнүн кетирген катачылыктарын оңой эле моюндарына алып жибербеси белгилүү. Шайлоо алдында чампалап түзүлө калган полуфабрикат-партиялар экендигине, шайлоо кампаниясы өткөн кыска убакытта элге үлгүрүп таанылуунун кыйындыгына, эл ичинде саясый бедели төмөндүгүнө, өлкөнүн бардык элине бирдей тегиз кадыры бар саясый уюм эмес регионалдык чектелүү партия экенине карашпайт эмеспи. Күнөөнү башкалардан табаары анык. Нааразычылыкка шылтоо болсо табылбай койбойт. Шайлоо калыс өтүп калса да бурмаланды деп кыйкырып чыгышаары турулуу иш. Мисалы ferghana.ru басылмасы "ата журтту сактап калуучунун" каадасын күткөнүнө басым жасаган К.Ташиев деген чыгаан саясатчы кырдаалдын келечекте ырбап кетишине "Ата Журттун" тиешеси болорун азыртан эле эскерте баштабадыбы. Бурмаланып өткөн шайлоо деген шылтоону бетке кармап эл ичине бүлүк салып жиберүү ташиевдер үчүн оңой иш. Ошентип социалдык-эконмикалык кыйын кырдаалдан тышкары утулуп калган деструктивдүү партиялар да дестабилдештирүүчү факторлордон болуп калышын жокко чыгарууга болбойт.
Үсөн Касыбеков
"Алиби", №62, 24.09.2010.




кыргыз тилиндеги гезит "Айыл турмушу"




Яндекс.Метрика