Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_6.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_6.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_6.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_6.htm on line 2
  Кой аксагы менен миң

Бүксүп кеткен го?
"Темир" генералдын "желим" сырлары
Биз сот болбогон соң, кимдин ким экенин, анын жасаган кадамдарынан, билдирүүлөрүнөн жана өзгөлөрдүн берген баасынан билебиз. Биз "темир" аталаган генерал туурасында сөз кылуудан мурда анын өткөндөгү кыңыр иштерине, шектүү байланыштарына токтолуп кеткенибиз оң. Айрым маалыматтар боюнча Ф.Кулов СССР учурунда КГБ генералы В.Н. Ушаковдун Кыргызстандагы жашыруун тыңчысы деп жүрүшөт. "Гончаров" деген жашыруун ат менен иштечү экен. Өздүк делосунун номери-"РД87-32". Генерал Ушаков андан кийин Россия ФСБсында иштегени маалым. Демек, Кулов Ушаков менен сөзсүз байланышта болгон. Эгер эсиңиздерде болсо, Куловдун Бакиев менен тандеми бузулуп, премьер-министрлик орундан кеткенден кийин түз эле Москвага сапар тартат. Бир айдан кийин Феликс мырза Кыргызстанга келип, көз тайгылткан кымбат баалуу 3-4 "Джип" машинасынын коштоосунда жүрөт. Анысы аз келгенсип, 2007-жылдагы апрель митингинде акчаны самандай чачып, "Бакиев бир жумада бийликтен кетет" деп жарыялайт. Айрым серепчилер "ошол митингде Ф.Кулов кеминде 30 миллион сом чачты" деп айтып чыгышкан. Эң эле өкүнүчтүүсү, мурдагы КГБ, кийинки ФСБнын тапшырмасы менен Кыргызстанда жазыксыз кишилер жабыр тарткан деген каңшаар да тегин жерден эмес. Албетте, бул бир эле Ф.Куловго белгилүүдүр.
Феликс Кулов 1991-92-жылы ИИМ министри, андан кийин вице-президент болуп турганда, чет өлкөлөргө сатылган кыргыз самолетторунун чыры да Куловдун ысымы менен байланышкан. Андан кийин А.Акаевдин жапайы менчиктештирүүсүндө генерал Кулов төрт жыл бою өлкөдөгү эң алдыңкы облус болгон Чүйдү башкарды. Натыйжада эң ири завод-фабрикалар, жүздөгөн колхоз-совхоздор текейден арзан бааланып, таланып, тонолуп жок болду. Облустун экономикалык-социалдык абалы мышык ыйлай турган абалга кептелди. Мында да финансылык махинация жасап, 1,5 миллион долларды мойсоп кеткени боюнча айыпталган. Куловду жакындан билгендер ченемсиз байлыкты ошондо жыйнады деп айтып жүрүшөт. Ал эми 1998-99-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп иштегенде, борбор таштандыга айланып, кароосуз калганына эл күбө. "Химсинтездин" 500 тонна спиртин сатып, Акаевдин кандуу чеңгелинен консоттун даттанууга жатпаган чечими Куловдун "жанын" сактап калганы элдин эсинен чыга элек болуш керек.
Коопсуздук кызматын башкарып турганда "Калкан" аттуу терроризмге каршы топ түзөт. Ага укук бузуу менен кызматтан алынган милиция кызматкерлери жана криминалдык чөйрөдөгү адамдар тартылат. "Калкан" бир гана Куловго баш ийген жана чоң кызматтагы адамдардын, бизнесмендердин сүйлөшүүлөрүн тыңшаган. Арадан көп өтпөй биргелешкен кыргыз-орус "Лукойл" компаниясынын жетекчиси Юсуп Көлбаев атылган. Бул окуя да Куловдун ысымы "Калкандын" иши менен байланыштырылып жүрөт.
Темир генерал түрмөдө да жөн жаткан жок. Өзү милициянын генералы, саясый ишмер экенине карабастан, ал зонада жатып "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев менен байланышат. Айрым маалыматтар боюнча Батукаев кайсы бир эжесинин 1974-жылы туулган Фатима аттуу кызын Куловго аял катары алдырып берет. Ф.Куловдун таңгалыштуу жана табышмактуу өмүр баяны кызыктарга өтө эле бай. Баарынан да ал чечен киллери Казбек менен байланышта болгондугу. Казбек менен Феликсти зонада Азиз тааныштырган деп жүрүшөт. Экөөнүн чогуу түшкөн сүрөттөрү да бар. Анда Кулов галстук тагынып турат. Сыягы бул окуя 2005-жылдан кийин болгон. 2007-жылы, апрель митингинде бакиевчил гезиттер Куловду "Казбек менен тыгыз байланышта, ал кандай жол менен болсо да жалдап киши өлтүрүүгө барышы мүмкүн" деп жазышкан. Ал эми ошол кездеги окуяларды талдай турган болсок, Кулов премьер кезинде Молдовановкадагы коллонияда башаламандык чыгып, ЖК депутаты Тынычбек Акматбаев зонада батукаевдер тарабынан атылып, жантаслим болот. Ал эми ошол кездеги Коопсуздук кызматын башкарган Таштемир Айтбаев Куловду Азиз Батукаев менен зонада бир сааттай сүйлөшкөнүн жарыя кылган.
Дагы бир сырдуу жагдай, Баяман Эркинбаев жалданма киши колдуу болуп өлгөндө Ф.Кулов: "Баяман менин артымдан ким аңдып өлтүрөм дегенин билем, бирок ал кишинин ким экенин сот алдында гана айтам" - дейт. Чындыгында ал кишинин ким экенин Ф.Кулов сотто атады. Көрсө, ал белгилүү кримавторитет- Рысбек Акматбаев экен. Чындыгында Рысбек Акматбаев Кулов жөнүндө далай компроматтардын башын ачкан. Алардын бири - Кулов ИИМ министри кезинде Азиз Батукаевге "таажы" кийгизүү аземине катышып, ага кызыл түстөгү "Жигули" тапшырганы. Ошондой эле Акматбаев Куловду инисин өлтүрүүгө катышы бар деп айыптайт. Ал эми ошол 2005-жылдан кийинки абалга көз чаптырсак, Кулов менен Бакиев криминал чөйрөсүн экиге бөлүп, алар аркылуу тирешкени байкалат.
Чындыгында Ф.Кулов олуттуу жеңилүүгө учурабады. Түрмөдө жатканы менен анысы Куловго ийгилик гана алып келди. Акыркы кездерде анын таскагы басаңдап келет. Себеби, темир генералдын ким экени элге белгилүү болуп баратат. Апрель митингинде ал элди арасат жолго таштап качып кетти. Муну А.Атамбаев "эчки койлорду эткомбинатына ээрчитип киргизип, качып кетти" маанисинде сыпаттады. Анда миңдеген митингчилерди айтты эле. Ал эми миллиондогон элге айланбаса болду.

Мурза Койчуманов,
"Лозунг", №06(06), 18.09.2010.




"Бүтүн Кыргызстан" эмне менен бүтүн?
Ошентип шайлоого карата үгүт иштери башталганда ара төрөлгөн баладай капилет көз жарган партиялар Ала-Тоону аралап жөнөдү. Баары жыргатабыз деген ураанды туу тутуп, жеткен жердин баарын убада менен тойгузуп жаткан чагы. Шайлоо алдында жаралган саясый партиянын бири бул- Адахан Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстаны".
Партиянын колдоосун ашкере түштүктөн күткөн А. Мадумаров партияга бычакка сап болчу кишилерди да түштүктөн тандаган. Эгер тизмеге кылдат тигилсең, алдыңкы катардагы партия мүчөлөрү Мария Исанова, Абдирейим Кулбаев, Рашид Тагаев, Нурлан Шакиев, Бек Борбиев, Марат Кайыпов, Улугбек Ормонов, Арапай Төлөнов сыяктуу төбөсү көрүнгөндөрдүн баары түштүктүн кулундары. Ал эми бул партиянын далдасында кадимки карт бөрү Үсөн Сыдыков турары белгилүү.
К.Бакиев бийлигинин тушунда А.Мадумаровдун жасаган бир топ саясый кадамдары коомчулуктун купулуна толбоду. Адахан мырзанын күтүүсүз өзгөргөнү көпчүлүктү таң калтырды. "Бакиев бийлигинде иштеди, ошон үчүн күнөөлүү" деген кусаматтан алыспыз. Бул үчүн кенедей күнөө койбойбуз. Бирок, кандай иштеди, кеп мааниси ушунда. Мамкатчы болуп иштеп туруп, ыплас шайлоо менен депутаттык мандатка ээ болгон, жалаң "Ак жол" партиясынан куралган парламентке спикер болуп олтуруп калды. Эгер Мадумаровдун азыркы логикасына кулак салсак, мындайга ал кишинин абийири жол бербөөгө тийиш эле. Андан кийин К.Бакиев Казакстанга аттанганда шашылыш түрдө Каркыра менен төрт пансионаттын тагдырын Жогорку Кеңештен чечип берүүгө албан эмгек сиңирип, жумуртка ташбараңына шылдың менен карап турду. Мына ушундан кийин ал Бакиевдин эбегейсиз сүймөнчүлүгүнө ээ болууга тийиш эле. Бирок, ЖК имаратын жаңгактан жасалгалайм деп Садыркуловдун каарына калат. Чындыгында Адахандын аракети ошол мезгил үчүн осолдук болчу. Биринчиден, ЖК имараты депутаттар каникулу сайын ремонттолуп кемтиги деле жок болчу. Ага кеткен каражатты башка багытка жумшаса орундуу болмок. Бирок Мадумаров чет өлөкөлүк делегация келгенде "уялып жатам, баары бир жасалгалайм" деп көгөргөн менен тирешүүнүн акыры М.Садыркулов, Э.Ибраимованын жеңиши менен аяктайт. Президенттин эки башка сүйлөгөнүнүн натыйжасында А. Мадумаров садага чабылып спикерлик орундан ыргытылат. Болбосо ал "президент менен сүйлөшкөнмүн, ал буга макул" деп депутаттарга бир нече жолу айткан.
Парламенттеги бул кутум Мадумаров үчүн чоң сабак болууга тийиш эле. Эгерде ал ошондон кийин бийликке жолобой, азыркы партиясынын көйгөйү менен алек болгондо, бүгүнкү күн Мадумаровго башкача маанай тартуулайт болчу. Бирок, тилекке каршы андай болбоду. Канчалык куу чечен, абалды жаза кетирбей талдаган саясатчы болбосун, дагы эле бакиевдердин алдоосуна кирип, кайрадан кызматтын кулу болуп кала берди.
Алгач "Максим Бакиев мени ашата сөктү" деп, анан бул сөзүнөн танган Клара Кабилова алгачкы датын Адахан Мадумаровго айтат. Ал эми Адахан мырза Кабилованы Үсөн Сыдыковдун "Дан азыгына" жетелеп келет. Ал жерге ошол мезгилдеги коопсуздук кеңешинин катчысы генерал Исмаил Исаков да келип, чоң талаш-тартыш башталат. Дал ошол К.Кабилованын окуясы аркылуу Исаков менен Бакиевдин ортолорунда кара мышык аралаганын да айта кетели. Себеби, муну уккан К.Бакиев Исаковду "өз милдетин аткарбай, көрүнгөн жерде талаалап жүрөт" деп күнөөлөйт. Тагдырдын тамашасы деген ушул. Ал окуядан кийин генерал Исаков бакиевдердин саясатын айыптап, оппозицияга ооп кетти. Көпчүлүккө белгилүү болгондой, акыры ал болбогон жалаа менен түрмөгө түштү. Ал эми Клара Кабилованы Ү.Сыдыковдун "разборкасына" ээрчитип келген Адахан Мадумаров түз эле Ак үйгө барып, Исмаил Исаковдун ордун басып жыгылды. Мадумаровдон түңүлбөгөн элдин көңүлү мында бир сууду. Ал эми Мадумаров жөнүндө ал мезгилдеги бийликтин айткандарына кулак төшөсөк, Адахан мырзада чексиз менменсинүү бар. Ал ар дайым "менден гана акыл сурашып, менин гана айтканым болсо" дегенди бекем кармайт. Ошондуктан да Данияр Үсөнов экөө кайрадан Ак үйгө барганда бийлик МЧС менен коштошту. Бирок, Адахандын аброюн убагында пайдаланган бакиевдер анын айтканы менен боло албайт эле. Анан калса Ак үйдүн 6-7-кабаты толук еврейлешип бараткан. "Казанда болсо, чөмүчкө кирет" дегендей чындыгында сөзү менен элге таанылган Мадумаров сүйлөгөнү эле болбосо, иш билги саясатчы, кайсы бир тармакты башкаруу дарамети жок болчу. Парламентти башкарып жүргөндө өзүнө милициядан күзөт койгону, галстуксуз чиновникти жыйындан айдап чыкканы, ЖК машинасынын бирин өз үй-бүлөсүнүн кызматына чегергени азыркы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидеринин ким экенин айгинелеп турат.
Мырза Койчуманов,
"Лозунг", №07(07), 22.09.2010.




кыргыз тилиндеги гезит "Айыл турмушу"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_6.htm on line 38

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_6.htm on line 38

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_6.htm on line 38


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_6.htm on line 38

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_6.htm on line 38

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_6.htm on line 38


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_6.htm on line 38

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_6.htm on line 38

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_6.htm on line 38